Башкы Жаңылыктар БШК Ө.Ч. Текебаевдин КР ЖК депутатынын статусун калыбына …

БШК Ө.Ч. Текебаевдин КР ЖК депутатынын статусун калыбына келтирүү бөлүгүндөгү арызын канааттандырды

15-Окт, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 15-октябрында өз жыйналышында Ө.Ч. Текебаевдин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 1-ноябрындагы №529 токтомун жокко чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты статусун калыбына келтирүү бөлүгүндөгү арызын канааттандыруу, 2017-жылдын 15-декабрындагы №546 токтомун жокко чыгаруу бөлүгү боюнча баш тартуу жөнүндө токтом кылды.

2020-жылы 8-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ө.Ч. Текебаевден Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мурда ага берилген мандатын кайтарып берүүгө байланыштуу арыз келип түштү.

Арызда депутаттын мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратуу үчүн мыйзамдуу негиздер жараксыз болуп калгандыгы, себеби Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2019-жылдын 21-августундагы токтомуна ылайык ага карата мурда чыгарылган Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы өкүмү, Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 2-октябрындагы өкүмү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы токтому жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2019-жылдын 3-майындагы токтому жокко чыгарылганы белгиленет.

Ушуга байланыштуу арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон жана бош калган мандатты саясий партиядан талапкерлердин тизмеси боюнча кийинки талапкер И.Т. Гайпкуловго өткөрүп берген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 1-ноябрындагы №529 жана 2017-жылдын 15-декабрындагы №546 токтомдорун жокко чыгарууну өтүнөт.

Арыз берүүчү берген материалдарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөнкүлөрдү белгиледи:

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары ага карата соттун күнөө коюу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде мөөнөтүнөн мурда токтотулары белгиленген.

Жогоруда аталган беренелердин негизинде, ошондой эле Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы арыз берүүчүгө карата күнөө коюу өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 1-ноябрындагы №529 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-декабрындагы №546 токтому менен бош калган мандат “Ата Мекен” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесиндеги кийинки талапкер И.Т. Гайпкуловго өткөрүп берилген.

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту 2019-жылдын 21-августунда мурда чыгарылган Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы өкүмүн, Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 2-октябрындагы өкүмүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы токтомун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2019-жылдын 3-майындагы токтомун жокко чыгарган жана Ө.Ч. Текебаевдин ишин жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 442-беренесине ылайык соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү, аныктамасы, токтому жокко чыгарылышы жана иш боюнча өндүрүш жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра жаңыртылышы мүмкүн.

Апелляциялык жана кассациялык тартипте чечим чыгарганга чейин сотко белгисиз болгон материалдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна берилген. Берилген далилдерди эске алып, ал жагдайларды жаңыдан ачылган жагдайлар катары таанып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегиясы сотто жаңы териштирүү үчүн ишти биринчи инстанциядагы сотко жөнөткөн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусун партиялык тизме боюнча алуу жарандардын өздөрүнүн пассивдүү шайлоо укуктарын ишке ашыруусу болуп эсептелерин белгилей кетүү керек. Депутаттын ыйгарым укуктарын токтотуу, башкача айтканда, парламенттин мүчөсү катары шайлоочулар менен байланышын токтотуу соттун чечими менен жүзөгө ашырылып, кийинчерээк сот тарабынан жокко чыгарылган. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине ылайык адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык. Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет.

Жогоруда баяндалгандын негизинде азыркы учурда Ө.Ч. Текебаевде анын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жагдайлары жок.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында депутаттын мандатын кайтарып берүү механизми каралбагандыгын белгилей кетүү керек. Ошого карабастан, жол-жобо жагынан жетиштүү түрдө жөнгө салуунун жок экендиги шайланган депутаттын анын депутаттык ишке укуктарын калыбына келтирүүгө негиз түзүүчү укугун ишке ашырууга тыюу салуу катары каралбоого тийиш.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесине ылайык ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен белгиленмейинче кылмыш жасаганга күнөөсүз деп эсептелет. Бул принциптин бузулушу материалдык жана моралдык зыяндын орду сот аркылуу толтуруп берилүү үчүн негиз болуп эсептелет. Эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлүү экенине карата ар кандай шектенүү айыпталуучунун пайдасына чечмеленет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жогоруда баяндалганды эске алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26, 73-беренелеринин негизинде,  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен Ө.Ч. Текебаевдин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 1-ноябрындагы №529 токтомун жокко чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты статусун калыбына келтирүү бөлүгүндөгү арызын канааттандырууну, 2017-жылдын 15-декабрындагы №546 токтомун жокко чыгаруу бөлүгү боюнча баш тартууну чечти. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берүү чечими кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>