Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

2021-жылдын 9-январына карата Кыргыз Республикасынын Президент кызматына талапкерлердин шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат
10.01.2021

2021-жылдын 9-январына карата Кыргыз Республикасынын Президент кызматына талапкерлердин шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер талапкердин атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш. КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2021-жылдын 9-январына банк маалыматтарынын негизинде 17 талапкердин шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди.   № и/м КР Президенттигине талапкердин Ф.А.А. Келип түштү Чыгымдалды 1 Жапаров Садыр Нургожоевич 67 184 700 67 184 700 2 Исаев Канатбек Кедейканович 2 047 000 2 036 453 3 Арстанбек Мыктыбек 1 117 000 1 115 750 4 Сооронкулова Клара Сыргакбековна 1 194 255 1 194 145 5 Ташов Имамидин Асамидинович 4 924 600 4 924 600 6 Сегизбаев Абдил Кенешевич 5 406 910 5 382 937 7 Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 3 093 676 3 093 676 8 Касенов Аймен Абдыталипович 4 147 805 4 147 072 9 Кочкоров Улукбек Тойчубаевич 1 849 090 1 847 208 10 Байгуттиев Женишбек Сейтбекович 3 337 850 3 337 850 11 Абакиров Эльдар Курманбекович 1 722 193 1 722 192 12 Асанов Курсан Сатарович 3 965 251 3 965 221 13 Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 2 356 000 2 351 440 14 Джеенбеков Равшан Бабырбекович 4 421 700 4 391 156 15 Калмаматов Бактыбек Орозалиевич 1 469 020 1 446 801 16 Тольбаев Бабыржан Латиханович 14 255 943 12 529 314 17 Иманалиев Каныбек Капашович 2 279 368 2 278 785 Бардыгы: 124 772 361 122 949 299 Толугураак маалымат шилтеме аркылуу   КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу  
Кененирээк билүү >>
2021-жылдын 10-январына дайындалган КРнын башкаруу формасын аныктоо үчүн референдумда "макул", "каршы" үгүт топторунун 2021-жылдын 9-январынакарата референдум фонддорунан акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат
10.01.2021

2021-жылдын 10-январына дайындалган КРнын башкаруу формасын аныктоо үчүн референдумда "макул", "каршы" үгүт топторунун 2021-жылдын 9-январынакарата референдум фонддорунан акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат

«Кыргыз Республикасынын референдум жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин 10-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер “макул” же “каршы” демилгечи топтун атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш. КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 9-январына карата  15 “макул” жана “каршы” үгүт топтордун ичинен 15-и БШК тарабынан белгиленген эки банк мекемеси – “РСК Банк” ААКда жана “Айыл Банк” ААКда атайын эсептерин ачып, референдум фондуларын  түзгөнүн билдирет.   КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2021-жылдын 9-январына банк маалыматтарынын негизинде 6 “макул”, “каршы” үгүт топтун фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди. Башка “макул”, “каршы” үгүт топтордун референдум фондуларында атайын эсептериндеги каражаттардын кыймылы азырынча жок.   № п/п “Макул”, “каршы” үгүт топтун аталышы Келип түштү Чыгымдалды 1 Парламенттик республикага “макул” №1 17 600 1 528 2 Президенттик республикага “каршы” №1 100 0 3 Президенттик республикага “макул” №4 100 0 4 Президенттик республикага “макул” №3 859 453 359 288 5 Президенттик республикага “макул” №8 3 000 3 000 6 Президенттик республикага “макул” №2 380 155 0 Бардыгы: 1 260 408 363 816 Толугураак маалымат шилтеме аркылуу   КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу      
Кененирээк билүү >>
Добуш берүү күнүн чагылдырууга 300дөн ашуун ЖМКнын өкүлдөрү КР БШКсынан аккредидацияланган
10.01.2021

Добуш берүү күнүн чагылдырууга 300дөн ашуун ЖМКнын өкүлдөрү КР БШКсынан аккредидацияланган

