Башкы Жаңылыктар КР БШКнын жумушчу топтору түзүлдү

КР БШКнын жумушчу топтору түзүлдү

04-Июл, 2020

КР БШКнын жумушчу топтору түзүлдү
 

        2020-ЖЫЛДЫН 4-ИЮЛУ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы  3-июлдагы жыйынында тѳмѳндѳгү беш жумушчу тобун түзүү боюнча чечим кабыл алды:

 

      - шайлоочуларды жана башка шайлоо процессинин субъекттерин  маалымдоо  маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ;

-шайлоочулардын жана башка шайлоо процессинин катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ;

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу;

- ыкчам таасир этүүнүн координациялык тобу;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топ.

Топтор Жогорку Кеңешке дептутаттарды шайлоону даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ байланыштуу тѳмѳндѳгү максаттарда түзүлгѳн:

--Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүүдѳ жарандардын аң-сезимдүү ѳз эркин билдирүүсүн жана айкындыкты камсыз кылуу,

- саясий партиялар үчүн бирдей жана акыйкат шарттарды түзүү,

- үгүт жүргүзүүдѳ жарандардын шайлоо укуктарын сактоо,
           - мамлекеттик органдардын. жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо комиссияларынын, саясий партиялардын жана башка органдардын жана уюмдардын аракеттерине (аракетсиздигине)  даттануу мүмкүнчүлүгү,

 - республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн акча каражаттарын максаттуу чыгымдоо үчүн кѳзѳмѳл, ошондой эле саясий партиялардын атайын эсептерин ачуунун, жүргүзүүнүн тартибине - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча отчеттулуктун эсебине  кѳзѳмѳл   жүргүзүү.

Ошондой эле КР БШК мүчѳлѳрүн жумушчу топторго тѳмѳндѳгү курамда  бѳлүштүрүү чечилди:



- шайлоочуларды жана башка шайлоо процессинин субъекттерин  маалымдоо  маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топко - А.Г. Бекматов, Г.К. Джурабаева, А.С. Сатыгулов;

 

-шайлоочулардын жана башка шайлоо процессинин катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топко - А.Т. Асаналиев, Б.С. Кадыров, Г.М. Баатырова;

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобуна -                    Г.М. Баатырова, А.Т. Асаналиев, А.Б. Абдрахматова, Н.Т. Арипов;

- ыкчам чара көрүүчү координациялык топко - К.М. Осмоналиев,            А.Ж. Эшимов, Г.К. Джурабаева, А.С. Сатыгулов, А.Б. Абдрахматова;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топко – А.Ж. Эшимов, А.Г. Бекматов, К.М. Осмоналиев, Б.С. Кадыров, Е.Ж. Джилкичиева, Н.Т. Арипов.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>