БШК Турсунбай Бакир уулунун арызын канааттандырган жок

02 сентября 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 2-сентябрдагы жыйынында Турсунбай Бакир уулунун “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон өткөрбөө тууралуу арызын карап, аны канааттандырган жок.

Т.Бакир уулу өз негиздемесинде “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясында талапкерлердин тизмеси боюнча фальсификация болгондугун билдирди. Анын айтымында партиянын сьездинде талапкерлердин бир тизмеси бекитилип, анда ал 18 орунда болгондугун, ал эми БШКга партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү анын аты-жөнү жок башка тизме бергендигин айтты.

Бул маселе сот органдарынын компетенциясына тиешелүү болгондуктан, Т.Бакир уулу сотко арыз жазып “Бүтүн кыргызстан” партиясы боюнча кайрыла тургандыгын билдирди.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү