Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
БШК Башкы прокуратура менен ИИМден 12 партиянын арызына укуктук баа берүүнү суранат
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине 12 саясый партиянын арызын карап, андагы “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” саясый партиялары тарабынан мыйзам бузуулар боюнча материалдарга укуктук баа берүү үчүн жиберди.
7-октябрда КР БШКсына - “Бир Бол”, “Чоң казат”, “Республика”, “Мекенчил”, “Реформа”, “Ыйман нуру”, “Ата Мекен”, “Мекен Ынтымагы”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ордо”, “Афганистандагы жана башка локалдык согуштардын ардагерлеринин саясый партиясы”, “Социал-демократтар” сыяктуу 12 саясый партиядан арыз түшүп, анда төмөнкүлөрдү суранышат:
1. “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партияларына КР мыйзамдары боюнча чараларды карап, аталган саясый партиялардын талапкерлеринин тизмесин жокко чыгаруу;
2. 2020-жылдын 4-октябрындагы КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоонун жыйынтыктарын легитимдүү эмес деп таануу;
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайра шайлоону дайындоо.
“Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” саясый партияларына карата чараларды көрүү жана аталган партиялардын талапкерлеринин тизмесин жокко чыгаруу боюнча арыздануучулардын талаптары боюнча БШК муну белгилейт, арыздануучулар административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуу, добуштарды сатып алуу, добуш берүүнүн жашыруундугун бузуу, шайлоочуларга карата коркутуп – үркүтүүлөр болгондугун жана башка мыйзам бузуулар орун алгандыгына шилтеме жасап жатышат.
Арызда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар Кылмыш кодекси жана Жоруктар жөнүндөгү кодекс боюнча жоопкерчиликти карайт. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга КР Жоруктар кодексинин 87-1-беренелери менен жоопкерчилик каралса, добуш берүүнүн жашыруундугун бузуу жана добуш сатып алуу КР Кылмыш кодексинин 191-192-беренелери боюнча жоопкерчилик каралып, булар боюнча сотко чейинки иштердин өндүрүшү ички иштер органдары тарабынан ишке ашырылат.
Ошентип, көрсөтүлгөн мыйзам бузууларга укуктук баа берүүнү кароо мыйзам тарабынан прокуратуранын көзөмөлү алдында ички иштер органдарынын компетенциясына жүктөлгөн. Ал эми аткаруу органдарындагы кызмат адамдары жана жергиликтүү башкаруу органдары боюнча иштер – прокуратура органдарынын ыйгарым укугуна кирет.
Жогоруда келтирилгендерди эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясы 7-октябрдагы 12 саясый партиянын арызын Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине алар тарабынан аттары аталган партиялардын мыйзам бузууларына укуктук баа берүү үчүн жиберди.
Борбордук шайлоо комиссиясы “Бир Бол”, “Чоң казат”, “Республика”, “Мекенчил”, “Реформа”, “Ыйман нуру”, “Ата Мекен”, “Мекен Ынтымагы”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ордо”, “Афганистандагы жана башка локалдык согуштардын ардагерлеринин саясый партиясы”, “Социал-демократтар” сыяктуу 12 саясый партияларга мыйзам бузууларды көрсөтүп далилдеген фото-видео материалдарды жана башка далилдерди Башкы прокуратурага жана ИИМге жиберүүнү сунуш кылат.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК 2020-жылдын 6-ноябрына чейин жаңы шайлоонун күнүн дайындоо боюнча чечим кабыл алат
2020-жылдын 6-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясы №249-токтому менен, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо участокторундагы добуш берүүлөрүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 38-беренесинин 1-бөлүгү боюнча, эгер шайлоолор жараксыз деп же болбой калды деп табылса, талапкерлер, саясый партиялар добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча шайланбаса, кайра шайлоо дайындалат. Кайра шайлоолор бир айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы аркылуу дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары менен өткөрүлөт.
Ошентип 2020-жылдын 6-ноябрына чейинки убакытта Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды кайра шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат.
