Башкы Жаңылыктар Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди кѳрсѳтүү аяктады

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди кѳрсѳтүү аяктады

03-Мар, 2020

КР БШКнын 2020-жылдын 11-февралындагы № 34 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештерине депутаттарды кезектеги шайлоолорду даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планына ылайык 2020-жылдын 2-мартында шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү аяктады.

22 саясий партия тѳмѳндѳгү беш шаардык кеңештин депутаттыгына ѳздѳрүнүн талапкерлеринин тизмесин кѳрсѳтүштү:

- Ош шаардык кеңешине – 9 саясий партия («Эмгек», «Бир Бол», «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «КЛДП», «Биримдик (Единство)», «Кыргызстан», «Улуу-Журт», «Бирик»);

- Майлуу-Суу шаардык кеңешине – 7 саясий партия («Өнүгүү-Прогресс», «Замандаш», «Элмурас», «Мекеним Кыргызстан», «Ата Мекен», «Кыргызстан», «Биримдик (Единство)»);

- Балыкчы шаардык кеңешине – 11 саясий партия («Табылга», «Мекеним Кыргызстан», «Замандаш», «Улуу-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Биримдик (Единство)», «Ата-Журт», «Кыргызстан», «Эмгек», «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы»);

- Каракол шаардык кеңешине – 14 саясий партия («Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан», «Бирик», «Замандаш», «Биримдик (Единство)», «Уулу-Журт», «Мекеним Кыргызстан», «Акшумкар», «Улуу Кыргызстан», «Мекен Ынтымагы», «Республика», «Табылга», «КЛДП», «Кыргызстан жашылдар партиясы»);

- Токмок шаардык кеңешине – 9 саясий партия («Биримдик (Единство)», «Эл биримдиги», «Эмгек», «Ата Мекен», «Мекеним Кыргызстан», «Афганистандагы  согуш ардагерлеринин жана башка локалдуу согуштук чыр-чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы», «Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан», «КЛДП»).

 

Шайлоого бардыгы болуп 22 партия катышууда. Анын ичинен тѳрт партия беш кеңешке кѳрсѳтүшкѳн. Алар -"Мекеним Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Биримдик", "Кыргызстан".

Тѳрт партия – «Улуу-Журт», «КЛДП», «Эмгек», «Замандаш» үч шаардагы шайлоолорго катышат.

«Бирик», «Ата-Мекен», «Табылга», «Мекен Ынтымагы» партиялары эки шаарга талапкерлерин кѳрсѳтүшкѳн.

 Ал эми дагы 10 партия бир гана шаарга кѳрсѳтүшѳт.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 4-бѳлүгүнѳ ылайык тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди алган күндѳн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү тартиби мыйзамдын талаптарына ылайык экендигин текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоо жѳнүндѳ чечим кабыл алат же болбосо баш тартуу тууралуу жүйѳлѳштүрүлгѳн чечим чыгарат.

Мындай текшерүү «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык ѳз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен да ишке ашырылат. Мындай учурда эгерде шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн жолтоо болуп саналган документтердеги ылайык келбѳѳнү таап чыкса,  документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы ошол ылайык келбѳѳ боюнча саясий партияга билдирүүгѳ милдеттүү. Саясий партия билдирүүнү алган учурдан тартып 48 саттын ичинде тийиштүү ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүүгѳ жана оңдолгон документтерди тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгѳ укуктуу.  

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоолор күнүнѳ чейин 30 календардык күн калганда, 2020-жылдын 13-мартына чейин аяктайт

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>