Башкы Жаңылыктар КР БШКнын шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, …

КР БШКнын шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кайрылуусу!

15-Авг, 2019

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 8-августундагы ПЖ №102 Жарлыгы менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2019-жылдын 22-сентябрына дайындалды.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар!

Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.

Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар бул процедурадан жашаган жериндеги Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында биометрикалык каттоо пункттарынын дарегине барып өтө алышат. Эске сала кетсек, биометрикалык маалыматтары боюнча шайлоочуларды идентификациялоо башка шайлоочу үчүн добуш берүүнү жана шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоону жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен www.shailoo.srs.kg порталынан текшере алышат. Шайлоочулардын тизмеси тийиштүү шайлоо участокторунда добуш берүү күнүнө чейин 34 календардык күн калганда, б.а. 2019-жылдын 18-августунан кечиктирбестен шайлоочуларга тааныштыруу үчүн илинет, Сиз ошол жерден өзүңүз жөнүндө маалыматтарды тактасаңыз болот.

Сиз кандай болбосун ката же так эместиктерди, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок экениңизди тапсаңыз, Сиз добуш берүү күнүнө чейин 11 календарлык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2019-жылдын 11-сентябрына чейин, тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен Сиздин жергиликтүү жамаатка тиешелүү экендигиңизди тастыктаган ID-картанын көчүрмөсүн тиркөө менен кайрылууга укуктуусуз. Бул арыз токтоосуз участкалык шайлоо комиссия тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кароо үчүн жөнөтүлөт.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү, саясий партияларынын өкүлдөрү!

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 21 жаш куракка толгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, талапкерлерди көрсөтүү укугу айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.

Саясий партиянын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш менен кабыл алынат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар башка саясий партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз.

Өзүн өзү көрсөтүү тартибинде Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерди көрсөтүү Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына талапкер болуп көрсөтүлүүгө ниеттенгендиги жөнүндө арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт.

Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына зарыл болгон документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 23 календардык күн калганда б.а. 2019-жылдын 29-августунда, саат 24.00дө аяктайт.

Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күн калганда б.а. 2019-жылдын 6-сентябрында аяктайт.

Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге жана саясий партияларга көмөк көрсөтүү тартибинде КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жана талапкерлерге карата талаптар жөнүндө эскертмелер жайгаштырылган. Шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин сактоо үчүн КР БШКнын сайтында тиешелүү нускамалар жана жоболор жайгаштырылган.

Урматтуу аймактык шайлоо комиссиясынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгуз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде, айрыкча ишке ашырылып жаткан шайлоо системасын реформалоо алкагында жергиликтүү деңгээлде негизги роль аймактык шайлоо комиссиясынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө таандык. Калктын шайлоо процесске болгон ишениминин деңгээли Сиздердин иш-аракеттериңиздерге байланыштуу.

Ачыктык, айкындуулук, чындык бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын ишинин негизи. Биздин шайлоону кандай өткөргөндүгүбүз Кыргызстандын туруктуулугуна жана демократияны бекемдөөгө түздөн-түз таасир берет. Шайлоонун жаңы модели бул өлкөнүн түп тамырынан өзгөртүүгө карата ири кадам.

Өзгөчө жоопкерчилик аймактык шайлоо комиссиясына жүктөлгөн, алар шайлоочулар менен гана эмес, талапкерлер жана саясий партиялар менен түздөн-түз ишти, аймактык шайлоо комиссиясында айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо процессинен баштап, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо менен аяктайт. Ушул процесстин башкы талаптары болуп, шайлоонун бардык катышуучуларына карата бейтарап жана бирдей мамилени камсыз кылуу, болууга тийиш!

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын добуш берүү күнүнө чейин 38 календардык күн калгандан кечиктирбестен б.а. 2019-жылдын 15-августуна чейин иштеп чыгат жана КР БШКга бекитүү үчүн берет.

Шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, КР мыйзамдарына ылайык, добуш берүүнү өткөрүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн, шайлоо участкалары жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен түзүлүүгө тийиш. Шайлоо участкалары тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 34 календардык күн калгандан кечиктирбестен б.а. 2019-жылдын 18-августуна чейин ар бир шайлоо участкасында 2500дөн ашык эмес шайлоочу деген эсепте түзүлөт. Шайлоо округдарынын чек аралары участкалардын чек аралары менен кесилишине жол берилбейт.

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышууну пландаштырган жалпыга маалымдоо каражаттары, обо убакыт бергендик үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары, басма аянты жөнүндө маалыматтарды тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басма сөз редакциясы тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына, шайлоону дайындоо жөнүндө чечим жарыялангандан кийин 8 календардык күндөн кечиктирбестен берүүгө тийиш.

Эскерте кетсек, шайлоо алдындагы үгүт Саруу айылдык кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоодо айылдык кеңештерге талапкерлер катталгандан кийин б.а. 2019-жылдын 7-сентябрынан тартып башталат.

Ушул шайлоонун өзгөчөлүгүн эске алганда Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочуларды маалымдоодо жана үгүт жүргүзүүдө регионалдык жалпыга маалымдоо каражаттардын ролу жана катышуусу абдан маанилүү.

Борбордук шайлоо комиссиясы регионалдык жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө активдүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссиялардын иши тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр.

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!

Кыргыз Республикасында шайлоо процесстин айкындуулугун жана адилеттүүлүгүн камсыз кылган, эркин, атаандаштык жана адилеттүү шайлоонун жалпы таанылган эл аралык стандарттарына ылайык мыйзам чыгаруу жана практикалык механизмдердин системасы түзүлүп, өнүгүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы 2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү максатында шайлоо процесстин бардык субъектилерин шайлоо мыйзамдардын ченемдеринин талаптарын так сактоону жана шайлоо процесстин башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүүдө ич ара сый-урматты жана чыдамдуулукту сактоону суранат.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз жагынан шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн ачыктыкты, айкындуулукту кепилдейт жана шайлоо мыйзамдын нугунда, тынч, стабилдүү атмосферада өтүү үчүн болгон аракетин жумшайт жана биздин өлкөнүн жарандарынын шайлоо укуктарын толугу менен ишке ашыруу үчүн бардык керектүү шарттарды түзөт.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>