Башкы Жаңылыктар БШКда көзөмөлдөө-текшерүү тобунун кезектеги жыйналышы болуп өттү

БШКда көзөмөлдөө-текшерүү тобунун кезектеги жыйналышы болуп өттү

07-Янв, 2021

2021-жылы 6-январда эл аралык байкоочу жана ассистент – Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча чектелген миссиясынын шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо маселеси боюнча экспертинин катышуусунда БШКнын  көзөмөлдөө-текшерүү тобунун (КТТ) кезектеги жыйналышы болуп өттү.

Жыйналышта төмөнкү маселелер каралды:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо жөнүндө (шайлоо фонддору жана каржы отчеттуулугу);

2. Референдумдун “макул” жана “каршы” үгүт топторунун өнөктүктөрүн каржылоо жөнүндө (референдум фонддору);

3. Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоону жана өткөрүүнү республикалык бюджеттин каражаттарынан  каржылоо жөнүндө;

4. 2020-жылы 4-октябрда өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан  каржылоонун жыйынтыктары жөнүндө;

5. Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар боюнча жана талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун, референдум фонддорунун каражаттары боюнча автоматташтырылган эсепке алуу жана каржы отчеттуулук үчүн электрондук платформаны иштеп чыгуунун жүрүшү жөнүндө.

“Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо жөнүндө (шайлоо фонддору жана каржы отчеттуулугу)” маселеси боюнча маалымат угулду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 17 талапкер шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшкөн каражаттарды пайдалануу менен өз шайлоо өнөктүктөрүн каржылоодо. 12 талапкер «РСК Банк» ААКта жана 5 талапкер «Айыл Банк» ААКта атайын эсептерин ачышты. Шайлоо фонддорунун атайын эсептерине каражаттардын түшүүлөрү жана алардын чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар бул банктардан мыйзам тартибинде жума сайын БШКга түшүүдө жана жеке маалыматтар жана банктын жашыруун сыры тууралуу мыйзамдарды эске алуу менен БШКнын расмий сайтына жарыяланууда.

Талапкерлердин каржы отчеттуулугунун маалыматтары боюнча 2020-жылдын 30-декабрына карата шайлоо фонддоруна түшкөн акча каражаттары 112 310 964 сомду түздү, анын ичинде:

· талапкерлердин өз каражаттары 57 633 980 сом (51,3%),

· юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары – 9  000 000 сом (8,01%),

· жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары – 45 647 004 сом (40,6%),

· кайтарылган каражаттардын суммасы –  29 980 сом (0,03%).

КР Президентине талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынан шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүүгө байланыштуу чыгашаларды жабууга 103 297 087 сом чыгымдалды, анын ичинде:

· шайлоо күрөөсүн төлөөгө 17 000 000 сом (16,5%),

  • шайлоо алдындагы үгүткө –  59 883 946 сом (58%),
  • башка чыгашаларды, салык чегерүүлөрүн, социалдык милдеттенмелерди төлөөгө – 5 552 509 сом (5,4 %),
  • шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүүгө байланыштуу аткарылган жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү (маалыматтык жана кеңеш берүү мүнөзүндөгү кызмат көрсөтүүлөр, орун-жайларды жана жабдыктарды ижарага алуу, транспорт жана иш сапар чыгашалары, байланыш кызмат көрсөтүүлөрү, канцеляриялык товарларды жана жабдыктарды сатып алуу) төлөөгө – 20 858 081 сом (20,2%).

КР Президентине талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынын пайдаланылбаган калдыгы 9 013 877 сомду түзөт.

“Референдумдун “макул” жана “каршы” үгүт топторунун өнөктүктөрүн каржылоо жөнүндө (референдум фонддору)” маселеси боюнча төмөнкүдөй маалымат берилди:

Бүгүнкүгө карата катталган 15 “макул” жана “каршы” үгүт тобу өз фонддорун түздү. 2020-жылдын 25-декабрынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде «макул» (парламенттик республикага» №1 үгүт тобуна  15100 сом түшүп, 1 028 сом чыгымдалды.

Референдум фонддоруна каражаттардын түшүүлөрү жана алардын чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар бул банктардан мыйзам тартибинде жума сайын БШКга түшүүдө жана жеке маалыматтар жана банктын жашыруун сыры тууралуу мыйзамдарды эске алуу менен БШКнын расмий сайтына жарыяланууда.

Үчүнчү маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоону жана өткөрүүнү республикалык бюджеттин каражаттарынан  каржылоо жөнүндө маалымат угулду.

БШКнын чыгымдар сметасы 686 451,3 миң сом жалпы суммасында бекитилген, анын ичинде 137 290,3 миң сом Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча мүмкүн кайра добуш берүү дайындалып калса жумшалуучу пландалган кошумча сумма. Учурда шайлоо комиссияларын каржылоо толук көлөмдө жүргүзүлдү.

