Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК делегациясы Литва Республикасынын Президентин шайлоодо байкоочулар катары катышты
14.05.2019

КР БШК делегациясы Литва Республикасынын Президентин шайлоодо байкоочулар катары катышты

КР БШКнын мүчөсү Н. Арипов менен КР БШКнын аппаратынын жетекчиси М. Коңурбаев курамындагы КР БШК делегациясы Литва Республикасынын Президентин шайлоодо байкоочулар катары катышты. 2019-жылдын 12-майында республика Президентин шайлоо жана кош жарандуулук жана Сеймдин депутаттарынын санын кыскартуу маселелери боюнча эки референдум болуп өттү. Программанын алкагында КР БШК делегациясы шайлоо участогунун ачылышына, добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүздү. КР БШКнын мүчөсү Н. Арипов шайлоо эл аралык укуктун шайлоону уюштуруу жана өткөрүү тармагындагы жалпы кабыл алынган принциптердин негизинде өткөнүн белгиледи. Президенттин кызмат ордуна 9 талапкер ат чалышты. Шайлоо участокторунда добуш берүү саат 7:00дөн 20:00гө чейин өттү. Шайлоочулардын тизмесине 2 млн 472 миң 405 жаран киргизилген. Маалымат үчүн: Президентти шайлоо болуп өттү деп эсептеш үчүн шайлоочулардын келүү босогосу жок. Чет өлкөдө добуш берүү үчүн 56 миң литвалык жаран катталган. Литвада Президентти шайлоо менен бирге бир эле учурда эки референдум өттү. Республиканын тургундары кош жарандуулукту киргизүү жана парламенттин депутаттарынын санын кыскартуу маселелери боюнча өз эрк-ниетин билдирүүлөрү керек. Литванын мыйзамдарына ылайык референдум болуп өттү деп таанылыш үчүн анда катталган шайлоочулардын жарымынан көбү б.а. 1 236 203 адам добуш берүүгө тийиш. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Марат Кудайбергенов Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланды
14.05.2019

Марат Кудайбергенов Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланды

2019-жылдын 14-майында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү. “Замандаш” депутаттык фракциясынан талапкер Кудайбергенов Марат 31 добуштан 22 добуш алып, Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланды. КР БШКнын 2019-жылдын 26-апрелиндеги №53 токтомуна ылайык Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоо уюштурду. Балыкчы шаарынын мэри кызмат орунуна “Замандаш” жана “Кыргызстан” депутаттык фракцияларынан эки талапкер арыз берген. Маалымат үчүн: Кудайбергенов Марат Сагынович 1993-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну. Билими жогорку – Ж. Баласагын атындагы КУУну “Финансы жана кредит” адистиги боюнча бүтүргөн. Иш стажы: 2011-жылдан 2017-жылга чейин – “Алыш Сервис” ЖЧКнын башкы директору; 2017-жылдын августунан КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы; 2019-жылдан “КР Президентинин №2 мамлекеттик резиденциясы” ММнын маркетинг жана бош убакытты уюштуруу кызматынын начальниги. Үй-бүлөлүк абалы – үйлөнгөн. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Индиядагы жалпы шайлоого эл аралык байкоочу катары катышты
13.05.2019

КР БШКнын өкүлдөрү Индиядагы жалпы шайлоого эл аралык байкоочу катары катышты

КР БШКнын Төрагасынын орун басары А. Бекматов жана БШКнын мүчөсү Е. Джилкичиева Индиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы С. Арордун чакыруусу боюнча Индиядагы жалпы шайлоого эл аралык байкоочу катары катышты. Жалпы шайлоого байкоо жүргүзүү алкагында А. Бекматов жана Е. Джилкичиева шайлоо участокторунун иши менен таанышты. Шайлоо процессинин айкындуулугун жана аныктыгын арттыруу максатында бардык штаттардын жана бирлик аймактарынын ар бир шайлоо участогунда добуш берүү үчүн электрондук машиналар (EVM) менен бирге шайлоочулардын аныктыгын текшерүүнүн контролдук журналдары (VVPAT) пайдаланылат. Индиядагы 7 этапта өтүүчү жалпы шайлоо 11-апрелде башталган, 19-майда аяктайт. Добуштар 2019-жылдын 23-майында саналат. Добуш берүүнүн жүрүшүндө 900 миллиондон ашык шайлоочу Индиянын парламентинин төмөнкү палатасынын 543 депутатын шайлайт, бул шайлоону эң масштабдуу демократиялык иш-чара катары кароого болот. Маалымат үчүн: Индияда 10 355 918ге жакын шайлоо участогу бар. Ар бир шайлоо участогу кепилденген минимум шарттар менен жабдылган (ичүүчү суу, бастырма, мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн пандус, добуш берүү үчүн атайын тосмо менен бөлүнгөн жай ж.б.). 1951-1952-жылдары өзүнүн алгачкы улуттук шайлоосун өткөрүү менен Индия дүйнөдөгү ири шайлоо демократиясынын статусун алган. Ошондон бери мезгилдин белгилүү бир тогошунда ишеним арттырган демократиялык шайлоо өлкөгө карапайым адамдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн тынчтык жолу менен кеңейтүүгө, ошентип, бүткүл дүйнө үчүн шыктануунун булагы болгонго өбөлгө түздү. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 13-майына карата талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет
13.05.2019

2019-жылдын 13-майына карата талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет

2019-жылдын 13-майына карата талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Төрагасы Н. Шайлдабекова Улуу Ата мекендик согуштагы окуяларга байланыштуу “Жеңиштин жат жазуусу” деген темада тарыхый жат жазууну жазууга катышты
08.05.2019

КР БШКнын Төрагасы Н. Шайлдабекова Улуу Ата мекендик согуштагы окуяларга байланыштуу “Жеңиштин жат жазуусу” деген темада тарыхый жат жазууну жазууга катышты

Жеңиш Күнүнүн алдында КР БШКнын Төрагасы Н. Шайлдабекова Улуу Ата мекендик согуштагы окуяларга байланыштуу “Жеңиштин жат жазуусу” деген темада тарыхый жат жазууну жазууга катышты. Агартуучулук акциянын башкы максаты – коомдун, айрыкча жаш муундун Улуу Ата мекендик согуш темасына, ошол бурулуш жылдардагы эрдик, каармандык жана трагизм маселелерине кошумча кызыгуусун арттыруу. Бул акция үчүн чет элдик аянтчалар 23 өлкөдө ачылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин Жеңиш Күнү менен куттуктады
08.05.2019

КР БШК согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин Жеңиш Күнү менен куттуктады

Жеңиш Күнүнүн алдында КР БШКнын Төрагасы Н. Шайлдабекова жана Төраганын орун басары А. Эшимов согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери Багышбеков Ишенбай, Поломощнов Петр, Шпак Варвара, Шоруков Булаталынын үйлөрүнө барып, жолугушту. “Сиздердин муун тарыхтагы эң таш боор согуштардын бирин башынан кечирди жана эң оор, бирок эң улуу Жеңишке жетишти. Өлкөбүз, тынч жашообуз жана биздин балдардын келечеги үчүн күрөшкөн сиздерге баш ийип, таазим этебиз. Сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, жакындарыңыздардын сиздерге кайрымдуу жана камкор болуусун каалайбыз” деп куттуктады КР БШКнын Төрагасы Н. Шайлдабекова. Өз кезегинде Төраганын орун басары А. Эшимов согуштун ардагерлерин куттуктап, аларга чың ден соолук, бакыт-таалай, узак өмүр, тынчтык жана бакубат турмуш каалады. Согуштун ардагерлерине жана ооруктун эмгекчилерине акчалай сыйлык жана азык-түлүк пакети тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин 9-Май – Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиш Күнү менен куттуктоосу
08.05.2019

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин 9-Май – Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиш Күнү менен куттуктоосу