2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону чагылдырууга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдында дүйнөдөгү 11 өлкөсүнөн жалпыга маалымдоо каражаттарынан 92 өкүл аккредитацияланган. КРнын ТИМи 2020-жылдын 30-декабрына карата төмөнкү өлкөлөрдүн өкүлдөрүн акрредитациялаган: Россия – 33, Япония – 5, Великобритания – 14, АКШ – 1, Франция – 5, Катар – 4, Германия – 19, Украина – 1, Таджикстан – 2, Белоруссия – 4, Азербайджан – 4 ЖМК өкүлдөрү. Ошондой эле КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону чагылдырууга Кыргызстандын ЖМКларынын 217 өкүл, референдумду чагылдырууга КРнын ЖМКсынан – 51 өкүл аккредитацияланган. КР БШК Маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
Ыкчам чара көрүү Координациялык тобу келип түшкөн сигналдардын саны боюнча маалымат берди
10.01.2021

Ыкчам чара көрүү Координациялык тобу келип түшкөн сигналдардын саны боюнча маалымат берди

Бүгүн, 2020-жылдын 10-январында БШКнын Ыкчам чара көрүү Координациялык тобу, ИИМ менен КРнын Башкы прокуратурасы менен биргелешкен пресс-конференцияда үгүт мезгилиндеги шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө бузуулар жөнүндө түшкөң сигналдар боюнча маалымдады. БШКнын мүчөсү Т.Шайназаров, «Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумга даярдык көрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүү Координациялык тобуна 61 билдирүү келип түшкөн. Алардын ичинен маалыматты каттоо журналына (МКЖ) катталгандар– 39 маалымат, анын ичинен 32си тастыкталган жок. Кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталгандары – 10, анын ичинен 5и кылмыш курамы жоктугунан иликтөө токтотулган.   КР БШК Маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын «Ишеним телефонунун» номери
10.01.2021

КР БШКнын «Ишеним телефонунун» номери

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү Борбордук шайлоо комиссиясында колл-борбор (байланыш борбору) иштеп жатат. 1255 кыска номуруна чалып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумуна добуш берүүгө байланышкан суроолорго жооп ала алышат. га жоопту Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери беришет. Колл-борбордо иштөө үчүн сырттан адистер тартылган анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер дагы тартылган. КР БШК Маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда шайлоочулардын негизги бөлүгү – жаштар
10.01.2021

Кыргызстанда шайлоочулардын негизги бөлүгү – жаштар

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү Борбордук шайлоо комиссиясынын https://tizme.gov.kg/, порталында жайгашкан шайлоочулардын тизмесинде 3 563 574 жаран катталган. Анын ичинен 975 971 шайлоочу 18 жаштан 29 жашка чейин, 891 686 шайлоочу – 30 жаштан 39 жаш курагында. Эң аз сандагы шайлоочулар – 175 400 же 4,92% менен 70 жаштан ашкан жарандар. «Кыргызстандагы шайлоолордун бул жолку өзгөчөлүгү – шайлоочулардын тизмесинде жаштардын өтө чоң бөлүгү. Азыр шайлоочулардын тизмесинде 18 жаштан 30 жашка чейинки 1 миллион 708 миң шайлоочу бар» - деп айтты КРнын БШКсынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова. КР БШК Маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
Добуш берүү күнү шайлоо комиссияларынын 31 миңден ашуун  мүчөсү иштейт
10.01.2021

Добуш берүү күнү шайлоо комиссияларынын 31 миңден ашуун мүчөсү иштейт

Бүгүн, 10-январда, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого жана Кыргыз Республикасында башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумуна шайлоо участкаларында 650 аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана 31 119 участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү иштейт. 5 700 автоматтык эсептөөчү урна, 6 700 идентификация боюнча жабдуу колдонулууда. Баардык маалыматтык системалар кадимки режимде иштеп жатат. Буга чейин Кыргыз Республикасынын БШКсы системанын үзгүлтүксүз иштешин жана системанын администраторлорунун киберкоопсуздугун камсыздоо боюнча окутуу иш-чараларын өткөргөн. Аймактык шайлоо комиссияларынын 59 системдик администраторлору, шайлоо участкалык комиссияларында автоматтык эсептөөчү урнаны иштетүүчү 5000ге жакын, 6 900гө жакын идентификациялоочу операторлору окутулду. Борбордук шайлоо комиссиясы үстүбүздөгү жылдын 6-январында автоматтык эсептөөчү урналардын сигнал кабыл алуусун тестирлөөдөн өткөрдү. Тестирлөө учурунда ыкчам маалымат берүү натыйжалуулугу 95%га чейин көтөрүлдү. Ошол эле учурда республика боюнча 11 шайлоо участкалары бийик тоолу жана алыскы интернет байланышы жок жерлерде жайгашкан. Булар Аксу районундагы Эңилчек айылы жана Баткен областындагы Зардалы айылы, Жалал-Абад областынын Сузак районунда, Ош областынын Кара-Кулжа жана Ноокат районунда ушул сыяктуу алыскы аймактар бар.   КР БШК Маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
Добуш берүү үчүн 3 567 138 бюллетень даярдалды
10.01.2021

Добуш берүү үчүн 3 567 138 бюллетень даярдалды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берүү үчүн 3 567 138 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, Брайль тамгасы менен ар бир добуш берүүгө 4 948 бюллетень даярдалды. Бардык шайлоо участокторунда азиз шайлоочулардын бюллетендерди толтурушу үчүн трафареттер каралган. Бюллетендер эки түстө даярдалды. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын тизмеси жана референдумдун катышуучуларынын тизмеси 10-январга карата мазмуну боюнча иденттүү, шайлоого жана референдумга катышуучулардын санын эсепке алуу добуш берүү күнү өз өзүнчө жүргүзүлөт. Шайлоо бюллетенинин коргоо даражасы абдан жогору, автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) ар бир бюллетенди таанып окушу үчүн ага атайын коргоочу боёк берилет. КР БШК конституциялык мыйзамдын талаптарын бузуп, шайлоо комиссияларынын орун-жайынан шайлоо бюллетендерин алып чыгууга, ошондой эле алардын көчүрмөсүн алууга жана таратууга  тыюу салынарын эскертет. КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Добуш берүү күнү 2 474 шайлоо участкалары иштейт
10.01.2021

Добуш берүү күнү 2 474 шайлоо участкалары иштейт

Бүгүн, 10-январда, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасынын референдумуна 54 шаардык денгээлдеги шайлоо комиссиялары 2 474 участкалык шайлоо комиссиялары, анын ичинен 48 чет өлкөдө иштеп жатат. Баардык участоктор электр энергиясы, байланыш, генераторлор жана жылыткычтар, инвентарлар жана кенсе техникалары, дезинфекциялоочу каражаттар жана шаймандар менен камсыздалган. КР БШК Маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
Шайлоочулардын эң көп саны Ош областында жашайт
10.01.2021

Шайлоочулардын эң көп саны Ош областында жашайт

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасынын референдумуна 3 563 574 шайлоочу шайлоочулардын тизмесине катталган. Шайлоочулардын эң көп катталган саны Ош областында - 722 933 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 20%. Шайлоочулардын саны боюнча экинчи орунда – Жалал-Абад областы (666 695 жаран), үчүнчү – Чүй областы (591 818 жаран) КР БШК Маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана КР башкаруусунун формасы боюнча референдумга добуш берүү башталды
10.01.2021

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана КР башкаруусунун формасы боюнча референдумга добуш берүү башталды

