Орозбаев Мирланбек Абдимиталипович Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

20 июня 2019

2019-жылы 20-июнда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 14-июнда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Орозбаев Мирланбек Абдимиталиповичти Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.

Орозбаев Мирланбек Абдимиталипович

1983-жылы 16-майда Ош облусунун Ноокат районунун Бел айылдык аймагынын Бел-Ѳрүк айылында  туулган.

Ош Мамлекеттик Университетин «Математикалык усулдар жана экономикадагы операцияларды изилдөө» адистиги боюнча аяктаган жана 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын «Менеджмент» багыты боюнча МАГИСТР академиялык даражасына  ээ болгон.

Эмгек жолу:

2016-жылдын декабрь айынан бери Тѳѳ-Моюн айылдык Кеңешинин депутаты

2014-жылдын сентябрь айынан Тѳѳ-Моюн айыл өкмөтүнүн орун басары

2014-жылдын июль айынан Тѳѳ-Моюн айыл өкмөтүнүн орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу

2014-жылы-Чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын III Дүйнөлүк Форумун Москва шаарында уюштуруу комитетинин мүчѳсү

2012-2014-жылдары – Жеке ишкер

2011-жылдын июль айынан Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын экономика жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башкы адиси

2011-жылдын январь айынан Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын экономика жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

2010-жылы -Кыргыз Республикасынын экономиканы тескѳѳ министрлигинде стажировка ѳтѳгѳн

2009-2010-жылдары - Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жетектөөчү адиси

2007-2008-жылдары–«Ийгилик жарнамасы» маалыматтык-жарнамалык гезитинин башкы редактору

2005-2006-жылдары - Ош Мамлекеттик Университеттинин окутуучусу

Араван аймактык шайлоо комиссиясына шайланган башчыга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү