Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин сегиз депутатынын ыйгарым укуктарын …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин сегиз депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

18-Фев, 2020

2020-жылы 18-февралында КР БШК Жети-Өгүз, Баткен, Жалал-Абад, Токтогул, Ала-Бука жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Ысык-Көл облусу:

1. Шамырканов Мирбек Турдубекович (Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Султанов Мирбек Кировичке өткөрүп берилди.

2. Мендибаев Самат Анварбекович (Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Жаанбаева Гулбара Шаршембиевнага өткөрүп берилди.

3. Колесников Роман Александрович (Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Мендибаев Самат Анварбековичке өткөрүп берилди.

Баткен облусу:

4. Рахман уулу Тайирбек (Баткен районунун Самаркандек айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Таштанов Махмутжан Назирбаевичке өткөрүп берилди.

5. Каламбеков Абдикарим Саалыевич (Баткен районунун Кара-Бак айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Норузов Нуридин Абдирасуловичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусу:

6. Исаков Максат Муктарбекович (“КСДП” фракциясы, №2, Токтогул шаардык кеңеши). Мандат Токтогул АШК чечими менен саясий партиядан №8 талапкер Тойчубеков Урмат Кадырбековичке өткөрүп берилди.

7. Дуйшалыев Аскат Дуйшалыевич (“Энергетик” фракциясы, №2, Кара-Көл шаардык кеңеши). Мандат Кара-Көл АШК чечими менен саясий партиядан №28 талапкер Джуматаев Талайбек Оматбековичке өткөрүп берилди.

8. Койчумбаев Самат Искендербекович (Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Балтагулов Азиcбек Шавкатбековичке өткөрүп берилди.

         Ысык-Көл облусундагы жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен өз каалоосу боюнча талапкерлер чыгарылды:

Талапкерлер  Мендибаев Азамат Анварбекович жана Супатаев Канатбек Аалиевич (Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңеши).

         Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинен “КСДП” саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен төмөнкү талапкерлер чыгарылды:

№10 Юнусов Бахтияр Камчиевич,

№11 Мамытова Кульнара Мухаметовна,

№12 Айтахунов Жумабай Абдрахманович,

№14 Токтогулова Гулжамал Тыныбековна,

№15 Джолдошев Доолатбек Ниязович,

№18 Торогелдиева Эльмира Каналыевна,

№20Мрзахидова Миясар Инамжановна,

№22 Касымалиев Бекболот Байышевич,

№23 Кукумбаева Кулумкан Асановна,

№26 Сакбаева Зулфия Исраиловна,

№28 Раматилаев Азамат Абдыкадырович,

№29 Ахмедахунова Мухаббат Осмонахуновна.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>