Добуш берүүнү алгач 03.00 – Южно-Сахалинск шаарында жашаган кыргызстандыктар баштады (Бишкек убактысы боюнча). 04.00 – Владивосток шаары 05.00 – Якутск шаары, 06.00 – Иркутск шаары, 07.00 – Новосибирск шаары. Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана КР башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга добуш берүү үчүн бардыгы 2 474 шайлоо участогу ачылып, алардын ичине 48и чет өлкөлөрдө ачылган. 10-январдагы мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуучу шайлоочулардын тизмеси жана референдумдун катышуучуларынын тизмеси мазмуну боюнча окшош. Бирок добуш берүү күнү шайлоого катышкандардын саны жана референдумга катышкандардын эсеби – ар бири өзүнчө жүргүзүлөт.   Шайлоочулардын жалпы саны – 3 563 574 Кыргызстандын жараны, алардын ичинен чет өлкөлөрдөгү тизмеде 49 479 жаран бар.   2015-жылдан тарта Кыргыз Республикасында шайлоочулардын саны 802 миң 277 адамга же +29,05 пайызга көбөйгөн. 2017-жылга салыштырганда шайлоочулардын санынын өсүшү 537 миң 804 адамга же 18 пайызга өскөн. Ал эми 2020-жылдын 4-октябрына салыштырмалуу шайлоочулардын санынын өсүшү 40 миң 20 адамды же 1,14 пайызды түзгөн.   Шайлоочулардын тизмесинин көбөйүшү калктын табигый өсүүсүнүн эсебинен жана шайлоочулардын тизмесин жакшыртуу боюнча үзгүлтүксүз аткарылган иштерден улам болууда. Шайлоочулардын жалпы санынын 52,21 пайызы – аялдар, 47,679 пайызы – эркектер. 18 жаштан 30 жашка чейинки шайлоочулардын саны, жалпы шайлоочулардын санынын 31 пайызынан жогору болуп эсептелет. 54 аймактык жана 2 474 участкалык комиссиялардагы мүчөлөрдүн саны: АШКда – 650 адамды, УШКда – 31 119 адамды түзөт. 2020-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер болуп 18 адам катталган, алар кол тамгалар коюлган баракчаларды тапшырып, күрөөнү төлөшкөн. Боршайком 2020-жылдын 31-декабрындагы жыйынында КР Президенти кызматына талапкер Рашид Тагаевдин каттоосун ал берген арыздын негизинде жокко чыгарган. Ал тизмеден чыгарылгандан кийин 17 талапкер калган. КР БШК Маалыматты бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрайымы чет өлкөлөрдүн шайлоо органдарынан эл аралык байкоочулар менен жолугушту
09.01.2021

КР БШК төрайымы чет өлкөлөрдүн шайлоо органдарынан эл аралык байкоочулар менен жолугушту

Чет өлкөлөрдөн келген шайлоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушууда БШК төрайымы Н. Шайлдабекова дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаал курч болуп жаткандыгына карабай алар Кыргызстанда өтүп жаткан демократиялык процесстерге катышып, президенттик шайлоого жана референдумга байкоо жүргүзүп жатышкандыгына ыраазылыгын билдирди. КР БШКсы муну мурдагы эки кампания ийгиликтүү өткөндүктөн, чет элдик кесиптештердин колдоосу жана кызыгуусу деп билет. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча чет элдик байкоочулардын Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча сунуштары менен пикирлери шайлоо системасынын жакшыруусуна гана жардам берет. Чет элдик БШКлардын өкүлдөрү шайлоого жана референдумга даярдануунун деңгээли жогору болгондугун белгилешти. Өзбекстандын БШКсынын төрагасынын орун басары Махмуд Истамов пандемия шартында шайлоого жана референдумга даярдык жогорку деңгээлде болгондугун айтты. Өзбекстандан байкоого 38 өкүл катышып жатат, алар Кыргызстандын аймагында да мониторинг өткөрүп жатышат. М. Истамов өз сөзүндө Кыргызстандын шайлоо системасы Борбордук Азиянын башка өлкөлөрү үчүн үлгү болуп эсептелээрин билдирди. Азербайжандын БШК мүчөсү Аскеров Бахшеиш Мамед оглы шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөрүп алууну каалады. “Алдын ала байкоолордун жыйынтыгынан биз КР БШКсы шайлоолор мыйзамдарга ылайык өтүүсүнө бардык күчүн жумшагандыгын көрүп жатабыз” деп кошумчалады. Молдованын БШКнын маалыматтык бөлүмүнүн башчысы Сирбу Родика шайлоо менен референдум ийгиликтүү өтүшүн каалады. “КР БШК командасынын тажрыйбасы жана кесипкөйлүгү шайлоону жана референдумду жогорку деңгээлде өткөрүүгө шарт түзүп жатат”. Молдова БШКнын өкүлү Кыргызстан менен Молдованын шайлоо органдарынын ортосундагы достук карым-катышты жемиштүү өнүктүрүүгө үмүттөнө тургандыгын биодирди. Казакстандын БШК төрагасынын кеңешчиси Максатхан Анапин президенттик шайлоо жана референдум мыйзамдарга ылайык өтүшүн каалады. “Добуш берүүнүн жыйынтыгы процесстин бардык катышуучуларынан көз каранды. Региондогу башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстандын шайлоо системасы көп жагынан алдыда”, - деп сөзүн бүтүрдү ал.
Кененирээк билүү >>
-
09.01.2021

-

-
Кененирээк билүү >>
БШК башкаруунун президенттик формасына “макул” №3 үгүт тобунун жетекчиси Т.К. Саликеевге айып пул салды
09.01.2021

БШК башкаруунун президенттик формасына “макул” №3 үгүт тобунун жетекчиси Т.К. Саликеевге айып пул салды

БШКнын 2021-жылдын 9-январындагы №11 чечимине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан чыгаруу маалыматтарысыз жана референдум фондунан алдын ала акы төлөөсүз үгүт материалдарын тараткандыгы үчүн башкаруунун президенттик формасына “макул” №3 үгүт тобунун жетекчиси Т.К. Саликеевге карата Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 44-беренеси боюнча иш каралды, IV категориядагы 7 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Маалымат үчүн: Мурда Борбордук шайлоо комиссиясына башкаруунун президенттик формасын колдогон, чыгаруу маалыматтары көрсөтүлбөгөн үгүт материалдары жарнак автомобилдеринде таратылгандыгы жөнүндө арыздар түшкөн. Жыйналышта башкаруунун президенттик формасына “макул” №3 үгүт тобунун жетекчиси Т.К. Саликеев үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн микроавтобустарды ижарага алуу жөнүндө келишим 2020-жылдын 30-декабрында түзүлгөнүн, келишимдин шарттарына ылайык акы келишимдин шарттарын иш жүзүндө аткаргандан кийин ар бир автотранспорттун километраждары боюнча төлөнүүгө тийиш болгондугун түшүндүрдү. “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине ылайык көрсөтүлгөн берененин талаптарын бузуу менен тиешелүү шайлоо фондунан алдын ала акы төлөөсүз үгүт материалдарын даярдоого тыюу салынат.                  
Кененирээк билүү >>
БШК үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн КТРКга эскертүү берди
09.01.2021

