Башкы Жаңылыктар КР БШК Ош облусунун Өзгѳн жана Кара-Суу райондорунда …

КР БШК Ош облусунун Өзгѳн жана Кара-Суу райондорунда мѳѳнѳтүнѳн мурда президенттик шайлоого даярдыктар боюнча кеңешме ѳткѳрдү

27-Ноя, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча бобордук комиссиясы Н. Шайлдабекованын тѳрагалыгында мѳѳнѳтүнѳн мурда президенттик шайлоого даярдыктар боюнча  тѳмѳн турган   аймактык (АШК) жана участкалык (УШК) шайлоо комиссиялары менен жумушчу кеңешме ѳткѳрдү.

Кеңешмеге Өзгѳн  районунун акиминитн биринчи орун басары Ж. Алиев, Кара_Суу районунун акиминин биринчи орун басары К. Адиев, Ош облусундагы Өзгѳн (103-УШК) жана Кара-Суу (149-УШК) райондорундагы аймактык жана участкалык  шайлоо комиссияларынын тѳрагалары катышты.

Кеңешменин жүрүшүндѳ КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн уюштуруу маселелери  каралып,  комиссиялардын ишиндеги айрым мүчүлүштѳрдү, добуш берүүнүн жол-жоболорун жана калыс саноону бекем сактоо, идентификациялоо жана добуштарды автоматтык эсептѳѳ, маалыматтарды берүү жабдууларын пайдалануу кѳндүмдѳрүн жакшыртуу иштерин жүргүзүүнүн зарылдыгы белгиленди.

Өзгѳчѳ эркин шайлоонун негизи катары добуш берүүнүн жашырындуулугун камсыз кылуу маанилүү. Добуш берүүнүн жашырындуулугун шайлоочулардын ѳздѳрү бузуп жаткан учурлардын кѳбѳйүп жаткандыгына  байланыштуу (сүрѳткѳ тартып алуу ж.б.) мындай фактыларга таасир этүү алгоритми: бюллетень анык эмес (бузулган) деп таанылышы, шайлоочу комиссиянын мыйзамдуу талаптарын аткарбагандыгы үчүн (добуш берүүнүн жашырындуулугун сактоо, бюллетенди сүрѳткѳ тартууга, видеого түшүрүүгѳ тыюу салуу боюнча)  жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экендиги   талкууланды.

Өткѳндѳгү КР ЖК депутаттарын шайлооунун сабактарын эске алуу менен, шайлоонун жүрүшүндѳ бузууларга натыйжалуу таасир этүү жана кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ коомчулукка ѳз учурунда маалымдоо боюнча шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын тыкыс ѳз ара аракеттерин камсыз кылуу милдеттери коюлду.

АШКдагы ыкчам таасир этүүчү координациялык  топ  райондор менен шаарларда ѳз иштерин КР БШКнын ыкчам таасир этүүчү координациялык  тобу менен ѳз ара аракетте уюштуруусу зарыл. УШК менен АШКга келип түшкѳн бардык даттануулар БШКнын сайтындагы даттануулардын жана бузуулардын бирдиктүү реестрине ыкчам берилүүсү белгиленди.

Ошондой эле шайлоо процесстерине билим берүү кызматкерлеринин катышуусу, КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоо боюнча үгүт иштерине жана кол топтоо процессине билим берүү кызматкерлерин тартууга жол бербѳѳ маселелери да талкууланды.

БШКнын тѳрагасы мугалимдердин жана шайлоо комиссияларынын  иштери үчүн ыраазычылык билдирди,  алардын  бийик компетенциясы жана жооперчиликтүүлүгү шайлоо системасынын ишинде олуттуу негиз болуп саналат.

Ошондой эле шайлоого даярдыктын мезгилинде комиссиялардын мүчѳлѳрүнѳ эмгек акысын сактоо менен ѳргүү бербегендиги үчүн Бузуулар жѳнүндѳ кодексте юридикалык жоопкерчилик (айып) каралгандыгы белгиленди.

Маалымат иретинде:

Өзгѳн районунда 140 139 шайлоочу бар. Алардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн райондо 103 участкасы ачылган. Шайлоого даярдоону шайлоо комиссияларынын 1307 мүчѳсү камсыз кылууда.

Кара-Суу районунда 244 183 шайлоочу бар. Алардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн райондо 149 участкасы ачылган. Шайлоого даярдоону шайлоо комиссияларынын 1 948  мүчѳсү камсыз кылууда.

КР БШК маалымат бѳлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>