БШК 2 АШКнын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди
04 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-декабрындагы жыйналышында Токтогул жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды:
Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ибрагимова Асия комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шадыбекова Алтынай Темиркуловна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы:
- “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жусуев Токторбай Жолдошевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мамашев Мухамедали Абдулкасымович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Чечим Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү А. Ибрагимованын арызынын, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Т.Ж. Жусуевди комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 30-ноябрындагы №62 чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
БШК маалымат бөлүмү
