Башкы Жаңылыктар Шайлоо өнөктүгүнүн кезектеги этабы аяктады – КР Президентинин …

Шайлоо өнөктүгүнүн кезектеги этабы аяктады – КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлер кол коюу барактарын тапшырышты жана шайлоо күрөөсүн төлөштү

04-Дек, 2020

 

Шайлоо өнөктүгүнүн кезектеги этабы аяктады – КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлер кол коюу барактарын тапшырышты жана шайлоо күрөөсүн төлөштү. 2020-жылдын 3-декабрында саат 23:59га карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына төмөнкү 21 талапкерден кол коюу барактары түштү:

1. Б. Тольбаев – 58029 колтамга, шайлоо күрөөсү 27.11.2020 төгүлдү;

2. С. Жапаров – 59998 колтамга, шайлоо күрөөсү 01.12.2020 төгүлдү;

3. А. Касенов – 46270 колтамга, шайлоо күрөөсү18.11.2020 төгүлдү;

4. А. Абдылдаев – 47998 колтамга, шайлоо күрөөсү 02.12.2020 төгүлдү;

5. Р. Жеенбеков – 39874 колтамга, шайлоо күрөөсү 02.12.2020 төгүлдү;

6. К. Асанов – 43864 колтамга, шайлоо күрөөсү 02.12.2020 төгүлдү;

7. Э. Абакиров – 43630 колтамга, шайлоо күрөөсү 02.12.2020 төгүлдү;

8. А. Мадумаров - 39 856 колтамга, шайлоо күрөөсү 27.11.2020 төгүлдү;

9. А. Сегизбаев- 55 480 колтамга, шайлоо күрөөсү 02.12.2020 төгүлдү;

10. К. Чороев – 39 053 колтамга, шайлоо күрөөсү 03.12.2020 төгүлдү;

11. Ж. Байгуттиев – 51 896 колтамга, шайлоо күрөөсү 02.12.2020 төгүлдү;

12. М. Арстанбек – 33 083 колтамга, шайлоо күрөөсү 02.12.2020 төгүлдү;

13. К. Сооронкулова – 33 458 колтамга, шайлоо күрөөсү 03.12.2020 төгүлдү;

14. Р. Тагаев – 40 651 колтамга, шайлоо күрөөсү 02.12.2020 төгүлдү;

15. Б. Калмаматов – 35 300 колтамга, шайлоо күрөөсү 02.12.2020 төгүлдү;

16.К. Иманалиев – 35 658 колтамга, шайлоо күрөөсү 03.12.2020 төгүлдү;

17. И. Ташов 39 493 колтамга, шайлоо күрөөсү 03.12.2020 төгүлдү;

18. К. Токтосунов – 30 106 колтамга, шайлоо күрөөсү 03.12.2020 төгүлдү, түштү 04.12.2020;

19. У. Кочкоров – 43 804 колтамга, шайлоо күрөөсү 03.12.2020 төгүлдү;

20. К. Исаев –38 987 колтамга, шайлоо күрөөсү 03.12.2020 төгүлдү.

КР БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу кол коюу барактарын кабыл алуунун жүрүшүндө КР Президентинин кызмат ордуна талапкер С. Ибраевде 15 033 колтамга бар экендигин, ошондой эле шайлоо күрөөсү төгүлгөндүгү жөнүндө маалымкат жок экендигин аныктады. Ушуга байланыштуу кол коюу барактары бул талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө кайтарып берди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын  62-беренесинин 2-пунктунун, “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң колтамгасы менен колдоого алынууга тийиш. Мында берилген колдордун саны шайлоочулардын 60 миң колунан ашууга тийиш эмес.

КР БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу берилген колтамгалардын аныктыгын текшерүүнү 8 календарлык күндө жүзөгө ашырат.

“Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамга, шайлоо күрөөсү төгүлдүларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамга, шайлоо күрөөсү төгүлдүларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө” Нускаманын 54-пунктуна ылайык текшерүү үчүн зарыл болгон 30 миң ишенимдүү колдорду аныктаганга чейин текшерүү үчүн тандалып алынган кол коюу барактарында камтылган шайлоочулардын бардык колтамга, шайлоо күрөөсү төгүлдүлары текшерилүүгө тийиш.

Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо кызматтарынын кызматкерлерин жана сот-экспертиза иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерет.

 

БШК маалымат бөлүмү

БШК маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>