Башкы Жаңылыктар БШК А.Мадумаровдун, К.Исаевдин, Б.Асановдун арызын канаатандыруудан баш тартты

БШК А.Мадумаровдун, К.Исаевдин, Б.Асановдун арызын канаатандыруудан баш тартты

12-Дек, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 12-декбарындагы жыйынында КР Президентинин кызмат ордуна талапкер С. Жапаровду каттоодон баш тартуу тууралуу А.Мадумаровдун, К.Исаевдин, Б.Асановдун 2020-жылдын 9-декбарында КР БШКга келип түшкѳн арызын карады.

Арызда КР Конституциясынын 68-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык КР Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган кызмат адамы пассивдүү шайлоо укугун жогото тургандыгы белгиленген. Ушуга байланыштуу С. Жапаров КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо КР Президентинин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз. Ошону менен бирге, арыз ээлери 2020-жылдын 12-ноябрында С, Жапаров КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого катыша тургандыгын жана КР Президентинин ыйгарым укуктарын аткарууну ѳткѳрүп бергендигин, мындай билдирүүсүн 2020-жылдын 14-ноябрында С. Жапаров тарабынан кол коюлган Премьер-министрдин кызматтык ыйгарым укуктарын убактылуу токтото туруу жѳнүндѳ тескемеси менен тастыктагандыгын билдиришкен. Ушуга байланыштуу арыз ээлери С. Жапаров КР Президентинин ыйгарым укуктарын аткаруусун ѳткѳрүп бере алмак эмес, аткени ал ѳзүндѳ КР Премьер-министринин кызмат ордун сактап турган, деп эсептешет.

Өзүнүн пассивдүү шайлоо укугун жүзѳгѳ ашыруу жана КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого катышуу үчүн С. Жапаров КР Премьер-министринин кызмат ордунан отставкага кетүүсү зарыл болчу, мына ушул жагдай, арыз ээлеринин пикири боюнча, КР Конституциясынын 68-беренесинин бузууга алып келген. Демек, Борбордук шайлоо комиссиясы С. Жапаровдун КР Президентинин кызмат ордуна кѳрсѳтүү ниети жѳнүндѳ арызын кабыл алууга жана талапкердин ылайык келүүсүн тастыктоо жѳнүндѳ маалымкат берүүгѳ тийиш эмес болчу, бул «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин дептутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» КР конституциялык Мыйзамынын 50-беренесин жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын 6-беренесин бузуу болгон, мыйзамга ылайык БШК талапкерлер үчүн бирдей укуктук шарттарды камсыз кылууга тийиш.

КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу ѳкүлү А.С. Мошин А.Мадумаровдун, К.Исаевдин, Б.Асановдун арызына жазуу жүзүндѳгү каршы пикирин билдирди, анда КР Конституциясынын 68-беренесинин 2-бѳлүгүнүн талаптары КР Президентинин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан адамга карата жайылтыла тургандыгы баяндалган. БШКга арыз берген учурда С. Жапаров КР Президентинин милдеттерин аткарган адам эмес болчу, анткени КР Конституциясынын 66-беренесине ылайык ал эл алдында КР Президентинин милдетин аткаруу боюнча ыйгарым укуктарын ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ билдирүү жасаган. «Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү жѳнүндѳ» КР конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык КР Премьер-министринин милдеттерин аткаруу КР биринчи вице-премьер-министрине жүктѳлгѳн, ошондуктан талапкер С. Жапаровдо пассивдүү шайлоо укугунун жоктугун тастыктаган кандайдыр бир мыйзамдуу жана иш жүзүндѳ негиздер жок.

Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча Жумушчу топтун жыйынында арыз ээлеринин, кызыкдар тараптардын ѳкүлдѳрүнүн катышуусунда А.Мадумаровдун, К.Исаевдин, Б.Асановдун арызын канаатандыруудан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Борбордук шайлоо комиссиясы ѳзүнүн жыйынында жогоруда аталган Жумушчу топтун маалыматын жана чечимин укту жана талкуулады. КР Президентинин кызмат ордуна талапкер катары кѳрсѳтүлгѳн учурда С. Жапаров КР Президентинин ыйгарым укуктарын ѳткѳрүп бергендиги жана КР Премьер-министринин кызматтык милдеттерин аткаруусун токтоткондугу белгиленди.

Баяндалгандардын негизинде, Борбордук шайлоо комиссиясы КР Президентинин кызмат ордуна талапкер С. Жапаровдун документтерин кабыл алууда КР БШКнын иш-аракеттеринин мыйзамсыз экендиги жѳнүндѳ арыз ээлеринин жүйѳсүн негизсиз деп эсептейт.

Мына ушундай шартта Борбордук шайлоо комиссиясы А.Мадумаровдун, К.Исаевдин, Б.Асановдун арызы канаатандырылууга жатпайт деп эсептейт.

Чечим баяндалгандардын негизинде, КР Конституциясынын 6, 68-беренелеринин, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» КР конституциялык Мыйзамынын 21, 43-беренелерин, “Ченемидк укуктук актылар жѳнүндѳ” КР Мыйзамынын 31-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субьекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароонун тартиби жѳнүндѳ жобону жетекчиликке алып кабыл алынды.

КР БШК маалымат бѳлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>