Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

2020–ж. 12-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
12.12.2020

2020–ж. 12-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 12-декабрь 2020-ж. Убактысы: 19.00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Токтосунов Кубанычбек Абдышевичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоодон баш тартуу жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Мадумаров Адахан Кимсанбаевити Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Исаев Канатбек Кедейкановичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Тагаев Рашид Бакировичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. Байгуттиев Женишбек Сейтбековичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. Сооронкулова Клара Сыргакбековнаны Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 8. Касенов Аймен Абдыталиповичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 9. Арстанбек Мыктыбекти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 10. Калмаматов Бактыбек Орозалиевичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 11. Ташов Имамидин Асамидиновичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 12. Асанов Курсан Сатаровичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 13. Иманалиев Каныбек Капашовичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 14. Джеенбеков Равшан Бабырбековичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 15. Абакиров Эльдар Курманбековичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 16. Кочкоров Улукбек Тойчубаевичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 17. Тольбаев Бабыржан Латихановичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 18. Сегизбаев Абдиль Кенешевичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 19. Жапаров Садыр Нургожоевичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 20. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК  А.Мадумаровдун, К.Исаевдин, Б.Асановдун арызын  канаатандыруудан баш тартты
12.12.2020

БШК А.Мадумаровдун, К.Исаевдин, Б.Асановдун арызын канаатандыруудан баш тартты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 12-декбарындагы жыйынында КР Президентинин кызмат ордуна талапкер С. Жапаровду каттоодон баш тартуу тууралуу А.Мадумаровдун, К.Исаевдин, Б.Асановдун 2020-жылдын 9-декбарында КР БШКга келип түшкѳн арызын карады. Арызда КР Конституциясынын 68-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык КР Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган кызмат адамы пассивдүү шайлоо укугун жогото тургандыгы белгиленген. Ушуга байланыштуу С. Жапаров КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо КР Президентинин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз. Ошону менен бирге, арыз ээлери 2020-жылдын 12-ноябрында С, Жапаров КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого катыша тургандыгын жана КР Президентинин ыйгарым укуктарын аткарууну ѳткѳрүп бергендигин, мындай билдирүүсүн 2020-жылдын 14-ноябрында С. Жапаров тарабынан кол коюлган Премьер-министрдин кызматтык ыйгарым укуктарын убактылуу токтото туруу жѳнүндѳ тескемеси менен тастыктагандыгын билдиришкен. Ушуга байланыштуу арыз ээлери С. Жапаров КР Президентинин ыйгарым укуктарын аткаруусун ѳткѳрүп бере алмак эмес, аткени ал ѳзүндѳ КР Премьер-министринин кызмат ордун сактап турган, деп эсептешет. Өзүнүн пассивдүү шайлоо укугун жүзѳгѳ ашыруу жана КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого катышуу үчүн С. Жапаров КР Премьер-министринин кызмат ордунан отставкага кетүүсү зарыл болчу, мына ушул жагдай, арыз ээлеринин пикири боюнча, КР Конституциясынын 68-беренесинин бузууга алып келген. Демек, Борбордук шайлоо комиссиясы С. Жапаровдун КР Президентинин кызмат ордуна кѳрсѳтүү ниети жѳнүндѳ арызын кабыл алууга жана талапкердин ылайык келүүсүн тастыктоо жѳнүндѳ маалымкат берүүгѳ тийиш эмес болчу, бул «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин дептутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» КР конституциялык Мыйзамынын 50-беренесин жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын 6-беренесин бузуу болгон, мыйзамга ылайык БШК талапкерлер үчүн бирдей укуктук шарттарды камсыз кылууга тийиш. КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу ѳкүлү А.С. Мошин А.Мадумаровдун, К.Исаевдин, Б.Асановдун арызына жазуу жүзүндѳгү каршы пикирин билдирди, анда КР Конституциясынын 68-беренесинин 2-бѳлүгүнүн талаптары КР Президентинин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан адамга карата жайылтыла тургандыгы баяндалган. БШКга арыз берген учурда С. Жапаров КР Президентинин милдеттерин аткарган адам эмес болчу, анткени КР Конституциясынын 66-беренесине ылайык ал эл алдында КР Президентинин милдетин аткаруу боюнча ыйгарым укуктарын ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ билдирүү жасаган. «Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү жѳнүндѳ» КР конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык КР Премьер-министринин милдеттерин аткаруу КР биринчи вице-премьер-министрине жүктѳлгѳн, ошондуктан талапкер С. Жапаровдо пассивдүү шайлоо укугунун жоктугун тастыктаган кандайдыр бир мыйзамдуу жана иш жүзүндѳ негиздер жок. Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча Жумушчу топтун жыйынында арыз ээлеринин, кызыкдар тараптардын ѳкүлдѳрүнүн катышуусунда А.Мадумаровдун, К.Исаевдин, Б.Асановдун арызын канаатандыруудан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынды. Борбордук шайлоо комиссиясы ѳзүнүн жыйынында жогоруда аталган Жумушчу топтун маалыматын жана чечимин укту жана талкуулады. КР Президентинин кызмат ордуна талапкер катары кѳрсѳтүлгѳн учурда С. Жапаров КР Президентинин ыйгарым укуктарын ѳткѳрүп бергендиги жана КР Премьер-министринин кызматтык милдеттерин аткаруусун токтоткондугу белгиленди. Баяндалгандардын негизинде, Борбордук шайлоо комиссиясы КР Президентинин кызмат ордуна талапкер С. Жапаровдун документтерин кабыл алууда КР БШКнын иш-аракеттеринин мыйзамсыз экендиги жѳнүндѳ арыз ээлеринин жүйѳсүн негизсиз деп эсептейт. Мына ушундай шартта Борбордук шайлоо комиссиясы А.Мадумаровдун, К.Исаевдин, Б.Асановдун арызы канаатандырылууга жатпайт деп эсептейт. Чечим баяндалгандардын негизинде, КР Конституциясынын 6, 68-беренелеринин, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» КР конституциялык Мыйзамынын 21, 43-беренелерин, “Ченемидк укуктук актылар жѳнүндѳ” КР Мыйзамынын 31-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субьекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароонун тартиби жѳнүндѳ жобону жетекчиликке алып кабыл алынды. КР БШК маалымат бѳлүмү  
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 11-декабрга карата КР Президент кызматына талапкерлердин шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат
12.12.2020

