Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШКда Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого карата Москва жана Тюмень шаарларында кошумча шайлоо участкаларын ачуу боюнча маселе талкуулады
07.12.2020

БШКда Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого карата Москва жана Тюмень шаарларында кошумча шайлоо участкаларын ачуу боюнча маселе талкуулады

БШКда БШКнын мүчѳлѳрүнүн, Тышкы иштер министрлигинин, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу  Миграция мамлекеттик кызматынын (мындан ары – ММК) ѳкүлдѳрүнүн катышуусу менен  КР аймагынын сырткары жашап жаткан же жүргѳн КР жарандарынын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун кезектеги жыйыны болуп ѳттү. ММКнын тѳрагасы Т.Каймазаров 2021-жылдын 10-декабрына дайындалган КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого карата чет ѳлкѳлѳрдѳ шайлоо участкаларынын географиясын кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жѳнүндѳ маалымдады. Россиянын аймагында Москва, Тюмень жана  Красноярск шаарларында ММКнын 3 ѳкүлчүлүктѳрү иштеп жатканын  белгиледи. Красноярскиде элчиликтин канцеляриясынын базасында мурда түзүлгѳн шайлоо участкасынын бар экендигине байланыштуу, Жумушчу топтун мүчѳлѳрү Красноярск шаарында кошумча участканы ачуунун зарылчылыгы жок экендиги тууралуу пикирге келишти. Жарандардын абалын, ошондой эле Кыргызстандын жарандары кѳп жашаган Тюмень шаарында эч качан шайлоо участкасы ачылбаганын  эске алуу менен, Жумушчу топтун мүчѳлѳрү ошол жерде ММКнын базасында участка ачууну максатка ылайыктуу деп табышты. Москва шаарындагы Кыргызстандын элчилигинде 3 шайлоо участкасы түзүлгѳн,  бирок Москва шаарында жана Москва облусунда жашаган жарандардын санынын кѳп экендигин эске алуу менен Москвада ММКнын ѳкүлчүлүгүнүн базасында кошумча участка ачуунун зарыл экендиги таанылды. Маалымат иретинде: Россиянын аймагында 12 шайлоо участкалары: Москва (3 участка), Санкт-Петербург, Красноярск, Владивосток, Якутск, Иркутск, Екатеринбург, Новосибирск, Сургут, Түштүк-Сахалинск шаарларында түзүлгѳн. Россиядагы ММКнын ѳкүлчүлүктѳрүнүн базасында Москва  жана Тюмень шаарларында кошумча участкаларды түзүүгѳ,  ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык кырдаалдын жагдайына байланышкан бардык жол-жоболук маселелер чечилген учурда, алдыда болуучу Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого карата  Россиядагы бардык шайлоо учсасткаларынын жалпы саны 14-15 участкага ѳсѳт. ММК жана анын Россиядагы ѳкүлчүлүктѳрү, ошондой эле ТИМдин чет ѳлкѳлѳрдѳгү мекемелери чет ѳлкѳлѳрдѳ жашаган  КР жарандарынын биометиркалык маалыматтарын жыйноо жана аларды консулдук эсепке коюу боюнча ишти активдештирүү максатында кыргызстандыктардын коомдук бирикмелер менен ѳз ара аракеттенүүсү боюнча күч-аракеттерин жумшайт. Чет ѳлкѳлѳрдѳ жашаган жарандардын кѳптѳгѳн кайрылууларын эске алып, ошондой эле  2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо ѳткѳрүлѳ тургандыгын эске алуу менен, Жумушчу топтун мүчѳлѳрү келечекте шайлоо участкаларын түзүү үчүн негиз катары Хабаровск, Казань, Уфа, Оренбург, Анталья ж.б. шаарларында консулдук мекемелерди ачуу боюнча ТИМдин сунушун колдоду. БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 6-бѳлүгүнѳ ылайык добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу экендигин эске салат. Биометрикалык маалыматтарын берген жана КР чет ѳлкѳлѳрдѳгү мекемелеринде консулдук эсепте турган жарандар тийиштүү участкадагы шайлоочулдардын тизмесине автоматтык түрдѳ киргизилет. Кыргызстандын чегинен тышкары жашаган же жүргѳн ар бир шайлоочу шайлоочулардын тизмеси менен таанышкан учурдан  тартып,  2020-жылдын 29-декбарын кошуп алгандан кеч эмес, тастыктаган документтерин тиркѳѳ жана биометиркалык идентификациядан ѳтүү менен КР чет ѳлкѳлѳрдѳгү мекемелерине белгиленген үлгүдѳгү арыз менен  тѳмѳндѳгү учурларда кайрылууга укуктуу: кандай гана болбосун каталарды же так эместиктерди тапса, ошондой эле шайлоочулардын алдын ала же контролдук тизмесинде жок болуп чыкса; жашаган же жүргѳн жеринин шайлоо дареги боюнча добуш берүүгѳт ниеттенсе. Арыз «Тизме» мамлекеттик порталында http://www.tizme.gov.kg «Шайлоочунун кабинети» сервизи аркылуу  электрондук форматта берилиши мүмкүн – мында шайлоочу белгиленген формадагы авторлоштуруудан ѳтѳт. БШК чет ѳлкѳлѳрдѳ жашаган Кыргызстандын жарандарын «Тизме» мамлекеттик порталында http://www.tizme.gov.kg жашаган жери боюнча  шайлоочулардын тизмесине киргизилгендиги жѳнүндѳ маалыматты текшерүүгѳ  жана добуш берүүгѳ катышуу боюнча ѳз учурунда чараларды кабыл алууга чакырат.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК 12 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
07.12.2020

КР БШК 12 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылы 7-декабрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочу катары ЕККУ (ОБСЕ) ДИАУБдун (БДИПЧ) 12 өкүлүн аккредитациялоо жөнүндө токтом кабыл алды. 2020-жылдын 7-декабрына карата БШК дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн 7 эл аралык уюмдун өкүлү болуп саналган 55 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Ханнс Зайделдин Фондунун КРдеги өкүлчүлүгү – 1 байкоочу; Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгү – 1 байкоочу; Молдова БШК – 2 байкоочу; КМШ ПАА – 34 байкоочу; КМШ миссиясы – 4 байкоочу; Азербайжан БШК – 1 байкоочу; ЕККУ (ОБСЕ) ДИАУБ (БДИПЧ) – 12 байкоочу. Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2 жана 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016- жылдын 9-ноябрындагы №197 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып кабыл алынды. БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Ош АШКнын курамына жана резервине  ѳзгѳртүүлѳрдү киргизди
07.12.2020

БШК Ош АШКнын курамына жана резервине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 7-декабрындагы жыйынында Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү боюнча тѳмѳндѳгүдѳй токтом кабыл алды: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн А. А. Сатыбалдиева, Б.А. Топчубаева комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Нурмамабетова Миргул Сапарбаевна, Аматов Жоомарт Талантбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.                        Чечим Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгуу боюнча А. А. Сатыбалдиеванын, Б.А. Топчубаеванын арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын   2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык кабыл алынды. КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК И.Ш. Товкеевдин документтерин кайтарып берди
07.12.2020

КР БШК И.Ш. Товкеевдин документтерин кайтарып берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылы 7-декабрындагы жыйналышында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, ошондой эле КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө берилген арыздын негизинде КР Президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн Товкеев Ильгиз Шамшытбековичтин арызын канааттандыруу жана документтерин кайтарып берүү, анын шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды. И.Ш. Товкеев КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 12-ноябрда арыз берген, И.Ш. Товкеев 2020-жылы 7-декабрда өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз берген. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 6- бөлүгүнө ылайык Президенттин кызмат ордуна талапкер кандай болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
07.12.2020

БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2020-жылдын 7-декабрындагы жыйналышында Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды. Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылдык кеңешинин депутаты Полотов Сейитбек Ажиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат пенсионер Тухтабаев Рустамга өткөрүп берилди. Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Кабылов Абдузакыр Хапизовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулду. Мандат жеке ишкер Ражапов Таир Акматовичке өткөрүп берилди. Токтом “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК коомдук байкоочуларды каттады
07.12.2020

БШК коомдук байкоочуларды каттады

Бүгүн, 2020-жылдын 7-декбарында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы ѳзүнүн жыйынында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1 –беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтомун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы №226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасыныни Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жѳнүндѳ» жобону жетекчиликке алып, тѳмѳндѳгүдѳй чечим кабыл алды: 1. КР БШКнын 2020-жылдын 2-ноябрындагы № 269 чечими менен катталган «Жалпы иш» коомдук фондусунан Асылбеков Таалайбек Спартаковичти, Аалиев Тариэл Муратбековичти коомдук байкоочу катары каттоо жокко чыгарылсын жана белгиленген үлгүдѳгү берилген күбѳлүктѳрү анык эмес деп таанылсын. 2. 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү учурунда «Жалпы иш» коомдук фондусунан Султанов Махмут Султановичке жана Самаков Бакытбек Таалайбековичке белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүк берилүү менен коомдук байкоочулар катары КР БШКда катталсын. КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Э.К. Абакировдун ыйгарым укуктуу ѳкүлүн каттады
07.12.2020

БШК Э.К. Абакировдун ыйгарым укуктуу ѳкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жанат референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 7-декабрында ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К. Абакировдун финансы маселеси боюнча мурда дайындалган ыйгарым укуктуу ѳкүлүн чакыртып алуу жана финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлүн дайындоо жѳнүндѳ 2020-жылдын 5- декабрындагы арызынын негизинде токтом кабыл алды: 1. Мурда берилген ыйгарым укуктуу ѳкүлүн каттоо күбѳлүгүн анык эмес деп таануу менен КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К. Абакировдун финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Кадыракунова Айнура Мелисовнаны каттоо жокко чыгарылсын. 2. КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К. Абакировдун финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн белгиленген үлгүдѳгү каттоо күбѳлүгүн берүү менен Кулжанова Динара Кувайбековна Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К. Абакировдун финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү болуп катталсын. Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бѳлүгүн жетекчликке алып кабыл алынган. БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады
07.12.2020

БШК Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 7-декабрдагы жыйынында Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады. Буга чейин 2020-жылдын 18-ноябрында БШКнын №345-токтому менен 2020-жылдын 7-декабрында Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындалган. Бирок талапкер керектүү сандагы добуш ала албагандыктан шайлоо өткөнү жокко чыгарылган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 49-беренесине, Боршайком 2017-жылдын 6-январында №3-токтому менен бекиткен "Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2020-жылдын 21-декабрында саат 9дан 12ге чейин кайра шайлоо өткөрүүнү дайындаган токтом кабыл алды. Алай аймактык шайлоо комиссиясына кайра шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы №244-токтому менен бекиитилген санитардык=эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүү тапшырылды. КР Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Орток айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
07.12.2020

Орток айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 7-декабрдагы өзүнүн жыйынында, 3-декабрда болуп өткөн Нарын облусунун Нарын районундагы Орток айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун болгонун тааныган  токтом кабыл алды. Бул шайлоону өткөрүү БШКнын 2020-жылдын 14-ноябрындагы №318-токтому менен дайындалган. Орток айыл өкмөтүнүн башчылыгына бир талапкер, Орток айылдык кеңешинен көрсөтүлгөн Эркинбек Өмүрзаков көрсөтүлгөн. 2020-жылдын 3-декабрындагы Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу менен добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Добуш берүүгө айылдык депутаттардын 11нин 9у катышкан. Эркинбек Өмүрзаков 8 добушка ээ болсо, бир бюллетень жараксыз болуп калган, "бардыгына каршы" позициясы боюнча добуш берилген эмес. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 3-декабрдагы протоколу боюнча Эркинбек Өмүрзаков Орток айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Бул шайлоого эч кимден арыз, даттануулар түшкөн эмес.   БШК өз чечимин Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 3-декабрдагы протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерине, "Жергиликтүү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 49-беренесине ылайык кабыл алды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Доулбеков Нурлан Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп шайланды
07.12.2020

Доулбеков Нурлан Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп шайланды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 6-декабрдагы жыйынында 2020-жылдын 2-декабрында Жалал-Абад облусунун  Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгын бекитүү токтомун кабыл алды. Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоону өткөрүү КР Боршайкомунун 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 309 токтому менен дайындалган. Таш-Көмүр шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер – Орозбаев Эрк Нарынбекович «Таш-Көмүр жаштары», Доулбеков Нурлан Турсуналыевич «Ата-Журт», фракцияларынын депутаттарынан көрсөтүлгөн. Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 2-декабрындагы протоколу менен шайлоонун жыйынтыгы аныкталган. Добуш берүүдө Таш-Көмүр шаардык кеңешиндеги 31 депутатын 29 депутаты катышкан. Э.Н. Орозбаев 11 добуш, Н.Т. Доулбеков 18 добушка ээ болгон. "Бардыгына каршы" позициясына 0 добуш болду. Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 2-декабрындагы протоколу менен Доулбеков Нурлан Турсуналыевич Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды. Жалал-Абад облусунун  Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок. БШК тарабынан бул чечим Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык кабыл алынды.     КР БШК Маалыматтык бөлүмү        
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 7-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
07.12.2020

2020–ж. 7-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

                                                                                               Өткөрүү датасы: 07 декабрь 2020-ж.                                                                                                Убактысы:  18 :00                                                                                                Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2020-жылы 2-декабрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоодогу добуш бернүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. 2020-жылы 3-декабрында өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Орток айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Ош облусунун Алай  районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4.  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абакиров Эльдар Курманбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5.2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө.  (баяндамачы – Кутбердиева М.М.., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти) 6.  Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
И. Товкеев документтерин кайтарып алуу үчүн КР БШКга кайрылды
07.12.2020

И. Товкеев документтерин кайтарып алуу үчүн КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 2020-жылдын 7-декабрында, КР жараны Ильгиз Шамшитбекович Товкеев КР Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясыга 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин кайтарып алуу үчүн кайрылды. БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат
07.12.2020

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат

2020-жылдын 7-декабрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчылыгына жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн Нурланбек Жунусов жана Уланбек Эсенали уулу талапкер болуп катталышкан. Добуш берүүгө Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 31 депутатынын бардыгы тең катышып, Нурланбек Жунусов 16 добуш, Уланбек Эсенали уулу 15 добуш алган. Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Нурланбек Жунусов шайланды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат
07.12.2020

Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат

2020-жылдын 7-декабрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө маалымат. Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы болууга талапкер катары жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабына көрсөтүлгөн Эрмек Ормонбек уулу катталган. Добуш берүүгө Гүлчө айылдык кеңешинин 21 депутатынын 18и катышып, Ормонбек уулу Эрмек 10 добушка ээ болгон. "Бардыгына каршы" позициясына 8 депутат добуш берген. Айыл өкмөттүн башчысы болуу үчүн шайлоого талапкер катары катышкан Ормонбек уулу Эрмек талап кылынган сандагы добуш ала албагандыктан, шайлоо жарабай калды деп табылды. КР Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 4-декабрга карата КР Президент кызматына талапкерлердин шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат
07.12.2020

2020-жылдын 4-декабрга карата КР Президент кызматына талапкерлердин шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер талапкердин атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш. КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 4-декабрга банк маалыматтарынын негизинде 20 талапкердин шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди. № и/м КР Президенттигине талапкердин ФАА Келип түштү Чыгымдалды 1 Тольбаев Бабыржан Латиханович 5 202 872 1 587 230 2 Жапаров Садыр Нургожоевич 15 000 000 1 104 045 3 Касенов Аймен Абдыталипович 2 010 305 1 995 520 4 Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 1 560 000 1 550 455 5 Джеенбеков Равшан Бабырбекович 1 110 000 1 103 555 6 Асанов Курсан Сатарович 1 198 000 1 048 735 7 Абакиров Эльдар Курманбекович 1 265 000 1 052 422 8 Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 1 161 000 1 160 860 9 Сегизбаев Абдил Кенешевич 1 509 910 1 474 617 10 Чороев Кубан Аманбекович 1 050 000 1 012 420 11 Байгуттиев Женишбек Сейтбекович 2 534 100 2 523 196 12 Арстанбек Мыктыбек 1 110 000 1 105 160 13 Сооронкулова Клара Сыргакбековна 1 026 900 1 006 300 14 Тагаев Рашид Бакирович 1 722 500 1 604 870 15 Калмаматов Бактыбек Орозалиевич 1 202 020 1 087 165 16 Иманалиев Каныбек Капашович 1 020 000 1 005 450 17 Ташов Имамидин Асамидинович 1 800 000 1 799 810 18 Токтосунов Кубанычбек Абдышевич 1 007 450 1 007 300 19 Исаев Канатбек Кедейканович 1 177 000 1 019 760 20 Кочкоров Улукбек Абдышевич 1 120 000 1 119 901 Бардыгы: 44 787 057 26 368 771 Толугураак маалымат шилтеме аркылуу КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу
Кененирээк билүү >>
БШК КР Президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн 13 талапкердин документтерин кайтарып берди
06.12.2020

БШК КР Президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн 13 талапкердин документтерин кайтарып берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылы 6-декабрындагы жыйналышында “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, ошондой эле КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө берилген арыздардын негизинде КР Президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн төмөнкү 13 талапкердин арыздарын канааттандыруу жана документтерин кайтарып берүү, шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн  ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды: Бакир уулу Т. – КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 13-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 3-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган; Жумагулов Б.С. – КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 14-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 3-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган; Исабеков К.С. – КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 14-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 3-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган; Камчиев Ж. – КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 12-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 3-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган; Малиев А.К. – КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 12-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 3-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган; Сыдыков А.Т. – КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 5-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 3-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган; Темишов Б. – КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 14-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 3-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган; Тукунов А.Ш. – КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 14-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 3-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган; Турдумалиев С.А. – КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 5-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 1-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган; Шер-Нияз С. – КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 12-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 1-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган; Энназаров С.А. – КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 14-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 3-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган; Эсенбеков А.Э. – КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 11-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 3-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган; Маматов А.Д. – КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 14-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 3-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган. “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Президенттин кызмат ордуна талапкер кандай болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. БШК маалымат бөлүмү                      
Кененирээк билүү >>
1 … 269 271 … 483