Андан ары КТТ мүчөлөрү 2020-жылы 4-октябрда өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан  каржылоонун жыйынтыктары жөнүндө маселени угуп, талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдар сметасынын жалпы суммасы 437 726,5 сомду түздү, анын ичинде:

  • шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу ыйгарым укуктарын камсыздоого БШКнын чыгымдар сметасы,  анын ичинде төмөн турган шайлоо комиссияларынын БШК тарабынан борборлоштурулган тартипте төлөнүүчү товарларды сатып алууга, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөгө чыгымдар 139 016,8 сомду түздү;
  • 54 АШКнын жана 2 464 УШКнын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү каржылык жактан камсыздоого (эмгек акы, Соцфондго чегерүүлөр, иш сапарга чыгымдар, добуш берүү күнү жана анын мурунку күнү комиссия мүчөлөрүнүн суткалык чыгымдары жана тамак-ашы) чыгымдар сметасы 298 709,7 сомду түздү.

2020-жылы 4-октябрда өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан  иш жүзүндө каржылоо403 806,746 сомду түздү. Пайдаланылбаган бюджеттик каражаттардын калдыгы (үнөм) 33 919,8 сомду түздү.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоого катышуусу, конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн КР БШК тараптан 3 523 532 шайлоо бюллетени даярдалды. Орточо алганда, ар бир шайлоочуга 114 сом 60 тыйын (403 806 746  сом/ 3 523 532 шайлоочу) чыгымдалды.

Акыркы маселе боюнча шайлоолорду жана референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар боюнча жана талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун, референдум фонддорунун каражаттары боюнча автоматташтырылган эсепке алуу жана каржы отчеттуулук үчүн электрондук платформаны иштеп чыгуунун жүрүшү жөнүндө маалымат берилди.

Электрондук платформа төмөнкү эки бөлүктү камтыйт: талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун жана референдум фонддорунун каражаттары боюнча түзүү, эсепке алуу жана каржы отчеттуулук, ошондой эле референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын чыгымдар сметасын түзүү, ошондой эле ал каражаттарды эсепке алуу жана чыгымдар сметасын аткаруу боюнча отчеттуулук. Учурда электрондук платформанын иштелип чыккан бөлүгү тесттен өткөрүлүүдө, ал реалдуу убакыт режиминде  ведомстволор арасындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун жана референдум фонддорунун атайын эсептерине каражаттардын түшүүлөрү жана алардын чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды берүү боюнча БШК менен банк мекемелеринин ортосунда маалыматтарды алмашууну камсыздоого тийиш.

КТТ мүчөлөрү күн тартибиндеги төмөнкү бардык маселелерди иш тартибинде талкуулашты: Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорунан учурда каржылоо маселелери; талапкерлердин шайлоо фонддорундагы акча каражаттарын түзүү жана пайдалануу боюнча мыйзам ченемдерин сактоо маселелери; референдум фонддорунун каржылоо маселелери; “макул” жана “каршы” үгүт топторунун референдум фонддорундагы акча каражаттарын түзүү жана пайдалануу боюнча мыйзам ченемдерин сактоо маселелери; талапкерлердин шайлоо фонддорунан жана референдум фонддорунан каражаттарынан үгүт иш-чараларына акы төлөө маселелери.  Келип чыккан бузуулар боюнча талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, үгүт топторунун жетекчилери менен түздөн-түз иштер жүргүзүлүп жатканы, мыйзам ченемдери түшүндүрүлүп, каржы отчеттуулугун берүү мөөнөттөрү жана жол-жобосу боюнча толук маалымат жеткирилип жатканы белгиленди.

КТТ жетекчиси Г.М. Баатырова КТТ мүчөлөрүнө шайлоо фонддорунун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү жана пайдалануу боюнча бардык жол-жоболорду мүмкүн болушунча көп көңүл бөлүп, контролдоону, каржылык айкындуулук боюнча бардык талаптарды аткарууну тапшырды.

ЕККУ ДИАУБдун эл аралык байкоочулары КТТ ишиндеги ачык-айкындуулукка жана шайлоо фонддорунун, референдум фонддорунун, республикалык бюджеттин каражаттарын айкындуулугу боюнча чараларды аткарууда топтун мүчөлөрүнүн күч-аракеттерине баа беришти. Алар  шайлоо жол-жоболору боюнча өз убагында маалыматтык жана усулдук жардам көрсөтүүдө шайлоо процессинин бардык катышуучулары менен БШК мүчөлөрүнүн өз ара шайкеш аракеттешүүсүн, ошондой эле шайлоо фонддорунун, референдум фонддорунун,  БШК бюджетинин каржы ресурстары жөнүндө маалыматтарга ачык кирүү үчүн кеңири коомчулукка мүмкүнчүлүк берүүчү электрондук платформанын иштелип чыгышын кубатташты.

 

КР БШК маалымат бөлүмү

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
15-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

1.        Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Алимбаев Е. А. – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө ‎” токтом долбоору жөнүндө                                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы      4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                             5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                                    6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “2027-жылдын 27-январына дайындалган  Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                                Баяндамачы: Алымбаев Р. А. - маалыматтык камсыздоо секторунун башчысы      ТӨРАГА                 
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>