Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

31 декабря 2019

2019-жылы 31-декабрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

23 добуш алган Эркинов Талантбек Эркинович Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Үч-Коргон айыл кеңешинде бардыгы 31 депутат бар, добуш берүүгө алардын – 28и катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 2 талапкер катталган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү