Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын брифингине катышты
БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) Эл аралык байкоочулардын миссиясы Борбордук Азия жана Монголия боюнча ЕККУнун ПАсын жетектеген атайын өкүлү Доктор Райнхольд Лопатка менен биргелешкен брифингге катышты.
БШКнын башчысы Н.Шайлдабекова ЕККУнун ПА Миссиясын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону жана Кыргыз Республикасында башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат берип, мониторингдин жүрүшүндө Миссиянын дыкат талдоосун белгиледи.
“КРнын БШКсы шайлоо системасын өркүндөтүүгө багытталган Эл аралык байкоочулардын, өзгөчө ЕККУ сыяктуу абройлуу уюмдун сунуштарына көңүл бурат. Мониторингдин жыйынтыгындагы сунуштар шайлоо системасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн маанилүү”, - деди ал.
Өткөн парламенттик шайлоо өнөктөштүгүнөн сабак алып, КРнын БШКсы алдыдагы шайлоого карата– паракорчулук жана административдик ресурстарды колдонууга шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна эффективдүү каршы турууну артыкчылыктуу багыт катары аныктады. КРнын БШКсында Ыкчам чара көрүү Координациялык тобу (ЫЧКТ) иштеп жатат, анын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет” – маалымат берди БШКнын башчысы, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кенсеси укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө эффективдүү окутууларды өткөрүүдө, ошондой эле шайлоо процессиндеги мыйзам бузууларга каршы туруу боюнча усулдук материалдарды жарыялоодогу ролун белгиледи.
КРнын БШКсы Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте шайлоо участогундагы жүрүм-турум алгоритмин иштеп чыкканы белгиленди.
КР БШК Маалыматтык бөлүм.
Кененирээк билүү >>
ТИМ – БШК: Катуу карантин киргизилген өлкөлөрдө КР жарандары үчүн шайлоо процессин уюштуруу чаралары
Эпидемиологиялык абалдын начарлыгына байланыштуу жарандардын кыймылына чектөө киргизилген өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана КР башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга катышуу көйгөйү, КР дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук кызматтары тарабынан иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасынын Кытай Элдик Республикасындагы элчилигинин КЭРдин Тышкы иштер министрлиги жана башка компетенттүү органдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгүнөн улам, Кыргызстандын шайлоочу-жарандарынын тиешелүү санитардык-эпидемиолгиялык талаптарды сактоосу менен компаунддун аймагына жетүүсү боюнча келишимге жетишилди.
Түркия Республикасынын бийлиги да КР элчилигинин жана Стамбул шаарындагы Башкы консулдуктун добуш берүү күнү Кыргызстандын жарандарынын кыймылына уруксат алуу жөнүндө өтүнүчүн туура кабыл алышты.
Италиянын территориясындагы аймактардын ортосундагы кыймылдын катуу тыюу салынганын эске алуу менен, КР элчилиги кыргызстандыктардын кыймылына жол ачуу мүмкүндүгүн иштеп чыкты. Италиянын Тышкы иштер министрлигинен алынган расмий Нота боюнча, Кыргызстандын жарандарына добуш берүү үчүн Римге келүүгө “маршруттук баракчаны” (autocertificazione) толтуруу менен келүүгө уруксат берилди. Баракчада кыймылдын себеби шайлоого катышуу экендиги көрсөтүлүшү керек.
ФРГдагы КР элчилиги Германиянын территориясында КР президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо менен референдумду өткөрүү маселесин макулдашкан. Жооп берилген Нотада эгер “ФРГ компетенттүү органдарынын КОВИД-19 пандемиясы боюнча нускамаларына каршы келбесе” башка каршы пикир жок экендиги боюнча жооп айтылган.
Улуу Британиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин маалыматы боюнча, жаңы “англисче” штаммдын таралышы менен улуттук локдаундун 22-февралга чейин узарганына карабастан, шайлоого жана референдумга катышуу үчүн үйдөн чыгууга уруксат берилет.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жашаган же иш менен жүргөн жарандарынын шайлоого жана референдумга катышуусун камсыздоо үчүн, 28 мамлекетте 48 шайлоо участогу ачылган.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КМШ миссиясы: “Шайлоонун айкындуулугун жана аныктыгын камсыздоо боюнча мындай комплекстүү тутум КМШнын бир дагы өлкөсүндө жок”
КР Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекова Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинен эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолукту
Миссия башчысы Василий Волков миссия көпчүлүгү ар кайсы өлкөлөрдөгү шайлоолордо байкоо жүргүзүүдө тажрыйбасы, кесиптик жагынан даярдыгы бар 138 адамдардан турары жөнүндө маалымдады.