Урматтуу кесиптештер! Жеңиш Күнү – бизге өлкөбүздүн эң трагедиялуу күндөрүн эске салган тарыхка байланыштуу майрам. Кыргызстан жергеси согуштагы салгылашуулардын алааматын билген жок, бирок анын жашоочулары майданда жана оорукта ойго келбеген кыйынчылыктарды жеңип, өзүнүн жарандык милдетин ар-намыстуулук менен аткарды, эл узак убакыт бою күткөн Жеңишке зор салымын кошту. Согуш алааматы кайталанбашы үчүн, жаш муун аталардын жана чоң аталардын каарман иштерин эсте сактап, өткөн баатырлыктын тарыхына сый-урмат менен мамиле кылышы үчүн биз колдон келгендин баарын жасоого тийишпиз. Бул Улуу Жеңиш алдыдагы кыйынчылыктарды жеңип, коомдогу биримдикти жана өз ара түшүнүүнү бекемдеп, бизди жаңы жетишкендиктери шыктандыра берсин! Жеңиш Күнүңүздөр менен!   Урматтуу кыргызстандыктар! Жеңиш Күнүнө байланыштуу чын дилимден куттуктоомду кабыл алып коюңуздар! Бул дата бизден улам алыстап, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары Түбөлүк отко улам аз келишүүдө, бирок бизге тынчтык жана бейпилдик алып келгендердин элеси бүгүн да тирүү. Майданга катышкан ардагерлерге, ооруктун эмгекчилерине, ошондой эле талкаланып, бүлүнгөн өлкөбүздү кыйроодон сактап калган бардык адамдарга биздин ыраазычылыгыбыз, алардын эрдигине таазим этүү сезимдерибиз эч качан түгөнбөйт. Бүгүн биздин муунубуздун алдында Кыргызстан кубаттуу жана гүлдөп-өнүккөн мамлекет болсун үчүн өлкөбүздөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдап, Жеңиштин жемиштерин сактоо жана көбөйтүү милдети турат. Жеңишке умтулуубуздан биз эч качан ажырабайлы, ал эми тынчтык менен бакубат турмуш биздин үйлөрдү жылоолосун. Сиздерге биримдик, ынтымак жана гүлдөп-өнүгүүңүздөрдү каалайм! Майрамыңыздар кут болсун! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  төрагасы                               Н. Шайлдабекова
Кененирээк билүү >>
Чүй жана Ош облустарында үч айыл өкмөтүнүн башчылары шайланды
08.05.2019

Чүй жана Ош облустарында үч айыл өкмөтүнүн башчылары шайланды

2019-жылдын 8-майында КР БШК Чүй жана Ош облустарынын үч айыл өкмөтүнүн башчыларын бекитти. Тажибаев Жумабек Аланович Ош облусунун Алай районунун К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды. 1969-жылы 4-январда Ош облусунун Алай районунун Көлдүк айылында туулган. Билими жогорку, Ош технологиялык университетин бүтүргөн. Эмгек жолу: 2000-жылдан 2018-жылга чейин Алай айыл өкмөтүндө иштеген (башкы бухгалтер, финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы). 2018-жылдын 13-ноябрынан тартып, азыркы кезге чейин Алай райондук администрациясынын жетектөөчү адиси (айыл чарбасынын экономикасы, финансысы жана коммуникация бөлүмү) болуп иштеген. Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, 5 баласы бар. Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Мамбетказиев Айбек Канатович шайланды. 1984-жылы 6-декабрында Казакстан Республикасынын Ак-Суек штп туулган. Учурда Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айылында жашайт. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетин “Дене тарбия” адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолу: 2011-жылдан 2015-жылга чейин – Кемин районунун БӨСМнүн машыктыруучусу; 2015-жылдан 2016-жылга чейин – Кемин районунун БӨСМнүн директорунун орун басары; 2016-жылдан азыркы кезге чейин – Кемин районунун БӨСМнүн директору; 2016-жылдан – Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаты. Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн. Чүй облусунун Москва районунун Целинный айыл өкмөтүнүн башчылыгына Жумагулов Мирланбек Жаныбекович шайланды. 1971-жылы 5-ноябрда Москва районунун Түлөк айылында туулган. Билими жогорку, Чүй университетин “Экономика” адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолу: 1988-жылдан 1991-жылга чейин – Москва районунун Түлөк айылынын спорттук инструктору; 2007-жылдан 2011-жылга чейин – Түлөк айыл өкмөтүнүн айыл башчысы; 2012-жылдан 2019-жылга чейин – “НурИслам” ДЧ башчысы. Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, 3 баласы бар. Алай, Кемин, Москва аймактык шайлоо комиссияларына шайланган башчыларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берүү тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо датасы дайындалды
08.05.2019

Ысык-Көл облусунун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо датасы дайындалды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтпөгөнүнө байланыштуу КР БШК кайра шайлоону 2019-жылдын 22-майына дайындады. Жети-Өгүз АШКга шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу тапшырылды. Талапкерлер А. Чыныбаев жана Ж. Абдыраев биринчи турда тең добуш алгандыктан, 2019-жылдын 6-майына дайындалган Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөн эмес. Маалымат катары:  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берди
07.05.2019

КР БШК шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берди

2019-жылдын 7-майында КР БШКнын мүчөлөрү жана кызматкерлери жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн 54 783 шайлоо бюллетенин региондорго өткөрүп берди. Бюллетендерди өткөрүп берүү “Учкун” ААКтын имаратында КР БШКнын мүчөлөрү  жана БШКнын аппаратынын  кызматкерлеринин катышуусунда болуп өттү. Бардыгы 54 783 шайлоо бюллетени даярдалса, анын 54 041и – мамлекеттик тилде, 742си – расмий тилде. Бюллетендер Баткен (13721), Нарын (1825), Ош (22 821), Талас (8409) жана Чүй (8 007) облустарынын аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилди. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2019-жылдын 19-майына дайындалган. Шайлоого катышуу үчүн бардыгы 569 талапкер катталган. Маалымкат: Бюллетендерди “Учкун” ААКта басуу процессине КР БШКнын мүчөлөрү жана кызматкерлери тарабынан күнү-түнү байкоо жүргүзүлдү. “Учкун” ААКтын басма цехинде жабдыктардын комплекти орнотулуп, анда басылган шайлоо бюллетендери тесттен өткөрүлдү. Шайлоо бюллетендеринде коргоонун жогорку даражасы бар, автоматтык эсептөөчү урна ар бир бюллетенди таануусу үчүн бюллетенге атайын коргоочу боёк жуктурулат. Күзөттү укук коргоо органдарынын (УКМК жана ИИМ) кызматкерлери камсыздады. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 8-майында  өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
07.05.2019

2019-жылдын 8-майында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 8 май 2019-ж. Убактысы: 11:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Ош облусунун Алай районунун К. Белекбаев атындагы Алай, Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак, Москва районунун Целинный айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Ысык-Көл облусунун Жети-өгүз районунун Саруу жана Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөн жок
06.05.2019

Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөн жок

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат орунуна талапкерлер добуштардын зарыл санын алышкан жок. Саруу айыл өкмөтүнүн башчылыгына эки талапкер – Чыныбаев Алмазбек жана Абдыраев Жыргалбек катталган, алар 21 добуштан ар бири 9дан добуш алышты. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык КР БШК кайра шайлоону дайындайт. Маалымкат: КР БШКнын 2019-жылдын 18-апрелиндеги №49 токтому менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 6-майына дайындалган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунунун депутаттарын мөөнөтунөн мурда шайлоого катышуу үчүн 63 талапкер катталды
06.05.2019

Чүй облусунунун депутаттарын мөөнөтунөн мурда шайлоого катышуу үчүн 63 талапкер катталды

АШКнын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын 6-майына карата Байтик айылдык кеңешинин мөөнөтунөн шайлоого катышуу үчүн бардыгы 63 талапкер катталды. 2019-жылдын 4-апрелинде Чүй облусунунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешининин депутаттыкка талапкерлерди каттоону аяктады. Аламүдүн АШКсы документтердин талапкерлерди көрсөтүү тартибинин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерди. Маалымкат: Шайлоо алдындагы үгүт айылдык кеңешинин талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн б.а. 2019-жылдын 4-майынан башталып, добуш берүү башталганга чейин 24 саат мурда (2019-жылдын 18-майында саат 8.00дө) аяктайт. Чүй облусунунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кенешинин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2019-жылдын 19-майында өтөт. 2019-жылдын 19-майына дайындалган жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча маалымат. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 6-майына карата талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет
06.05.2019

2019-жылдын 6-майына карата талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет

2019-жылдын 6-майына карата талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет
Кененирээк билүү >>
Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ бир катар мыйзам долбоорлорун, анын ичинде КР ЖК депутаттары сунуштаган долбоорлорду талкуулады
06.05.2019

Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ бир катар мыйзам долбоорлорун, анын ичинде КР ЖК депутаттары сунуштаган долбоорлорду талкуулады

КР БШК Төрагасы Н. Шайлдабекова башында турган Жумушчу топ КР ЖК депутаты У. Кадыралиевдин, БШК мүчөлөрү К. Осмоналиевдин, Г. Джурабаеванын, Юстиция министрлигинин, “Замандаш” саясий партиясынын, “Эгль”, “Жарандык умтулуу”, “Жарандык платформа” коомдук фондуларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда 2018-2020-жылдары шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын жүзөгө ашыруу алкагында кезектеги жыйналышын өткөрдү. Жыйналыштын жүрүшүндө катышуучулар КР Жогорку Кеңешине түшкөн саясий партиялар боюнча мыйзам демилгелерин, “Саясий партиялар жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана 2019-жылдын 17-майында коомдук диалог өткөрүү маселесин талкуулашты. Жумушчу топтун эксперттери “Саясий партиялар жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда. Парламент депутаттары А. Алтыбаева жана Б. Төрөбаев сунуштаган демилгелер тууралуу сөз болду. Катышуучулар талкуунун жүрүшүндө көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорунда окшош жоболор орун алгандыктан, аларды бирдиктүү долбоорго бириктирүүгө мүмкүндүк болот деген пикирге келишти. Саясий партиялардын каржылык ишинин маселелерине айрыкча көңүл бурулду. Жумушчу топ тарабынан саясий партиялардын ишинин айкындуулугуна, саясий партиялардын фондуларына салынуучу акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын ачууга, шайлоо өнөктүгүнүн убагында, ошондой эле шайлоолордун аралыгындагы убакта саясий партиялардын чыгымдары, саясий партиялардын отчет берүүсүнүн таризине жана тартибине байланыштуу бир катар жаңылыктарды киргизүү сунушталууда. Мыйзам долбоорунун концептин андан ары талкуу 2019-жылдын 7-майында өтөт. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 22-майында Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айыл өкмөт башчыларын шайлоосу дайындалды
03.05.2019

2019-жылдын 22-майында Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айыл өкмөт башчыларын шайлоосу дайындалды

Айыл өкмөт башчылары өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулганына байланыштуу КР БШКнын токтому менен Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон, Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 22-майына дайындалды. А.Нурдинов - өзү берген арызынын негизинде Чүй облусунун Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 18-апрелиндеги №54-т буйругу менен Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан бошотулган. Э.Исмаилов - өзү берген арызынын негизинде Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 26-апрелиндеги №90-б буйругу менен Папан айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан бошотулган. Р.Эшмамбетов - өзү берген арызынын негизинде Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 30-апрелиндеги №29 буйругу менен Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан бошотулган. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Чүй, Кара-Суу жана Жети-Өгүз АШКна тапшырылды. Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
1 … 352 354 … 483