Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШКга КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Р. Б. Джеенбековдун  кол коюу барактары түштү
03.12.2020

КР БШКга КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Р. Б. Джеенбековдун кол коюу барактары түштү

2020-жылдын 3-декабрында,  КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкер Равшан Бабырбекович Джеенбековдун кол коюу барактары түштү. Тапшырылган колтамгалардын саны – 39 874. “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 2-пунктунун талаптарына ылайык талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң колтамгасы менен колдоого алынууга тийиш. Мында берилген колдордун саны шайлоочулардын 60 миң колунан ашууга тийиш эмес. КР БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу берилген колтамгалардын аныктыгын текшерүүнү 8 календарлык күндө жүзөгө ашырат. “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө” Нускаманын 54-пунктуна ылайык текшерүү үчүн зарыл болгон 30 миң ишенимдүү колдорду аныктаганга чейин текшерүү үчүн тандалып алынган кол коюу барактарында камтылган шайлоочулардын бардык колтамгалары текшерилүүгө тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо кызматтарынын кызматкерлерин жана сот-экспертиза иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерет. КР БШК КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын Календардык планына ылайык КР Президентине талапкерлерди колдогон кол коюу барактарын тапшыруу 2020-жылдын 3-декабрында саат 23:59да аяктаарын эске салат. БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
03.12.2020

БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 3-декабрындагы жыйынында Алай жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана ваканттык депутаттык мандаттарды КР жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге берүү жөнүндө чечимдерин бекитүүгө токтом кылды: Ош облусунун Алай району: Алай айылдык кенеши: Өмүров Анарбек Токтомаматович ыйгарым укугун жеке арызы менен токтоткон. Мандат убактылуу иштебеген Жолдубаева Айсалкын Сапарбаевнага берилген; Жаңы-Алай айылдык кеңеши: Сооронов Таалайбек Аматжановичтин ыйгарым укуктары анын көзү өткөндүгүнө байланыштуу токтотулган. Мандат жеке ишкер Кубанычбек Эркебаевге берилген; Ленин айылдык кеңеши: Бекташов Урматбек Бекболотович ыйгарым укугун жеке арызы менен токтоткон. Мандат убактылуу иштебеген Сардарбек Момуназарович Калмурзаевге берилген. Корул айылдык кеңеши: Үсөнбеков Дүйшөн Өскөнбаевич ыйгарым укугун жеке арызы менен токтоткон. Мандат жеке ишкер Мустафа Жаныбекович Турганбаевге берилген. Жошолу айылдык кеңеши: Дейдиев Курстанбек Адиевич жеке арызы менен ыйгарым укугун токтоткон. Мандат жеке ишкер Канатбек Ашимович Арыновго берилген. Ош облусунун Кара-Суу району: Мады айылдык кеңеши: Батыров Азамат Мамаджановичтин көзү өткөндүгүнө байланыштуу ыйгарым укуктары токтогон. Мандат убактылуу иштебеген Самат Абдималикович Тойчиевге берилген.   Бул чечимдер Алай жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 20-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамынын 3-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган. БШК токтому “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 52-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
А. Маматов документтерин кайтарып алуу үчүн КР БШКга кайрылды
03.12.2020

А. Маматов документтерин кайтарып алуу үчүн КР БШКга кайрылды

2020-жылдын 3-декабрда КР жараны Адилет Джанышбекович Маматов КР БШКга  2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин кайтарып алуу үчүн  кайрылды. БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ж. Камчиев документтерин кайтарып алуу үчүн КР БШКга кайрылды
03.12.2020

Ж. Камчиев документтерин кайтарып алуу үчүн КР БШКга кайрылды

2020-жылдын 3-декабрда КР жараны Жамбылбек Камчиев КР БШКга  2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин кайтарып алуу үчүн  кайрылды. БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК 60 шайлоо участогунун чек араларына жана схемасына өзгөртүүлөрдү киргизди
03.12.2020