2020-жылдын 11-декабрга карата КР Президент кызматына талапкерлердин шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат

  «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер талапкердин атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш. КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 11-декабрга банк маалыматтарынын негизинде 18 талапкердин шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди.   № и/м КР Президеттигине талапкердин ФАА Келип түштү Чыгымдалды 1 Тольбаев Бабыржан Латиханович 5 202 872 2 062 375 2 Жапаров Садыр Нургожоевич 19 017 600 17 718 020 3 Касенов Аймен Абдыталипович 2 310 305 1 995 520 4 Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 1 560 000 1 550 455 5 Джеенбеков Равшан Бабырбекович 1 110 000 1 103 555 6 Асанов Курсан Сатарович 1 483 000 1 048 735 7 Абакиров Эльдар Курманбекович 1 265 000 1 052 422 8 Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 1 163 100 1 160 860 9 Сегизбаев Абдил Кенешевич 1 509 910 1 485 634 10 Байгуттиев Женишбек Сейтбекович 2 934 100 2 533 216 11 Арстанбек Мыктыбек 1 110 000 1 105 160 12 Сооронкулова Клара Сыргакбековна 1 026 900 1 012 450 13 Тагаев Рашид Бакирович 3 722 500 1 627 607 14 Калмаматов Бактыбек Орозалиевич 1 302 020 1 176 705 15 Иманалиев Каныбек Капашович 1 020 000 1 007 620 16 Ташов Имамидин Асамидинович 1 800 000 1 799 810 17 Исаев Канатбек Кедейканович 1 177 000 1 055 065 18 Кочкоров Улукбек Абдышевич 1 121 500 1 121 482 Бардыгы: 49 835 807 41 616 691   Толугураак маалымат шилтеме аркылуу КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы 23 эл аралык байкоочуну аккредитациялады
12.12.2020

КР БШКсы 23 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 12-декабрдагы жыйынында ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун (ДИАУБ) 21 өкүлүн, РФ БШКнан 1 өкүлдү, К. Аденауэр фондунан 1 өкүлдү Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочу катары аккредитациялоо чечимин кабыл алды. 2020-жылдын 12-декабрына карата БШК 19 өлкөдөн 9 эл аралык уюмдардан 78 эл аралык байкоочуларды аккредитациялады. КРдагы Ханнс Зайдель фондунун өкүлчүлүгүнөн - 1 байкоочу, шайлоо системаларынын эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгүнөн - 1 байкоочу, Молдова БШК - 2 байкоочу, КМШ ПАА - 34 байкоочу, КМШ миссиясы - 4 байкоочу, Азербайжан БШК - 1 байкоочу, ЕККУ ДИАУБ - 33 байкоочу, РФ БШК - 1 байкоочу, К. Аденауэр атындагы фонддон - 1 байкоочу катталды. Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-21-пункттарына, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы шайлоодо жана референдумда эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ыйгарым укуктары, статусу жана ишмердигинин тартиби жөнүндө” Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5 бөлүктөрүнө ылайык кабыл алынды.  КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
12.12.2020

БШК айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 12-декабрдагы жыйынында Бишкек шаарынын, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын аймактарындагы төмөнкү шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүүчү токтом кабыл алды. Бишкек шаары боюнча - Абдрахманов көчөсү 230а дарегиндеги М. Жангазиев атындагы кыргыз мамлекеттик куурчак театрында жайгашкан №1315-шайлоо участогу Абдрахманов көчөсү 230а көчөсүндөгү Б. Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрына өзгөртүлдү. Жалал-Абад шаарындагы Кара-Көл шаары боюнча - Серый 1 көчөсүндөгү маданият үйүнүн имаратында жайгашкан №2250-шайлоо участогу, Серый 2 көчөсүндө жайгашкан №3-М. Фрунзе атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлдү. Чечим Бишкек жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын айрым шайлоо участокторунун даректерин шайлоо участогунда жылуулуктун жоктугунан өзгөртүү боюнча чечимдеринин негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-4-пункттарына ылайык кабыл алынды. Бишкек жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо участокторунун даректери өзгөргөндүгү боюнча шайлоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
12.12.2020

БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 12-декабрдагы жыйынында Лейлек жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, ваканттык депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки депутаттыкка талапкерлерге берүү жөнүндөгү чечимдерин бекитүү токтомун кабыл алды. Лейлек районунан: Исфана шаардык кеңешинен - Абдурасул Комиловдун ыйгарым укуктары жеке арызына байланыштуу токтотулуп, анын мандаты жеке ишкер Зокиржан Баратовго ыйгарылды. Жайыл районунан: Кара-Балта шаардык кеңешинен - Данияр Шакирбаев депутаттык кызмат менен бирге иштөөгө болбой турган кызматка кеткендигине байланыштуу анын мандаты жеке ишкер Саламат Закировго берилди. Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, алардын ваканттык депутаттык мандаттарын шайланган депутаттардан кийинки депутаттыкка талапкерлерге берүүнү Лейлек жана Жайыл аймактык шайлоо комиссиялары, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алышкан. КР БШКсы өз чечимин "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине, "Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Ош АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
12.12.2020

БШК Ош АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 12-декабрдагы жыйынында  Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүү киргизүү токтомун кабыл алды: - комиссиянын курамынан "Бир бол" мамлекеттик биримдик жана патриотизм саясый партиясынан кирген Шумкарбек Алимбаев чыгарылды; - комиссиянын резервинен курамына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Айкөкүл Калыбекова киргизилди. Чечим Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгуу жөнүндө Ш. Алимбаевдин арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 77-18-19-беренелерине, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 21-1-беренелеринин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, КР БШКсы 2011-жылдын 18-октябрындагы №375-токтому менен бекиткен "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана алып баруунун тартиби жөнүндө" Жобого ылайык кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 12-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
12.12.2020

2020–ж. 12-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 12 декабрь 2020-ж. Убактысы: 16 :30 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Лейлек жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Бишкек шаары жана Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө (баядамачы – Уметалиев А.Т. - эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы) 5. А.Мадумаров, К.Исаев, Б.Асановдун арызы жөнүндө. (баядамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 6. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК А. Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
11.12.2020

БШК А. Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 11-декабрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн А. Мадумаровдун 9-декабрдагы арызынын негизинде мурда дайындалган финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү чакыртып алып анын ордуна башка ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоону "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комисиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-19-пункттарына ылайык токтом кылды: 1. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Адахан Мадумаровдун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Анара Байсалованын КР БШКсы тарабынан 2020-жылдын 11-ноябрындагы катталуусу жана ыйгарым укуктуу өкүлгө берилген каттоо күбөлүгү жокко чыгарылсын. 2. Мирлан Полотов Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Адахан Мадумаровдун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР Президенти кызматына 12 талапкерди каттоодон баш тартты
11.12.2020

БШК КР Президенти кызматына 12 талапкерди каттоодон баш тартты

БШК КР Президенти кызматына 12 талапкерди каттоодон баш тартты  КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 11-декабрдагы жыйынында КР Президенттигине 12 талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө маселени карады. Алардын ичинен 3 талапкерге шайлоо фондун түзбөгөндүгү ага ылайык шайлоо күрөөсүн төкпөгөндүгү, ошондой эле "КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамына ылайык шайлоочулардын кол тамгаларын көрсөтпөгөндүгү үчүн каттаган жок. 1. Назарбек Нышанов; 2. Бакыт Романов; 3. Бакыт Керимбеков. КР Президенти кызматына 9 талапкерди "КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамына ылайык зарыл болгон шайлоочулардын кол тамгаларын көрсөтпөгөндүгү ошондой эле шайлоо күрөөсүн койбогондугу үчүн аларды каттоодон баш тартылды. 1. Элеонора Турдубекова; 2. Урустем Кабылбеков;  3. Токтайым Уметалиева; 4. Медер Болгомбаев;  5. Ербол Токтогулов;  6. Айбек Эркетаев;  7. Жаныбек Сүйүналиев;  8. Мирлан Калыбеков;  9. Самат Ибраев. КР БШКсы бул чечимди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 49-52-53-54-беренелерин жетекчиликке алып жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комисссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-18-беренелерине ылайык шайлоо фонддорун түзбөгөндүгү жана каттоого зарыл болгон документтерди көрсөтпөгөндүгүнө байланыштуу кабыл алды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызматына 18 талапкердин кол тамгаларды жыйноо баракчаларын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө кол тамгалар коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун протоколдорун бекитти
11.12.2020

КР БШКсы КР Президентинин кызматына 18 талапкердин кол тамгаларды жыйноо баракчаларын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө кол тамгалар коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун протоколдорун бекитти

БШКнын 11-декабрдагы жыйынында КР Президентинин кызматына 18 талапкердин кол тамгаларды жыйноо баракчаларын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө кол тамгалар коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун протоколдору бекитилди. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 52-беренесинин 8-бөлүгүнүн негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерди колдоо үчүн шайлоочулардын кол тамгаларын жана талапкерлер менен алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү көрсөткөн кол коюлган барактардагы кол тамгалардын аныктыгын текшерүүнүн тартиби жөнүндө" Инструкциянын 48-пунктуна ылайык, кол тамгалардын аныктыгын текшерүү КР Президенти кызматына талапкерди колдоо үчүн шайлоочулардын кол тамгаларынын аныктыгы 30 миңге жеткиче текшерилет. Жумушчу топтун маалыматына ылайык, шайлоочулардын анык кол тамгалары төмөнкү талапкерлерде аныкталды: 1. Бабыржан Тольбаев; 2. Садыр Жапаров;  3. Аймен Касенов;  4. Арстанбек Абдылдаев;  5. Равшан Жээнбеков;  6. Курсан Асанов;  7. Эльдар Абакиров;  8. Адахан Мадумаров;  9. Абдил Сегизбаев;  10. Жеңишбек Байгуттиев;  11. Мыктыбек Арстанбек;  12. Клара Сооронкулова;  13. Рашид Тагаев;  14. Бактыбек Калмаматов;  15. Каныбек Иманалиев;  16. Имамидин Ташов;  17 Канатбек Исаев;  18.  Улукбек Кочкоров. Кол тамгалар коюлган баракчаларды текшерүү процедурасы КР Президенти кызматына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда, ошондой эле ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда аткарылды. Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол тамгалар коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү процедураларына эскертүү беришкен жок. Андан мурда жумушчу тобу эки талапкердин К. Чороев менен К. Токтосуновдун шайлоочулардан топтогон кол тамгаларын жараксыз деп тапкан. КР БШКнын 7-декабрдагы чечиминин үстүнөн К. Чороев Бишкектеги Административдик сотко арыз жазды, ишти кароо күтүлүп жатат. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту
11.12.2020

БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту

 КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 11-декабрдагы жыйынында Ысык-Көл, Жети-Өгүз жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу жана ваканттык депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин келе жаткан талапкерлерге берүү чечимин бекитүү токтомун кабыл алды. Ысык-Көл району боюнча: Бостери айылдык кеңешинен Айбек Жапаровдун депутаттык кызмат менен бирге иштей албай турган кызматка барышына байланыштуу анын ыйгарым укугу токтотулуп, мандаты пенсионер Венера Усубалиевага берилди. Ананьево айылдык кеңешинен Бактыгул Ахматовдун депутаттык иш менен бирге иштөөгө болбой турган кызматка баргандыгына байланыштуу ыйгарым укугу токтотулуп, мандаты фермер Бактыбек Базаркуловго берилди. Жети-Өгүз району: Ак-Дөбө айылдык кеңешинен Медербек Салакуновдун ыйгарым укугу анын көзү өткөндүгүнө байланыштуу токтотулуп, мандаты Ак-Дөбөдөгү жеке менчик чарбалык мектептин бөлүм башчысы Кудайберди Усеновго берилди. Светлая Поляна айылдык кеңешинен Рыскул Калдыматовдун ыйгарым укугу жеке арызына байланыштуу токтотулуп, мандаты Жети-Өгүз электрстанциясынын инженери Алмаз Рыскелдиевге тапшырылды. Тоң району: Төрт-Күл айылдык кеңешинен Айбек Тилебалдиевдин ыйгарым укугу жеке арызына байланыштуу токтотулуп, мандаты "Карды-Жарык" АВП жетекчиси Курманбек Эсентуровго берилди. Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп, ваканттык депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге берүү Ысык-Көл, Жети-Өгүз жана Тоң аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган. БШК өз чечимин "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине, "Жергиликтүү депутаттардын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
11.12.2020

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

 КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 11-декабрдагы жыйынында, Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону таануу токтомун кабыл алды. КР БШКсы 18-ноябрдагы №345-токтому менен 2020-жылдын 7-декабрында Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындаган. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчылыгына жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн Нурланбек Жунусов жана Уланбек Эсенали уулу талапкер болуп катталышкан. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы белгилүү болду. Добуш берүүгө Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 31 депутатынын бардыгы тең катышып, Нурланбек Жунусов 16 добуш, Уланбек Эсенали уулу 15 добуш алган. Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Нурланбек Жунусов шайланган. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого арыздар, даттануулар түшкөн эмес. КР БШКсы өз токтомун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 7-декабрдагы протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерине, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 49-беренесине ылайык кабыл алды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланды
11.12.2020

Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 11-декабрдагы жыйынында 3-декабрда болуп өткөн Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоого добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитүү токтомун кабыл алды. КР БШКсы 2020-жылдын 13-ноябрында №309-токтому менен мэрди шайлоону дайындаган. Жалал-Абад шаарынын мэри кызматына 2 талапкер - шаардык депутаттардын "Ак-Тилек" коалициялык көпчүлүгү тарабынан Эрнисбек Ормоков, "Республика" фракциясынын депутаттары тарабынан Эрнист Зияйдинов көрсөтүлгөн. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 3-декабрдагы протоколу менен добуш берүүнүн жыйынтыгы аныкталган. Добуш берүүгө Жалал-Абад шаардык кеңешинин 31 депутатынын 28и катышып, Эрнисбек Ормоков 28 добушка ээ болгон. Эрнист Зияйдинов бир дагы добушка ээ болгон эмес, "бардыгына каршы" позициясына да эч ким добуш бербеген. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 3-декабрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгынын протоколу боюнча Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланган. Бул шайлоого эч кимден арыздар, даттануулар түшкөн эмес. БШК өз токтомун Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерине, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 43-беренесине ылайык кабыл алды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда шайлоочулардын добуштарын ачык-айкын каттоого бардык шарттар түзүлгөн
11.12.2020

Кыргызстанда шайлоочулардын добуштарын ачык-айкын каттоого бардык шарттар түзүлгөн

Бул тууралуу КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова “Шайлоо процессинин маалыматтык камсыздоо ишинин өзгөчөлүктөрү, шайлоодо жаштардын ролу жана добуш сатып алуунун алдын алуу." аталыштагы тегерек столдо билдирди. Анын айтымында өлкөдө шайлоо өнөктүгүнүн жакшырышы орун алды, бирок Кыргызстан үчүн эл аралык стандарттагы демократиялык, адилеттүү шайлоо системасына шайкеш келтирүү жумуштары алдыда турат. “Шайлоо системасын реформалоодо ачык-айкындуулук приоритеттүү маселе катары коюлду. БШК улуттук шайлоо системасын реформалоонун негизинде добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууда анын аныктыгына жетише алдык деп ишенимдүү айта аламын. Мындай деңгээлдеги ачык-айкындуулук көпчүлүк өлкөлөрдө жок. Биздин өлкөдө ондогон жылдар бою добуштардын жыйынтыгын фальсификациялоо орун алып, “Бир шайлоочу-бир добуш” принциби камсыздалган эмес. Добуш берүүнүн бурмаланышын жана фальсификациялоону одоно колдонууну жокко чыгаруучу системаны түзүү талабы коюлду. Автоматтык эсептөөчү урналар, идентификациялоо технологиясы аркылуу шайлоонун айкындыгын камсыздашын баалоо жана түшүнүү келечектеги маселе” – деп билдирди Нуржан Шайлдабекова. Шайлоо процессинде жалпы шайлоочулардын ичинен 30%ды жаштар түзөт жана чоң роль ойнойт. Жаштардын активдүулүгү 2017-жылдагы шайлоолордо улуу муунга салыштырмалуу 15%ды түздү. “Өткөн 2017-жылдагы шайлоолордо 1,7 млн. шайлоочу катышты. Талапкер, 900 миң добуш алып президент болду. Демек өлкөдө 1,5 млн. болгон жаштар, өздөрү мамлекет башчысын жана парламентти шайлай алат. Болгону активдүү добуш берүүлөрү зарыл”, - деп белгиледи БШКнын төрагасы. Ошондой эле республикада шайлоо системасынын инклюзивдүүлүгүнө басым жасады. “ДМЧАга карата маалыматтарды алуу жана участокторго жеткиликтүүлүк камсыздалган. Шайлоолорго катышуу боюнча ДМЧАга карата Кыргызстандын мыйзамдары ЕККУ тарабынан алдыда деп белгиленген. Ар бир ДМЧ шайлоочунун дене жаракаты тууралуу муктаждык картасы ар бир шайлоо участокторуна киргизилген. Ошондой эле, Брайлдын шрифтери менен атайын форматта 1% маалымат материалдарын чыгаруу милдеттендирилген. Өткөн шайлоолордо баардык талапкерлер коюлган талаптарды карманышкан. Өз кезегинде БШК атайын форматтагы Конституцияны жана башка материалдарды чыгарып ЖОЖдорго жана библиотекага өткөрүп берди. Шайлоо участоктор 2017-жылы пандус 29%га, 2020-жылдын октябрь айында 75%га камсыздалган. Учурда шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүн 100%га жеткирүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына милдеттендирди”- деди Н.Шайлдабекова. БШК тарабынан камсыздалган каржы айкындуулугу боюнча айтып жатып, КР БШКнын башчысы шайлоо фондусуна өз кирешесине дал келбеген суммадагы каражат салгандар боюнча текшерүүлөр башталганын белгиледи. “Саясий кызматка көрсөтүлгөндөр салык төлөмдөрүн жашырбаганы абдан маанилүү. Баардык демократиялык коомдогу жарандардын алдында саясатчылардын ушундай жоопкерчилиги маанилү” – деди ал. Тегерек стол КРдагы Эл аралык шайлоо системасы фондунун өкүлчүлүгү (IFES) тарабынан USAIDдин колдоосунда уюштурулуп, жалпыга маалымдоо каражаттары менен социалдык тармактардын активдүү пайдалануучуларын бириктирди. Тегерек столдун катышуучулары коомчулуктун эрк ниетин билдирүүсүндөгү негизги механизмдери болгон шайлоо процессинде жаштардын активдүүлүгү эркин жана адилеттүү шайлоолорду уюштуруу үчүн ишенимдүү маалыматтар менен камсыздоонун маанисин талкуулашты. ЖМКнын өкүлдөрү Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшүндө чыңалуу учурлары менен коштолуучу шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча суроолорду көтөрүштү. Тегерек столдо 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча “Медиа өнүктүрүү борбору” коомдук фонду жүргүзгөн ЖМКдын мониторингинин натыйжалары көрсөтүлдү. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 11-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
11.12.2020

2020–ж. 11-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 11 декабрь 2020-ж. Убактысы: 18:30 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2020-жылдын 3-декабрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. 2020-жылдын 7-декабрында өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин колтамга чогултуу баракчаларын текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө (баядамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Нышанов Назарбек Айтбековичти каттоодон баш тартуу жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Турдубекова Элеонора Маратовнаны каттоодон баш тартуу жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Кабылбеков Урустам Кубанычбековичти каттоодон баш тартуу жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 8. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Уметалиева Токтайым Джумаковна каттоодон баш тартуу жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 9. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Болгомбаев Медер Кадыркуловичти каттоодон баш тартуу жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 10. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Романов Бакыт Асылбековичти каттоодон баш тартуу жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 11. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Токтогулов Ербол Бекиновичти каттоодон баш тартуу жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 12. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Эркетаев Айбек Шарабидиновичти каттоодон баш тартуу жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 13. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сүйүналиев Жаныбек Курманкановичти каттоодон баш тартуу жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 14. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Керимбеков Бакыт Макеновичти каттоодон баш тартуу жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 15. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Калыбеков Мирлан Калыбековичти каттоодон баш тартуу жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 16. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ибраев Самат Кулукеевичти каттоодон баш тартуу жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 17. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 18. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
1 … 267 269 … 483