Башкы Жаңылыктар КР БШКсы КР Президентинин кызматына 18 талапкердин кол …

КР БШКсы КР Президентинин кызматына 18 талапкердин кол тамгаларды жыйноо баракчаларын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө кол тамгалар коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун протоколдорун бекитти

11-Дек, 2020

БШКнын 11-декабрдагы жыйынында КР Президентинин кызматына 18 талапкердин кол тамгаларды жыйноо баракчаларын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө кол тамгалар коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун протоколдору бекитилди. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 52-беренесинин 8-бөлүгүнүн негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерди колдоо үчүн шайлоочулардын кол тамгаларын жана талапкерлер менен алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү көрсөткөн кол коюлган барактардагы кол тамгалардын аныктыгын текшерүүнүн тартиби жөнүндө" Инструкциянын 48-пунктуна ылайык, кол тамгалардын аныктыгын текшерүү КР Президенти кызматына талапкерди колдоо үчүн шайлоочулардын кол тамгаларынын аныктыгы 30 миңге жеткиче текшерилет. Жумушчу топтун маалыматына ылайык, шайлоочулардын анык кол тамгалары төмөнкү талапкерлерде аныкталды:

1. Бабыржан Тольбаев;

2. Садыр Жапаров; 

3. Аймен Касенов; 

4. Арстанбек Абдылдаев; 

5. Равшан Жээнбеков; 

6. Курсан Асанов; 

7. Эльдар Абакиров; 

8. Адахан Мадумаров; 

9. Абдил Сегизбаев; 

10. Жеңишбек Байгуттиев; 

11. Мыктыбек Арстанбек; 

12. Клара Сооронкулова; 

13. Рашид Тагаев; 

14. Бактыбек Калмаматов; 

15. Каныбек Иманалиев; 

16. Имамидин Ташов; 

17 Канатбек Исаев; 

18.  Улукбек Кочкоров.

Кол тамгалар коюлган баракчаларды текшерүү процедурасы КР Президенти кызматына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда, ошондой эле ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда аткарылды. Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол тамгалар коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү процедураларына эскертүү беришкен жок. Андан мурда жумушчу тобу эки талапкердин К. Чороев менен К. Токтосуновдун шайлоочулардан топтогон кол тамгаларын жараксыз деп тапкан. КР БШКнын 7-декабрдагы чечиминин үстүнөн К. Чороев Бишкектеги Административдик сотко арыз жазды, ишти кароо күтүлүп жатат.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>