Борбордук шайлоо комиссиясы кайра шайлоо дайындалганга чейин парламентте жарандардын кызыкчылыгын көздөгөн саясый күчтөрдүн өкүлдөрүнүн кеңири болушу үчүн мыйзамдык деңгээлде укуктук шарттарды түзүүнү, шайлоодон кийинки тобокелчиликтерди төмөндөтүү максатында шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү кабыл алуу, так айтканда парламентке өтүүнүн шайлоо босогосун ылдыйлатуу жана шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн ылдыйлатууну маанилүү деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 7-октябрда КР Жогорку Кеңешине кыска мөөнөттө төмөнкүлөрдү карап берүүнү өтүнүп, кайрылууну чечти:
парламентке өтүүнүн шайлоо босогосун жана шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн ылдыйлатуу маселелери;
шайлоо дарегин өзгөртүү укугун колдонуу тартибин (форма 2 боюнча арыз) өзгөртүү маселелери: шайлоо дарегин өзгөртүүнү бир эле жолу жасоо бөлүгү боюнча, бир облустун аймагында шайлоо дарегин өзгөртүүгө тыюу салуу, ошондой эле арыздарды кабыл алууну добуш берүүгө 30 күн калганда токтотуу боюнча;
иш – аракеттери шайлоо жыйынтыгын жараксыз деп таанууга алып келген саясый партиялардын кайра шайлоого катышуусун мыйзамдык жөнгө салуу маселеси.
Ошондой эле Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине КР БШКсына – “Бир Бол”, “Чоң казат”, “Республика”, “Мекенчил”, “Реформа”, “Ыйман нуру”, “Ата Мекен”, “Мекен Ынтымагы”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ордо”, “Афганистандагы жана башка локалдык согуштардын ардагерлеринин саясый партиясы”, “Социал-демократтар” сыяктуу 12 саясый партиялардан түшкөн арызды “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” саясый партияларынын мыйзам бузууларына укуктук баа берүү максатында жөнөтүү чечилди.
Ошол эле учурда мыйзам бузууларды көрсөтүп далилдеген фото-видео материалдарды БШК арыз берүүчүлөргө Башкы прокуратурага жана ИИМге жиберүүнү сунуш кылат.
Борбордук шайлоо комиссиясы конституциялык мыйзам тарабынан шайлоону жараксыз деп таанууга алып келген аракеттерди жасаган талапкерлердин кайра шайлоого катышуусуна тыюу салгандыгын белгилейт. Шайлоо учурунда мыйзам бузууларга жол берген саясый партиялардын кайра шайлоого катышуу маселеси мыйзам аркылуу жөнгө салууну талап кылат.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Сот “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” КБнын шайлоо жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө КР БШКнын токтомун жокко чыгаруу жөнүндө арызын канааттандыруудан баш тартты
Бүгүн – 2020-жылы 9-октябрда Бишкек шаарынын административдик сотунда “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 6-октябрындагы №249 токтомун жараксыз деп табуу жөнүндө доосу боюнча сот процесси болуп өттү.
Бишкек шаарынын административдик сотунун отурумунун жыйынтыгы боюнча “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” КБнын доосу канааттандыруусуз калтырылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоо убагында партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине 668 864 906 сом түшкөн
БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддорун каржылоо боюнча төмөнкү маалыматты билдирет.
Шайлоо мезгилинде саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине 668 864 906 сом которулуп, 668 582 779 сом сарпталды.
1-таблица. Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептериндеги акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат 03.10.2020-жыл (миллион сом).
№
Саясий партиянын аталышы
Келип түштү
Чыгымдалды
1
«Биримдик» («Единство») демократиялык партиясы
104,664
104,664
2
«Мекенчил»
19,565
19,565
3
«Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы
8,192
8,192
4
«Мекеним Кыргызстан»
142,522
142,503
5
«Реформа»
7,900
7,890
6
«Ата Мекен» социалисттик партиясы
52,833
52,833
7
«Замандаш»
41,708
41,708
8
«Бүтүн Кыргызстан»
9,487
9,487
9
«Социал-Демократтар»
16,405
16,404
10
«Мекен Ынтымагы»
7,493
7,493
11
«Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы»
10,788
10,788
12
«Ордо»
14,430
14,430
13
«Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы»
50,324
50,324
14
«Республика»
51,848
51,848
15
«Кыргызстан»
123,919
123,666
16
«Чоң казат»
6,789
6,789
БАРДЫГЫ, млн.сом:
668,865
668,583
Саясий партиялардын 2020-жылдын 3-октябрындагы финансылык отчетуна ылайык, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна жалпы суммасы 547,73 миллион сом акча каражаты келип түшкөн, анын 542,51 миллион сому мыйзамдарда белгиленген тартипте алынган.
Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды жабуу үчүн саясий партиялардын шайлоо фондунан 521,794 миллион сом сарпталды, анын 80 миллион сому (15,3%) шайлоо күрөөсүн төлөө үчүн төлөндү. Акчанын көпчүлүк бөлүгүн саясий партиялар шайлоо алдындагы үгүт иштерине сарпташты - 384,839 миллион сом (73,7%), анын ичинен телерадиоберүү уюмдары аркылуу үгүт жүргүзүүгө - 150,081 миллион сом (28,8%); мезгилдүү басылмалардын жана интернет-басылмалары аркылуу үгүт жүргүзгөндүгү үчүн - 108,861 млн сом (20,9%).
Саясий партиялардын шайлоо фонддорунан пайдаланылбаган каражаттардын калдыгы 21,303 миллион сомду түздү.
Кененирээк билүү >>
БШК шайлоолордогу добуш берүү жыйынтыгын жараксыз деп тапты
БШК добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгарды Бүгүн 6-октябрда КР БШКсы 2020-жылдын 4-октябрда өткөн КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды.
Кененирээк билүү >>
КМШдан байкоочулар миссиясы: Кыргызстандагы парламенттик шайлоо жогорку деңгээлде өттү
Кыргызстандагы парламенттик шайлоо жогорку деңгээлде жана эрк-ниетти эркин билдирүү атмосферасында өттү. Бул тууралу КМШдан байкоочулар миссиясынын башчысы Виктор Гуминский 5-октябрдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, парламенттик шайлоо Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамына ылайык өткөрүлдү. КР шайлоо комиссиялары шайлоонун жүрүшүндө өлкөнүн жарандарынын эрк-ниетти эркин билдирүү укугун ишке ашырууну камсыздады. Шайлоо ачык, айкын жана атаандаштык негизде өттү.
Миссия бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары аткарган чоң уюштуруу иштери өзүнүн оң натыйжаларын бергендигин белгиледи. Участоктор автоматтык жана санариптик жабдыктардын комплекси менен жабдылганы шайлоо процессин ачык-айкын кылып, жаңы деңгээлге алып чыкты. “Баарын техника аткарды. Биз буга ишендик. Биз жабдык, техника иштебей калган ж.б. айрым учурларды белгилейбиз, бирок аппаратуранын дагы өз талаптары бар, мисалы, эгерде манжа тердеп турса, аппаратура манжа изин окуй албай калат ж.б. Техника деген техника. Миссия аппаратура кайсы бир жерде бир нерсени жасалмалап же бурмалап койду деген маселени койбойт”, - деди Виктор Гуминский.
Эл аралык байкоочу кыргыз кесиптештеринин бул тажрыйбасын өздөштүрүүгө ниеттенгенин билдирди. Андай аппаратураны тажрыйбада колдонуу шайлоону ачык-айкын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Автоматтык комплекс өзүнүн оң натыйжаларын берди.
“Биздин миссиянын байкоочулары 857 участокто байкоо жүргүздү. Алар жогорку уюшкандыкты жана добуш берүү процессинин ачыктыгын белгилешүүдө. Улуттук жана эл аралык байкоочуларга өздөрүнүн байкоо миссиясын аткаруу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлдү. Участоктордо көп байкоочулар жүрдү. Бул дагы шайлоо процессинин ачык-айкындыгынын кепилдигинен кабар берет. Ошондой эле көп учурларда участоктордо ДМЧА үчүн шарттар түзүлгөн. Бул дагы жогорку уюшкандыкты күбөлөндүрөт”, - деп белгиледи ал.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 5-октябрында саат 11:00гө карата АЭУдан бюллетендердин 98%ы иштелип чыкты
5-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н.Шайлдабекова бүгүн саат 11:00гө карата автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) бюллетендердин 98%ы иштелип чыккандыгын айтты.
