Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

2020-жылдын 3-декабрда саат 11:00гө 14 талапкер шайлоо күрөөсүн төгүштү
03.12.2020

2020-жылдын 3-декабрда саат 11:00гө 14 талапкер шайлоо күрөөсүн төгүштү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапакерлери шайлоо күнүнө 37 календарлык күн калганда, башкача айтканда 2020-жылдын 3-декабрынын саат 24:00гө чейин мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эселенген өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төлөөгө милдеттүү экенин маалымдайт. 2020-жылдын үчүнчү декабрынын саат 11.00гө карата, БШКнын депозиттик эсебине Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына 14 талапкери шайлоо күрөөсүн төгүшкөн. № Аты жөнү Шайлоо күрөөсүнүн суммасы 1 Касенов Аймен Абдыталипович 1 000 000 2 Тольбаев Бабыржан Латиханович 1 000 000 3 Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 1 000 000 4 Жапаров Садыр Нургожоевич 1 000 000 5 Джеенбеков Равшан Бабырбекович 1 000 000 6 Тагаев Рашид Бакирович 1 000 000 7 Абакиров Эльдар Курманбекович 1 000 000 8 Байгуттиев Женишбек Сейтбекович 1 000 000 9 Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 1 000 000 10 Асанов Курсан Сатарович 1 000 000 11 Калмаматов Бактыбек Орозалиевич 1 000 000 12 Арстанбек Мыктыбек 1 000 000 13 Сегизбаев Абдил Кенешевич 1 000 000 14 Кочкоров Улукбек Тойчубаевич 1 000 000 КР БШКнын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКга КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Л. Тольбаевдин кол коюу барактары түштү
03.12.2020

КР БШКга КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Л. Тольбаевдин кол коюу барактары түштү

2020-жылы 2-декабрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкер Бабыржан Латиханович Тольбаевдин кол коюу барактары түштү. Тапшырылган колтамгалардын саны – 58 029. “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 2-пунктунун талаптарына ылайык талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң колтамгасы менен колдоого алынууга тийиш. Мында берилген колдордун саны шайлоочулардын 60 миң колунан ашууга тийиш эмес. КР БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу берилген колтамгалардын аныктыгын текшерүүнү 8 календарлык күндө жүзөгө ашырат. “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө” Нускаманын 54-пунктуна ылайык текшерүү үчүн зарыл болгон 30 миң ишенимдүү колдорду аныктаганга чейин текшерүү үчүн тандалып алынган кол коюу барактарында камтылган шайлоочулардын бардык колтамгалары текшерилүүгө тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо кызматтарынын кызматкерлерин жана сот-экспертиза иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерет. КР БШК КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын Календардык планына ылайык КР Президентине талапкерлерди колдогон кол коюу барактарын тапшыруу 2020-жылдын 3-декабрында саат 23:59да аяктаарын эске салат. БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКда мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу боюнча жумушчу топтун жыйыны болду
02.12.2020

КР БШКда мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу боюнча жумушчу топтун жыйыны болду

2020-жылдын 2-декабрында, майыптардын эл аралык күнүнүн алдында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү. Жыйында 2019-2020-жылдар аралыгында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу боюнча иш-аракеттердин планынын аткарылышына анализ жасалды. Жумушчу топ тарабынан бардык шайлоо участоктору боюнча эсеп жүргүзүү үчүн керектөөлөрдүн картасынын формасы иштелип чыккандыгы белгиленди. 2020-жылдын 4-октябрында болуп өткөн КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо бардык участоктордо керектөөлөрдүн картасы түзүлгөн. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочуларды эсепке алуу үчүн социалдык өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укугу бар мамлекеттик орган, мындай шайлоочулардын иш жүзүндөгү саны жөнүндөгү маалыматты ар жылдын 1-февралында жана 1-августунда Борбордук шайлоо комиссиясына жиберип турат. Шайлоо күнүндө ар бир шайлоо участогунда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көрсөткүч белгилер коюлуп, добуш берип бюллетенди толтуруусу үчүн бир кабина атайын керектүү буюмдар - чоңойто турган айнек (лупа) жана Брайль трафарети менен жабдылат. Ай сайын бүтүндөй республика боюнча участкалык шайлоо комиссияларында пандустарды орнотууга мониторинг жасалып турат. Пандустар салынган шайлоо участокторунун санынын көбөйүшү 2020-жылдын февралында 43% августта 65,7% сентябрда 79% декабрда 83,4% болгон. Мындан тышкары мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар шайлоо участогуна кирүүдө шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү аларга жардам кылуусу үчүн, “Чакыруу кнопкасы” аталган 2 400 көрсөткүч табличкалары даярдалган.    2020-жылдын 1-декабрына карата пандустар боюнча маалымат (УШК саны – 2420) № Аймактардын аталышы УШКлардын саны Орнотулган Проценттер Орнотула элек Проценттер Зарылдык жок Проценттер     Бишкек шаары 233 208 89,2% 25 10.7% 0     Чүй облусу 406 362 89,1% 30 7,3% 0     Талас облусу 117 109 93% 0 0 3 2,5 %   Нарын облусу 171 168 98,2% 3 1,7% 0     Ысык-Көл  облусу 248 225 90,7% 13 5,2% 10 4%   Жалал-Абад облусу 448 356 79,5% 61 13,6% 31 6,9%   Ош облусу 582 410 70,4% 62 10,2% 110 19%   Баткен облусу 215 182 84,6% 18 8,3% 17 7%   2420 2020 83,4% 215 8,8% 185 7,6% Шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуудагы потенциалын жогорулатууда КР БШКнын атайын өкүлдөрүнө, аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары менен катчыларына мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын камсыздоо боюнча иштерди уюштуруу, инфраструктуранын жеткиликтүүлүгүн баалоону өткөрүү, майыптуулукту түшүнүү боюнча окутуу өткөрүлдү. Методикалык материалдарга мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери, андай адамдардын имаратта добуш берүүсүн уюштуруу боюнча бөлүм камтылган. Дегеле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды шайлоо процессине тартуу үчүн КР БШКнын имаратына call-центр уюштурулуп, ал жерде ушундай жарандар оператор болуп иштешет. “Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумду өткөрүүдө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө” Жобого ылайык талапкерлер, саясый партиялар, референдум маселеси боюнча “макул” “каршы” агитациясына катышып жаткан топтор агитациялык материалдарды сурдокотормону же субтитрди, окуу үчүн ыңгайлуу чоңойтулган тамгаларды, ошондой эле Брайль тамгаларын жана башка атайын каражаттарды колдонуу менен, агитациялык материалдардын жалпы тиражынан бир пайыздан кем эмес санда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жарыялап жана жайылтууга милдеттүү: - көзү көрбөгөн жана начар көргөн шайлоочулар үчүн – аудиоформаттагы анын ичинде радиоуктуруулар режиминде агитациялык материалдар, басма агитациялык материалдар ири тамгалар жана/же Брайль тамгасынын жардамы менен; - укпаган жана начар уккан шайлоочулар үчүн – агитациялык материалдар (видеороликтер) субтитрлер жана/же сурдокотормо менен. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 2-декабрында болуп өткөн Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат
02.12.2020

2020-жылдын 2-декабрында болуп өткөн Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат

Мэрлик кызматка 2 талапкер : Доулбеков Нурлан Турсуналыевич «Ата-Журт» саясий партиясынан, Орозбаев Эрк Нарынбекович "Таш-Көмүр жаштары" саясий партиясынан көрсөтүлгөн. Добуш берүүгө Таш-Көмүр шаардык кеңешинин 31 депутатынан 29 депутаты катышкан. Н. Доулбеков 18 добушка, Э. Орозбаев 11 добушка ээ болгон. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп Н. Доулбеков шайланды. БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калды
02.12.2020

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калды

2020-жылдын 13-ноябрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын &311-токтому менен Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 2-декабрына дайындалган. Бир дагы талапкер катталбагандыктан шайлоо болбой калды. БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калды
02.12.2020

Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калды

2020-жылдын 13-ноябрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын №308-токтому менен Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 2-декабрына дайындалган. Бир дагы талапкер катталбагандыктан шайлоо болбой калды. БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Садык Шер-Нияз документтерин кайтарып алуу үчүн КР БШКга кайрылды
01.12.2020

Садык Шер-Нияз документтерин кайтарып алуу үчүн КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 2020-жылдын 1-декабрда Кыргыз Республикасынын жараны Садык Шер-Нияз  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясыга 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин кайтарып алуу үчүн  кайрылды. БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
А. Бектуров Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
01.12.2020

А. Бектуров Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

 2020-жылдын 1-декабрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн жыйынында, 2020-жылдын 25-ноябрында болуп өткөн Нарын облусунун Нарын районундагы Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгын бекитүүгө токтом кылды. Бул шайлоону өткөрүү 2020-жылдын 6-ноябрында КР БШКсы кабыл алган №297-токтому менен дайындалган. Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы болууга райондук мамлекеттик администрациядан көрсөтүлгөн бир талапкер Алтынбек Бектуров катталган. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 25-ноябрындагы протоколу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Добуш берүүгө Эмгекчил айылдык кеңешинин бардык 11 депутаты катышкан. Алтынбек Бектуров айылдык депутаттардын бардык добушуна ээ болгон. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 25-ноябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгынын протоколу боюнча, Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Алтынбек Жунусович Бектуров шайланган. Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого даттануулар жана арыздар түшкөн эмес. Чечим 2020-жылдын 25-ноябрындагы Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерин, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 49-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды жана бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
01.12.2020

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды жана бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 1-декбарындагы ѳзүнүн жыйынында жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын шаардык, Бакай-Ата жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Нарын шаардык кеңешинин депутаты Абдыкеримов Бакытбек Намазбековичтин ыйгарым укуктары  ѳзүнүн берген арызынын негизинде токтотулду. Мандаты Болотбеков Эльзар Болотбековичке берилди – убактылуу иштебейт. Шадыкан айылдык кеңешинин депутаты Бакбазаров Русланбек Алымжановичтин ыйгарым укуктары ѳзүнүн берген арызынын негизинде токтотулду. Мандаты Кулубаев Нурболот Бактыбаевичке берилди – дыйкан чарбасын мүчѳсү. Омуралиев айылдык кеңешинин депутаты Токторов Алмаз Токторовичтин ыйгарым укуктары ѳзүнүн берген арызынын негизинде токтотулду. Мандаты Тууганбаев Болотбек Орозовбековичке берилди – “Кыргызтелекомдо” электр монтеру. КР БШК 2020-жылдын 1-декбарындагы ѳзүнүн жыйынында катталган тапакерлердин тизмесинен тѳмѳндѳгүлѳрдү чыгаруу тууралуу Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитти: Талапкерлер Калидулдаев Саматбек Токтомушевичтин, Тиленбаев Жолдошбек Дюшенбаевичтин, Абдылдаев Таштанбек Абдиевичтин Нарын шаардык кеңешинин талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу тууралуу келип түшкѳн ѳздѳрүнүн арыздарынын негизинде. Токтом “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды.                               КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 1-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
01.12.2020

2020–ж. 1-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

                                                                                               Өткөрүү датасы: 1 декабрь 2020-ж.                                                                                                Убактысы: 11:30                                                                                                Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнтүнүн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнөндөгү Нарын шаардык, Бакай-Ата жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу. (баядамачы – Закиров А.М, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти) 2. 2020-жылы 25-ноябрында өткөрүлгөн Нарын облусунун  Нарын    районунун Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баядамачы – Закиров А.М, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти) 3.Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
С. Турдумалиев КР БШКга документтерин чакыртып алаары боюнча арыз менен кайрылды
01.12.2020

С. Турдумалиев КР БШКга документтерин чакыртып алаары боюнча арыз менен кайрылды

2020-жылдын 1-декабрында КР жараны, "Улутман" республикалык саясый партиясынан КР Президентинин кызматына талапкер катары көрсөтүлгөн Сазыкбай Абдрахманович Турдумалиев КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылып, 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин чакыртып алуу боюнча арыз берди. БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 27-ноябрга карата Кыргыз Республикасынын Президент кызматына талапкерлердин шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат
30.11.2020

2020-жылдын 27-ноябрга карата Кыргыз Республикасынын Президент кызматына талапкерлердин шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер талапкердин атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш. КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 27-ноябрга карата  47 талапкердин ичинен 41и БШК тарабынан белгиленген эки банк мекемеси – «РСК Банк» ААКда жана «Айыл Банк» ААКда атайын эсептерин ачып, шайлоо фондуларын түзгөнүн билдирет. Төмөндө банк маалыматтарынын негизинде 29 талапкердин шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берилди. Башка талапкерлердин шайлоо фондуларынын атайын эсептериндеги каражаттардын кыймылы азырынча жок.   № и/м Талапкердин ФАА Келип түштү Чыгымдалды 1 Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 1 161 000 1 160 610 2 Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 1 000 000 550 305 3 Чороев Кубан Аманбекович 100 000 0 4 Исаев Канатбек Кедейканович 177 000 18 590 5 Тагаев Рашид Бакирович 522 500 435 105 6 Байгуттиев Женишбек Сейтбекович 299 000 118 546 7 Сооронкулова Клара Сыргакбековна 126 000 6 150 8 Касенов Аймен Абдыталипович 1 454 875 1 291 970 9 Шер-Нияз Садык 50 000 9 620 10 Кабылбеков Урустам Кубанычбекович 25 000 25 000 11 Товкеев Ильгиз Шамшытбекович 100 000 100 000 12 Арстанбек Мыктыбек 10 000 5010 13 Калмаматов Бактыбек Орозалиевич 700020 87015 14 Уметалиева Токтайым Джумаковна 1900 0 15 Малиев Арсланбек Касымакунович 225 000 225 000 16 Болгомбаев Медер Кадыркулович 30 000 29 500 17 Ташов Имамидин Асамидинович 800 000 360 660 18 Асанов Курсан Сатарович 333 000 38 045 19 Иманалиев Каныбек Капашович 20 000 2 520 20 Джеенбеков Равшан Бабырбекович 350 000 63 405 21 Энназаров Санжарбек Арзыкулович 5 000 4 000 22 Исабеков Кубанычбек Сатиндиевич 40 500 40 500 23 Абакиров Эльдар Курманбекович 10 000 9 750 24 Кочкоров Улукбек Тойчубаевич 50 000 49 900 25 Токтосунов Кубанычбек Абдышевич 7 250 7 150 26 Тольбаев Бабыржан Латиханович 5 200 000 1 490 635 27 Сегизбаев Абдил Кенешевич 509 910 466 750 28 Ибраев Самат Кулукеевич 4 000 0 29 Жапаров Садыр Нуркожоевич 1 230 000 104 045 Бардыгы: 14 541 955 6 699 781 Толугураак маалымат шилтеме аркылуу    КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу  
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 30-ноябрында болуп өткөн Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат
30.11.2020

2020-жылдын 30-ноябрында болуп өткөн Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат

Мэрлик кызматка 3 талапкер Б. Раманкулов СДПК партиясынан, Т. Суюмбаев "Элеман" саясый партиясынан жана Д. Шакирбаев "Мекеним Кыргызстан" саясый партиясынан көрсөтүлгөн. Добуш берүүгө Кара-Балта шаардык кеңешинин бардык 31 депутаты катышкан. Б. Раманкулов 0 добуш, Т. Суюмбаев 13 добуш, Д. Шакирбаев 18 добушка ээ болгон.  Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кара-Балта шаарынын мэри болуп Д. Шакирбаев шайланды. БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы К. Базаркуловго жана Ж. Искендеровго документтерди эмне үчүн кайтарып берди
30.11.2020

Борбордук шайлоо комиссиясы К. Базаркуловго жана Ж. Искендеровго документтерди эмне үчүн кайтарып берди

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин кѳрсѳтүү үчүн берилген документтерди К. Базаркуловго жана Ж. Искендеровго кайтарып берүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргызтест” Мамлекеттик мекемеси менен биргеликте коомчулукка маалымат берет. 2020-жылы 24-ноябрда К. Базаркулов менен Ж. Искендеров АКИpress маалымат агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, КР БШК менен “Кыргызтест” ММдин билдирүүсүн төгүндөп, документтерди кайтарып берүүгө макул эместигин билдиришти. К. Базаркулов менен Ж. Искендеровдун Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин кѳрсѳтүү үчүн берген документтери төмөнкү негиздер боюнча шайлоо мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келбейт: К.Д. Базаркулов 2020-жылы 13-ноябрда (саат 12:40 минутада) Борбордук шайлоо комиссиясы ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүңүздүн талапкерлигиңизди кѳрсѳтүү ниети тууралу арыз берип, төмөнкү документтерди тапшырган: Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликти кѳрсѳтүү ниети тууралу арызды (1-форма); башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө маалыматтарды (4-форма); башка мамлекеттин жарандыгы бар же жок экендиги (ошондой эле мурдагы жарандыктары, башка жарандыктары) жөнүндө жекече маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун (5-форма); Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер жөнүндө маалыматтарды (7-форма); иштеген жеринен маалымдаманы; талапкердин паспортунун көчүрмөсүн. Ж.У. Искендеров 2020-жылы 14-ноябрда (саат 15:30 минутада) Борбордук шайлоо комиссиясы ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүңүздүн талапкерлигиңизди кѳрсѳтүү ниети тууралу арыз берип, төмөнкү документтерди тапшырган: Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликти кѳрсѳтүү ниети тууралу арызды (1-форма); башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө маалыматтарды (4-форма); башка мамлекеттин жарандыгы бар же жок экендиги (ошондой эле мурдагы жарандыктары, башка жарандыктары) жөнүндө жекече маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун (5-форма); Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер жөнүндө маалыматтарды (7-форма); иштеген жеринен маалымдаманы; КР ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынан маалымкатты; талапкердин паспортунун көчүрмөсүн. “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 49-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликти кѳрсѳтүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына тапшыруу талап кылынган документтердин бири катары мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээли тууралуу сертификат тапшырылат. Конституциялык Мыйзамдын 51-беренесине ылайык “Президенттин кызмат ордуна талапкер Өкмөт тарабынан бекитилген, мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "Ортодон жогору" деңгээл катары мүнөздөлүүчү, карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш. Тилди билүүнүн деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат менен ырасталат.Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү мекеме тарабынан тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча берилет”. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер кѳрсѳтүү учурунда Борбордук шайлоо комиссиясына мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты тапшырууга милдеттүү.  Конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топ: К.Д. Базаркуловго мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты тапшыруу жөнүндө 2020-жылдын 14-ноябрында чыгыш №01-06/1307 билдирме жиберилген. К.Д. Базаркулов мыйзамда белгиленген мөөнөттө КР БШКга мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу документтерди тапшырган эмес. Ж.У. Искендеровго мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты тапшыруу жөнүндө 2020-жылдын 15-ноябрында чыгыш №01-06/1319 билдирме жиберилген. К.Д. Базаркулов мыйзамда белгиленген мөөнөттө КР БШКга мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу документтерди тапшырган эмес. 2020-жылы 26-ноябрда АКИpress маалымат агенттигинде маалымат жыйынын өткөргөндөн кийин, “Кыргызтест” ММ КР БШКнын дарегине талапкерлер К.Д. Базаркулов менен Ж.У. Искендеровдун  тест тапшыруу хронологиясын берди.   “Кыргызтест” ММ берген маалыматка ылайык К.Д. Базаркулов мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча 1-жолу 2020-жылы 12-ноябрда тест тапшырган. Канааттандырарлык эмес деген жыйынтык менен К.Д. Базаркулов “Окуу” субтести боюнча тестирлөөдөн өткөн эмес. К.Д. Базаркулов “Окуу” субтести боюнча тестирлөөнү 2020-жылы 18-ноябрда 2-жолу кайра тапшырган. Бул субтест боюнча канааттандырарлык деген жыйынтыктын негизинде К.Д. Базаркулов белгиленген үлгүдөгү сертификат алган. Ж.У. Искендеров “Кыргызтест” тутуму боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөдөн өтүү үчүн “Кыргызтест” ММга 2020-жылы 17-ноябрда кайрылган, бул жөнүндө саат 8:55 минутада келүү журналына каттоо жазуусу жүргүзүлгөн. Ж.У. Искендеров мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча 1-жолу 2020-жылы 17-ноябрда тест тапшырган. Канааттандырарлык эмес деген жыйынтык менен Ж.У. Искендеров “Окуу” субтести боюнча тестирлөөдөн өткөн эмес. 2020-жылы 18-ноябрда саат 17:00дө ал тестирлөөнүн жыйынтыгына макул эместиги жөнүндө арыз менен “Кыргызтест” ММ директору Б.Б. Топоева-Ставинскаяга кайрылган. 2020-жылы 20-ноябрда Ж.У. Искендеров “Окуу” субтести боюнча өзүнүн тесттик жооптору менен кенен тааныштырылган жана аны бышыктаган. Ошол эле күнү Ж.У. Искендеров “Окуу” субтестин кайра тапшырууга 2-жолу киргизилген (көрмө жазуу менен ырасталган). Бул субтест боюнча канааттандырарлык деген жыйынтыктын негизинде Ж.У. Искендеров белгиленген үлгүдөгү сертификат алган. Маалымат катары: “Кыргызтест” тутуму боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөө программа менен жүргүзүлөт, “Окуу”, “Угуу”, “Лексика. Грамматика” субтесттери боюнча жыйынтыктарды  программа тест тапшыргандан кийин автоматтык түрдө аныктайт жана тест тапшырып жаткан адам субтесттен өткөндөн кийин дароо көрө алат. “Сүйлөө” жана “Жазуу” субтесттери боюнча жооптор эксперт-лингвисттер тарабынан каралат. Тестирлөө процессинде жыйынтыктар автоматтык түрдө маалыматтар базасына киргизилет жана кандайдыр бир өзгөртүү же оңдоо киргизүү мүмкүн эмес. Бул адам факторун жоккочыгарат жана туура эмес жыйынтыктарды берүү мүмкүн эместигин кепилдейт. Ошондой эле жыйынтыктарды эсептөө жана сертификаттарды басып чыгаруу “Кыргызтест” ММдин айрым кызматкерлеринин же жетекчилигинин каалоосу боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн эмес, алар маалыматтар базасынан түздөн-түз чыгарылат. 2020-жылдын 19-ноябрында белгиленген мөөнөттө мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тапшырылбагандыгына байланыштуу КР БШК тарабынан “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары көрсөтүү үчүн тапшырылган документтерди кайтарып берүү жөнүндө” № 273 чечим кабыл алынды.
Кененирээк билүү >>
Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы жана добуш берүүнүн корутундусу боюнча маалымат
30.11.2020

Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы жана добуш берүүнүн корутундусу боюнча маалымат

2020-жылдын 30-ноябрында Нарын облусунун Кочкор районунда Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат. Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы болууга жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн бир талапкер М. Исраилов катталган. Добуш берүүгө Кочкор айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20сы катышты. М. Исраилов 15 добуш алды, "бардыгына каршы" позициясы боюнча 5 депутат добуш берди. БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кол чогултуунун тартиби боюнча маалымат
27.11.2020

Кол чогултуунун тартиби боюнча маалымат

Кыргыз Респрубликасынын Конституицясынын 62-беренесинин 2-пунктунун жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 1-пунктунун талаптарына ылайык, талапкер 30 миңден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынууга тийиш, Мында сунуш кылынган колдор 60 миң шайлоочунун колунан ашпоого тийиш. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 5-пунктуна ылайык, шайлоочулар ар башка талапкерлерди колдоп кол коюуга, бирок бир эле талапкерди колдоп бир гана жолу кол коюуга укуктуу. БШКнын 2017-жылдын 17-июнундагы № 165 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө» нускамага ылайык кол коюу барактарындагы бардык графалар шайлоочулар тарабынан ѳз колу менен, толук түрдѳ, жалпы кабыл алынгандарды: микрорайон - мкр., поселок - пос., кѳчѳ - к., чолок кѳчѳ – ч.к.., үй - үй., батир – бат. ж.б.у.с.  кыскартылбай толтурулат. Шайлоочу байланыш телефонун ѳз калоосу боюнча кѳрсѳтүүгѳ укуктуу.  Шайлоочулардын кол тамгаларынын аныктыгын текшерүү максатында кол коюлган барактарды алуу жана текшерүү боюнча  жумушчу топ шайлоочуга телефон чалып, маалыматтарды тактоого укуктуу. Эгерде шайлоочу түшүрүп жаткан маалыматтар кол коюу барагынын тийиштүү графасына батпай жаткан учурда, шайлоочу аларды тѳмѳнкү графага түшүрүүгѳ укуктуу, мында кийинки шайлоочу ѳзүнүн маалыматтарын анын алдына жазууга тийиш. Эгерде кол коюу барактарын текшерген учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна бир эле талапкерди колдогон  бир эле адамдын бир нече колу байкалса, бир гана кол тамга анык деп эсептелинет, калган кол тамгалар анык эмес деп таанылат. Президентке талапкерди колдогон колдорду чогултуу боюнча кол коюу барактары мыйзамдарда белгиленген эсептик кѳрсѳткүчтүн он миң эсе ѳлчѳмүндѳ шайлоо күрѳѳсүн тѳккѳндүгүн тастыктаган документтер менен бирге ыйгарым укуктуу ѳкүл тарабынан шайлоо күнүнѳ чейин 37 календардык күндѳн кеч эмес, б.а. 03.12.2020-жылдын (кошуп алганда) 24:00 саатына чейин  Борбордук шайлоо комиссиясына берилет. КР БШКнын маалымат борбору    
Кененирээк билүү >>
1 … 273 275 … 483