Башкы Жаңылыктар БШК социалдык түйүндөгү саясий жарнама маселелери боюнча Facebook …

БШК социалдык түйүндөгү саясий жарнама маселелери боюнча Facebook менен кызматташа баштады

07-Сен, 2020

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (КР БШК) Facebook социалдык түйүнүнүн өкүлдөрү менен онлайн форматтагы жолугушуу өткөрдү. Фейсбукта саясий жарнаманы жайгаштыруу, аны маркировкалоо жана түйүндө жайгаштыруу үчүн акы төлөөнүн булагын аныктоо маселелери КР БШКнын Facebook социалдык түйүнүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусунун башкы максаты болду. КР БШКнын Facebook социалдык түйүнүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу Кыргыз Республикасындагы БУУӨП кеңсеси тарабынан уюштурулду.

Жолугушууга КР БШК төрайымы Н.Шайлдабекова, КР БШКнын маалымдоо жана үгүт иштерин жүргүзүү боюнча жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаева, КР БШКнын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Изреков катышты. Facebook тарабынан жолугушууга Мамлекеттик саясат маселелери боюнча менеджер Кавита Канхи жана Фейсбуктун шайлоонун тазалыгын камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Наташа Джог катышты.

Жолугушууга ошондой эле БУУӨПтүн Шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилова катышты.

Жолугушуу учурунда Facebook өкүлдөрү түйүндүн инсанды тийиштүү документтердин жардамы менен тастыктоо жолу аркылуу колдонуучуларды идентификациялоого байланышкан саясаты тууралуу маалымдап, мында кайсы аккаунтта кандай адам катталгандыгы так белгилүү боло тургандыгын айтышты.

Бардык саясий жарнама www.facebook.com/ads/library/report дарегинде жайгашкан жана коомдук мааниге ээ маселелерге, шайлоого же саясатка байланышкан Жарнама китепканасына топтолот. Анын жогорку бетиндеги тандай турган жеринен Кыргызстан өлкөсүн тандоо керек. Азыркы тапта Кыргызстан боюнча китепканада 879 жарыя бар, аларга жалпысынан $3 737 каражат жумшалган. Китепканада ошондой эле жарнамага акы төлөгөн жеке инсандар менен партиялар жөнүндө маалымат да чагылдырылат.

КР БШК төрайымы Н.Шайлдабекова Facebook менен кызматташуунун маанилүү экендигин белгиледи: «Биз Facebook өкүлдөрү менен кызматташып баштаганыбызды абдан баалайбыз. Facebook тарабынан саясий жарнамалар жайгаштырылып жаткан аккаунттарды верификациялоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар Фейсбуктун шайлоонун таза өтүшүнө кошуп жаткан салымы деп эсептейбиз. Бул тигил же бул партиянын же талапкердин саясий жарнамасын каржылоонун ачык-айкындуулугуна көз салууга мүмкүнчүлүк берет. Партиялар, өз кезегинде, верификация жол-жоболорунан өтөт, бул болсо алардын фейк аккаунттарга каршы күрөшүнө жардам берет».

«Социалдык түйүндөр шайлоо кампаниясын өткөрүүдө маанилүү роль ойноодо. Ушул маселени жөнгө салган эл аралык стандарттардын жок экендигине байланыштуу Facebook социалдык түйүнү акы төлөнүүчү саясий жарнаманы каржылоонун ачык-айкындуулугун камсыздоо жана шайлоочуга мындай жарнаманы каржылоо булактары тууралуу толук маалымат берүү боюнча өз саясатын ишке киргизүүдө. Бул, албетте, шайлоочунун аң-сезимдүү тандоо жасашына көмөкчү болот», - деп белгиледи БУУӨПтүн Шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилова.

КР БШК төрайымынын “жымжырт күнү” (“день тишины”) Америка Кошмо Штаттарынын Президентин шайлоодо колдонула турган саясаттын мисалы боюнча Facebook платформасында саясий жарнаманы жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу мүмкүндүгү тууралуу суроосуна Facebook өкүлдөрү бул жаңы саясат экендигин жана азырынча АКШ аймагында гана колдонула тургандыгын, бирок Кыргызстан расмий түрдө суроо-талап менен кайрыла турган болсо, бул маселени карап көрүүгө даяр экендиктерин маалымдашты. Тараптар ушул маселени чечүү боюнча мындан ары да байланышта болуу жөнүндө макулдашып, ошондой эле жаңыдан түптөлүп келе жаткан жемиштүү кызматташтык үчүн бири-бирине ыраазычылыгын билдиришти.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>