БШК 60 шайлоо участогунун чек араларына жана схемасына өзгөртүүлөрдү киргизди

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 3-декабрдагы жыйынында Баткен облусунун Кадамжай районундагы, Кызыл-Кыя, Баткен шаарларындагы, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон райондорунун, Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун, Токмок шаарынын, Чүй облусунун Жайыл, Аламүдүн, Кемин, Сокулук, Москва райондорунун, Талас облусунун Бакай-Ата райондорунун 60 шайлоо учактогунун чек араларына жана схемаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү токтомун кабыл алды. Бул токтом Кызыл-Кыя, Баткен, Кадамжай, Ноокен, Базар-Коргон, Ош, Кара-Суу, Ноокат, Токмок, Жайыл, Аламүдүн, Кемин, Сокулук, Москва, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде кабыл алынды. Аталган аймактык комиссиялар өз чечимдерин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын КР БШКнын 2020-жылдын 20-январындагы №5-токтому, 2020-жылдын 30-январындагы №14-15-17-18—20-токтомдорунун жана 2020-жылдын 20-мартындагы №83-токтому менен бекитилген 60 шайлоо участокторунун чек араларына, схемаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кайрылууларынын негизинде чечим кабыл алышкан. БШК ошондой эле 13 жаңы шайлоо участокторун түзүү чечимин кабыл алды. Алар Кызыл-Кыяда (1), Баткен облусунун Кадамжай районунда (1), Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда (1),  Ош шаарында (4), Ош облусунун Кара-Суу районунда (5), Ноокат районунда (1) түзүлүп, алардын чек аралары жана схемалары бекитилмекчи. Мындай чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-4-5-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 13-беренесине ылайык кабыл алынды. Боршайком тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына кайрадан түзүлгөн шайлоо участокторунун курамын жана резервин түзүү, ошондой эле жергиликтүү бийликтер менен биргеликте шайлоочулардын арасында кайрадан түзүлгөн шайлоо участокторунун даректери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Э. Өмүрзаков Орток айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
03.12.2020

Э. Өмүрзаков Орток айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

2020-жылдын 3-декабрында Нарын облусунун Нарын районундагы Орток айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат. Орток айыл өкмөтүнүн башчылыгына жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн бир талапкер Эркинбек Мусилимович Өмүрзаков катталган. Добуш берүүгө Орток айылдык кеңешинин 11 депутатынын 9у катышып, Э. Өмүрзаков 8 добушка ээ болгон. 3-декабрдагы Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколу боюнча Э. М. Өмүрзаков Орток айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК эки айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындады
03.12.2020

БШК эки айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 3-декабрындагы жыйынында Чүй областынын Панфилов районунун Вознесеновский айыл өкмөтүнүн жана Ысык-Кѳл областынын Тоң районундагы Каджи-Сай айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо тууралуу токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 308 токтому менен дайындалган Чүй областынын Панфилов районунун Вознесеновский айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу 2020-жылдын 2-декабрында болуп ѳткѳн жок. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 311 токтому менен дайындалган Ысык-Кѳл областынын Тоң районундагы Каджи-Сай айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоого бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу 2020-жылдын 2-декабрында болуп ѳткѳн жок. Жогоруда белгиленгендерди эске алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Чүй областынын Панфилов районунун Вознесеновский айыл өкмөтүнүн жана Ысык-Кѳл областынын Тоң районундагы Каджи-Сай айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын 2020-жылдын 17-декабрында 9:00дөн 12:00 саатка кайра шайлоону дайындоо тууралуу чечим кабыл алды. Панфилов жана Тоң аймактык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен кайра шайлоо ѳткѳрүүнү уюштурсун. КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКга КР Президентинин кызмат ордуна талапкер А. Б. Абдылдаевдин кол коюу барактары түштү
03.12.2020

КР БШКга КР Президентинин кызмат ордуна талапкер А. Б. Абдылдаевдин кол коюу барактары түштү

2020-жылдын 3-декабрында,  КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкер Арстанбек Бейшеналиевич Абдылдаевдин кол коюу барактары түштү. Тапшырылган колтамгалардын саны – 47 998. “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 2-пунктунун талаптарына ылайык талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң колтамгасы менен колдоого алынууга тийиш. Мында берилген колдордун саны шайлоочулардын 60 миң колунан ашууга тийиш эмес. КР БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу берилген колтамгалардын аныктыгын текшерүүнү 8 календарлык күндө жүзөгө ашырат. “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө” Нускаманын 54-пунктуна ылайык текшерүү үчүн зарыл болгон 30 миң ишенимдүү колдорду аныктаганга чейин текшерүү үчүн тандалып алынган кол коюу барактарында камтылган шайлоочулардын бардык колтамгалары текшерилүүгө тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо кызматтарынын кызматкерлерин жана сот-экспертиза иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерет. КР БШК КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын Календардык планына ылайык КР Президентине талапкерлерди колдогон кол коюу барактарын тапшыруу 2020-жылдын 3-декабрында саат 23:59да аяктаарын эске салат. БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 3-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
03.12.2020

2020–ж. 3-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 3 декабрь 2020-ж. Убактысы: 16:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. 2020-жылы 25-ноябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. 2020-жылы 30-ноябрда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын, Баткен, Кадамжай райондорунун, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон райондорунун, Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун, Ч?й облусунун Токмок шаарынын, Жайыл, Аламүдүн, Кемин, Сокулук, Москва, Талас облусунун Бакай-Ата райондорунун аймагындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка жана Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Алай жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. Ар түрдүү маселелер Төрага
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 3-декабрында болуп өткөн Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат
03.12.2020

2020-жылдын 3-декабрында болуп өткөн Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат

Мэрлик кызматка 2 талапкер: Ормоков Эрнисбек Абдижалилович «Ак-тилек» депутаттык фракциясынан, Зияйдинов Эрнист Эгенбердиевич «Республика» депутаттык фракциясынан көрсөтүлгөн. Добуш берүүгө Жалал-Абад шаардык кеңешинин 31 депутатынан 28 депутаты катышкан. Э. Зияйдинов - 0 добушка, Э. Ормоков - 28 добушка ээ болгон. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Ормоков Эрнисбек Абдижалилович шайланды. БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Турсунбай Бакир уулу документтерин кайтарып алуу үчүн КР БШКга кайрылды
03.12.2020

Турсунбай Бакир уулу документтерин кайтарып алуу үчүн КР БШКга кайрылды

2020-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын жараны Турсунбай Бакир уулу КР БШКга  2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин кайтарып алуу үчүн кайрылды. БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
А. Малиев КР БШКга документтерин чакыртып алаары боюнча арыз менен кайрылды
03.12.2020

А. Малиев КР БШКга документтерин чакыртып алаары боюнча арыз менен кайрылды

2020-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын жараны Малиев Арсланбек Касымакунович КР БШКга  2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин кайтарып алуу үчүн кайрылды. БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
А. Тукунов КР БШКга документтерин чакыртып алаары боюнча арыз менен кайрылды
03.12.2020

А. Тукунов КР БШКга документтерин чакыртып алаары боюнча арыз менен кайрылды

2020-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын жараны Акжолтой Шакирбекович Тукунов КР БШКга  2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин кайтарып алуу үчүн кайрылды. БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКга КР Президентинин кызмат ордуна талапкер А.А. Касеновдун кол коюу барактары түштү
03.12.2020

КР БШКга КР Президентинин кызмат ордуна талапкер А.А. Касеновдун кол коюу барактары түштү

2020-жылдын 3-декабрында,  КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкер Аймен Абдыталипович Касеновдун кол коюу барактары түштү. Тапшырылган колтамгалардын саны – 46 270. “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 2-пунктунун талаптарына ылайык талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң колтамгасы менен колдоого алынууга тийиш. Мында берилген колдордун саны шайлоочулардын 60 миң колунан ашууга тийиш эмес. КР БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу берилген колтамгалардын аныктыгын текшерүүнү 8 календарлык күндө жүзөгө ашырат. “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө” Нускаманын 54-пунктуна ылайык текшерүү үчүн зарыл болгон 30 миң ишенимдүү колдорду аныктаганга чейин текшерүү үчүн тандалып алынган кол коюу барактарында камтылган шайлоочулардын бардык колтамгалары текшерилүүгө тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо кызматтарынын кызматкерлерин жана сот-экспертиза иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерет. КР БШК КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын Календардык планына ылайык КР Президентине талапкерлерди колдогон кол коюу барактарын тапшыруу 2020-жылдын 3-декабрында саат 23:59да аяктаарын эске салат. БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКга КР Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Н. Жапаровдун  кол коюу барактары түштү
03.12.2020

КР БШКга КР Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Н. Жапаровдун кол коюу барактары түштү

2020-жылдын 3-декабрында,  КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкер Садыр Нургожоевич Жапаровдун кол коюу барактары түштү. Тапшырылган колтамгалардын саны – 59 998. “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 2-пунктунун талаптарына ылайык талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң колтамгасы менен колдоого алынууга тийиш. Мында берилген колдордун саны шайлоочулардын 60 миң колунан ашууга тийиш эмес. КР БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу берилген колтамгалардын аныктыгын текшерүүнү 8 календарлык күндө жүзөгө ашырат. “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө” Нускаманын 54-пунктуна ылайык текшерүү үчүн зарыл болгон 30 миң ишенимдүү колдорду аныктаганга чейин текшерүү үчүн тандалып алынган кол коюу барактарында камтылган шайлоочулардын бардык колтамгалары текшерилүүгө тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо кызматтарынын кызматкерлерин жана сот-экспертиза иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерет. КР БШК КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын Календардык планына ылайык КР Президентине талапкерлерди колдогон кол коюу барактарын тапшыруу 2020-жылдын 3-декабрында саат 23:59да аяктаарын эске салат. БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Б. Темишов КР БШКга документтерин чакыртып алаары боюнча арыз менен кайрылды
03.12.2020

Б. Темишов КР БШКга документтерин чакыртып алаары боюнча арыз менен кайрылды

2020-жылдын 3-декабрында КР жараны, Темишов Базарбай КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылып, 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин чакыртып алуу боюнча арыз берди. БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 272 274 … 483