Башкы Жаңылыктар Чет өлкөлөрдө шайлоо комиссияларынын курамын түзүү башталды

Чет өлкөлөрдө шайлоо комиссияларынын курамын түзүү башталды

15-Июл, 2020

Бишкек территориялык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын территориясынан тышкары убактылуу жашап жатышкан Кыргызстандын шайлоочуларына, жарандардын коомдук уюмдарына, ошондой эле өлкөнүн саясый партияларына кайрылды.

Кайрылууда Кыргыз Республикасынын территориясынан тышкары 42 шайлоо участоктору түзүлгөндүгү айтылат.

Азыркы учурда ушул шайлоо участокторунун курамы жана резервдери түзүлүп жатат. Шайлоо комиссияларынын курамдары чет өлкөлөрдө жашап жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин кызматкерлеринен түзүлүшү каралган.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун резервдерине талапкерлерди тандоодо жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо кампанияларына, коомдук турмушка катышкан тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу зарыл.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйналышынан талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндөгү протоколдор, жыйындын төрагасынын жана катчысынын кол коюулары менен тастыкталат. Протоколго жыйындын катышуучуларынын тизмеси, алардын жашаган дареги жана кол коюлган тизмеси да тиркелиши керек.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине саясый партиялардан талапкерлерди сунуш кылуу саясый партиялардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Бишкек территориялык шайлоо комиссиясына саясый партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу коюлуп, мөөрү басылган тиешелүү документ көрсөтүлөт.

Жогоруда көрсөтүлгөндөргө:

  • талапкердин чет өлкөдөгү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу боюнча арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын сактоо боюнча милдеттенмеси;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүүсү камтылган биографиялык маалыматтар (кадрлар бөлүмүнөн жеке баракчасы же резюме);
  • байланыш маалыматы: жашаган жеринин дареги, телефондору (үйдөгү, мобилдик телефону, электрондук почтасы) тиркелет.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйындарынан, саясый партиялардан талапкерлерди тандоолор жөнүндөгү протоколдор, Бишкек территориялык шайлоо комиссиясында 2020-жылдын 24-июль, саат 18.00гө чейин, анын ичинде электрондук түрдө да кабыл алынат

Маалымат үчүн телефондор: +996-312-382-426, +996-701-858-580 (WhatsApp)

Эл. почта:      tikbishkek@gmail.com

КР Боршайкомунун маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>