“Биз азырынча кандайдыр бир кемчилик тапкан жокпуз, деп билдирди ал. Президенттик шайлоо жана референдум кырдаалды турукташтуруунун башаты болуп, өлкө өнүгүү жолуна түшүүсүн каалайбыз”.
Н. Шайлдабекова КР БШКнын алдында шайлоолорду өткөрүүнүн жыш графиги турат, - деп маалымдады, - бул – 2021-жылы апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо, Жогорку Кеңешти кайра шайлоо, ошондой эле Конституциянын долбоору боюнча референдум өтүшү мүмкүн.
БШК башчысы автоматтык эсептөөчү урналардан маалыматтарды алуу боюнча тест өткөрүлүп жатканын белгиледи.
“Алгачкы он мүнөттүн ичинде урналардын дээрлик 80%ынан, алгачкы биринчи саатта урналардын 93,5%ынан жыйынтыктар келип түшүүдө”, - деп белгиледи Н. Шайлдабекова.
КМШ Аткомунун төрагасынын биринчи орун басары Виктор Гуминский минтип айтты: “Шайлоонун айкындуулугун жана аныктыгын камсыздоо боюнча мындай комплекстүү тутуму КМШнын бир дагы өлкөсүндө жок. Башка өлкөлөрдө кандайдыр бир элементтер бар, бирок жыйындысында мындай тутум жок”.
Эл аралык байкоочулар 2020-жылдын октябрында КР ЖК депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө БШКнын позициясы укук ченемдүү болгонун белгилешти.
Эл аралык байкоочулар алдыдагы референдумга абдан кызыгышканын көрсөтүштү. Кыргызстандагы кеңеш берүүчү референдум алгач ирет өткөрүлүүдө жана өнүгүү көз карашынан алганда референдум – бул шайлоочуларга маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк берүүчү оң көрүнүш. Швейцарияда жылына ар кандай маселелер боюнча 4 жолу референдум өткөрүлүшү мүмкүн экендиги айтылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК башчысы Н. Шайлдабекова Россия Федерациясынын эл аралык байкоочулар менен жолукту
КР Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекова Россия Федерациясынын эл аралык байкоочулар менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы чет өлкөлүк кесиптештерге алдыдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону жана Кыргыз Республикасында башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат берди.
“Шайлоо процессинин айкындуулугун жана добуш берүү жыйынтыктарынын аныктыгын камсыздоодогу жетишкендиктер эркин жана адилет шайлоо өткөрүү үчүн жетишсиз болуп калды. Шайлоо процессинин катышуучуларынын укук маданиятын арттыруунун үстүндө иштөө дагы маанилүү. Шайлоо мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу жана аларга карата чара көрүү боюнча натыйжалуу чаралар көрүлдү. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топ (ЫАКТ) сапаттык жаңы деңгээлде иштөөдө. Өкмөт шайлоо процессинин убагында бузууларга каршы натыйжалуу аракеттенүү түрүндө өз эркин көрсөткөнү буга түрткү болду.”, - деп белгиледи ал.
БШК башчысы эл аралык байкоочуларга учурдагы өнөктүктүн жүрүшүндө добуштарды сатып алууга жана административдик ресурсту пайдаланууга каршы аракеттенүү күч-аракеттерди жумшоонун артыкчылыктуу багыттары болуп калууда, себеби ал бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүн бурмалаган факторлордон болууда деп билдирди.
КР БШК башчысы эл аралык байкоочуларды ЫАКТтын ишине байкоо жүргүзүүгө чакырды.
“Шайлоо процессинин убагында бузуулардын деңгээли төмөндөгөнү белгиленүүдө. Бузууларга байланыштуу жалпысынан 500 билдирүү түшкөн мурдагы шайлоо өнөктүктүгүнө салыштырганда азыркы учурда бул сан 75ти гана түзүүдө ”, - деди ал.
Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Алексей Чепа Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук мамилелердин улантылышына Россия тарап кызыкдар экендигин билдирди. Кыргызстандын көп сандагы жарандары Россия Федерациясынын аймагында жашаганын эске алып, А.Чепа Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова Түркиянын Улуттук жыйынынын депутаты Режеп Шекер башында турган Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолугушту.
Боршайкомдун башчысы чет элдик кесиптештерге алдыдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо референдумуна жүрүп жаткан даярдыктар жөнүндө, шайлоо процесси мезгилинде орун алган бузуулардын деңгээли төмөндөгөнүн белгилеп маалымат берди.
“Учурдагы өнөктүктүн жүрүшүндө, сатып алуучулукка жана административдик ресурстарды колдонууга каршы күрөшүү бардык мамлекеттик органдардын артыкчылыктуу багыты болуп калды, анткени мындай укук бузуулар парламенттик шайлоодо шайлоочулардын эрк ниетинин натыйжаларын бурмалоочу фактор болуп калды”- деди ал.
Шекер Режеп Президенттик шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өтүшүн каалады.
“Шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын кызыкчылыгы бир болушу керек – мамлекеттин туруктуулугу жана өнүгүшү. Боордош Кыргызстанга гүлдөп-өнүгүүнү каалайбыз”, - деди ал.
ТүркПА башкы секретарынын орун басары Наурыз Айдаров, 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоо жогорку деңгээлде уюштурулганына күбө болдук деп белгиледи.
“Кыргызстанды 1994-жылы демократиянын “аралчасы” деп аташкан, ошол жылдары Кыргызстанга келгенде тунук урна колдонулганын алгачкы жолу көрүп ынанганбыз. Катышуучулар алдыдагы шайлоолорду жана референдумду саясий маданиятты жана этикалык нормаларды карманып өткөрүүсүнө тилектешпиз”, - деди ал.
КР БШК Маалыматтык бөлүм.
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү жүрүүдө
Бүгүн, 9-январда, Кыргызстанда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү жүрүүдө. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык, добуш берүү үчүн жайдан тышкары төмөнкү шайлоочулар добуш бере алышат:
Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албаган шайлоочулар;
Добуш берүү күнү ооруканаларда,
шектүүлөр жана айыпталуучулар кармалган жайларда камалып турган шайлоочулар;
алыскы жана жетүүгө кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар.
Ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча, убактылуу жүргөн ордунда добуш беришет:
добуш берүү күнүнө обочолонгон, калктуу конуштардын алыс жерлерде кызмат өтөп жатышкан, аскер кызматкерлери;
добуш берүү күнүндө кызмат өтөп жатышкаг ички иштер органынын кызматкерлери;
тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилүүчү, жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштеген шайлоочулар;
вахта ыкмасы менен иштеген шайлоочулар;
үй камагында турган референдумдун катышуучулары, эгерде алар убактылуу жүргөн жер өзүнүн жайгашкан орду боюнча кирген шайлоо участогунун аймагында туруктуу жашаса.
Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 08:00дон 20:00го чейинки мезгилде гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндө арызынын негизинде гана жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого жана референдумуна добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө 21 360 арыз келип түшкөн.
КР БШК Маалыматтык бөлүм.
Кененирээк билүү >>
Бүгүн Кыргызстанда – жымжырттык күнү
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда б.а. бүгүн – 9-январда токтоду.
Талапкерлер, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары мыйзам талаптарын бузган учурда шайлоо комиссиялары, шайлоочулар, талапкерлер, шайлоо процессинин каалаган катышуучусу укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселе менен укук коргоо органдарына, сотко кайрылууга укуктуу.
Укук коргоо органдары укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу боюнча чара көрүүгө жана тиешелүү шайлоо комиссиясына көрүлгөн чаралар жөнүндө токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы https://www.shailoo.gov.kg/ru/registry/submit/ URL-дареги боюнча ар бир пайдалануучу электрондук кайрылуу жөнөтүп, берилген арызга онлайн режиминде байкоо жүргүзө аларын эске салат, электрондук кайрылуу жөнөтүү жол-жобосу мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүлгөң, көп убакытты талап кылбайт.
КР БШКнын расмий сайтында “Даттануулар жана бузуулар реестри” иштөөдө, анда шайлоочулардын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз, кайрылуулары онлайн режиминде жарыяланып турат.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоочулардын арыздарын кароо боюнча жумушчу тобу 21 кайрылууну карады, 7 айып пул салды
Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ 2020-жылдын 24-октябрынан 2021-жылдын 5-январына чейинки мезгилде шайлоо процессинин катышуучуларынын 21 арызын жана даттануусун карады, анын ичинен 1 арызды арыз берүүчү кайра кайтарып алды.
Арыздарды кароонун жыйынтыгы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы 9 чечим кабыл алды.
8 арыз боюнча маалыматтык-түшүндүрүү мүнөзүндөгү каттар жөнөтүлдү. 3 арыз – кароо стадиясында.
Түшкөн арыздардын мүнөзүн төмөнкү топторго бөлүүгө болот:
1) шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу – 12;
2) талапкерлерди каттоо маселелери боюнча – 2;
3) шайлоочуларды сатып алуу – 1;
4) ар түрдүү (маалыматтык мүнөздөгү каттар) – 4;
5) административдик ресурсту кыянат пайдалануу – 2.
https://www.shailoo.gov.kg/ru/registry/submit/ URL-дареги боюнча ар бир пайдалануучу электрондук кайрылуу жөнөтүп, берилген арызга онлайн режиминде байкоо жүргүзө аларын эске салат, электрондук кайрылуу жөнөтүү жол-жобосу мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүлгөң, көп убакытты талап кылбайт.
КР БШКнын расмий сайтында “жана бузуулар реестри” иштөөдө, анда шайлоочулардын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз, кайрылуулары онлайн режиминде жарыяланып турат.
Тиешелүү шайлоо комиссияларынын арыздарды (даттанууларды), материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча чечимдерине ылайык ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык төмөнкүдөй чаралар көрүлдү:
1) Өзгөн АШКнын 2020-жылдын 1-декабрындагы №29 чечимине ылайык КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин штабы менен макулдашуусуз даярдалган үгүт материалын тараткандыгы үчүн «Кароол айлынын элдик коому» коомдук фондунун жетекчиси Р. Вахаповго карата Кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деп аталган 44-беренесин бузуу жөнүндө иш каралды, 7 500 сом өлчөмүндө IV категориядагы айып пул салынды.
2) БШКнын 2020-жылдын 4-декабрындагы №278 чечимине ылайык шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мөөнөтүн бузгандык үчүн КР Президентинин кызмат ордуна талапкер И.А. Ташовго карата Кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деп аталган 44-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 7 500 сом өлчөмүндө IV категориядагы айып пул салынды.
3) БШКнын 2020-жылдын 4-декабрындагы №282 чечимине ылайык шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мөөнөтүн бузгандык үчүн КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.О. Калмаматовго карата Кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деп аталган 44-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 7 500 сом өлчөмүндө IV категориядагы айып пул салынды.
4) Алай АШКнын 2021-жылдын 1-январындагы чечимине ылайык чыгарылыш жөнүндө маалыматтар камтылбаган үгүт материалын тараткандыгы үчүн М.Т. Исраиловго карата Кодекстин “Тоголок үгүт материалдарын таратуу” деп аталган 47-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 12 500 сом өлчөмүндө VI категориядагы айып пул салынды.
5) БШКнын 2020-жылдын 28-декабрындагы №304 чечимине ылайык жашы жете элек адамдын үгүт жүргүзүүгө катышуусуна жол бербөө боюнча чараларды көрбөгөндүк үчүн КР Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Мадумаровдун Баткен райондук штабынын жетекчиси Н.Х. Дарвешовго карата Кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деп аталган 44-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 7 500 сом өлчөмүндө IV категориядагы айып пул салынды.
6) БШКнын 2021-жылдын 5-январындагы №4 чечимине ылайык театрлаштыруу белгилери менен оюндарды өткөрүүгө жол бербөө боюнча чараларды көрбөгөндүк үчүн КР Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Н. Жапаровдун Каракол шаардык штабынын жетекчиси А.А. Коробаевге карата Кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деп аталган 44-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 7 500 сом өлчөмүндө IV категориядагы айып пул салынды.
7) БШКнын 2021-жылдын 5-январындагы №3 чечимине ылайык шайлоо процессинин катышуучуларына тең катышууга мүмкүнчүлүк бербегендиги үчүн Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Б.Ж. Алиевге карата Кодекстин “Шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузуу” деп аталган 42-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 5 500 сом өлчөмүндө III категориядагы айып пул салынды.
Жумушчу тобу өз ишин улантууда.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы коомдук байкоочулар менен жолугушту
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында анын төрайымы Н. Шайлдабекова менен, 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана КР референдумуна мониторинг жүргүзүүгө каалоосун билдирген коомдук байкоочулардын жолугушуусу болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган мезгилден бери 13 коммерциялык эмес уюм Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө жарандык мониторинг жүргүзүү ниети бар экендигин билдиришкен. 2021-жылдын 7-январына карата дагы 5 коммерциялык эмес уюм Кыргыз Республикасынын референдумуна байкоо жүргүзүү боюнча чечимин кабарлашкан.
“Кыргызстандын шайлоо модели шайлоолордун ишенимдүүлүгүн камсыз кыла алат. Биздин шайлоочуларды идентификациялоочу технологиялар, автоматтык эсептөөчү урналар аркылуу добуштарды эсептөөлөр шайлоонун ишенимдүүлүгүн камсыз кыла алуусун биз баалай турган убакыт да келет. Бул шайлоо системасын реформалоонун маанилүү жетишкендиги. 2021-жылдын 10-январында добуш бере турган күнү 2 миң 474 участок иштейт. Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумга 3 миллион 563 миң 574 шайлоочу катыша алат. 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырганда шайлоочулар 537 804 адамга көбөйгөн. Өткөн жылдын октябрь айында болгон парламенттик шайлоого салыштырмалуу тизме 40 020 шайлоочуга көбөйгөн”, - деди Н. Шайлдабекова.
КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого Кыргызстандын чегинен тышкары 48 шайлоо участогу түзүлүп, алар дүйнөнүн 28 мамлекетинде жайгашкан. Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоодо дүйнөнүн 26 мамлекетинде 36 шайлоо участогу ачылган. 2021-жылдын 2-январына карата чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын тизмесиндеги жарандардын жана референдумдун катышуучуларынын саны 49 479.
Талапкерлер боюнча КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн 65 адамдан талапкерлигин көрсөткөндүгү боюнча арыз түшкөндүгү айтылды. Алардын ичинен 18 КР БШКсы тарабынан КР Президенти кызматына талапкер катары катталган, 1 талапкер катышуудан баш тарткан.
Боршайком бардык каалоочулардын программалар менен таанышуусун https://talapker.shailoo.gov.kg// маалыматтык порталы аркылуу түзүп берген. Анда алдыда турган шайлоого катталган талапкерлердин программалары жана финансылык отчеттору жайгашкан. Ал жактан ар бир талапкер тууралуу жалпы маалымат алууга да болот. Шайлоонун маанилүү жагдайы, талапкерлердин финансылоо булагын ачыктап, ошондой эле чыгашалардын бардыгын көрсөтүү менен финансылык отчетторун жарыялашы болуп эсептелет.
Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, ошондой эле шайлоо процессинин ачык-айкындыгын камсыздоо максатында, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан талапкерлердин шайлоо фонддорун финансылоого байланыштуу шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуунун жобосуна, шайлоо фонддорунун каражаттарын чыгымдоого жана эсептөөгө бирдей ыкмалар кирип, ошондой эле акчадан кайрымдуулук кылууга тыюу салынган жана финансылык отчетторду БШК сайтында милдеттүү жарыялоо киргизилген.
Шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүнө байланыштуу Боршайком тарабынан туруктуу негизде ден соолугунан кемтилгеси бар шайлоочулардын Керектөө карталары түзүлүп, алардын иш жүзүндөгү саны боюнча эсеби алынып, атайын форматтарды колдонуу менен аларга маалымат берүү иштери уюштурулуп турат.
Азыркы учурда КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана референдумду өткөрүүнүн алкагында кемтилгеси бар шайлоочулардын Керектөө карталары жаңыртылды.
2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо пандустар менен шайлоо участокторунун үч бөлүгүнүн бири гана жабдылган, алардын 10 пайызы гана КРдагы СНиПтин талабына туура келген. Өткөн жылдын февралында пандустар менен жабдылган шайлоо участокторунун саны 43 пайыз, августта 65,7 пайыз, сентябрда 79 пайыз, декабрда 83,4 пайызга жеткен.
Жолугушууда коомдук байкоочулар жиберип жаткан маалыматтарды иликтеп жаткан Ыкчам аракет кылуучу координациялык топтун (ЫАККТ) ишмердиги жөнүндө да айтылды.
“Өткөн шайлоо кампаниясынын сабактарын эске алып, шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча иштер - шайлоону жана референдумду даярдап өткөрүүдө мамлекеттик органдардын эң негизги иштери болуп калды. Борбордук ЫАККТ менен аймактык ЫАККТтардын өз ара иштешүүсү күнүгө жүрүп турат. БШКда өз ара аракеттенүү борбору – ЫАККТ катчылыгы түзүлгөн, ал түшкөн сигналдарга анализ жасап, маалыматтарды райондук жана шаардык ЫАККттарга аларды ыкчам текшерүү жана мыйзамга ылайык тиешелүү чараларды кабыл алуу үчүн жиберип турат”, - деди БШК төрайымы.
Мындан тышкары Боршайком төрайымы бир катар маалыматтык ресурстар шайлоо процессинин түрдүү жактары боюнча ар кандай маалыматтарды берип турары жөнүндө айтты.
КР БШК расмий сайты - https://shailoo.gov.kg/ учурдагы окуялар, шайлоо процесси, жыйындар, жоболор, КР БШК курамы жөнүндө маалыматтарды берет. Сайттын негизги максаты – шайлоочуларды, шайлоо комиссияларын, саясый партияларды, мамлекеттик бийлик органдарын, жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык жактан колдоо үчүн маалыматтык-технологиялык чөйрөнү түзүү болуп эсептелет.
Маалыматтык шайлоо системасы – http://ess.shailoo.gov.kg/ өткөн жана азыркы шайлоолордогу добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматтарды берет.
Добуштарды кол менен саноо протоколун жана идентификациянын жыйынтык отчетун графикалык чагылдарган сайт - http://protocol.shailoo.gov.kg/ өткөн жана азыркы шайлоолордогу АСУнун жана добуштарды кол менен саноонун сканирленген протоколун алууга жол ачат.
“Тизме” порталы - https://tizme.gov.kg/ шайлоочулардын тизмесин облустар боюнча, гендер, жаш курагы боюнча маалыматтарды камтыйт. Мында шайлоо убагында күндө, ал эми шайлоолор аралыгында ай сайын жаңыртылып турган шайлоочулардын тизмеси жөнүндө статистика жайгашкан. Ресурс шайлоо кампанияларын пландоо үчүн пайдалуу, электораттын чөйрөсүнүн динамикасы боюнча аналитикалык бөлүм да бар.
Шайлоо участокторунун картасы - https://shailoo.gov.kg/kg/map/, https://shailoo.gov.kg/ru/map/ шайлоочуларды чек аралар, картадан визуалдуу көрүү менен шайлоо участокторунун борборлору менен тааныштырат.
Даттануулар жана арыздар ресурсу - https://shailoo.gov.kg/kg/registry/ ачык негизде шайлоо комиссияларына (БШКга, АШКга, УШКга) берилген арыздарды, алар боюнча кабыл алынган чечимдерди жана сот актыларын жайгаштырат.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
«Эл коррупцияга каршы!» КБ КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана КР референдумунда байкоо жүргүзүү ниети тууралуу КР БШКга билдирди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 8-январындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Эл коррупцияга каршы!» коомдук бирикмесинен келип түшкөн билдирүүсүн эске алууну чечти.
Чечим «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-декабрындагы №6 Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Эл коррупцияга каршы!» коомдук бирикмесинин 2021-жылдын 6-январындагы билдирмесинин негизинде кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Э. К. Абакировдун ишенимдүү адамдарын каттады
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 8-январындагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Абакиров Эльдар Курманбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө 2021-жылдын 8-январындагы түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Абакиров Эльдар Курманбековичтин ишенимдуу адамдары катары төмөнкүлөрдү каттады.
