Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК 43 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
06.12.2020

КР БШК 43 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 6-декабрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациядан өткөрүү чечимин кабыл алды. 2020-жылдын 6-декабрына карата 7 чет өлкөдөн 6 эл аралык уюмдун атынан 43 эл аралык байкоочу катталды. Кыргызстандагы Ханнс Зайдель фондунун өкүлчүлүгүнөн – 1 байкоочу; Шайлоо системаларынын эл аралык өкүлчүлүгүнөн (IFES) – 1 байкоочу; Молдова БШКнан – 2 байкоочу; КМШ ПАА – 34 байкоочу; КМШ Миссиясы – 4 байкоочу; Азербайджан БШКнан – 1 байкоочу. Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-21-пункттарына, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жана референдумда эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ыйгарым укуктары, статусу жана ишмердигинин тартиби жөнүндө” Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5 бөлүктөрүнө ылайык кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, талапкерлер катталган тизмеден чыгарып жана ваканттык депутаттык мандаттарды ыйгарды
06.12.2020

БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, талапкерлер катталган тизмеден чыгарып жана ваканттык депутаттык мандаттарды ыйгарды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 6-декабрындагы жыйынында, Араван, Кочкор, Чүй, Жайыл, Кадамжай жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана ваканттык депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге берүү жөнүндө чечимин бекитүү токтомун кабыл алды. Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айылдык кенешинин депутаты Таалайбек Калмурзаевдин ыйгарым укуктары анын депутаттык иш менен келишпей турган башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу жеке арызынын негизинде токтотулуп, анын мандаты дыйкан чарбасынын мүчөсү Маматразак Калмурзаевге берилди. Араван районундагы Төө-Моюн айылдык кеңешинин депутаты Гайратжон Каюмовдун ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулуп, анын мандаты дыйкан чарбасынын мүчөсү Адылбек Мендибаевге ыйгарылды. Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Каныбек Ыбышевдин ыйгарым укуктары анын депутаттык иш менен бирге алып кетүүгө болбогон кызматка дайындалгандыгына байланыштуу жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты дыйкан чарбасынын мүчөсү Таалайбек Мыктыбековго берилди. Нарын шаардык кеңешинин депутаты Анара Бердикожоеванын ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты убактылуу иштебеген Гүлзат Нурманбетовага тапшырылды. Чүй облусунун Чүй районундагы Кегети айылдык кеңешинин депутаты Манас Осмоналиевдин ыйгарым укуктары анын депутаттык иш менен бирге иштөөгө болбой турган кызматка баргандыгына байланыштуу жеке арзынын негизинде токтотулуп, мандаты фермер Нурсултан Бактыбаевге берилди. Чүй районундагы Ак-Бешим айылдык кеңешинин депутаты Марс Ашировдун ыйгарым укуктары анын депутаттык иш менен бирге иштөөгө болбой турган кызматка дайындалгандыгына байланыштуу жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты жеке ишкер Таланбек Ибраимовго тапшырылды. Баткен облусундагы Кадамжай районундагы Бирлик айылдык кеңешинин депутаты Зиядалла Базарбаевдин ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты кадастр кызматынын башкы адиси Асанбай Жороевге берилди. БШК 6-декабрдагы жыйынында Чүй жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимин бекитүү токтомун кабыл алды: Чүй облусунун Чүй районундагы Кегети айылдык кеңешине талапкер Нурмамбет Эстебесов жеке арызынын негизинде катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылды; Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешине талапкер Чынгыз Карабаевдин жеке арызынын негизинде ал катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылды. Токтом “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 52-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
БШК Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизди
06.12.2020

БШК Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 6-декбарындагы  жыйынында Чүй облусунун Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом кабыл алды: - «Патриот» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кан Люба Михайловна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Осмоналиев Замир Турсунбекович комиссиянын курамынан чыгаруу; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Өмүркулов Имаш Бабаевич, Исакова Гульнара, Бондаренко Юлия Анатольевна, Бейшенов Аскар Анарбекович комиссиянын резервинен чыгаруу; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Асанакунова Чолпон Ташпаевна, Маринина Ольга Александровна резервден комиссиянын курамына киргизүү.           Чечим Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгуу боюнча Л.М. Кандын, З.Т. Османалиевдин арыздарынын, Кемин  аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен чыгуу боюнча И.Б. Өмүркүлованын,                                    Г. Исакованын, Ю.А. Бондаренконун, А.А. Бейшеновнанын арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                                21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын             2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынган. КР БШК маалымат бѳлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК айрым шайлоо участкаларынын схемасына жана чек араларына ѳзгѳртүүлѳрдү  киргизди
06.12.2020

БШК айрым шайлоо участкаларынын схемасына жана чек араларына ѳзгѳртүүлѳрдү  киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 2020-жылдын 6-декабрында, ѳзүнүн жыйында Бишкек шаарынын аймагындагы жана Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районундагы  Теплоключенко айыл аймагындагы шайлоо участкаларынын схемасына жана чек араларына ѳзгѳртүүлѳрдү  киргизүү тууралуу токтом кабыл алды. Токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 5, 2020-жылдын 30-январындагы №№ 14, 15, 17, 18, 20, 2020-жылдын 20-мартындагы № 83 токтомдору  менен бекитилген 12 шайлоо участкаларынын схемасына жана чек араларына ѳзгѳртүүлѳрдү  киргизүү жѳнүндѳ Бишкек, Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде кабыл алынды. БШК ошондой эле Бишкек шаарынын аймагындагы №1001, №1064, №1065, №1201, №1247 шайлоо участкаларын, участкалык шайлоо комиссияларын таркатуу чечимин кабыл алды. Мындай чечим «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2, 4, 5-пукттарына, 20-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 3-пунктуна,  «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине ылайык кабыл алынды.  Борбордук шайлоо комиссиясы тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте шайлоо участкаларынын ѳзгѳргѳндүгүнѳ байланыштуу шайлоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. КР БШК  маалымат бѳлүмү            
Кененирээк билүү >>
БШК айрым шайлоо участкаларынын даректерин  ѳзгѳрттү
06.12.2020

БШК айрым шайлоо участкаларынын даректерин  ѳзгѳрттү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 6-декабрындагы ѳзүнүн жыйынында Бишкек шаарынын, Чүй облусундагы Москва, Панфилов райондорунун, Ысык-Кѳл облусундагы Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун, Жалал-Абад облусундагы  Сузак, Ала-Бука райондорунун, Баткен облусундагы  Сүлүктү шаарынын, Баткен районунун аймактарындагы тѳмѳндѳгү шайлоо участокторунун даректерин  ѳзгѳртүү боюнча токтом кабыл алды: Бишкек шаары - №1301 шайлоо участогунун дареги Наманган көчөсүнүн №8 дарегиндеги  №14 ЦСМ имаратынан Дубосековская көчөсүнүн №39а дарегиндеги №32 орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн. - №1231 шайлоо участогунун дареги Профсоюзная көчөсүнүн  №60 дарегиндеги «Баатыр Мурагер» ЖЧК имаратынан Ленина көчөсүнүн 35а дарегиндеги №17 кесиптик  лицейдин имаратына өзгөртүлсүн. - №1211 шайлоо участогунун дареги Л.Толстого көчөсүнүн № 62 дарегиндеги Бишкек архитектурдук колледж имаратынан Горького көчөсүнүн  № 114 дарегиндеги №29 орто мектеп имартаны өзгөртүлсүн. Чүй облусу Москва району Беловодск айыл аймагы - № 7284 шайлоо участогунун дареги Беловодск айылынын Кирова көчөсүнүн  №32 дарегиндеги Пивзавода имаратынан, Беловодск айылынын Киров көчөсүнүн  №229 дарегиндеги №3 орто мектеп имаратына өзгортүлсүн. Биринчи май айыл аймагы - № 7305 шайлоо участогунун дареги Ак-Суу айылынын Шолохов көчөсүнүн  н/ж дарегиндеги ЖАК  «Техсервис» имаратынан, Ак-Суу айылынын Вокзалная көчөсүнүн  №45 дарегиндеги №4 орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.  Садовский айыл аймагы - №7279 шайлоо участогунун дареги Садовое айылынын Советская көчөсүнүн  н/ж дарегиндеги Колхозников сарай имаратынан, Садовое айылынын Вокзальная №45 көчөсүнүн  №4 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн. Сретенка айыл аймагы - №7282  шайлоо участогунун дареги Сретенка айылынын Центральная көчөсүнүн  н/ж дарегиндеги клуб имаратынан, Сретенка айылынын Центральная көчөсүнүн  №200 дарегиндеги «Үмүт Шатысы» бала бакча имаратына өзгөртүлсүн. Целиный айыл аймагы - №7299  шайлоо участогунун дареги Кызыл-Моло айылынын Центральная көчөсүнүн №3 дарегиндеги клуб имаратынан, Кызыл-Моло айылынын Школная көчөсүнүн №1 дарегиндеги  орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн. Петровка айыл аймагы - №7313 шайлоо участогунун дареги Кызыл-Туу айылынын Центральная көчөсүнүн  н/ж дарегиндеги клуб имаратынан, Кызыл-Туу айылынын Западная  көчөсүнүн  21 дарегиндеги башталгыч мектеп имаратына өзгөртүлсүн. Чапаев айыл аймагы - №7296 шайлоо участогунун дареги Спартак айылынын Ленина көчөсүнүн  №84 дарегиндеги айыл өкмөт имаратынан, Спартак айылынын Ленина көчөсүнүн №94 дарегиндеги орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн. - №7297  шайлоо участогунун дареги Маловодное айылынын Сатаева көчөсүнүн н/ж дарегиндеги башталгыч мектеп имаратынан, Маловодное айылынын Сатаева көчөсүнүн  н/ж дарегиндеги клуб имаратына өзгөртүлсүн.  Ак-Суу айыл аймагы - №7308 шайлоо участогунун дареги Бала-Айылчы айылынын Мамырбай көчөсүнүн  н/ж дарегиндеги «Айыл Ордо» имаратынан, Бала-Айылчы айылынын  Мамырбай көчөсүнүн н/ж дарегиндеги Бала-Бакча имаратынан, Бала-Айылчы айылынын Мамырбай №626 көчөсүнүн  орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн. Панфилов району Курама айыл аймагы - №7377  шайлоо участогунун дареги Панфилов айылынын Центральное көчөсүнүн №269  дарегиндеги ААК «Герои Панфиловцы» имаратынан, Панфилов айылынын Центральная көчөсүнүн  №351 дарегиндеги орто мектеп-комплек имаратына өзгөртүлсүн.  Ысык-Көл облусу Ак-Суу району Кереге-Таш айыл аймагы - № 3109 шайлоо участогунун дареги Новоконстантиновка айылынын Чоң-Жергез көчөсүнүн  дарегиндеги клуб имаратынан, Новоконстантиновка айылынын Жумаш-Агай көчөсүнүн  дарегиндеги орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн. - № 3247 шайлоо участогунун дареги Пионер айылынын Букош көчөсүнүн  дарегиндеги клуб имаратынан, Пионер айылынын Дунган көчөсүнүн дарегиндеги орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн. Челпек айыл аймагы - № 3135 шайлоо участогунун дареги Челпек айылынын Мансурова көчөсүнүн дарегиндеги спорткомплекс имаратынан, Челпек айылынын Туркеев көчөсүнүн дарегиндеги орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн. - № 3136 шайлоо участогунун дареги Челпек айылынын Туркеев көчөсүнүн  дарегиндеги Искаков атындагы орто мектеп имаратынан, Челпек айылынын Исламова көчөсүнүн №21 дарегиндеги «Жамиля» бала бакча имаратына өзгөртүлсүн. Жети-Өгүз району Жети-Огуз айыл аймагы - №3175 шайлоо участогунун дареги Кабак айылынын Мундузбай көчөсүнүн №40а   дарегиндеги АВП «Кашка-Суу» имаратынан, Кабак айылынын Мундузбай көчөсүнүн  №37 дарегиндеги орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн. - №3253 шайлоо участогунун дареги Жети-Огуз айылынын Байсеркеева көчөсүнүн  №77 дарегиндеги спорт комплекс имаратынан, Жети_огуз айылынын Байсеркеева №73 көчөсүнүн  бала бакча имаратына өзгөртүлсүн. Жалал-Абад облусу Сузак району С. Атабеков айыл аймагы - №2124 шайлоо участогунун дареги Бек-Абад айылынын Ураимжан-Ата көчөсүнүн  №3-А дарегиндеги “Ынтымак” бала-бакча имаратынан, Бек-Абад айылынын М.Садыкова көчөсүнүн №100 дарегиндеги  ЦСМ №20 имаратына өзгөртүлсүн. - № 2391 шайлоо участогунун дареги Бек-Абад айылынын М.Садыков көчөсүнүн  №103 дарегиндеги айыл өкмөт имаратынан, Бек-Абад айылынын М.Садыкова көчөсүнүн  №88 дарегиндеги С.Атабеков атындагы орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн. Сузак айыл аймагы - № 2424 шайлоо участогунун дареги Сузак айылынын Дакан-Палван көчөсүнүн  №75  дарегиндеги С.Акбарова атындагы орто мектеп имаратынан, Сузак айылынын Дакан-Палван көчөсүнүн  №101 дарегиндеги сантирадык-эпидемиалык станция имаратына өзгөртүлсүн.  Курманбек айыл аймагы - № 2381 шайлоо участогунун дареги Кара-Чолок айылынын Б.Калбаев  көчөсүнүн №1 дарегиндеги маданият үй имаратынан, Карак-Чолок айылынын К.Чекиев көчөсүнүн №2 дарегиндеги орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн. Кызыл-Туу айыл аймагы - №2020 шайлоо участогунун дареги Кызыл-Сеңир айылынын Т.Масадыков көчөсүнүн №36 дарегиндеги маданият үй имаратынан, Кызыл-Сенир айылынын Т.Масадыков көчөсүнүн №54 дарегиндеги Икрам-Ажы атындагы балдар-өспүрүм дене тарбия клуб имаратына өзгөртүлсүн. Ала-Бука району Өрүктү айыл аймагы - №2282 шайлоо участогунун дареги Өрүктү-Сай айылынын М.Осмонбеков көчөсүнүн №21 дарегиндеги айыл клуб имаратынан, Өрүктү-Сай айылынын Коргон-Төбө көчөсүнүн  №37 дарегиндеги Ж.Бешимов атындагы №18 орто мектп имаратына өзгөртүлсүн. Баткен облусу Баткен району Самаркенд айыл аймагы - №8058 шайлоо участогунун дареги Самаркен айылынын Базар-Башы  көчөсүнүн  №1 дарегиндеги С.Кожобаев атындагы орто мектеп имаратынан, Самаркен айылынын МТФ  көчөсүнүн №5 дарегиндеги  Ортосай башталгыч мектеп имаратына өзгөртүлсүн.  Сүлүктү  шаары - №8052 шайлоо участогунун дареги Сүлүктү шаарынын Товарная көчөсүнүн  №232/3 дарегиндеги ИТФ СГЭИ имаратынан, Сүлүктү шаарынын Советская  көчөсүнүн №5 дарегиндеги «Ынтымак» бала бакча имаратына өзгөртүлсүн. Чечим «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык айрым  шайлоо участокторунун даректерин ѳзгѳртүү тууралуу  Бишкек, Москва, Панфилов,  Ак-Суу, Жети-Өгүз, Сузак, Ала-Бука, Сүлүктү, Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде кабыл алында. Бишкек, Москва, Панфилов,  Ак-Суу, Жети-Өгүз, Сузак, Ала-Бука, Сүлүктү, Баткен аймактык шайлоо комиссияларына жергилиткүү ѳз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте шайлоо участокторунун даректеринин ѳзгѳрүлгѳндүгү боюнча шайлоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. КР  БШК маалымат бѳлүмү  
Кененирээк билүү >>
Данияр Шакирбаев Кара-Балта шаарынын мэри болуп шайланды
06.12.2020

Данияр Шакирбаев Кара-Балта шаарынын мэри болуп шайланды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 6-декабрдагы жыйынында 2020-жылдын 30-ноябрында Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгын бекитүү токтомун кабыл алды. Мэр шайлоону өткөрүү КР Боршайкомунун 2020-жылдын 11-ноябрдагы &300-токтому менен дайындалган. Кара-Балта шаарынын мэрлик кызматына 3 талапкер - "Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынан" Бакыт Раманкулов, "ЭлАман" фракциясынан Таалайбек Суюмбаев жана "Мекеним Кыргызстан" фракциясынан Данияр Шакирбаев көрсөтүлгөн. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 30-ноябрдагы протоколу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы аныкталды. Добуш берүүгө Кара-Балта шаардык кеңешинин бардык 31 депутаты катышкан. Бакыт Раманкулов 0 добуш, Таалайбек Суюмбаев 13 добуш, ал эми Данияр Шакирбаев 18 добушка ээ болгон. "Бардыгына каршы" позициясына 0 добуш болду. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 30-ноябрдагы протоколу боюнча Данияр Баяманович Шакирбаев Кара-Балта шаарынын мэри болуп шайланды. Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоого арыздар, даттануулар түшкөн жок. БШК тарабынан бул чечим 30-ноябрдагы Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-18-беренелеринин, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 43-беренесинин негизинде кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 6-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
06.12.2020

2020–ж. 6-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

                                                                                               Өткөрүү датасы: 06 декабрь 2020-ж.                                                                                                Убактысы: 11:00                                                                                                Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2020-жылдын 30-ноябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Жайыл  районунун Кара-Балта шаарынын мэрин  шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Бишкек шаарынын,  Чүй облусунун Москва, Панфилов, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Жалал–Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын, Баткен райондорунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенко айыл аймагындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Араван, Кочкор, Чүй, Жайыл, Кадамжай жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентик шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө (баядамачы – Уметалиев А.Т., эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы) 7. Бакир уулу Турсунбайдын арызы жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 8. Жумагулов Бакытбек Сатымбайевичтин арызы жөнүндө  (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 9. Исабеков Кубанычбек Сатиндиевичтин арызы жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 10. Камчиев Жамбылбектин арызы жөнүндө  (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 11. Малиев Арсланбек Касымакуновичтин арызы жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 12. Сыдыков Абдыкаар Токтобековичтин арызы жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн         башчысы) 13.Темишов Базарбайдын арызы жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 14. Тукунов Акжолтой Шакирбековичтин арызы жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн  башчысы) 15. Турдумалиев Сазыкбай Абдрахмановичтин арызы жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн  башчысы 16. Шер-Нияз Садыктын арызы жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн  башчысы) 17. Энназаров Санжарбек Арзыкуловичтин арызы жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн  башчысы) 18. Эсенбеков Азамат Эсенбековичтин арызы жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн  башчысы) 19. Маматов Адилет Джанышбековичтин арызы жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн  башчысы) 20.  Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК 2 АШКнын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди
04.12.2020

БШК 2 АШКнын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-декабрындагы жыйналышында Токтогул жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды: Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы:                    жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ибрагимова Асия комиссиянын курамынан чыгарылсын;                            жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шадыбекова Алтынай Темиркуловна резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы:                         “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жусуев Токторбай Жолдошевич комиссиянын курамынан чыгарылсын; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мамашев Мухамедали Абдулкасымович резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Чечим Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү А. Ибрагимованын арызынын, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Т.Ж. Жусуевди комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 30-ноябрындагы №62 чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды. БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
04.12.2020

БШК Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-декабрындагы жыйналышында Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2020-жылдын 24-декабрына дайындоо жана  саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүү жөнүндө токтом кылды. Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 3-декабрындагы № 324-б буйругу менен Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Курманкулов Раимберди Аалыевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. БШК чечимди “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алды. БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 4-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
04.12.2020

2020–ж. 4-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

                                                                                               Өткөрүү датасы: 04 декабрь 2020-ж.                                                                                                Убактысы:18:30                                                                                                Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Токтогул жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И. Ташовдун интервьюсун алдын ала үгүт жүргүзүү предметине карата тиешелүүлүгүн карап чыгуу жөнүндө (баяндамачы –  Абдысатаров Т.З., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 4. “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” Коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Б. Жумагуловго, К. Иманалиевге, Т. Уметалиевага, К. Сооронкуловага, Б. Асановго, Садык Шер-Ниязга, Р. Джеенбековго карата даттаануусу жөнүндө  (баяндамачы –  Абдысатаров Т.З., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 5. “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” Коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. Мадумаровдун мигранттар менен жолугушуусуна карата даттаануусу жөнүндө  (баяндамачы –  Абдысатаров Т.З., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 6. “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” Коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К. Исаевдин «NazarNews» маалыматтык агенттигине берген интервьюсуна карата даттаануусу жөнүндө  (баяндамачы –  Абдысатаров Т.З., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 7. “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” Коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б. Калмаматовдун YouTube видеохостингге берген интервьюсуна карата даттаануусу жөнүндө  (баяндамачы –  Абдысатаров Т.З., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 8. “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” Коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К. Чороевдин «Кабарлар» маалыматтык агенттигине берген интервьюсуна карата даттаануусу жөнүндө  (баяндамачы –  Абдысатаров Т.З., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 9. “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” Коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б. Калмаматовдун YouTube видеохостингиндеги «Азаттык» маалыматтык агенттигине берген интервьюсуна карата даттаануусу жөнүндө  (баяндамачы –  Абдысатаров Т.З., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 10. “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” Коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С. Жапаровдун YouTube видеохостингиндеги «7-каналына» берген интервьюсуна карата даттаануусу жөнүндө  (баяндамачы –  Абдысатаров Т.З., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 11.  Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Шайлоо өнөктүгүнүн кезектеги этабы аяктады – КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлер кол коюу барактарын тапшырышты жана шайлоо күрөөсүн төлөштү
04.12.2020

Шайлоо өнөктүгүнүн кезектеги этабы аяктады – КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлер кол коюу барактарын тапшырышты жана шайлоо күрөөсүн төлөштү

  Шайлоо өнөктүгүнүн кезектеги этабы аяктады – КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлер кол коюу барактарын тапшырышты жана шайлоо күрөөсүн төлөштү. 2020-жылдын 3-декабрында саат 23:59га карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына төмөнкү 21 талапкерден кол коюу барактары түштү: 1. Б. Тольбаев – 58029 колтамга, шайлоо күрөөсү 27.11.2020 төгүлдү; 2. С. Жапаров – 59998 колтамга, шайлоо күрөөсү 01.12.2020 төгүлдү; 3. А. Касенов – 46270 колтамга, шайлоо күрөөсү18.11.2020 төгүлдү; 4. А. Абдылдаев – 47998 колтамга, шайлоо күрөөсү 02.12.2020 төгүлдү; 5. Р. Жеенбеков – 39874 колтамга, шайлоо күрөөсү 02.12.2020 төгүлдү; 6. К. Асанов – 43864 колтамга, шайлоо күрөөсү 02.12.2020 төгүлдү; 7. Э. Абакиров – 43630 колтамга, шайлоо күрөөсү 02.12.2020 төгүлдү; 8. А. Мадумаров - 39 856 колтамга, шайлоо күрөөсү 27.11.2020 төгүлдү; 9. А. Сегизбаев- 55 480 колтамга, шайлоо күрөөсү 02.12.2020 төгүлдү; 10. К. Чороев – 39 053 колтамга, шайлоо күрөөсү 03.12.2020 төгүлдү; 11. Ж. Байгуттиев – 51 896 колтамга, шайлоо күрөөсү 02.12.2020 төгүлдү; 12. М. Арстанбек – 33 083 колтамга, шайлоо күрөөсү 02.12.2020 төгүлдү; 13. К. Сооронкулова – 33 458 колтамга, шайлоо күрөөсү 03.12.2020 төгүлдү; 14. Р. Тагаев – 40 651 колтамга, шайлоо күрөөсү 02.12.2020 төгүлдү; 15. Б. Калмаматов – 35 300 колтамга, шайлоо күрөөсү 02.12.2020 төгүлдү; 16.К. Иманалиев – 35 658 колтамга, шайлоо күрөөсү 03.12.2020 төгүлдү; 17. И. Ташов – 39 493 колтамга, шайлоо күрөөсү 03.12.2020 төгүлдү; 18. К. Токтосунов – 30 106 колтамга, шайлоо күрөөсү 03.12.2020 төгүлдү, түштү 04.12.2020; 19. У. Кочкоров – 43 804 колтамга, шайлоо күрөөсү 03.12.2020 төгүлдү; 20. К. Исаев –38 987 колтамга, шайлоо күрөөсү 03.12.2020 төгүлдү. КР БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу кол коюу барактарын кабыл алуунун жүрүшүндө КР Президентинин кызмат ордуна талапкер С. Ибраевде 15 033 колтамга бар экендигин, ошондой эле шайлоо күрөөсү төгүлгөндүгү жөнүндө маалымкат жок экендигин аныктады. Ушуга байланыштуу кол коюу барактары бул талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө кайтарып берди. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын  62-беренесинин 2-пунктунун, “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң колтамгасы менен колдоого алынууга тийиш. Мында берилген колдордун саны шайлоочулардын 60 миң колунан ашууга тийиш эмес. КР БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу берилген колтамгалардын аныктыгын текшерүүнү 8 календарлык күндө жүзөгө ашырат. “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамга, шайлоо күрөөсү төгүлдүларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамга, шайлоо күрөөсү төгүлдүларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө” Нускаманын 54-пунктуна ылайык текшерүү үчүн зарыл болгон 30 миң ишенимдүү колдорду аныктаганга чейин текшерүү үчүн тандалып алынган кол коюу барактарында камтылган шайлоочулардын бардык колтамга, шайлоо күрөөсү төгүлдүлары текшерилүүгө тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо кызматтарынын кызматкерлерин жана сот-экспертиза иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерет.   БШК маалымат бөлүмү БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР Президентинин кызмат ордуна 11 талапкер КР БШКга  документтерин чакыртып алуу тууралуу арыз менен кайрылышты
03.12.2020

КР Президентинин кызмат ордуна 11 талапкер КР БШКга  документтерин чакыртып алуу тууралуу арыз менен кайрылышты

Бүгүн, 2020-жылдын 3-декабрында,  11  КР жараны  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына  2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого катышуу  үчүн  берген документтерин чакыртып алуу тууралуу арыз менен кайрылышты: 1. Б. Темишов; 2. А. Тукунов; 3. А. Малиев; 4. Т. Бакир уулу; 5. Ж. Камчиев; 6. А. Маматов; 7. А. Эсенбеков; 8. Б. Жумагулов; 9. А. Сыдыков; 10. С. Энназаров; 11 К. Исабеков. Мурда КР Президентинин кызмат ордуна тѳмѳндѳгү 8 талапкердин арыздары чакыртылып алынган. 1. Б. Бакетаев; 2. Ж. Тургуналиев; 3. К. Исмаилова; 4. М. Кайыпов; 5. О. Мадинов; 6. Т. Жумабеков; 7. С. Турдумалиев; 8. С. Шер-Нияз; 19-ноябрда БШКнын мүчѳлѳрү ѳзүнүн жыйынында КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун маалыматын угуп жана толкуулап, тѳмѳндѳгү талапкерлердин документтерин кайтаруу  жѳнүндѳ жумушчу топтун чечимин жакырган: 1) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 3, 4–бѳлүктѳрүндѳ каралган негиздер боюнча (соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган, соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбагандар): Б. Асанов; Н. Мотуев; К. Кадыров. 2) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 5–бѳлүгүнүн 4-пунктунда  каралган негиздер боюнча (белгиленген мѳѳнѳттѳ мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты бербегендер): А. Зарипова; А. Араева; Т. Акжолтоев; Ю. Лилиенталь; Ч. Капаров; Ж. Искендеров; Е. Клипачева; С. Аджиматов; К. Базаркулов. КР  Президентин шайлоо жѳнүндѳ конституциялык Мыйзамга ылайык, Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди кѳрсѳтүү 2020-жылдын 14-ноябрын кошуп алганга чейин ѳткѳрүлгѳн. КР БШК маалымат бѳлүмү              
Кененирээк билүү >>
КР БШКга  КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлер К. Токтосуновдон, К. Иманалиевден, С.К. Ибраевден, К. Исаевден, У. Кочкоровдон, И. Ташовдон кол коюу барактары келип түштү
03.12.2020

КР БШКга  КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлер К. Токтосуновдон, К. Иманалиевден, С.К. Ибраевден, К. Исаевден, У. Кочкоровдон, И. Ташовдон кол коюу барактары келип түштү

Бүгүн, 2020-жылдын 3-декабрында, 23:59 сааттагы абал боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызмат ордуна кѳрсѳтүлгѳн талапкерлер К. Токтосуновдон, К. К. Иманалиевден, С.К. Ибраевден, К. Исаевден, У. Кочкоровдон, И. Ташовдон кол коюу барактары келип түштү. Азыркы учурда кол коюу барактарын кабыл алуу боюнча жумушчу топ берилген кол коюу барактарын текшерүүнү жүргүзүп жатат. 
Кененирээк билүү >>
К. Исабеков документтерин кайтарып алуу үчүн КР БШКга кайрылды
03.12.2020

К. Исабеков документтерин кайтарып алуу үчүн КР БШКга кайрылды

3-декабрда КР жараны Кубанычбек Сатиндиевич Исабеков КР БШКга  2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин кайтарып алуу үчүн  кайрылды. БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКга КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Арстанбек Мыктыбектин кол коюу барактары түштү
03.12.2020

КР БШКга КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Арстанбек Мыктыбектин кол коюу барактары түштү

2020-жылдын 3-декабрында,  КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкер Арстанбек Мыктыбектин кол коюу барактары түштү. Тапшырылган колтамгалардын саны – 33 083. “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 2-пунктунун талаптарына ылайык талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң колтамгасы менен колдоого алынууга тийиш. Мында берилген колдордун саны шайлоочулардын 60 миң колунан ашууга тийиш эмес. КР БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу берилген колтамгалардын аныктыгын текшерүүнү 8 календарлык күндө жүзөгө ашырат. “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө” Нускаманын 54-пунктуна ылайык текшерүү үчүн зарыл болгон 30 миң ишенимдүү колдорду аныктаганга чейин текшерүү үчүн тандалып алынган кол коюу барактарында камтылган шайлоочулардын бардык колтамгалары текшерилүүгө тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо кызматтарынын кызматкерлерин жана сот-экспертиза иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерет. КР БШК КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын Календардык планына ылайык КР Президентине талапкерлерди колдогон кол коюу барактарын тапшыруу 2020-жылдын 3-декабрында саат 23:59да аяктаарын эске салат. БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКга КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Б. О. Калмаматовдун кол коюу барактары түштү
03.12.2020

КР БШКга КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Б. О. Калмаматовдун кол коюу барактары түштү

2020-жылдын 3-декабрында,  КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкер Бактыбек Орозалиевич Калмаматовдун кол коюу барактары түштү. Тапшырылган колтамгалардын саны – 35 300. “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 2-пунктунун талаптарына ылайык талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң колтамгасы менен колдоого алынууга тийиш. Мында берилген колдордун саны шайлоочулардын 60 миң колунан ашууга тийиш эмес. КР БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу берилген колтамгалардын аныктыгын текшерүүнү 8 календарлык күндө жүзөгө ашырат. “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө” Нускаманын 54-пунктуна ылайык текшерүү үчүн зарыл болгон 30 миң ишенимдүү колдорду аныктаганга чейин текшерүү үчүн тандалып алынган кол коюу барактарында камтылган шайлоочулардын бардык колтамгалары текшерилүүгө тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо кызматтарынын кызматкерлерин жана сот-экспертиза иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерет. КР БШК КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын Календардык планына ылайык КР Президентине талапкерлерди колдогон кол коюу барактарын тапшыруу 2020-жылдын 3-декабрында саат 23:59да аяктаарын эске салат. БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 270 272 … 483