Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШКнын мүчөлөрү жана кызматкерлери балдардын “Үмүт-Надежда” Реабилитациялык борборуна жардам беришти
31.05.2019

БШКнын мүчөлөрү жана кызматкерлери балдардын “Үмүт-Надежда” Реабилитациялык борборуна жардам беришти

Балдарды коргоо күнүнө карата БШКнын мүчөлөрү жана кызматкерлери балдардын “Үмүт-Надежда” Реабилитациялык борборунун тарбиялануучуларын куттуктап, бастырма курууну аяктоо үчүн зарыл болгон каражаттарды тапшырышты. Балдардын “Үмүт-Надежда” Реабилитациялык борбору ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга көмөк көрсөтүүчү коомдук кайрымдуулук уюм болуп саналат. Борбор тарабынан жүргүзүлгөн реабилитациялоонун адистешкен программасы тарбиялануучуларга төмөнкүлөрдү алууга мүмкүнчүлүк түзөт: - окуу предметтери боюнча билим; - өзүн өзү тейлөөнүн белгилүү бир көндүмдөрүн; - социалдык жүрүм-турумду; - карапа өндүрүшү, жыгачтан буюм жасоо, багбанчылык, тамак даярдоо жана сайма, оймо, токуу боюнча. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасындагы Казакстандын Элчиси 2019-жылы 9-июнда өтүүчү кезексиз президенттик шайлоого даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат берди
29.05.2019

Кыргыз Республикасындагы Казакстандын Элчиси 2019-жылы 9-июнда өтүүчү кезексиз президенттик шайлоого даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат берди

2019-жылы 29-майда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н.Шайлдабекованын Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К. Кокрекбаев менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда Казакстандын Элчиси Казакстан Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Шайлоого катышуу үчүн 7 партиядан 7 талапкер көрсөтүлдү, анын ичинен бир талапкер – аял. К. Кокрекбаев Казакстан алдыдагы шайлоого 1 000дин тегерегиндеги эл аралык байкоочунун, анын ичинен ЕККУ (БДИПЧ), КМШ, ШКУ, ТККК ж.б. өкүлдөрүнүн катышуусун күтүп жатканын белгиледи, алар өлкө боюнча Нур-Султан, Алматы, Тараз, Шымкент ж.б. камтыган участоктордо болушмакчы. Бул өңүттө ал эл аралык байкоочу катары өз өкүлдөрүн жөнөткөнү үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын айтты. Өз кезегинде Н. Шайлдабекова мурда – 2015 жана 2017-жылдары Кыргыз Республикасында өткөрүлгөн шайлоолорго байкоо жүргүзүүгө катышкандыгы үчүн казак тарапка ыраазычылыгын билдирип, шайлоону Казакстандын мыйзамдарына ылайык ийгиликтүү жана туруктуу өткөрүүнү жана мамлекет башчысы үчүн кийинки шайлоо мөөнөтүнө калктын ишеним кредитин алуусун каалады. 9-апрелде Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялаганын, анын жарлыгына ылайык шайлоо үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда өтөөрүн эске салабыз. Республиканын Президенти беш жылдык мөөнөткө шайланат. Конституцияга ылайык мамлекет башчысын кезектеги шайлоо декабрдын биринчи жекшембисинде, ал эми кезексиз шайлоо өлкөнүн Президентинин чечими менен шайлоо дайындалган күндөн тартып, эки айдын ичинде өткөрүлөт. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү     \
Кененирээк билүү >>
Шамшидин уулу Эсенбек Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
28.05.2019

Шамшидин уулу Эсенбек Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

2019-жылы 27-майда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 22-майда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Шамшидин уулу Эсенбекти Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти. Шамшидин уулу Эсенбек 1966-жылы 20-мартта Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2002-жылы Бишкек гуманитардык университетин “Экология жана жаратылышты пайдалануу” адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолу: 1983-1984-жылдары – Чүй жашылча-жемиш совхозунда жумушчу. 1984-1986-жылдары – армияда кызмат өтөгөн. 1986-1987-жылдары – Чүй совхозу, инструктор. 2002-2004-жылдары – Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөтү, бухгалтер. 2017-2019-жылдары – Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айылдык кеңештин депутаты. Кошумча маалымат: Үйлөнгөн, үч баласы бар Чүй аймактык шайлоо комиссиясына шайланган башчыга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Үсөнбаев Жаныбек Акылбекович Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
28.05.2019

