БШК айрым шайлоо участкаларынын схемасына жана чек араларына ѳзгѳртүүлѳрдү  киргизди

06 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 2020-жылдын 6-декабрында, ѳзүнүн жыйында Бишкек шаарынын аймагындагы жана Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районундагы  Теплоключенко айыл аймагындагы шайлоо участкаларынын схемасына жана чек араларына ѳзгѳртүүлѳрдү  киргизүү тууралуу токтом кабыл алды.

Токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 5, 2020-жылдын 30-январындагы №№ 14, 15, 17, 18, 20, 2020-жылдын 20-мартындагы № 83 токтомдору  менен бекитилген 12 шайлоо участкаларынын схемасына жана чек араларына ѳзгѳртүүлѳрдү  киргизүү жѳнүндѳ Бишкек, Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде кабыл алынды.

БШК ошондой эле Бишкек шаарынын аймагындагы №1001, №1064, №1065, №1201, №1247 шайлоо участкаларын, участкалык шайлоо комиссияларын таркатуу чечимин кабыл алды.

Мындай чечим «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2, 4, 5-пукттарына, 20-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 3-пунктуна,  «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине ылайык кабыл алынды. 

Борбордук шайлоо комиссиясы тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте шайлоо участкаларынын ѳзгѳргѳндүгүнѳ байланыштуу шайлоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

КР БШК  маалымат бѳлүмү