- Эшенов Элчибек Акматбековичти;
- Тынычбек уулу Уланды;
- Исмаилова Раиса Джапаровнаны;
- Аликеев Эсенаман Насировичти;
- Чорчонов Чингиз Алтымышевичти.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР Президенти кызматына талапкер К. Исаевдин ишенимдүү адамдарын каттады
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 8-январындагы жыйынында КР Президенти кызматына талапкер К. Исаевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндөгү 8-январда түшкөн арызы боюнча, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" мыйзамдын 7-18-беренесине ылайык токтом кылды:
КР Президенти кызматына талапкер Канатбек Исаевдин ишенимдүү адамдары катары төмөнкүлөр катталсын: -
Аты-жөнү:
1. Исламова Мээрим Исламовна
2. Тазабеков Адилет Тазабекович
3. Илисов Ысмайыл Таалайбекович
4. Сариева Дамира Омурасановна
5. Ниязалиева Астра Жапарбековна
6. Таманбаева Саадат Суюпбековна
7. Урумов Улан Джакыпбекович
8. Айтбекова Каныш Турмушбековна
9. Ибраимова Муратбек Жумабекович
10. Вигерина Светлана Ивановна
11. Сатарова Роза Керимкуловна
12. Джумабаев Ильяс Джекшенбекович
13. Абыкеева Динара Жолдошовна
14. Джамангулов Каныбек Өндүрүшович
15. Джеенбаев Жалын Эркинбекович
16. Мукаев Урмат Бактыгулович
17. Аблабеков Каныбек Мухамбетович
18. Чериков Курманбек Алтымышович
19. Ормоков Куват Карымшакович
20. Джумакадыров Ишенбек Шаршенбекович
21. Ойозбек уулу Тилек
22. Колбаев Рустам Исламович
23. Орозов Тэмуджин Изатбекович
24. Асылбеков Кубанычбек Жумабекович
25. Кермалиев Нуржигит Мырзаевич
26. Исламов Исмаилжан Дамирович.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Россиянын Саха Республикасындагы (Якутия) жана Жумгал районундагы айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 8-январдагы жыйынында, Россия Федерациясынын Саха Республикасындагы (Якутия) жана Нарын облусунун Жумгал районундагы төмөнкү шайлоо участокторунун даректерин алмаштырууга токтом кабыл алды:
- Россиянын Саха Республикасынын (Якутия) аймагындагы КРдин РФдагы элчилигинин канцеляриясынын Якутск шаары, Ленин проспекти 58в имаратынан №9006-шайлоо участогу, Поярков көчөсү 4, А. Е. Кулаковский атындагы достук үйүнүн АУ РС имаратына көчүрүлдү.
- Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылдык аймагындагы №4114 шайлоо участогу А. Өмуралиев атындагы көчө 1 дарегинде жайгашкан №26-кесиптик лицейдин имаратынан, Рыскул уулу Абаскан көчөсү 24-б дарегиндеги О. Ногойбаев атындагы орто мектептин имаратына көчүрүлдү.
Токтом Бишкек жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо жана шайлоо участогунда жылуулуктун жоктугуна байланыштуу айрым шайлоо участокторунун даректерин алмаштыруу жөнүндөгү чечимдеринин негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" мыйзамынын 18-беренесине, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-4-пункттарына ылайык кабыл алынды.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына КР РФдагы элчилиги менен бирге Якутск шаарында жана Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо учактокторунун даректери алмаштырылгандыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 8-январындагы жыйынында, Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-январында Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылында болуп өткөн айыл өкмөт башчысын кайрадан шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 4-январдагы протоколун бекитүү токтомун кабыл алды.
2021-жылдын 4-январында КР БШКсы тарабынан 2020-жылдын 21-декабрында №4860токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өткөн. Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчылыгына бир талапкер катталган, ал жергиликтүү кеңештен көрсөтүлгөн Урматбек Искаков эле. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 4-январындагы протоколу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы аныкталган. Добуш берүүгө Светлая Поляна айылдык кеңешинин 11 депутатынын 10 катышып, У. Искаков 10 добушка ээ болду. "Каршы" эч ким добуш берген эмес.
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 4-январдагы кайра шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколу аркылуу Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысы болуп У. Искаков шайланган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эч кимден арыз, даттануулар түшкөн эмес. Чечим Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо боюнча добуштардын жыйынтыгы боюнча протколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерине, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 49-беренесине ылайык кабыл алынды.
БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
07.10.2026
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07.10.2026
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
05.10.2026
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү