2020-жылдын 2-декабрында болуп өткөн Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат

02 декабря 2020

Мэрлик кызматка 2 талапкер : Доулбеков Нурлан Турсуналыевич «Ата-Журт» саясий партиясынан, Орозбаев Эрк Нарынбекович "Таш-Көмүр жаштары" саясий партиясынан көрсөтүлгөн.

Добуш берүүгө Таш-Көмүр шаардык кеңешинин 31 депутатынан 29 депутаты катышкан. Н. Доулбеков 18 добушка, Э. Орозбаев 11 добушка ээ болгон.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп Н. Доулбеков шайланды.
БШК Маалыматтык бөлүмү