Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!

04-Июл, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 2-июлдагы ПЖ № 139 Жарлыгы менен 2020-жылдын 4-октябрына Кыргыз Республикасынын VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин дептутаттарын шайлоо дайындалды.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар!

18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.

Шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынан тышкары жашаган же жүргѳн анын жарандарынын шайлоо укугун тышкы иштер маселелерин тейлеген мамлекеттик органдар ѳздѳрүнүн дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрү жана консулдук мекемелери аркылуу камсыз кылат.

Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жашаган же жүргѳн анын жарандары тышкы иштер маселелерин тейлеген органдардын сунушу боюнча аккредитациялаган ѳлкѳнүн тийиштүү органдары менен макулдашуу аркылуу, эреже катары, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрүнүн, консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ѳкүлчүлүктѳрүнүн аймагында түзүлгѳн шайлоо участкаларында добуш беришет.

Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар бул жол-жободон жашаган жериндеги калкты тейлѳѳ Борборунан, ошондой эле шайлоо учурунда – аэропорттордун жана темир жол вокзалдарынын аймагындагы биометрикалык каттоону чогултуу пункттарынан өтө алышат. Башка шайлоочу үчүн добуш берүүнү жана шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоону жокко чыгарууда биометрикалык маалыматтары боюнча шайлоочуларды идентификациялоо ѳтѳ маанилүү.

Мамлекеттик порталда www.tizme.gov.kg шайлоого чейин 80 календардык күндѳн мурда, башкача айтканда 2020-жылдын 16-июлуна чейин шайлоочулардын алдын ала тизмеси жарыяланат, ал жерден ѳзүңүз тууралуу маалыматты тактап алсаңыз болот.

Ошондой эле шайлоочулардын алдын ала тизмеси добуш берүү күнүнѳ чейин 70 календардык күндѳн мурда, башкача айтканда 2020-жылдын 26-июлуна чейин таанышуу үчүн тийиштүү шайлоо участкасында илинет.

Кандай гана каталар жана так эместиктер болбосун алар белгилүү болгондо, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде Сиз жок болуп калган учурда добуш берүүчү күнгѳ чейин 15 календардык күндѳн кеч эмес мѳѳнѳттѳ, б.а. 2020-жылдын 20-сентябрына чейин белгиленген үлгүдѳгү (№1 форма) арыз менен ага Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун кѳчүрмѳсүн, (ал эми Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жүргѳн адамдар үчүн – Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун кѳчүрмѳсүн, ал жок болгон учурда - Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун, кызматтык же дипломатиялык паспортунун кѳчүрмѳсүн) тиркеп, тийиштүү шайлоо комиссиясына кайрылууга укугуңуз бар; мындай жагдайда шайлоочу биометрикалык идентификациядан ѳтѳт.

 

2020-жылдын 26-июлунан тартып 2020-жылдын 20-сентябрына чейинки ушул мезгилде шайлоочу ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан ѳтүү менен мамлекеттик порталдагы “шайлоочунун кабинети” сервизи аркылуу электрондук түрдѳгү арыз менен кайрылууга укуктуу.

Шайлоочулар ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясына (биометрикалык идентификациядан ѳтүү менен) белгиленген үлгүдѳгү (№2 форма) же болбосо авторлоштуруудан ѳтүү аркылуу электрондук түрдѳгү арызын берүү менен шайлоо дарегин добуш берген күнү ѳзү жүргѳн жери боюнча ѳзгѳртүүгѳ укуктуу.

Мындай арыздар токтоосуз түрдѳ участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна жѳнѳтүлѳт.

 

Урматтуу Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын ѳкүлдѳрү

 

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар, ушул конституциялык Мыйзамга ылайык саясий партиядан талап кылынуучу шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнүн жана маалыматтарын көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына (мындан ары – БШК) шайлоого катышары тууралуу жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек. Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариалдык ырасталган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү укугуна шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө чейин 6 айдан кем эмес мөөнөттө белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн жана\же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар ээ болот.

Эгерде саясий партиянын уставында камтылган аталышынын жана эмблемасынын кыскача сыпаттамасы анын шайлоо документтеринде пайдаланылуучу кыскача аталышынан жана эмблемасынан айырмаланган учурда, аларды саясий партия КР БШК менен макулдашат. Саясий партиянын аталышы жана эмблемасы КР БШКга берилгенден кийин, шайлоо жүрүмү аяктаганга чейин аларды өзгөртүүгө жол берилбейт.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык шайлоо ѳткѳрүлгѳн күнү 21 жашка толгон, шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 1, 2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү жѳнүндѳ саясий партиянынын чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү саясий партиянын съездинде жүргүзүлѳт.

Бир эле адамды талапкерлердин бир тизмесинен ашык каттоого жол берилбейт.

Талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясий партия төмөнкү өкүлчүлүктү эске алууга милдеттүү:

- бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун;

- 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 5 талапкер алгачкы 65 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;

- ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 5 талапкер алгачкы 65 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;

- кеминде 2 талапкердин - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 50 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

Кол тамга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жана саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси КР БШКга берилет.

Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнѳ чейин 30 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 4-сентябрында аяктайт.

Талапкерлерди каттоодо саясий партияларга кѳмѳктѳшүү иретинде КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жайгаштырылган, шайлоолорго катышкан партиялар үчүн усулдук материалдар жана ченемдик укуктук актылар, шайлоо кампаниясына катышуу маселелери, үгүт жүргүзүү, шайлоо кампанияларын каржылоо жана шайлоодогу талаш маселери боюнча жыйнактар даярдалган. Жакынкы мезгилде шайлоого катышуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү семинарлары ѳткѳрүлмѳкчү.

 

Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо кломиссияларынын мүчѳлѳрү!

 

Мыйзамдуулук, ачыктык, коллегиялуулук, адилеттүүлүк, айкындык, калыстык биздин ишибиздин негизги принциптеринен болуп саналат. Калктын бүткүл шайлоо процессине болгон ишеним деңгээли сиздер менен бирге биздин аракеттерибизге жараша болот. Мекенибизге болгон ыйык сезим, жарандык парызды бийик тутуу жана коом алдындагы жоопкерчилик бизге мыйзамдуу, ачык-айкын жана таза демократиялуу шайлоону ѳткѳрүүгѳ мүмкүнчүлүк берерине ишенебиз!

Өзүбүз тараптан, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды кѳрѳт.

 

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын ѳкүлдѳрү!

 

Мыйзамга ылайык, шайлоону маалыматтык камсыз кылуу жарандарды, шайлоо алдындагы үгүт иштерин маалымдоону ѳзүнѳ камтыйт жана жарандардын аң-сезимдүү түрдѳ ѳз эркин билдирүүгѳ, шайлоонун ачык-айкындыгына кѳмѳктѳшүүгѳ чакырылган. Үгүт иштерине катышуу үчүн ЖМК жана интернет-басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясында аккредитациядан ѳтүүгѳ тйиш.

Аккредитациядан ѳтүү үчүн КР БШКга жазуу жүзүндѳ ѳтүнмѳ берүүсү зарыл.

Эфирдик убакытты, басылма аянтты же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, интернет-басылманын ээлик кылуучусу тарабынан аккредитация максатында шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен КР БШКга берилүүгө тийиш. Мында теле кѳрсѳтүү же басылма аянт үчүн акы тѳлѳѳнүн ѳлчѳмү бардык партиялар үчүн бирдей болууга жана шайлоо дайындалган күнгѳ чейин 6 ай калганда алынуучу баадан ашпоого тийиш.

КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет басылмалар шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бузган учурда алардын аккредитациясын кайра чакыртып алууга укуктуу.

Шайлоо алдындагы үгүт талапкерлердин тизмесин каттоо мѳѳнѳтү аяктаган күндѳн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда аяктайт, б.а. 2020-жылдын 4-сентябрынан тартып 3-октябрынын 08.00 саатына чейин.

Борбордук шайлоо комиссиясында аккредитацияланбаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери жок шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык жактан чагылдырууга катышууга укуктуу.

Шайлоону даярдоону жана ѳткѳрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет басылмалардын ѳкүлдѳрү тѳмѳндѳгүлѳргѳ укуктуу:

  1. шайлоо комиссияларынын жыйындырына катышууга;
  2. шайлоо комиссияларынын протоколдору менен таанышууга;

3) шайлоо комиссияларынан протоколдордун жана ага тиркелген документтердин кѳчүрмѳлѳрүн алууга;

4) шайлоого даярдык мезгилинде, ал эми добуш берүү ѳткѳрүлгѳн күнү – шайлоочулардын добуш берүүсүнүн купуялуулугун бузпастан, добуш берүүнүн жүрүшүнѳ жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга бѳгѳт болбостон, участкалык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы тарабынан белгиленген жерде фото сүрѳт-, кѳрмѳ тартууларды ишке ашырууга;

5) шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери жок, ѳздѳрүнүн статусун, фамилиясын, атын, атасынын атын, ѳздѳрү таандык болгон уюмдун аталышын билдирген тѳш белгилерди алып жүрүүгѳ.

КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык кампанияларга активдүү катышууга чакырат, ал эми, ѳз кезегинде, шайлоо кампанияларынын жүрүшү жана эрежелери, шайлоого катышып жаткан талапкерлер жана партиялар, шайлоо комиссияларынын иштери жѳнүндѳ бардык зарыл материалдарды берүүгѳ даяр.

 

www.shailoo.gov.kg – КР БШКнын расмий сайты,

www.tizme.gov.kg – шайлоочулардын тизмесинин порталы.

 

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ѳкүлдѳрү, шайлоо процессинин катышуучулары!

Кыргыз Республикасындагы жана жалпысынан дүйнѳдѳгү оор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу иш-чараларды (курултайларды, талаш-тартыштарды, жолугушууларды ѳткѳрүүдѳ) уюштурууда (COVID-19) коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн токтотуу максатында тѳмѳндѳгү санитардык- эпидемиологиялык эрежелерди сактоо зарыл:

 

  • орун жайларды жана үстүнкү беттерди дезинфекция жүргүзүү;
  • бири биринен 1,5-2 метрлик аралыктарды сактоо;
  • санитайзерлерди, бир жолку бет каптарды жана кол каптарды пайдалануу;
  • катышуучулардын дене табын кѳзѳмѳлдѳѳ;
  • пайдалануучу материалдарды жана предметтерди дайыма дезинфекциялоо.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү менен биргеликте КР БШК тарабынан ошондой эле санитардык- эпидемиологиялык коопсуздук жана шайлоочулардын, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнүн, шайлоо процессинин катышуучуларынын ден соолугун коргоо боюнча чаралар кабыл алынат.

Шайлоолор укуктук ѳңүттѳ ѳтүшү үчүн шайлоо мыйзамдарынын нормаларынын талаптарын бекем сактоо, шайлоо процессинин башка катышуучулары менен ѳз ара алакада ѳз ара сыйлашуу жана күйүмдүү болуу зарыл.

КР БШК, ѳзү тарабынан, шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн ачык, ѳлкѳбүздүн жарандарынын тынч, туруктуу атмосферада шайлоо укуктарын толук жүзѳгѳ ашыруусу үчүн ачык-айкындыкты кепилдендирет жана бардык шарттарды түзүүгѳ бүткүл күч аракетин жумшайт.

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>