БШК Ош АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
12 декабря 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 12-декабрдагы жыйынында Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүү киргизүү токтомун кабыл алды:
- комиссиянын курамынан "Бир бол" мамлекеттик биримдик жана патриотизм саясый партиясынан кирген Шумкарбек Алимбаев чыгарылды;
- комиссиянын резервинен курамына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Айкөкүл Калыбекова киргизилди.
Чечим Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгуу жөнүндө Ш. Алимбаевдин арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 77-18-19-беренелерине, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 21-1-беренелеринин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, КР БШКсы 2011-жылдын 18-октябрындагы №375-токтому менен бекиткен "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана алып баруунун тартиби жөнүндө" Жобого ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
