Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргѳн анын …

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргѳн анын жарандарынын 2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуусунун тартиби

27-Ноя, 2020

Кыргызстандын чектеринен тышкары шайлоо участкаларын бекитүү

2020-жылдын 20-ноябрында БШК 2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрүнүн жана консулдук мекемелеринин аймагында мыйзамдарга ылайык Кыргыз Респуликасынын чектеринен тышкары 45 (кырк беш) шайлоо участкаларын уюштурууну бекитүү боюнча токтом кабыл алды. https://shailoo.gov.kg/ru/npacik/Postanovleniya_CIK_KR-BShKnyn_toktomdoru/37054545/ 

Биометрикалык  каттоо жана консулдук эсеп

Шайлоо жѳнүндѳ конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 6-бѳлүгүнѳ ылайык, шайлоо күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана  добуш берүүгѳ укуктуу. Биометрикалык маалыматтиарын берген жана КР чет ѳлкѳдѳгү мекемелеринде консулдук эсепте турган жарандар тийиштүү участкалардагы шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдѳ киргизилет.

  • КР чет ѳлкѳлүк мекемелеринде, калкты тейлѳѳ борборлорунда, ал эми шайлоо алдындагы мезгилде – Кыргызстандын аэропортторунда жана темир жол вокзалдарында биометрикалык каттоодон ѳтсѳ болот.
  • Консулдук эсепке туруу үчүн документтердин пакетин чет ѳлкѳдѳгү мекемелерге ѳзү барып тапшруусу же чет ѳлкѳдѳгү мекемелердинрасмий электрондук дарегине же ТИМ порталына документтердин сканирленген кѳчүрмѳсүн жѳнѳтүү зарыл. https://mfa.gov.kg/ru/department/departament-konsulskoy-sluzhby/page/874  

Шайлоочунун арызына жооп арыз берүүдѳ шайлоочу кѳрсѳткѳн дарек боюнча кагаз же электрондук маалымдама түрүндѳ арыз кабыл алынган күндѳ тартып 5 календардык күндѳн кечиктирбестен жѳнѳтүлѳт.

Шайлоочулардын тизмеси менен таанышуу

«Тизме»  мамлекеттик порталынан шайлоочулардын тизмеси менен таанышса болот. https://tizme.gov.kg/ 

Жарандарды тааныштыруу максатында «Тизме» мамлекеттик порталында жана Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары түзүлгѳн шайлоо участкаларында тѳмѳндѳгү мѳѳнѳттѳ шайлоочулардын тизмеси илинет:

Шайлоочулардын тизмеси

Добуш берүү күнүнѳ чейин

Дата

алдын ала

52 календардык күн калганда

18 ноябрь 2020

контролдук

 22 календардык күн калганда

18 декабрь 2020

биротоло

5 календардык күндѳн кеч эмес

04 январь  2021

Кыргыз Респуликасынын чектеринен тышкары жашаган же жүргѳн анын жарандары добуш берүү күнүнѳ чейин 10 календардык күндѳн кеч эмес (2020-жылдын 29-декабрын кошуп алганда) тастыктаган документтерди жана биометрикалык идентификациядан ѳткѳндүгүн тиркѳѳ менен тѳмѳнкү учурларда чет ѳлкѳлѳрдѳгү мекемелерге арыз менен кайрылууга укуктуу:

  • кандай гана болбосун каталарды же так эместиктерди, ошондой эле  ѳзүнүн шайлоочулдардын алдын ала же контролдук тизмесинде жок экендигин тапканда;
  • жашаган же жүргѳн жеринин шайлоо участкалары боюнча добуш берүүгѳ ниеттенгенде.

КР  чет ѳлкѳдѳгү мекемелеришайлоочулардан келип түшкѳн арыздар боюнча эсеп жүргүзѳт,  алар түшкѳндѳ акысыз негизде консулдук эсепке убактылуу турган адам катары шайлоочуну каттайт. Мындай каттоо шайдлоочунун арызында кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳткѳ жүргүзүлѳт.

Арыз ошондой эле  «Тизме» мамлекеттик порталындагы «Шайлоочунун кабинети» http://www.tizme.gov.kg сервизи аркылуу электрондук флорматта берилиши мүмкүн – мындай учурда шайлоочу белгиленген формадагы авторлоштуруудан ѳтѳт.

 Добуш берүү күнү

Добуш берүү үчүн милдеттүү түрдѳ  жанында Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карт) же жалпы жарандык паспорту же кызматтык же дипломатиялык паспорту  болушу зарыл.

«Жарандык жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка жарандыгы да бар Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны деп каралат. Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан  башка жарандыкты алгандыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотууга алып келбейт.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
15-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

1.        Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Алимбаев Е. А. – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө ‎” токтом долбоору жөнүндө                                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы      4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                             5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                                    6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “2027-жылдын 27-январына дайындалган  Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                                Баяндамачы: Алымбаев Р. А. - маалыматтык камсыздоо секторунун башчысы      ТӨРАГА                 
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>