Башкы Жаңылыктар БШК жалпы суммасы 55, 5 миң сомду түзгөн …

БШК жалпы суммасы  55, 5 миң сомду түзгөн жазаларды берди

07-Янв, 2021

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин (мындан ары – Кодекс) 10-главасына ылайык Кодекстин 42-422, 43-48-беренелеринде каралган  бузуулар жөнүндө иштерди шайлоо комиссиялары карайт.

Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү учурунда бузуулар жөнүндө иштер Борбордук шайлоо комиссиясы, ошондой эле бузуу жасалган жер боюнча аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) тарабынан каралат.

Ар бир шайлоо комиссиясында бузуулар жөнүндө протокол толтуруу укугуна ээ ыйгарым укуктуу кызмат адамдары аныкталган.

Тиешелүү шайлоо комиссияларынын чечимдерине ылайык ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан бузуулар каралып, Кодекстин 43-главасында белгиленген тартипте 10 адамга тиешелүү жазалар берилди, алардын жалпы суммасы  55 500 сомду түздү.

1) Өзгөн АШКнын 2020-жылдын 1-декабрындагы №29 чечимине ылайык КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин штабы менен макулдашуусуз даярдалган үгүт материалын тараткандыгы үчүн «Кароол айлынын элдик коому» коомдук фондунун жетекчиси Р. Вахаповго карата Кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деп аталган 44-беренесин бузуу жөнүндө иш каралды, 7 500 сом өлчөмүндө IV категориядагы айып пул салынды (төлөндү).

2) БШКнын 2020-жылдын 4-декабрындагы №278 чечимине ылайык  шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мөөнөтүн бузгандык үчүн КР Президентинин кызмат ордуна талапкер И.А. Ташовго карата Кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деп аталган 44-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 7 500 сом өлчөмүндө IV категориядагы айып пул салынды (төлөндү).

3) БШКнын 2020-жылдын 4-декабрындагы №282 чечимине ылайык  шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мөөнөтүн бузгандык үчүн КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.О. Калмаматовго карата Кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деп аталган 44-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 7 500 сом өлчөмүндө IV категориядагы айып пул салынды (төлөнө элек).

4) Алай АШКнын 2021-жылдын 1-январындагы чечимине ылайык чыгарылыш жөнүндө маалыматтар камтылбаган үгүт материалын тараткандыгы үчүн М.Т. Исраиловго  карата Кодекстин “Тоголок үгүт материалдарын таратуу” деп аталган 47-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 12 500 сом өлчөмүндө VI категориядагы айып пул салынды (төлөндү).

5) БШКнын 2020-жылдын 28-декабрындагы №304 чечимине ылайык  жашы жете элек адамдын үгүт жүргүзүүгө катышуусуна жол бербөө боюнча чараларды көрбөгөндүк үчүн КР Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Мадумаровдун Баткен райондук штабынын жетекчиси Н.Х. Дарвешовго карата Кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деп аталган 44-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 7 500 сом өлчөмүндө IV категориядагы айып пул салынды (төлөнө элек).

6) БШКнын 2021-жылдын 5-январындагы №3 чечимине ылайык шайлоо процессинин катышуучуларына тең катышууга мүмкүнчүлүк бербегендиги үчүн Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Б.Ж.  Алиевге карата Кодекстин “Шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузуу” деп аталган 42-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 5 500 сом өлчөмүндө III категориядагы айып пул салынды (төлөндү).

7) БШКнын 2021-жылдын 5-январындагы №4 чечимине ылайык театралаштыруу белгилери менен оюндарды өткөрүүгө жол бербөө боюнча чараларды көрбөгөндүк үчүн КР Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Н. Жапаровдун Каракол шаардык штабынын жетекчиси А.А. Коробаевге карата Кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деп аталган 44-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 7 500 сом өлчөмүндө IV категориядагы айып пул салынды (төлөндү).

Берилген жазалардын бардык учурлары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте Бузуулардын бирдиктүү реестрине катталды.

КР БШК маалымат бөлүмү

 

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>