"Талапкер" маалыматтык ресурсу: талапкерлердин тизмелери, шайлоо алдындагы программалары, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоо

09 сентября 2020

Бүгүн, 2020-жылдын 9-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Талапкер” маалыматтык ресурсунда талапкерлердин тизмесин жана 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Жогорку Кеңешке шайлоого катышкан саясий партиялардын программаларын жарыялады.

http://talapker.shailoo.gov.kg “Талапкер” ресурсундагы маалыматтар жарандарга партиялар, алардын талапкерлеринин тизмелери, партиялардын шайлоо программалары жана шайлоо фондунан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө маалымат берүүгө багытталган.

9-сентябрга Борбордук шайлоо комиссиясы 16 саясий партиядан талапкерлердин тизмесин каттаган. Депутаттыкка талапкерлердин жалпы саны 1912. Алардын 1294ү эркектер, 618и аялдар. Мүмкүнчүлүгү чектелген 41 талапкер, 35 жашка чейинки 605 жаран жана 326 башка улутундагы талапкерлер катталды.

Эске салсак, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесине ылайык, талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясий партия төмөнкү өкүлчүлүктү эске алууга милдеттүү:

- бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун;

- 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 5 талапкер алгачкы 65 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;

- ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 5 талапкер алгачкы 65 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;

- кеминде 2 талапкердин - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 50 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

“Талапкер” порталына өтүү үчүн, шилтемени териңиз.