Башкы Жаңылыктар Аялдардын шайлоого жигердүү катышуусу – ЖӨБдүн ишинин туруктуулугунун …

Аялдардын шайлоого жигердүү катышуусу – ЖӨБдүн ишинин туруктуулугунун жана натыйжалуулугунун фактору

26-Авг, 2019

2019-жылы 22-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт.

Саруу айылдык кеңешине бардыгы 21 депутат шайланат. Шайлоо ар бири 7 мандат боюнча үч округда өтөт.

2019-жылы 28-августта күчүнө кирген “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык айылдык кеңештерге шайлоодо аялдар үчүн мандаттардын 30 пайыз квотасы каралган.

Бул Саруу айылдык кеңешинин үч округунун ар биринде 30 пайыздан аз эмеси б.а. 3 мандаттан аз эмеси аял талапкерлерге резервге калтырылат дегенди билдирет.

Айылдык кеңештерде аялдардын кыйла кеңири өкүлдүгү балдардын, аялдардын жана калктын аялуу топторунун кызыкчылыктарына тийиштүү социалдык жактан маанилүү маселелерди, анын ичинде саламаттык сактоонун жана билим берүүнүн маселелерин натыйжалуу чечүүгө мүмкүнчүлүк берет деп болжолдонууда.

Аялдардын жергиликтүү кеңеште өкүлдүгүнүн маанилүүлүгүн эске алып, Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин документтерин кабыл алууну улантууда жана аялдарды айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер катары жигердүү катышууга чакырууда.

Учурда талапкерлерди көрсөтүү мезгили улантылууда. Каттоо үчүн зарыл документтерди Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына 2019-жылдын 29-августу саат 24.00гө чейин берүү абзел.

Маалымат катары:

Акыркы 15 жылда айылдык кеңештердин депутаттарынын арасында аялдардын саны туруктуу азайып баратканы байкалганын белгилей кетүү керек. Маселен, 2004-жылы өлкө боюнча алар 19% шайланса, 2008-жылы – 17%,  2012-жылы –  13%, в 2016-жылы – 10% шайланган. Ошондой эле азыркы кезде 86 айылдык кеңеште б.а. ар бир бешинчи айылдык кеңеште бир дагы аял шайланган эмес. Ушул өкүм сүрүп келаткан тенденцияда айылдык кеңештерде депутат аялдардын болбой калуу ыктымалдыгы кыйла жогору. Ушуга байланыштуу шайлоо жөнүндө тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү чечими кабыл алынды.

2019-жылы 8-августта Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду. Анда аялдар үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын мандаттарынын 30 пайыздан аз эмес квота жана резервге калтырылган мандаттарды бөлүштүрүү тартиби каралган (59-1, 62- беренелер).

Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоодо резервге калтырылган мандаттар ириде талапкер аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Башка талапкер аялдарга караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон талапкер аялдар шайланган болуп таанылат.

Эгерде шайлоо округунда талапкер аялдардын саны резервге калтырылган мандаттардын санынан аз болсо, анда мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар башка талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт.

Эгерде тиешелүү шайлоо округунда талапкер аялдар жок болсо, анда резервге калтырылган мандаттар башка талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>