Үсөнбаев Жаныбек Акылбекович Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

2019-жылы 27-майда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 22-майда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Үсөнбаев Жаныбек Акылбековичти Барскон айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти. Үсөнбаев Жаныбек Акылбекович 1973-жылы 12-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскон айылында туулган. Жогорку билимдүү. К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин “Физика окутуучусу” адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолу: 1995-1999-жылдары – мугалим, №45 ОМ; 1999-2000-жылдары – К. Тыныстанов атындагы ЫМУда окуу мастери; 2001-2002-жылдары – Жети-Өгүз ЦЗН координатору; 2002-2007-жылдары – Барскон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы; 2007-2018-жылдары – “Хабиб Кыргызстан” БОФ Ысык-Көл регионунун директору. Кошумча маалымат: Үйлөнгөн, беш баласы бар. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына шайланган башчыга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Мияшев Курбанбек Абдылдаевич Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
28.05.2019

Мияшев Курбанбек Абдылдаевич Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

2019-жылы 27-майда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 22-майда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Мияшев Курбанбек Абдылдаевичти Папан айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти. Мияшев Курбанбек Абдылдаевич 1971-жылы 20-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1997-жылы Ош технологиялык университетин “ТБУ инженери” адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолу: 1988-1989-жылдары –Папан совхозу, слесарь-механик; 1989-1991-жылдары – армияда кызмат өтөгөн; 1993-1994-жылдары – Ош ИИБ инспектору; 1994-2007-жылдары – “Аргымак” жеке менчик фирмасы, жумушчу; 2007-2008-жылдары – Актерек айыл аймагынын башчысы; 2010 – 2014-жылдары – Папан айыл аймагынын маалымат жана миграция бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; 2017-жылы – Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары. Кошумча маалымат: Үйлөнгөн, үч баласы бар. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына шайланган башчыга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 27-майында Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү
27.05.2019

2019-жылдын 27-майында Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү

2019-жылдын 27-майында Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 26 добуш алган Рузалиев Нодирбек Зокиржонович шайланды. Жаңы-Ноокат айылдык кеңешиндеги 30 депутаттан 30 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 19-майда болуп өткөн айрым айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилди
27.05.2019

2019-жылы 19-майда болуп өткөн айрым айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилди

2019-жылы 27-майда КР БШК 2019-жылы 19-майда болуп өткөн Чүй, Нарын, Талас, Ош жана Баткен облустарынын айрым айылдык кеңештеринин депутаттарын кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитти. Жергиликтүү кеңештерге 233 депутат шайланды. Добуш берүүгө 25 229 шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 54 782 шайлоочунун 46,05%ын түздү. Добуш берүү күнүндө талапкерлерден жана коомдук уюмдардан 1000ден ашык байкоочу байкоо жүргүздү. Шайлоо процессинин убагында жергиликтүү кеңештердин шайлоо участокторунда МККнын жана АЭУнун жабдыктарында үзгүлтүктөр болгон жок. Добуш берүү процесси, добуштардын жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо боюнча шайлоо мыйзамдарын бузуу бузуу жөнүндө арыздар жана даттануулар түшкөн эмес. Аймактык шайлоо комиссиялары участоктук шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде төмөнкү кеңештерде шайлоо болуп өткөнүн табышты жана депутаттарды шайлоонун натыйжаларын аныкташты: Чүй облусу:  Кызыл-Дыйкан жана Байтик айылдык кеңештерде; Нарын облусу: Көк-Ой айылдык кеңешинде; Талас облусу: Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештерде; Ош облусу: Кеңеш, Кабылан-Көл, Отуз–Адыр, Н. Исанов айылдык кеңештерде; Баткен облусу: Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-Сай айылдык айылдык кеңештерде. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2019-жылы 27-майда депутаттын мандатын Аскарова Айнурага өткөрүп берди
27.05.2019

КР БШК 2019-жылы 27-майда депутаттын мандатын Аскарова Айнурага өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Назаровдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына байланыштуу мандат депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде кезектүүлүк боюнча кийинки талапкер Аскарова Айнура Алмасбековнага өткөрүп берилди. КР БШК 2019-жылы 27-майда түшкөн жеке арызынын негизинде “Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча шайланган Назаров Айтмамат Кошоевичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандаты болгонуна байланыштуу КР БШК “Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын Аскарова Айнура Алмасбековнага өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси берилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 14-июнда Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарында башчыларды шайлоо өткөрүлөт
27.05.2019

2019-жылы 14-июнда Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарында башчыларды шайлоо өткөрүлөт

Мамлекеттик администрациялардын башчыларынын – акимдердин буйруктарына байланыштуу берген арыздарынын негизинде төмөнкүлөр ээлеген кызмат орундарынан бошотулду: - Э. Арунов – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы (2019-жылдын 15-майы, №3/11); - С.Абдуллаев – Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы (2019-жылдын 16-майы, №3/11); - Б. Айсаев – Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы (2019-жылдын 17-майы, №175); - Ш. Шералиев – Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С. Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы (2019-жылдын 21-майы, №59-к). КР БШК токтому менен 2019-жылы 14-июнда саат 9-00дөн 12-00гө чейин төмөнкү башчыларды шайлоо дайындалды: - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтү; - Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтү; - Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтү; - Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С. Атабеков айыл өкмөтү. Ысык-Көл, Араван, Кара-Кулжа жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоо өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды. Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 27-майында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
26.05.2019

2019-жылдын 27-майында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 27-май 2019-ж. Убактысы: 14:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К. Назаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. 2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Ош облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Кулжа, Алай, Ноокат жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. 2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. 2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. 2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. 2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. 2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке жана Бакыян айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 8. Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө. (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 9. Ысык-Көл облусунун Жети-өгүз районунун Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө. (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 10. Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө. (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 11. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке, Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн, Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндо (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 13. Ар түрдүү маселелер  
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 22-майында кээ бир айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу өттү
22.05.2019

2019-жылдын 22-майында кээ бир айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу өттү

2019-жылдын 22-майында Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгуз районунун Барскоон, Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды. Натыйжада: - Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 6 добуш алган Шамшидин уулу Эсенбек шайланды. Кош-Коргон айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 10ну катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган. - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгуз районунун Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 14 добуш алган Усенбаев Жаныбек Акылбекович шайланды. Барскоон айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 4 талапкер аттанган. - Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 12 добуш алган Мияшев Курбанбек Абдылдаевич шайланды. Папан айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 6 талапкер аттанган. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 19-майда айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары
20.05.2019

2019-жылы 19-майда айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары

2019-жылы 19-майда Чүй, Нарын, Талас, Ош жана Баткен облустарынын 13 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү. 13 айылдык кеңештин 233 депутаттык мандатына 557 талапкер катталды. 45 шайлоо участогунда добуш берүү участоктук шайлоо комиссияларынын (УШК) 456 мүчөсү тарабынан уюштурулду. Добуш берүүгө 25 229 шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 54 782 шайлоочунун 46,05%ын түздү. Добуш берүү күнүндө талапкерлерден жана коомдук уюмдардан 1 000ден ашык байкоочу байкоо жүргүздү. Добуш берүүнүн жана добуштарды эсептөөнүн жүрүшүндө бузуулар жөнүндө арыздар жана даттануулар түшкөн эмес. Участокторго 135 АЭУ таратылды, шайлоонун жүрүшүндө техникалык үзгүлтүктөр болгон жок. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө алдын ала маалыматтар: Чүй облусу: - Аламүдүн району, Байтик айылдык кеңеши, 5 705 шайлоочунун 3 021и (52,95%) добуш берди. 63 талапкерден 21 депутат шайланды. - Жайыл району, Кызыл-Дыйкан айылдык кеңеши, 2 321 шайлоочунун 856сы (36,88%) добуш берди. 29 талапкерден 11 депутат шайланды. Чүй облусу боюнча бардыгы 91 талапкерден 32 депутат шайланды. Нарын облусу: - Жумгал району, Көк-Ой айылдык кеңеши, 1 825 шайлоочунун 929у (50,90%) добуш берди. 35 талапкерден 11 депутат шайланды. Нарын облусу боюнча бардыгы 35 талапкерден 11 депутат шайланды. Талас облусу: - Кара-Буура району, Шекер айылдык кеңеши, 2 968 шайлоочунун 1609у (54,21%) добуш берди. 48 талапкерден 21 депутат шайланды. - Кара-Буура району, Бейшеке айылдык кеңеши, 3 267 шайлоочунун 1855и (56,78%) добуш берди. 51 талапкерден 21 депутат шайланды. - Кара-Буура району, Бакыян айылдык кеңеши, 2 171 шайлоочунун 1252си (57,67%) добуш берди. 25 талапкерден 11 депутат шайланды. Талас облусу боюнча бардыгы 117 талапкерден 53 депутат шайланды. Ош облусу: - Кара-Кулжа району, Кеңеш айылдык кеңеши, 1 890 шайлоочунун 90и5 (47,88%) добуш берди. 23 талапкерден 11 депутат шайланды. - Алай району, Кабылан-Көл айылдык кеңеши, 1 620 шайлоочунун 706сы (43,58%) добуш берди. 28 талапкерден 11 депутат шайланды. - Кара-Суу району, Отуз-Адыр айылдык кеңеши, 10 236 шайлоочунун 4222 (41,25%) добуш берди. 28 талапкерден 21 депутат шайланды. - Ноокат району, Н. Исанов айылдык кеңеши, 9 057 шайлоочунун 4207си (46,45%) добуш берди. 35 талапкерден 31 депутат шайланды. Ош облусу боюнча бардыгы 174 талапкерден 74 депутат шайланды. Баткен облусу: - Баткен району, Самаркандек айылдык кеңеши, 6 411 шайлоочунун 2292си (35,75%) добуш берди. 43 талапкерден 21 депутат шайланды. - Баткен району, Ак-Татыр айылдык кеңеши, 3 460 шайлоочунун 1589у (45,92%) добуш берди. 47 талапкерден 21 депутат шайланды. - Баткен району, Ак-Сай айылдык кеңеши, 3 851 шайлоочунун 1786сы (46,38 %) добуш берди. 63 талапкерден 21 депутат шайланды. Баткен облусу боюнча бардыгы 140 талапкерден 63 депутат шайланды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 19-майда  Баткен облусунун депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары
20.05.2019

2019-жылы 19-майда Баткен облусунун депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары

Баткен облусу боюнча бардыгы 140 талапкерден 63 депутат шайланды. 12 шайлоо участогунда добуш берүү участоктук шайлоо комиссияларынын (УШК) 112 мүчөсү тарабынан уюштурулду. Добуш берүүгө 5 667 шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 13 722 шайлоочунун 41,3 %ын түздү. Добуш берүү күнүндө талапкерлерден жана коомдук уюмдардан 109 байкоочу байкоо жүргүздү. Добуш берүүнүн жана добуштарды эсептөөнүн жүрүшүндө бузуулар жөнүндө арыздар жана даттануулар түшкөн эмес. Баткен району, Ак-Татыр айылдык кеңеши: 46 талапкерден 21 депутат шайланды. Бардыгы 1 589 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 3 460 шайлоочунун 45,9%ын түздү. 27 байкоочу байкоо жүргүздү. Баткен району, Самаркандек айылдык кеңеши: 48 талапкерден 21 депутат шайланды. Бардыгы 2 292 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 6 411 шайлоочунун 35,8%ын түздү. 27 байкоочу байкоо жүргүздү. Баткен району, Ак-Сай айылдык кеңеши: 46 талапкерден 21 депутат шайланды. Бардыгы 1 786 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 3 851 шайлоочунун 46,4%ын түздү. 55 байкоочу байкоо жүргүздү. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 38-беренесине ылайык шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участоктук шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 19-майда  Ош облусунун депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары
20.05.2019

2019-жылы 19-майда Ош облусунун депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары

2019-жылы 19-майда Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда шайлоо болуп өттү. Ош облусу боюнча бардыгы 174 талапкерден 74 депутат шайланды. 18 шайлоо участогунда добуш берүү участоктук шайлоо комиссияларынын (УШК) 187 мүчөсү тарабынан уюштурулду. Добуш берүүгө 10 040 шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 22 803 шайлоочунун 44,03 %ын түздү. Добуш берүү күнүндө талапкерлерден жана коомдук уюмдардан 345 байкоочу байкоо жүргүздү. Добуш берүүнүн жана добуштарды эсептөөнүн жүрүшүндө бузуулар жөнүндө арыздар жана даттануулар түшкөн эмес. Кара-Кулжа району, Кеңеш айылдык кеңеши: 21 талапкерден 11 депутат шайланды. Бардыгы 905 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 1 890 шайлоочунун 47,88%ын түздү. 63 байкоочу байкоо жүргүздү. Кара-Суу району, Отуз-Адыр айылдык кеңеши: 61 талапкерден 21 депутат шайланды. Бардыгы 4 222 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 10 236 шайлоочунун 41,25%ын түздү. 104 байкоочу байкоо жүргүздү. Ноокат району, Исанова айылдык кеңеши: 64 талапкерден 31 депутат шайланды. Бардыгы 4 207 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 9 057 шайлоочунун 46,45%ын түздү. 94 байкоочу байкоо жүргүздү. Алай району, Кабылан-Көл айылдык кеңеши: 28 талапкерден 11 депутат шайланды. Бардыгы 706 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 1 620 шайлоочунун 43,58%ын түздү. 84 байкоочу байкоо жүргүздү. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 38-беренесине ылайык шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участоктук шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 19-майда  Талас облусунун депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары
20.05.2019

2019-жылы 19-майда Талас облусунун депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары

2019-жылы 19-майда Талас облусунун Кара-Буура районунда шайлоо болуп өттү. Талас облусу боюнча бардыгы 117 талапкерден 53 депутат шайланды. 3 шайлоо участогунда добуш берүү участоктук шайлоо комиссияларынын (УШК) 66 мүчөсү тарабынан уюштурулду. Добуш берүүгө 4 716 шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 8 406 шайлоочунун 56,1%ын түздү. Добуш берүү күнүндө талапкерлерден жана коомдук уюмдардан 99 байкоочу байкоо жүргүздү. Добуш берүүнүн жана добуштарды эсептөөнүн жүрүшүндө бузуулар жөнүндө арыздар жана даттануулар түшкөн эмес. Кара-Буура району, Шекер айылдык кеңеши: 45 талапкерден 21 депутат шайланды. Бардыгы 1 609 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 2 968 шайлоочунун 54,2%ын түздү. 31 байкоочу байкоо жүргүздү. Кара-Буура району, Бейшеке айылдык кеңеши: 47 талапкерден 21 депутат шайланды. Бардыгы 1 855 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 3 267 шайлоочунун 56,8%ын түздү. 49 байкоочу байкоо жүргүздү. Кара-Буура району, Бакыян айылдык кеңеши: 25 талапкерден 11 депутат шайланды. Бардыгы 1 252 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 2 171 шайлоочунун 57,7%ын түздү. 19 байкоочу байкоо жүргүздү. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 38-беренесине ылайык шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участоктук шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 19-майда  Нарын облусунун депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары
20.05.2019

2019-жылы 19-майда Нарын облусунун депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары

2019-жылы 19-майда Нарын облусунун Жумгал районунда шайлоо болуп өттү. Нарын облусу боюнча бардыгы 35 талапкерден 11 депутат шайланды. 3 шайлоо участогунда добуш берүү участоктук шайлоо комиссияларынын (УШК) 29 мүчөсү тарабынан уюштурулду. Добуш берүүгө 929 шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 1 825 шайлоочунун 50,9%ын түздү. Добуш берүү күнүндө талапкерлерден жана коомдук уюмдардан 24 байкоочу байкоо жүргүздү. Добуш берүүнүн жана добуштарды эсептөөнүн жүрүшүндө бузуулар жөнүндө арыздар жана даттануулар түшкөн эмес. Жумгал району, Көк-Ой айылдык кеңеши: 35 талапкерден 11 депутат шайланды.Бардыгы 929 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 1 825 шайлоочунун 50,9%ын түздү. 24 байкоочу байкоо жүргүздү. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 38-беренесине ылайык шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участоктук шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
1 … 350 352 … 483