Башкы Жаңылыктар Чуй облусундагы Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын …

Чуй облусундагы Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо санитардык-эпидемиологиялык  эрежелерди сактоо камсыз кылынды

15-Июл, 2020

          Бүгүн 2020-жылдын 15-июлунда Чуй облусундагы Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлөт.

          Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Бообеков Бекжан Калмурзаевич, Самтыров Ногайбек Джапанбекович айылдык кенештин депутаттар тобунун тарабынан көрсөтүлгөн жана катталган.

            Маалымат иретинде: Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Б.Ж.Курмановдун  №19-р буйругу  менен 2020-жылдын 10-март күнү ээлеген кызматынан бошотулган.

             КР БШК 2020-жылдын 18-мартындагы  токтомуна ылайык айыл өкмөтүнүн жаны башчысын шайлоо 2020-жылдын 8-апрелине дайындалган.

              Коронавирус пандемиясынан (СOVID-19) улам өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу шайлоолор  2020- жылдын  23-мартында токтотула турган.

              КР БШК 2020- жылдын 26-июнундагы токтомуна ылайык токтотула турган айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын 29- июнунан тартып кайра жандандырылган, ал эми добуш берүү күнү 15-июлга аныкталган, анткени шайлоолор токтотула турган күндөн алар аяктаганга чейин он жети күндүк мөөнөт калган.

              «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  КР Мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу жергиликтүү айылдык кенештин депутаттары тарабынан жүргүзүлөт.

                 Логвиненко айылдык кенешинде 21 депутат бар. Айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелинет.

                  Шайлоо Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясында өткөрүлөт.

                  БШК нын токтомуна ылайык жергиликтүү мамлекеттик орган жана ЖӨАБ органы менен бирдикте Ысык-Ата АШК тарабынан эпидемиологиялык  коопсуздукту жана жарандардын ден-соолугун сактоону камсыз кылуу үчүн төмөндөгү чаралар кабыл алынган:

       -шайлоонун алдындагы добуш берүү үчүн орун-жайлар, ошондой эле үстүнкү беттер толук түрдө дезинфекциаланган,

       -шайлоо процессинин  катышуучуларынын ортосунда 1,5-2 метрлик аралыктарды сактоо үчүн белгилер коюлган.                         

Шайлоого 21 депутат катышаарын эске алуу менен, ал эми жол-жободо 3 саат аралыгында добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралгандыгынан улам, аралыктарда жана убакыттарда катышуучуларды дистанциалоо үчүн мүмкүнчүлүктөр бар.

         - добуш берүү үчүн жайдын кире беришинде жана бюллетендерди берүүчү жерде санитайзерлер коюлган, ал эми кире бергенде контаксыз термометр менен дене табы өлчөнөт.

          - алгоритмге ылайык шайлоонун бардык катышуучуларына АШК тарабынан жеке коргоо каражаттары-бир жолку бет кап жана кол кап берилген,

           - шайлоо процессинин бүткүл жүрүшүндө материалдарды жана предметтерди дезинфекциалоо жүргүзүлөт.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>