“Шайлоо процессинин айкындуулугун камсыздоо үчүн добуш берүү аяктагандан кийин кол коюлган жана мөөр басылган АЭУ отчёттору катышып олтурган бардык байкоочуларга берилет. Шайлоонун биротоло жыйынтыктары кол менен саноонун жыйынтыктары боюнча чыгарылат”, - деп айтты ал.
БШК башчысы шайлоодо 1 млн 990 миң 753 шайлоочу добуш бергенин, бул шайлоочулардын жалпы санынын 56,50%ын түзөөрүн белгиледи.
Бардык шайлоо участокторунун 63%ы кол менен саноонун жыйынтыктарын беришти.
2 475 шайлоо участогунан 46сы боюнча кол менен саноонун жыйынтыктары азырынча жок.
КР ЖКга шайлоонун бюллетендердин иштелип чыкканына жараша реалдуу убакытта дайыма жаңыланып турган натыйжаларын төмөнкү шилтемелер боюнча көрсө болот:
http://ess.shailoo.gov.kg/ServiceJSP.do
http://ess.shailoo.gov.kg/ServiceJS
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саат 22.30га 1 млн. 980 миң 240 шайлоочу катышты, бул 56,2 пайызды түзөт
2 миң 475 же 97,25 пайыз шайлоо участокторунун 2 миң 407синин добуштары саналды. Калган шайлоо участокторунун чоң бөлүгү чет өлкөлөрдө.
Аймактарга бөлгөндө шайлоочулардын келиши мындай болду:
Бишкек шаары – 55,15%,
Ош шаары – 68,3%,
Жалал-Абад облусу – 57,85%,
Ысык-Көл облусу – 52,36%,
Нарын облусу – 55,56%,
Ош облусу – 58,45%,
Талас облусу – 59,41%,
Чуй облусу – 54,72%,
Баткен облусу – 50,34%,
Чет өлкөлөрдө добуш берүү – 26,74%.
Автоматтык түрдө эсептөөчү урнанын (АЭУ) маалыматы боюнча 2020-жылдын 4-октябрына карата 7 пайыздык босогодон 4 партия өттү:
«Биримдик» – 24, 54%;
«Мекеним Кыргызстан» – 23,9%;
«Кыргызстан» – 8,74%;
«Бутун Кыргызстан» – 7,09 %;
Булардын артынан келе жаткандар:
«Мекенчил» – 6,84%;
«Республика» - 5,81%;
«Ата Мекен» – 4,02%;
«Ыйман Нуру» – 3,35%;
«Бир-Бол» - 3,03%;
«Чон казат» – 2,33%;
«Замандаш» – 2,15%;
Социал-демократтар – 2,12%;
«Реформа» – 1,64%;
«Мекен Ынтымагы» – 0,63%;
«Ордо» – 0,22%;
«Афганистан согушунун жана башка локалдык согуштук конфликттердин ардагерлеринин саясый партиясы” — 0,17%;
Бардыгына каршы -1,8%.
БШК төрайымы Н. Шайлдабекованын айтымында, жумушчу топтор иштерин улантып жатышат, добуштарды кол менен саноо жүрүүдө. Бюллетендер аймактык шайлоо комиссияларына саат 06.00гө чейин түшүүсү керек. Ошондой эле аймактык шайлоо комиссиялары конкреттүү участоктордо добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча арыздарды жана даттанууларды да карашат.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саат 18:00дө шайлоочулардын келүүсү
Саат 18:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын келүүсү 1 594 763 адамды же шайлоочулардын 45,22 пайызын түздү. Расмий маалыматтар боюнча шайлоочулардын жалпы саны – 3 миллион 523 554 адам.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саат 16:00дө шайлоочулардын келүүсү
Саат 16:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын келүүсү 1 296 978 адамды же шайлоочулардын 36,81 пайызын түздү. Расмий маалыматтар боюнча шайлоочулардын жалпы саны – 3 миллион 523 554 адам.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын шайлоо участокторунун 79 пайызында пандустар бар
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо саламаттыгынан чектелген шайлоочулардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча бир топ иштерди аткарган.
Атайын форматтарды колдонуу менен 12 400 экземпляр маалыматтык материалдар басылып чыгарылган. КР БШКнын расмий сайтында саламаттыгынан чектелген адамдар үчүн “өзүн шайлоо тизмесинен тактоо жөнүндө”, “добуш берүүнүн тартиби жөнүндө”, “чет мамлекеттерде шайлоо укуктарын камсыздоо жөнүндө” аудио материалдар, ошондой эле “саламаттыгы чектелген шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө” видео роликтер да даярдалган.
Саламаттыгынан чектелген адамдар шайлоо участогуна кире берүүдө шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жардам берүү үчүн, 2400 “Чакыруу кнопкасын”көрсөтүүчү табличкалар менен камсыздалган.
Ар бир шайлоо участогунда саламаттыгынан чектелген адамдар добуш берүүсү үчүн бирден кабина жабдылган. Бюллетенди толтуруу үчүн чоңойтуучу айнек (лупа) жана Брайль трафарети коюлган. БШК имаратында call-борбор уюштурулган, анда иштешкен операторлор саламаттыгы чектелген адамдар (8 адам).
Добуш берүү күнү шайлоо участокторунун 79 пайызында пандустар жасалган.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саат 14:00дө шайлоочулардын келүүсү
Саат 14:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын келүүсү 990 миң 492 адамды же шайлоочулардын 28,11 пайызын түздү. Расмий маалыматтар боюнча шайлоочулардын жалпы саны – 3 миллион 523 554 адам.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 4-октябрында саат 12: 00дө шайлоочулардын катышуусу
Саат 12:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын келүүсү 624 598 адамды же шайлоочулардын 17,73 пайызын түздү. Расмий маалыматтар боюнча шайлоочулардын жалпы саны – 3 миллион 523 554.киши.
Кененирээк билүү >>
24 472 шайлоочу добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берди
2020-жылы 3-октябрда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү болуп өттү. ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албаган шайлоочулар, ошондой эле төмөнкүлөр добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө укуктуу:
добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайлардагы шайлоочулар;
алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар.
Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча:
добуш берүү күнү обочолонгон, калктуу конуштардан алыс жерлерде кызмат өтөп жатышкан аскер кызматчылары,
добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери,
жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштеген шайлоочулар,
вахта ыкмасында иштеген шайлоочулар.
Ал тизме Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү күнүнө чейин бир календарлык күн калганда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө катышуу үчүн 29 320 шайлоочу арыз берген.
2020-жылы 3-октябрда добуш берүү үчүн жайдан тышкары 24 472 шайлоочу же добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө УШКга арыз берген шайлоочулардын жалпы санынын 83,5%ы добуш берди.
Арыз берген шайлоочулардын 16,5%ы же 4 848 шайлоочу добуш берүүнүн алдыңкы күнүндө добуш берген жок. КР БШК башчысы Н. Шайлдабекованын айтуусу боюнча алардын бүгүн добуш берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоочулар 28 өлкөдө добуш берүүдө
2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого карата Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо максатында 28 өлкөдө 45 шайлоо участогу түзүлгөн.
Өлкөнүн чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргызстандын жарандары өз убагында добуш бере баштады.
Шайлоо участоктору алгач Россия Федерациясынын Иркутск, Сургут, Түштүк-Сахалин, Якутск шаарларында, ошондой эле Италия менен Францияда ачылды.
Убакыт боюнча акыркы болуп шайлоо участогу Вашингтон (АКШ) шаарында иштей баштайт.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
05.10.2026
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
02.10.2026
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01.10.2026
КР БШКнын бөлүм башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды
28.09.2026
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу