Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
2019-жылдын 22-августунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 22 август 2019-ж.
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Токтогул, Тоң, Өзгөн, Ноокен жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Ар түрдүү маселелер
Төрага
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кайрылуусу!
Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 8-августундагы ПЖ №102 Жарлыгы менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2019-жылдын 22-сентябрына дайындалды.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар!
Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.
Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар бул процедурадан жашаган жериндеги Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында биометрикалык каттоо пункттарынын дарегине барып өтө алышат. Эске сала кетсек, биометрикалык маалыматтары боюнча шайлоочуларды идентификациялоо башка шайлоочу үчүн добуш берүүнү жана шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоону жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен www.shailoo.srs.kg порталынан текшере алышат. Шайлоочулардын тизмеси тийиштүү шайлоо участокторунда добуш берүү күнүнө чейин 34 календардык күн калганда, б.а. 2019-жылдын 18-августунан кечиктирбестен шайлоочуларга тааныштыруу үчүн илинет, Сиз ошол жерден өзүңүз жөнүндө маалыматтарды тактасаңыз болот.
Сиз кандай болбосун ката же так эместиктерди, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок экениңизди тапсаңыз, Сиз добуш берүү күнүнө чейин 11 календарлык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2019-жылдын 11-сентябрына чейин, тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен Сиздин жергиликтүү жамаатка тиешелүү экендигиңизди тастыктаган ID-картанын көчүрмөсүн тиркөө менен кайрылууга укуктуусуз. Бул арыз токтоосуз участкалык шайлоо комиссия тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кароо үчүн жөнөтүлөт.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү, саясий партияларынын өкүлдөрү!
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 21 жаш куракка толгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, талапкерлерди көрсөтүү укугу айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.
Саясий партиянын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш менен кабыл алынат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар башка саясий партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз.
Өзүн өзү көрсөтүү тартибинде Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерди көрсөтүү Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына талапкер болуп көрсөтүлүүгө ниеттенгендиги жөнүндө арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына зарыл болгон документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 23 календардык күн калганда б.а. 2019-жылдын 29-августунда, саат 24.00дө аяктайт.
Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күн калганда б.а. 2019-жылдын 6-сентябрында аяктайт.
Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге жана саясий партияларга көмөк көрсөтүү тартибинде КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жана талапкерлерге карата талаптар жөнүндө эскертмелер жайгаштырылган. Шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин сактоо үчүн КР БШКнын сайтында тиешелүү нускамалар жана жоболор жайгаштырылган.
Урматтуу аймактык шайлоо комиссиясынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгуз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде, айрыкча ишке ашырылып жаткан шайлоо системасын реформалоо алкагында жергиликтүү деңгээлде негизги роль аймактык шайлоо комиссиясынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө таандык. Калктын шайлоо процесске болгон ишениминин деңгээли Сиздердин иш-аракеттериңиздерге байланыштуу.
Ачыктык, айкындуулук, чындык бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын ишинин негизи. Биздин шайлоону кандай өткөргөндүгүбүз Кыргызстандын туруктуулугуна жана демократияны бекемдөөгө түздөн-түз таасир берет. Шайлоонун жаңы модели бул өлкөнүн түп тамырынан өзгөртүүгө карата ири кадам.
Өзгөчө жоопкерчилик аймактык шайлоо комиссиясына жүктөлгөн, алар шайлоочулар менен гана эмес, талапкерлер жана саясий партиялар менен түздөн-түз ишти, аймактык шайлоо комиссиясында айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо процессинен баштап, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо менен аяктайт. Ушул процесстин башкы талаптары болуп, шайлоонун бардык катышуучуларына карата бейтарап жана бирдей мамилени камсыз кылуу, болууга тийиш!
Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын добуш берүү күнүнө чейин 38 календардык күн калгандан кечиктирбестен б.а. 2019-жылдын 15-августуна чейин иштеп чыгат жана КР БШКга бекитүү үчүн берет.
Шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, КР мыйзамдарына ылайык, добуш берүүнү өткөрүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн, шайлоо участкалары жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен түзүлүүгө тийиш. Шайлоо участкалары тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 34 календардык күн калгандан кечиктирбестен б.а. 2019-жылдын 18-августуна чейин ар бир шайлоо участкасында 2500дөн ашык эмес шайлоочу деген эсепте түзүлөт. Шайлоо округдарынын чек аралары участкалардын чек аралары менен кесилишине жол берилбейт.
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышууну пландаштырган жалпыга маалымдоо каражаттары, обо убакыт бергендик үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары, басма аянты жөнүндө маалыматтарды тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басма сөз редакциясы тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына, шайлоону дайындоо жөнүндө чечим жарыялангандан кийин 8 календардык күндөн кечиктирбестен берүүгө тийиш.
Эскерте кетсек, шайлоо алдындагы үгүт Саруу айылдык кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоодо айылдык кеңештерге талапкерлер катталгандан кийин б.а. 2019-жылдын 7-сентябрынан тартып башталат.
Ушул шайлоонун өзгөчөлүгүн эске алганда Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочуларды маалымдоодо жана үгүт жүргүзүүдө регионалдык жалпыга маалымдоо каражаттардын ролу жана катышуусу абдан маанилүү.
Борбордук шайлоо комиссиясы регионалдык жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө активдүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссиялардын иши тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр.
Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!
Кыргыз Республикасында шайлоо процесстин айкындуулугун жана адилеттүүлүгүн камсыз кылган, эркин, атаандаштык жана адилеттүү шайлоонун жалпы таанылган эл аралык стандарттарына ылайык мыйзам чыгаруу жана практикалык механизмдердин системасы түзүлүп, өнүгүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы 2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү максатында шайлоо процесстин бардык субъектилерин шайлоо мыйзамдардын ченемдеринин талаптарын так сактоону жана шайлоо процесстин башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүүдө ич ара сый-урматты жана чыдамдуулукту сактоону суранат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз жагынан шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн ачыктыкты, айкындуулукту кепилдейт жана шайлоо мыйзамдын нугунда, тынч, стабилдүү атмосферада өтүү үчүн болгон аракетин жумшайт жана биздин өлкөнүн жарандарынын шайлоо укуктарын толугу менен ишке ашыруу үчүн бардык керектүү шарттарды түзөт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участокторунун жана округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти
КР БШК 2019-жылдын 14-августтагы токтому менен “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” 2019-жылдын 8-августундагы УП №102 Жарлыгына ылайык 2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участокторунун жана округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоо дайындалды
2019-жылы 14-августта өткөн Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо талапкерлерге караганда “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн депутаттардын көпчүлүк добушу берилгенине байланыштуу 2019-жылы 14-августта КР БШК Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоону 2019-жылдын 28-августуна (саат 9-00дөн 12-00гө чейин) дайындады.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чинарбеков Медербек Чинарбекович Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 14-августта КР БШК мүчөлөрү Чинарбеков Медербек Чинарбековичти Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.
Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 2-августта болуп өттү.
Гавриловка айылдык кеңеште бардыгы 21 депутат бар, алардын ичинен добуш берүүгө 19 депутат катышты. 17 депутат “макул”, экөө “баарына каршы” деп добуш берди. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 1 талапкер катталган.
Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Чинарбеков Медербек Чинарбекович
1991-жылы 1-апрелде Чүй облусунун Сокулук районунун Жыламыш айылында туулган.
Билими жогорку. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин инженер адистиги боюнча (2010-2015жж.) бүтүргөн (диплом УВ №150149272).
Эмгек жолу:
2018-2019-жж. - Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу.
2016-2018-жж. - Сокулук районунун суу чарбасы башкармалыгы, 1- категориядагы инженер.
2013-2019-жж. - Сокулук районунун Жыламыш айылы, “Жыламыш” дыйкан чарбасы, жетекчи.
2012-2013-жж. – Бишкек ЭЭЗ, кароолчу.
Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгы 2019-жылы 22-июлда берген маалымкатка ылайык М.Ч. Чинарбековдун Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына Гавриловка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын Календардык планын жана чыгымдардын сметасын бекитти
2019-жылы 14-августта КР БШК 2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын Календардык планын жана чыгымдардын сметасын бекитти.
Ошондой эле 2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуучу талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фондуларынын атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктады.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 22-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт
Кыргыз Республикасынын Президенти “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” 2019-жылдын 8-августундагы УП №102 Жарлыгы менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2019-жылдын 22-сентябрына дайындалды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 14-августунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 14 -август 2019-ж.
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2019-жылдын 22-сентябрында дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. 2019-жылдын 22-сентябрында дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгуз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Г. Дюшембаева, пландоо, эсепке алуу, отчеттуулук жана сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы)
3. 2019 жылдын 22-сентябрында дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгуз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын жана талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө
(Баяндамачы – Г. Дюшембаева, пландоо, эсепке алуу, отчеттуулук жана сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы)
4. 2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
5. 2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
6. 2019-жылдын 2-августунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
7. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро, Ак-Дөбө, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды
КР БШКнын 2019-жылдын 6-августундагы токтому менен Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро, Ак-Дөбө, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 23-августуна (саат 9-00дөн 12-00ге чейин) дайындалды.
Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2019-жылдын 26-июлундагы №Б-38/IV буйругу менен Оро айыл өкмөтүнүн башчысы Сурапов Элеман Эргешович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2019-жылдын 1-августундагы №Б-40/IV буйругу менен Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Буланбеков Уланбек Эсенбекович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2019-жылдын 18-июлундагы №212-р буйругу менен Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысы Паязов Сактанбек Паязович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Миңбаев Дөөлөтбек Бодонович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 6-августта КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 24-июлда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Миңбаев Дөөлөтбек Бодоновичти Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Миңбаев Дөөлөтбек Бодонович
1978-жылы 8-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айылында туулган.
Билими жогорку. Ош Мамлекеттик Университетин биология адистиги боюнча (диплом №07982) бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2000-2019 жж. – Б.Миӊбаев атындагы орто мектеп, биология мугалими
2016-2019 жж. – Кара-Суу айылдык кеӊеш, депутат
Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, 6 баласы бар.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык Миңбаев Дөөлөтбек Бодоновичтин соттуулугу жок.
Аксы аймактык шайлоо комиссиясына Кара-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 6-августунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 6 -август 2019-ж.
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2019-жылдын 24-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро, Чүй облусунун Аламудүн районунун Пригородное жана Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Буура, Кочкор, Аламүдүн, Ала-Бука жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 2-августта Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
2019-жылы 2-августта Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
17 добуш алган Чинарбеков Медербек Чинарбекович Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Гавриловка айылдык кеңеште бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө алардын ичинен 19 депутат катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 1 талапкер катталган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы журналисттер үчүн конкурс жарыялады
КР Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо укугунун жана процессинин, шайлоочулардын (референдумдун катышуучуларынын) укуктук жана саясий маданиятын жогорулатуунун актуалдуу маселелерин, шайлоо тутумун реформалоонун натыйжаларын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын (жигердүү жана пассивдүү) шайлоо укуктарын ишке ашырууну, Кыргыз Республикасындагы шайлоолордо пайдаланылуучу жол-жоболорду жана технологияларды, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларынын иштерин жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-басылмаларда мыкты чагылдыргандык үчүн конкурс жарыялады.
Конкурстун башкы максаты жарандардын шайлоо укугунун жана процессинин маселелери жөнүндө кабардар болуусун жана түшүнүүсүн жогорулатуу; шайлоо тематикасын чагылдырууга ЖМКларды жана интернет-басылмаларды тартуу; ошондой эле ЖМКлардын жана интернет-басылмалардын жарандарды шайлоо институту, шайлоо тутумун реформалоонун натыйжалары жөнүндө кабарландырууга, жарандардын шайлоо өнөктүктөрүнө катышууга кызыгуусун арттырууга багытталган материалдарынын сапатын жакшыртуу; шайлоо институттарына коомдун ишенимин жогорулатуу; шайлоочулар менен талапкерлердин ортосундагы байланыштыруучу түйүн катары жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жана интернет-басылмалардын ролун алга жылдыруу; шайлоо комиссияларынын тутуму менен өз ара аракеттешүүгө ЖМКларды жана интернет-басылмаларды тартуу болуп саналат.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын редакциялары, айрым авторлору жана/же автордук жамааттары конкурстун катышуучулары боло алат.
Берилген материалдар (басма сөздөгү жарыялоолор, телесюжеттер, жана интернет-басылмалардын билдирүүлөрү, радиоберүүлөр ж.б.)
2019-жылдын 26-июлунан 26-октябрына чейинки мезгилде жарыяланган же обого чыккан болууга тийиш.
Конкурстук комиссия 2019-жылдын 4-ноябрына чейин конкурстун жыйынтыктарын чыгарат жана ыйгарылуучу сыйлыктардын санына жараша Конкурстун жеңүүчүлөрүн ачык добуш берүү менен аныктайт.
Конкурска материалдар 2019-жылдын 25-октябрына чейин 720049, Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 50 дареги боюнча кабыл алынат. Почта аркылуу жана электрондук жөнөтүүлөр “КОНКУРС-ЖМК” деген белгини камтууга тийиш.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-2023-жылдарга иштин Стратегиялык планын бекитти
КР БШК жакын арада Стратегиялык планды коомчулукка презентациялайт.
План БШКнын өз тутумундагы сапаттык өзгөрүүлөр боюнча чаралардын төмөнкү комплексин камтыйт: менеджмент механизмдерин өркүндөтүү, шайлоо комиссияларынын көз карандысыздыгын чыңдоо жана кесипкөйлүгүн арттыруу, ошондой эле жарандардын аларга ишениминин жогорку деңгээлине жетишүү, натыйжалуу бюджет саясатын түзүү, шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын уюштуруучулук жана кесиптик жактан тынымсыз өнүгүүсүн, шайлоо тутумунун процесстерин өркүндөтүүнүн натыйжаларын андан ары имплементтөө жана иш жүзүндө колдонууну уюштуруу.
Стратегиялык планды ишке ашыруу үчүн БШКнын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жылдык жана учурдагы пландары иштелип чыгат, аны жүзөгө ашыруунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн, ага улуттук стратегиялык жана программалык документтерди түзөтүү менен шартталган актуалдуу чараларды жана милдеттерди киргизүү тутуму түзүлөт.
2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы, 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясы, БУУнун туруктуу өнүктүрүү максаттары, ошондой эле эл аралык шайлоо стандарттары Стратегиялык пландын милдеттери үчүн негиз жана багыт болуп саналат.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Гапаров Шайлообек Беклекбайевич Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 26-июлунда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 19-июлунда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Гапаров Шайлообек Беклекбайевичти Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Гапаров Шайлообек Беклекбайевич
1984-жылы 9-февралында Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылында туулган.
Билими жогорку. И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетин финансы жана кредит адистиги боюнча ((№CD070088590, каттоо номери 6-640 21.03.2007-ж.) бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2010-2019 жж. - Баткен районуна караштуу Самаркандек жалпы дарыгерлер тажрыйба борбору, башкы эсепчинин жардамчысы
Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, 5 баласы бар
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык соттуулугу жок.
Баткен аймактык шайлоо комиссиясына Самаркандек айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин эки депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2019-жылы 26-июлда КР БШК Жалал-Абад жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Жалал-Абад облусунун төмөнкү депутаты өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту:
Деванаев Фарходбек (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы, №9, Жалал-Абад шаардык кеңеш). Мандат саясий партиянын тизмесиндеги №17 талапкер Пулатов Саибге өткөрүп берилди.
Ош облусунун төмөнкү депутаты өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту:
Абдрахманов Оёнбек (“Мекеним Кыргызстан” фракциясы, №18, Жалал-Абад шаардык кеңеш). Мандат саясий партиянын тизмесиндеги №20 талапкер Раимов Эмилбекке өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
30.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
30.09.2026
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады
30.09.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
29.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
29.09.2026
КР БШКда президенттик шайлоого даярдык боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү
29.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо боюнча эл аралык семинарга катышууда