КР БШК мүчөсү Г. Джурабаева ЕККУнун (БДИПЧ) кыска мөөнөттүү байкоочулар миссиясынын курамында Украинанын президенттик шайлоосуна байкоо жүргүзүүгө катышты.
2019-жылдын 21-апрелинде Украинада П. Порошенко менен В. Зеленский катышкан президенттик шайлоонун экинчи туру болуп өттү. Шайлоочулардын келүүсү 62,07%ды түздү. Украина БШКсынын маалыматы боюнча бардык протоколдор иштелип чыккандан кийин “Элдин кулу” партиясынын лидери В. Зеленский 73,22% добуш алды, ал эми учурдагы Президент П. Порошенкого шайлоочулардын 24,45%ы добуш берди.
Шайлоонун расмий натыйжалары Украина БШКсы тарабынан 2019-жылдын 1-майына чейин чыгарылууга тийиш. Андан соң 30 күндүн ичинде Украинанын жаңы Президентинин инаугурациясы өткөрүлөт.
Маалымат үчүн: Украинанын Конституциясына ылайык мамлекет башчысы беш жылга шайланат, президенттик мөөнөтүнүн мезгилинде колтийгистикке жана тышкы саясий ишти, өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү