Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК Ысык-Көл облусунун укук коргоо органдары үчүн тренинг өткөрдү
10.12.2020

КР БШК Ысык-Көл облусунун укук коргоо органдары үчүн тренинг өткөрдү

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы "Жарандык платформа" коомдук фонду менен биргеликте Бишкектеги ОБСЕнин программалык офисинин колдоосу менен, Ысык-Көл облусунун укук коргоо органдары - ички иштер органдарынын жана прокуратура кызматкерлери үчүн окутуучу семинар өткөрдү. Каракол шаарында жана Чок-Тал айылында ыкчам аракет кылуучу координациялык топтун ишмердигин өркүндөтүү максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн бир күндүк семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинарда шайлоонун жүрүшүндөгү мыйзам бузууларды квалификациялоо маселелери, шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн юридикалык жоопкерчиликтин түрлөрү, шайлоочулардын тизмесин түзүү процессинде, агитациялык иштердин жүрүшүндө мыйзамдуулукту камсыздоо, добуш берүү күнүндө шайлоо участокторундагы коопсуздукту жана мыйзамдуулукту түздөн-түз камсыздоо маселелери талкууланды. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн тренинг, 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын добушун сатып алууга, административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдаланууга каршы багытталган. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө административдик ресурсту пайдалануу жана шайлоочулардын добуштарын сатып алуу болсо кандай жоопкерчиликтер каралаарын айтып беришип, ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулушу жана юридикалык жоопкерчиликтин ченемдерин колдонуу тартиби боюнча  башка кейстерди да көрсөтүштү. Тренинг эгер административдик ресурс кыянаттык менен колдонулса жана шайлоочулардын добуштарын сатып алуулар болсо кандай жоопкерчиликтер каралаары боюнча практикалык тапшырмаларды талдоо менен коштолду. Ошондой эле тартипте шайлоо мыйзамдары бузулса да юридикалык жоопкерчиликтин ченемдерин колдонуу тартиби боюнча кейстердин түрү талкууланды. Ысык-Көл облусунда өткөн семинар-тренинг республиканын бардык аймактарында анын ичинде Бишкекте да өткөн тренингдерди жыйынтыктоочу болуп калды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жана ОБСЕ БДИПЧ алдыда болуучу КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого даярдыктарды талкуулады
10.12.2020

КР БШК жана ОБСЕ БДИПЧ алдыда болуучу КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого даярдыктарды талкуулады

Бүгүн, 2020-жылдын 10-декабрында, КР Шайлоо жана референдумѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасы Н. Шайлдабекова менен Тамаш Месерич башында турган ОБСЕ БДИПЧ миссиясынын мүчѳлѳрү менен жолугушуу болуп ѳттү. Жолугушууда КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо ОБСЕ БДИПЧтин ишмердигине тийиштүү маселелер талкууланды. КР БШК азыркы учурда КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо процесси жүрүп жаткандыгын, ал 2020-жылдын 14-декабрына чейин улантыларын маалымдады. 15-декабрдан тартып үгүт жүргүзүү мезгили башталат. КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону ѳткѳрүү мѳѳнѳтүн чейрекке кыскартуу теледебаттардын активдүү программалары менен орду толукталат. Ошондой эле, шайлоонунун инклюзивдүүлүгүнѳ, шайлоочулардын тизмесин тактоого байланышту, анын ичинде шайлоо участкаларын ѳзгѳртүү тууралуу арыздарды (2-форма) жокко чыгаруу түрүндѳгү активдүү иштер жүргүзүлүүдѳ. ОБСЕ БДИПЧ программалык офисинин колдоосу менен КР БШК бардык обулустарда 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо шайлоочуларды сатып алууга жана административдик ресурстарды пайдаланууга каршы аракеттенүү боюнча укук коргоо органдары үчүн окутуу тренингин ѳткѳрүүдѳ. КР Өкмѳтү менен бирдикте Мыйзамдын алкагында шайлоону ѳткѳрүүгѳ даярдыктар боюнча активдүү иштер: биометиркалык каттоодон ѳтүү боюнча шайлоочулардын арасында маалыматтык-консультативдик иштерди жүргүзүү, шайлоочулардын тизмесинен ѳздѳрүн тактоо, ошондой эле административдик ресурстар пайдаланылган, шайлоочуларды сатып алуулар жана башка мыйзам бузуулар болгон учурда ыкчам таасир этүү чараларын кѳрүү, участкаларда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүүдѳ. ОБСЕ БДИПЧ миссиясынын башчысы Т.Месерич алдыдагы шайлоого байкоочу катары чакыргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына ыраазычылык билдирди. Өзүнѳн башка дагы 13 эксперт миссияга киргенин, алар Бишкеке келишкенин билдирди. Ошондой эле 22 узак мѳѳнѳттүү байкоочулардын келиши күтүлүүдѳ, алар 15-декабрдан тартып тийиштүү аймактарга бүткүл ѳлкѳ боюнча бѳлүштүрүлѳрүн кабарлады. Т. Месерич талапкерлерди жана шайлоочуларды каттоону, шайлоо ѳнѳктүгүнүн жүрүшүн, шайлоо комиссияларынын жана мамлекеттик түзүмдѳрдүн иштерин, шайлоо мыйзамдарынын сакталышын жана ОБСЕ алкагындагы стандарттага ылайык шайлоо талаш-тартыштарын чечүүнү кошуп алганда, байкоочулар шайлоонун негизги аспектилерин кылдат кѳзѳмѳлдѳѳнү жүргүзѳ тургандыгын белгиледи. ОБСЕ БДИПЧ миссиясы ѳзүнүн ишинин жыйынтыктары боюнча 2 жумадан кийин аралыктагы отчетун берет. КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого мониторинг боюнча толук отчетту шайлоодон кийин 8 жуманынын ичинде берет. КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ош облусунун Ноокат районунда кеңешме өткөрдү
09.12.2020

КР БШК Ош облусунун Ноокат районунда кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  Н. Шайлдабекованын төрагалыгы алдында төмөн турган аймактык (АШК) жана участкалык (УШК) шайлоо комиссиялары менен Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдануу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге Ноокат райондук мамлекеттик администрациянын башчысы – акими Марипов Бакытбек Асамидинович, Ош облусунун Ноокат районунун аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын  (101 УШК) төрагалары катышты. Кеңешменин жүрүшүндө КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн уюштуруу маселелери талкууланды, комиссиялардын ишиндеги айрым каталарды жоюу боюнча иш жүргүзүүнүн, добуш берүү жана добуштарды анык саноонун жол-жоболорун катуу сактоонун, идентификация жана добуштарды автоматтык түрдө саноочу АЭУ жабдыктарын пайдалануу көндүмдөрүн жакшыртуунун, маалыматтарды өткөрүп берүүнүн зарылдыгы белгиленди. Эркин шайлоонун негизи катары добуш берүүнүн купуялыгын камсыздоо өзгөчө мааниге ээ. Шайлоочулардын өздөрү тарабынан добуш берүүнүн купуялыгын ачуу учурлары (сүрөткө тартуу ж.б.) көбөйгөндүгүнө байланыштуу мындай фактыларга карата чара көрүүнүн алгоритми талкууланды: бюллетень жараксыз (бузулган) деп таанылышы мүмкүн, шайлоочу комиссиянын мыйзамдуу талаптарын (добуш берүүнүн купуялыгын сактоо, бюллетенди сүрөткө жана көрмөгө тартууга тыюу салуу) аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Өткөрүлгөн КР ЖК депутаттарын шайлоонун сабактарын эске алып, шайлоонун жүрүшүндө мыйзамдарды бузууларга карата натыйжалуу ыкчам чара көрүү жана көрүлгөн чаралар тууралу коомчулукка өз убагында маалымдоо боюнча шайлоо комиссияларынын укук коргоо органдары менен өз ара тыгыз аракеттешүүсүн камсыздоо милдети коюлду. Район, шаарлардагы АШКлар алдындагы ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор өз иштерин КР БШКнын борбордук ыкчам чара көрүүчү координациялык тобу менен өз ара аракеттешип жүргүзүүлөрү керек. УШКлар менен АШКларга түшкөн бардык даттануулар БШКнын сайтына – Даттануулардын  жана бузуулардын бирдиктүү реестрине ыкчам түрдө өткөрүлүүгө тийиш экендиги белгиленди. Ошондой эле билим берүү кызматкерлеринин шайлоо процессине катышуусу жөнүндө маселе талкууланды, билим берүү кызматкерлерин үгүт жана КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоого колтамгаларды чогултуу процессине тартууга жол берилбестиги белгиленди. КР БШК төрагасы мугалимдердин шайлоо комиссияларындагы иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди, алардын компетенциясы жана жоопкерчилиги шайлоо тутумунун иштешинин маанилүү негизи болуп саналат. Ошону менен бирге Бузуулар жөнүндө кодексте шайлоону даярдоо мезгилинде комиссия мүчөлөрүнө эмгек акысын сактоо менен эмгек өргүү бербегендик үчүн укуктук жоопкерчилик (айып пул) бар экендиги белгиленди. Маалымат үчүн: Ноокат районунда 148 248 шайлоочу бар. Алардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн райондо 101 шайлоо участогу ачылган. Шайлоо комиссияларынын 1 296 мүчөсү шайлоого даярдоону камсыздайт. КР БШК маалымат бѳлүмү        
Кененирээк билүү >>
КР БШК Баткен облусунун Баткен шаарында жана Баткен районунда мѳѳнѳтүнѳн мурда президенттик шайлоого даярдыктар боюнча кеңешме ѳткѳрдү
09.12.2020

КР БШК Баткен облусунун Баткен шаарында жана Баткен районунда мѳѳнѳтүнѳн мурда президенттик шайлоого даярдыктар боюнча кеңешме ѳткѳрдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча бобордук комиссиясы Н. Шайлдабекованын тѳрагалыгында мѳѳнѳтүнѳн мурда президенттик шайлоого даярдыктар боюнча тѳмѳн турган аймактык (АШК) жана участкалык (УШК) шайлоо комиссиялары менен жумушчу кеңешме ѳткѳрдү. Кеңешмеге Баткен шаарынын мэри Рахимов Мамыржан Тойчиевич, Баткен районунун мамлекеттик райондук админичтрациясынын башчысы – аким Маркаев Каланбек Орозович, Баткен облусундагы Баткен шаарындагы (10-УШК) жана Баткен районундагы (46-УШК) аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын тѳрагалары катышты. Кеңешменин жүрүшүндѳ КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн уюштуруу маселелери каралып, комиссиялардын ишиндеги айрым мүчүлүштѳрдү, добуш берүүнүн жол-жоболорун жана калыс саноону бекем сактоо, идентификациялоо жана добуштарды автоматтык эсептѳѳ, маалыматтарды берүү жабдууларын пайдалануу кѳндүмдѳрүн жакшыртуу иштерин жүргүзүүнүн зарылдыгы белгиленди. Өзгѳчѳ эркин шайлоонун негизи катары добуш берүүнүн жашырындуулугун камсыз кылуу маанилүү. Добуш берүүнүн жашырындуулугун шайлоочулардын ѳздѳрү бузуп жаткан учурлардын кѳбѳйүп жаткандыгына байланыштуу (сүрѳткѳ тартып алуу ж.б.) мындай фактыларга таасир этүү алгоритми: бюллетень анык эмес (бузулган) деп таанылышы, шайлоочу комиссиянын мыйзамдуу талаптарын аткарбагандыгы үчүн (добуш берүүнүн жашырындуулугун сактоо, бюллетенди сүрѳткѳ тартууга, видеого түшүрүүгѳ тыюу салуу боюнча) жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экендиги талкууланды. Өткѳндѳгү КР ЖК депутаттарын шайлооунун сабактарын эске алуу менен, шайлоонун жүрүшүндѳ бузууларга натыйжалуу таасир этүү жана кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ коомчулукка ѳз учурунда маалымдоо боюнча шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын тыкыс ѳз ара аракеттерин камсыз кылуу милдеттери коюлду. АШКдагы ыкчам таасир этүүчү координациялык топ райондор менен шаарларда ѳз иштерин КР БШКнын ыкчам таасир этүүчү координациялык тобу менен ѳз ара аракетте уюштуруусу зарыл. УШК менен АШКга келип түшкѳн бардык даттануулар БШКнын сайтындагы даттануулардын жана бузуулардын бирдиктүү реестрине ыкчам берилүүсү белгиленди. Ошондой эле шайлоо процесстерине билим берүү кызматкерлеринин катышуусу, КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоо боюнча үгүт иштерине жана кол топтоо процессине билим берүү кызматкерлерин тартууга жол бербѳѳ маселелери да талкууланды. БШКнын тѳрагасы мугалимдердин жана шайлоо комиссияларынын иштери үчүн ыраазычылык билдирди, алардын бийик компетенциясы жана жооперчиликтүүлүгү шайлоо системасынын ишинде олуттуу негиз болуп саналат. Ошондой эле шайлоого даярдыктын мезгилинде комиссиялардын мүчѳлѳрүнѳ эмгек акысын сактоо менен ѳргүү бербегендиги үчүн Бузуулар жѳнүндѳ кодексте юридикалык жоопкерчилик (айып) каралгандыгы белгиленди. Маалымат иретинде: Баткен шаарында 15 164 шайлоочу бар. Алардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн шаарда 10 участкасы ачылган. Шайлоого даярдоону шайлоо комиссияларынын 120 мүчѳсү камсыз кылууда. Баткен районунда 51 543 шайлоочу бар. Алардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн райондо 46 участкасы ачылган. Шайлоого даярдоону шайлоо комиссияларынын 514 мүчѳсү камсыз кылууда. КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча республикалык штаб Баткен облусунда көчмө жыйналыш өткөрдү
09.12.2020

КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча республикалык штаб Баткен облусунда көчмө жыйналыш өткөрдү

КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча республикалык штаб Баткен облусунда көчмө жыйналыш өткөрдү. КР БШК мүчөсү Т. Шайназаров шайлоонун жүрүшүндө бузууларга ыкчам чара көрүү маселелери боюнча чыгып сүйлөдү. Ал бузууларга байланыштуу билдирүүлөр боюнча шайлоо комиссияларынын ички иштер органдары менен өз ара аракеттешүү тартибин түшүндүрдү, ошондой эле көрүлгөн чаралар тууралу жарандарга маалымат берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Т. Шайназаров ошону менен бирге шайлоодо бузууларды кароонун мөөнөтүнүн жана тартибинин сакталышына прокурордук көзөмөлдүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мөөнөт 2-3 күндү түзөт. Ыкчам чара көрүү координациялык топтор ар бир райондо жана шаарда түзүлгөн, алардын курамына шайлоо комиссияларынын төрагалары жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет. Жыйналыштын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине төмөнкүдөй милдеттер коюлду: 2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү, анын ичинде үзгүлтүксүз байланыш, электр энергиясы, транспорт менен камсыздоо боюнча шайлоо комиссияларына көмөктөшүү; 2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алууда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо; шайлоо участокторун жылуулук менен үзгүлтүксүз жабдуу; укук коргоо органдары тарабынан шайлоо участокторун жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо; шайлоочулардын көйгөй маселелерин жер-жерлерде чечүү; шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө республикалык штабга өз убагында маалымат берүү; шайлоо комиссияларын материалдык-техникалык жактан камсыздоо; шайлоочулардын арасында биометрикалык каттоодон өтүү, өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактоо боюнча маалыматтык-кеңеш берүү иштерин жүргүзүү; административдик ресурс пайдаланылган, шайлоочулардын добуштары сатылып алынган, ошондой эле башка мыйзам бузуулар болгон учурларда ыкчам чара көрүү; өзгөчө категориядагы жарандар менен иш жүргүзүү; керектөө картасын тактоо, калктын кыймылы жай категориялары – ДМЧАлар үчүн шарттарды түзүү (пандустар, кармагычтар, чакыруу баскычтары менен жабдуу); мугалимдер, медицина кызматкерлери ж.б. өкүлдөр тартылган шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн ишине тоскоолдук кылбоо. КР БШКнын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Т. Ормуковдун документтерин кайтарып берди
09.12.2020

КР БШКсы Т. Ормуковдун документтерин кайтарып берди

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 9-декабрдагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун, ошондой эле КР Президентинин кызматына көрсөткөн талапкерлигин алып салуу тууралуу берилген арыздын негизинде, КР БШКСы Темирлан Ормуковдун арызын канааттандыруу менен анын документтерин кайтарып берүү жана анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу чечимин кабыл алды. Т. Ормуков 2020-жылдын 14-ноябрында КР Президенти кызматына талапкерлигин кое тургандыгын билдирип арыз берген. 8-декабрда Т. Ормуков өз талапкерлигин алып салуу тууралуу арыз берди. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР констиутциялык мыйзамынын 53-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, Президенттин кызматына талапкер добуш берүүгө чейинки 3 календарлык күндүн ичинде андан аркы шайлоого катышуудан баш тарта алат.  КР БШК Маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
09.12.2020

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 9-декабрындагы жыйынында 3-декабрда болгон Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону таануу токтомун кабыл алды. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону КР БШКсы 2020-жылдын 19-ноябрындагы №358-токтому менен дайындаган. Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчылыгына эки талапкер - Эмилбек Жумуков жана Темирбек Эгембердиев айылдык кеңештин атынан көрсөтүлүшкөн. 3-декабрдагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу менен добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Добуш берүүгө Көк-Арт айылдык кеңешинин бардык 21 депутаты катышкан. Эмилбек Жумуков 13 добушка, Темирбек Эгембердиев 1 добушка ээ болушуп, "бардыгына каршы" позициясына эч ким добуш берген эмес. Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 3-декабрындагы протоколу менен Эмилбек Жумуков Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун жыйынтыгы боюнча эч кимден арыз, даттануулар түшпөгөн. БШК өз чечимин Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 3-декабрдагы протоколунун жыйынтыгынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерине, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 49-беренесине ылайык кабыл алды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
09.12.2020

БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 9-декбарындагы жыйынында Бакай-Ата, Токтогул жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү боюнча токтом кабыл алды. Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ленинполь айылдык кеңешинин дептутаты Омуралиев Аскат Эсенбековичтин ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулган. Мандат Жакыбалиев Бактыгул Сатканкуловичке – “Талант” дыйкан чарбасынын башчысына ѳткѳрүлүп берилген. Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин дептутаты Мамытбеков Замирбек Куручбековичтин ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулган. Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылдык кеңешинин дептутаты Талипов Табылды Келгенбаевичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулган. Мандат Талантбеков Кайрат Талантбековичке – Ысык-Кѳл мамлекеттик университетинин окутуучусуна ѳткѳрүлүп берилген; Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенко айылдык кеңешинин дептутаты Каранаев Адилет Амантуровичтин ыйгарым укуктары депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга шайкеш келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу токтотулган. Мандат  Усубакунов Тѳлѳгѳн Мукашевичке – Ак-Суу тазалык МИ механигине ѳткѳрүлүп берилген. Токтом «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынган. КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК айрым шайлоо участкаларынын даректерин ѳзгѳрттү
09.12.2020

БШК айрым шайлоо участкаларынын даректерин ѳзгѳрттү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 9-декабрындагы жыйынында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Нарын облусунун Ак-Талаа жана Чүй облусунун Чүй райондорунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын тѳмѳндѳгү даректерин ѳзгѳртүү боюнча токтом кабыл алды.    Ысык-Көл облусу Ак-Суу району Бөрү-Баш айыл аймагы - № 3134 шайлоо участкасынын дареги Ленина көчөсү, 38 дарегиндеги Бөрү-Баш айылдык клубунун имаратынан Ленин көчөсү, 58а, дарегиндеги Токоев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн. Нарын облусу Ак-Талаа району Ак-Чий айыл аймагы - № 4086 шайлоо участкасынын дареги С. Секиев көчөсү, 33 дарегиндеги Ак-Чий айылдык клубунун имаратынан Уста Турдуке көчөсү, 46 дарегиндеги М. Балбаков атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн; Баетов айыл аймагы - № 4092 шайлоо участкасынын дареги Султаналиев көчөсү, 56дарегиндеги Баетов айылдык клубунун имаратынан Ынакбеков көчөсү, 68 дарегиндеги Э. Карасартов атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн; - № 4093 шайлоо участкасынын дареги А. Жусубалиев көчөсү, 16/1 дарегиндеги Кайыңды-Булак айылдык клубунун имаратынан Совет көчөсү, 7 дарегиндеги Б. Мусуралиев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн. Жаны-Талап айыл аймагы - № 4098 шайлоо участкасынын дареги А. Жусубалиев көчөсү, 16/1 дарегиндеги маданият үйүнүн имаратынан Мааназаров көчөсүндѳгү М. Байымбет атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн. Чүй облусу Чүй району Ибраимов айыл аймагы - № 7038 шайлоо участкасынын дареги М.Айтбаев көчөсү, 5 дарегиндеги маданият үйүнүн имаратынан М.Айтбаев көчөсү, 3 дарегиндеги У.Жумабаев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн; - № 7044 шайлоо участкасынын дареги Ленин көчөсү, 43 дарегиндеги маданият үйүнүн имаратынан Насырбек уулу Нурбек көчөсү, 12 дарегиндеги орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн; Чүй айыл аймагы - № 7059 шайлоо участкасынын дареги Чүй көчөсү, 28 дарегиндеги маданият үйүнүн имаратынан Чүй көчөсү, 8 дарегиндеги И.Укуев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн. Чечим шайлоо участкаларынын имараттарында жылуулуктун жоктугуна байланыштуу Ак-Суу, Ак-Талаа жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4- пункттарына ылайык кабыл алынды. Ак-Суу, Ак-Талаа жана Чүй аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүү тапшырылды. КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 9-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
09.12.2020

2020–ж. 9-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

                                                                                                Өткөрүү датасы: 09 декабрь 2020-ж.                                                                                                Убактысы:  17:00                                                                                                                                                                                                                 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Нарын облусунун Ак-Талаа жана Чүй облусунун Чүй райондорунун айматарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө (баядамачы – Закиров А.М.., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти) 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бакай-Ата, Токтогул жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баядамачы – Закиров А.М.., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти) 3. 2020-жылдын 3-декабрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак  районунун Көк-Арт  айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө. (баядамачы – Закиров А.М., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти) 4. Ормуков Темирлан Иниятовичтин арызы жөнүндө (баядамачы – Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздо бөлүмдүн башчысы)  5. КР Президенттин кызмат ордуна талапкер К.А. Токтосуновдун кол коюу барактары жөнүндө. (баядамачы – Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздо бөлүмдүн башчысы) 6.  Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.А. Чороевдин кол коюу барактарын анык эмес деп тааныды
08.12.2020

БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.А. Чороевдин кол коюу барактарын анык эмес деп тааныды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы  2020-жылдын 7-декабрындагы жыйынында шайлоо фондунун каражаттарынан кол коюу барактарын даярдоого акы тѳлѳѳ күнүнѳ чейин даярдалган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Чороев Кубан Аманбековичтин кол коюу барактарын анык эмес деп таануу чечимин кабыл алды. 2020-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобу тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарын аткарууда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.А. Чороевдин ыйгарым укуктуу ѳкүлү  Б.З. Кудайбергеновдон Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.А. Чороевди колдогон кол коюу барактары кабыл алынган. Конституциялык Мыйзамдын 52-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык, «Кол чогултуу талапкердин шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып жүргүзүлөт жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат. Кол коюу барактарын даярдоо жана кол чогултуу менен байланышкан бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фонду аркылуу гана жүргүзүлөт. Талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу кол коюу барактарын даярдоо акысы төлөнгөн күндөн тартып башталат». БШКнын алдындагы Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.А. Чороевдин шайлоо фонду 2020-жылдын 11-ноябрында ачылган. Кол коюу барактарын даярдоо үчүн акы тѳлѳѳ талапкер К.А. Чороевдин шайлоо фондусунун каражатынан 2020-жылдын 3-декабрында жүргүзүлгѳн.      Конституциялык Мыйзамдын 52-беренесинин 9-бѳлүгүндѳ «Эгерде ушул беренеде каралган талаптар сакталбаса, кол коюу барактары жараксыз деп эсептеле» тургандыгы белгиленген. БШКнын 2017-жылдын 17-июлундагы № 165 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы кол тамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө»  нускаманын 58-пунктунун тѳртүнчү абзацына ылайык, кол коюу барактарын даярдоого талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынан акы төлөнгөн күнгө чейин чогултулган шайлоочулардын бардык кол тамгалары анык эмес колтамга деп таанылат. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесин, БШКнын 2017-жылдын 17-июлундагы № 165 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы кол тамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө»  нускаманын 6, 20, 56,  58-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо фондунун каражаттарынан кол коюу барактарын даярдоого акы тѳлѳѳ күнүнѳ чейин даярдалган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Чороев Кубан Аманбековичтин кол коюу барактарын анык эмес деп таануу боюнча чечим кабыл алды. КР БШК маалымат бѳлүмү  
Кененирээк билүү >>
Т. Ормуков документтерин кайтарып алуу үчүн КР БШКга кайрылды
08.12.2020

Т. Ормуков документтерин кайтарып алуу үчүн КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 2020-жылдын 7-декабрында, КР жараны Темирлан Иниятович Ормуков КР Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясыга 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин кайтарып алуу үчүн кайрылды. БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Нарын шаарында укук коргоо органдары үчүн тренинг өткөрдү
08.12.2020

КР БШК Нарын шаарында укук коргоо органдары үчүн тренинг өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосу алдында Нарын шаарында укук коргоо органдарынын, ички иштер жана прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн окутуу семинарын өткөрдү. Ички иштер бөлүмүнүн жана прокуратуранын кызматкерлери тартылган укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн бир күндүк семинар-тренингдер ыкчам чара көрүүчү координациялык топтордун (ЫЧКТ) ишин өркүндөтүү максатында өткөрүлүүдө. Укук коргоо органдары үчүн тренинг 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын добуштарын сатып алууга жана администрациялык ресурсту пайдаланууга каршы аракеттенүүгө багытталган. Өлкөнүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө администрациялык ресурсту кыянат пайдалангандык жана шайлоочулардын добуштарын сатып алгандык үчүн жоопкерчилик жөнүндө айтылды, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын бузуулардын ар кандай түрлөрүн жана укуктук жоопкерчиликтин ченемдерин колдонуу тартибин камтыган бир катар башка кейстер берилди. Тренингде шайлоонун жүрүшүндө бузууларды квалификациялоо, шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн укуктук жоопкерчиликтин түрлөрү, шайлоочулардын тизмесин түзүү процессинде, үгүт ишинин процессинде мыйзамдуулукту камсыздоо, добуш берүү күнү шайлоо участокторунда коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо маселелери талкууланды. Тренингде администрациялык ресурсту кыянат пайдалангандык жана шайлоочулардын добуштарын сатып алгандык үчүн жоопкерчиликти караган практикалык тапшырмаларды чечмелөөгө, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын бузуулардын ар кандай түрлөрүн жана укуктук жоопкерчиликтин ченемдерин колдонуу тартибин камтыган бир катар башка кейстерге көңүл бурулду. БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 29-декабрына чейин шайлоочулар өздөрүн алдын ала түзүлгөн тизмеден текшере алышат
08.12.2020

2020-жылдын 29-декабрына чейин шайлоочулар өздөрүн алдын ала түзүлгөн тизмеден текшере алышат

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмеси Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан түзүлүп, 2020-жылдын 10-ноябрынан тарта Тизме - https://tizme.gov.kg/  порталында жайгаштырылган. 2020-жылдын 19-ноябрынан тарта шайлоочулардын тизмеси бардык шайлоо участокторунда илинип турат, шайлоо участокторунун бардык саны азыркы учурда 2475, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү 45 участок да бар.   2020-жылдын 10-ноябрына карата шайлоочулардын алдын ала тизмеси боюнча, шайлоочулардын саны 3 544 403 жаран. Алардын ичинен эркектер – 1 693 035, аялдар – 1 851 368 же болбосо 47,77 % жана 52,23%. 2020-жылдын октябрында болгон шайлоого салыштырганда, шайлоочулардын саны 20 849 адамга, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого караганда 264 473 шайлоочуга, 2015-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого салыштырмалуу 762 257 шайлоочуга көбөйгөн. Шайлоочулардын санынын көбөйүшү, калктын санынын өскөнүнө, биометрикалык маалыматтарды жыйноо боюнча туруктуу иштерге, шайлоочулардын тизмесинин инклюзивдүүлүгүн көбөйтүү боюнча башка чаралардан улам, ошондой эле чет мамлекеттердеги жарандардын уюмдары менен иштешүүлөргө байланыштуу. 2020-жылдын 19-ноябрынан 29-декабрынын кечине чейин  жарандар өздөрүн алдын ала тизмелерден текшере алышат. Текшерүү үчүн: шайлоо участогуна келүү; «Тизме» - https://tizme.gov.kg/ шайлоочулардын порталынан; 119 номерине чалуу менен (телефон чалуу акысыз); 119 номерине жеке ПИН номериңизди СМС аркылуу жиберип, сиз шайлоо участогуңуздун номерин жана дарегин биле аласыз. Эгер кандайдыр бир ката же так эместик кеткен болсо же шайлоочулардын алдын ала тизмесинде жок болсо, жарандар 2020-жылдын 29-декабрынын кечине чейин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өзгөртүү киргизүү же шайлоочулардын тизмесине киргизүү (мурдагы № 1 формасы), паспорттун (ID – картты) көчүрмөсүн көрсөтүү менен,  кабыл алынган үлгүдөгү арызды жазып кайрыла алышат. Ал эми добуш берүү күнүндө Кыргыз Республикасынан тышкары жашаган же жүргөн жарандар 29-декабрдын кечине чейин чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүккө же консулдук мекемеге арыз жазып ага паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен, чет өлкөдөгү шайлоо участогунда добуш берүү каалоосун билдирип кайрыла алышат. Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде консулдук каттоодо турган, биометрикалык маалыматын берген жарандар чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат. Жогорудагы арыздарды берүү менен шайлоочулар биометрикалык идентификациялоодон өтүшөт. Ошондой эле “Тизме” порталындагы шайлоочунун кабинети аркылуу авторизациялоодон өтүү менен, арызды электрондук форматта берүүгө да болот. Биометрикалык каттоо жок болгон учурда Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын мекемелеринен, калкты тейлөө борборлору (ЦОН) аркылуу, Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтери жана консулдуктары аркылуу андан өтүүгө болот. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Отрадное жана Светлая Поляна айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындады
07.12.2020

БШК Отрадное жана Светлая Поляна айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындады

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 7-декабрдагы жыйынында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Отрадное жана Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындаган токтом кабыл алды. Ак-Суу районундагы Отрадное айылынын өкмөт башчысын шайлоону КР БШКсы 2020-жылдын 18-ноябрындагы №345-токтому менен 7-декабрда өткөрүүнү дайындаган, бир дагы талапкер катталбагандыктан шайлоо болгон жок. Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону да БШК 2020-жылдын 18-ноябрындагы №345-токтому менен 7-декабрда өткөрүүнү дайындаган, бирок бул жакка да талапкер катталган эмес. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комисссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерин, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу  жөнүндө" КР мыйзамынын 49-беренесин, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2017-жылдын 6-январында №3-токтому менен бекиткен "Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобону жетекчиликке алуу менен, КР БШКсы Ак-Суу районундагы Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын, Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону 2020-жылдын 21-декабрында саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүүнү дайындады. Ак-Суу жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларына кайра шайлоолорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен жана КР Өкмөтү 2020-жылдын 11-майында №244-токтому менен кабыл алган санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
07.12.2020

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги

                      ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги № Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Шайлоону өткөрүү убактысы Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү Талапкерлердин каттоо мөөнөтү 2020-жылдын 10-декабры Нарын облусу кайра шайлоо   Нарын району 1 Учкун айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин  01.12.2020-ж. саат 18:00гө чейин 4.12.2020-ж. кайра шайлоо  2020-жылдын 17-декабры Ысык-Көл облусу Тоң району 2 Кажы-Сай айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин  9.12.2020-ж. саат 18:00гө чейин 11.12.2020-ж. Чүй облусу Панфилов  району 3 Вознесеновка айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин  9.12.2020-ж. саат 18:00гө чейин 11.12.2020-ж.. 2020-жылдын 23-декабры Ош облусу Өзгөн  району 4 Мырза-Аке айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин  15.12.2020-ж. саат 18:00гө чейин 17.12.2020-ж.. кайра шайлоо  2020-жылдын 21-декабры Ысык-Көл облусу Ак-Суу району 5 Отрадное айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин  11.12.2020-ж. саат 18:00гө чейин 15.12.2020-ж. Жети-Өгүз району 6 Светло Поляна айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин  11.12.2020-ж. саат 18:00гө чейин 15.12.2020-ж. Ош облусу Алай району 7 Гүлчө айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин  11.12.2020-ж. саат 18:00гө чейин 15.12.2020-ж.  
Кененирээк билүү >>
1 … 268 270 … 483