Башкы Жаңылыктар Борбордук шайлоо комиссиясы К. Базаркуловго жана Ж. Искендеровго …

Борбордук шайлоо комиссиясы К. Базаркуловго жана Ж. Искендеровго документтерди эмне үчүн кайтарып берди

30-Ноя, 2020

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин кѳрсѳтүү үчүн берилген документтерди К. Базаркуловго жана Ж. Искендеровго кайтарып берүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргызтест” Мамлекеттик мекемеси менен биргеликте коомчулукка маалымат берет.

2020-жылы 24-ноябрда К. Базаркулов менен Ж. Искендеров АКИpress маалымат агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, КР БШК менен Кыргызтест” ММдин билдирүүсүн төгүндөп, документтерди кайтарып берүүгө макул эместигин билдиришти.

К. Базаркулов менен Ж. Искендеровдун Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин кѳрсѳтүү үчүн берген документтери төмөнкү негиздер боюнча шайлоо мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келбейт:

К.Д. Базаркулов 2020-жылы 13-ноябрда (саат 12:40 минутада) Борбордук шайлоо комиссиясы ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүңүздүн талапкерлигиңизди кѳрсѳтүү ниети тууралу арыз берип, төмөнкү документтерди тапшырган: Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликти кѳрсѳтүү ниети тууралу арызды (1-форма); башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө маалыматтарды (4-форма); башка мамлекеттин жарандыгы бар же жок экендиги (ошондой эле мурдагы жарандыктары, башка жарандыктары) жөнүндө жекече маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун (5-форма); Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер жөнүндө маалыматтарды (7-форма); иштеген жеринен маалымдаманы; талапкердин паспортунун көчүрмөсүн.

Ж.У. Искендеров 2020-жылы 14-ноябрда (саат 15:30 минутада) Борбордук шайлоо комиссиясы ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүңүздүн талапкерлигиңизди кѳрсѳтүү ниети тууралу арыз берип, төмөнкү документтерди тапшырган: Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликти кѳрсѳтүү ниети тууралу арызды (1-форма); башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө маалыматтарды (4-форма); башка мамлекеттин жарандыгы бар же жок экендиги (ошондой эле мурдагы жарандыктары, башка жарандыктары) жөнүндө жекече маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун (5-форма); Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер жөнүндө маалыматтарды (7-форма); иштеген жеринен маалымдаманы; КР ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынан маалымкатты; талапкердин паспортунун көчүрмөсүн.

“Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 49-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликти кѳрсѳтүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына тапшыруу талап кылынган документтердин бири катары мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээли тууралуу сертификат тапшырылат.

Конституциялык Мыйзамдын 51-беренесине ылайык “Президенттин кызмат ордуна талапкер Өкмөт тарабынан бекитилген, мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "Ортодон жогору" деңгээл катары мүнөздөлүүчү, карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш. Тилди билүүнүн деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат менен ырасталат.Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү мекеме тарабынан тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча берилет”.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер кѳрсѳтүү учурунда Борбордук шайлоо комиссиясына мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты тапшырууга милдеттүү. 

Конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топ:

К.Д. Базаркуловго мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты тапшыруу жөнүндө 2020-жылдын 14-ноябрында чыгыш №01-06/1307 билдирме жиберилген. К.Д. Базаркулов мыйзамда белгиленген мөөнөттө КР БШКга мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу документтерди тапшырган эмес.

Ж.У. Искендеровго мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты тапшыруу жөнүндө 2020-жылдын 15-ноябрында чыгыш №01-06/1319 билдирме жиберилген. К.Д. Базаркулов мыйзамда белгиленген мөөнөттө КР БШКга мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу документтерди тапшырган эмес.

2020-жылы 26-ноябрда АКИpress маалымат агенттигинде маалымат жыйынын өткөргөндөн кийин, Кыргызтест” ММ КР БШКнын дарегине талапкерлер К.Д. Базаркулов менен Ж.У. Искендеровдун  тест тапшыруу хронологиясын берди.  

Кыргызтест” ММ берген маалыматка ылайык К.Д. Базаркулов мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча 1-жолу 2020-жылы 12-ноябрда тест тапшырган. Канааттандырарлык эмес деген жыйынтык менен К.Д. Базаркулов “Окуу” субтести боюнча тестирлөөдөн өткөн эмес.

К.Д. Базаркулов “Окуу” субтести боюнча тестирлөөнү 2020-жылы 18-ноябрда 2-жолу кайра тапшырган. Бул субтест боюнча канааттандырарлык деген жыйынтыктын негизинде К.Д. Базаркулов белгиленген үлгүдөгү сертификат алган.

Ж.У. Искендеров “Кыргызтест” тутуму боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөдөн өтүү үчүн “Кыргызтест” ММга 2020-жылы 17-ноябрда кайрылган, бул жөнүндө саат 8:55 минутада келүү журналына каттоо жазуусу жүргүзүлгөн.

Ж.У. Искендеров мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча 1-жолу 2020-жылы 17-ноябрда тест тапшырган. Канааттандырарлык эмес деген жыйынтык менен Ж.У. Искендеров “Окуу” субтести боюнча тестирлөөдөн өткөн эмес.

2020-жылы 18-ноябрда саат 17:00дө ал тестирлөөнүн жыйынтыгына макул эместиги жөнүндө арыз менен “Кыргызтест” ММ директору Б.Б. Топоева-Ставинскаяга кайрылган.

2020-жылы 20-ноябрда Ж.У. Искендеров “Окуу” субтести боюнча өзүнүн тесттик жооптору менен кенен тааныштырылган жана аны бышыктаган. Ошол эле күнү Ж.У. Искендеров “Окуу” субтестин кайра тапшырууга 2-жолу киргизилген (көрмө жазуу менен ырасталган). Бул субтест боюнча канааттандырарлык деген жыйынтыктын негизинде Ж.У. Искендеров белгиленген үлгүдөгү сертификат алган.

Маалымат катары: Кыргызтест” тутуму боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөө программа менен жүргүзүлөт, “Окуу”, “Угуу”, “Лексика. Грамматика” субтесттери боюнча жыйынтыктарды  программа тест тапшыргандан кийин автоматтык түрдө аныктайт жана тест тапшырып жаткан адам субтесттен өткөндөн кийин дароо көрө алат. “Сүйлөө” жана “Жазуу” субтесттери боюнча жооптор эксперт-лингвисттер тарабынан каралат. Тестирлөө процессинде жыйынтыктар автоматтык түрдө маалыматтар базасына киргизилет жана кандайдыр бир өзгөртүү же оңдоо киргизүү мүмкүн эмес. Бул адам факторун жоккочыгарат жана туура эмес жыйынтыктарды берүү мүмкүн эместигин кепилдейт.

Ошондой эле жыйынтыктарды эсептөө жана сертификаттарды басып чыгаруу Кыргызтест” ММдин айрым кызматкерлеринин же жетекчилигинин каалоосу боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн эмес, алар маалыматтар базасынан түздөн-түз чыгарылат.

2020-жылдын 19-ноябрында белгиленген мөөнөттө мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тапшырылбагандыгына байланыштуу КР БШК тарабынан “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары көрсөтүү үчүн тапшырылган документтерди кайтарып берүү жөнүндө” № 273 чечим кабыл алынды.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>