БШК үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн КТРКга эскертүү берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 9-январындагы жыйналышында башкаруунун президенттик формасына “макул” №3 үгүт тобунун жетекчиси Т.К. Саликеевди Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн материалдарды БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алды. 2020-жылдын 30-декабрында жана 2021-жылдын 6-январында башкаруунун парламенттик формасына “макул” №1 үгүт тобунун жетекчиси Д.Д. Бекешевден КР БШКга арыздар түшкөн. 2020-жылдын 30-декабрындагы арызында арыз ээси чыгаруу маалыматтары көрсөтүлбөгөн “Президенттик республика үчүн” деген басылма үгүт материалдары менен автотранспорт каражаттары шаарда жүргөнүн көрсөткөн. Ошондой эле 2021-жылдын 6-январындагы катында арыз ээси 2021-жылы 4-январда Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (мындан ары – КТРК) «Ала-Тоо 24» телеканалында https://www.youtube.com/watch?v=2DTZVCeEHYA&feature=youtu.be шилтемеси боюнча 16 минут 10 секунддан 18 минут 30 секундга чейин башкаруунун президенттик формасын колдогон видеосюжет көрсөтүлгөнүн билдирген. Ошону менен бирге арыз ээси буга окшогон уюштуруу иш-чаралары “президенттик республика үчүн” үгүт топторунун биринин референдум фондунан каржылоону талап кыларын көрсөтөт. Мында КТРК көрсөткөн учурда ал видеоматериалды кайсыл үгүт тобу каржылаганы көрсөтүлгөн эмес. Ушуга байланыштуу арыз ээси КТРК жетекчилигин жана ал иш-чараны уюштуруучуларды жоопкерчиликке тартууну өтүнгөн. Жумушчу топтун жыйналышында башкаруунун президенттик формасына “макул” №3 үгүт тобунун жетекчиси Т.К. Саликеев үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн микроавтобустарды ижарага алуу жөнүндө келишим 2020-жылдын 30-декабрында түзүлгөнүн, келишимдин шарттарына ылайык акы Аткаруучу келишимдин шарттарын иш жүзүндө аткаргандан кийин ар бир автотранспорттун километраждары боюнча төлөнүүгө тийиш болгондугун түшүндүрдү. Т.К. Саликеев келишимге ылайык флешмобдо пайдаланылган үгүт материалдары жана шарлар дагы ал Аткаруучу тарабынан ошол эле шарттарда аткарылууга тийиш болгонун билдирип, буга окшогон иш-чараларга биринчи жолу аралашып жатканын, үгүт материалдарында чыгаруу маалыматтары көрсөтүлүүгө тийиш экендигинен кабардар болбогонун түшүндүрдү. Жумушчу топ “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары –конституциялык Мыйзам) 28-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык “Бардык басма сөз, укма-көрмө үгүт материалдары мындай материалдарды даярдаган уюмдун аталышын жана юридикалык дарегин (адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын жана жашаган жерин), ушул материалдарга тапшырык берген уюмдун, жеке ишкердин аталышын (адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын), аларды даярдоо тиешелүү шайлоо фонддун каражаттарынан төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле алардын нускасы жана чыгарылган датасы жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. Басма сөз жана башка үгүт материалдарынын нускалары же алардын көчүрмөлөрү аларды таратуу башталганга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүсү керек” экенин белгилейт. Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык “ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптарын бузуу менен, ошондой эле референдумдун фондунан акы төлөөсүз үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт. Тиешелүү шайлоо фондунан алдын ала төлөөсүз жана ушул беренеде белгиленген талаптарды бузуу менен үгүт материалдарын даярдоого тыюу салынат”. Ушуга байланыштуу Жумушчу топ башкаруунун президенттик формасына “макул” №3 үгүт тобунун жетекчиси Т.К. Саликеев “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин ченемдерин бузган деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 44-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык “шайлоочу, байкоочу, талапкер же анын өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарынын бузулушу, - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет”. КТРКнын «Ала-Тоо 24» каналындагы материалга байланыштуу КТРКнын укук маселелери боюнча аткаруучу директору М. Толонов ал иш-чара референдумдун катышуучуларына маалымдоо алкагында чагылдырылганын, КТРКнын тигил же бул суроо боюнча үгүттөө ниети болбогондугун түшүндүрдү. Конституциялык Мыйзамдын 2-беренесине ылайык “референдумдун катышуучуларына маалымдоо – референдум өнөктүгү мезгилинде референдумдун катышуучуларына референдумга катышууга түрткү берүүгө көмөктөшүүгө, жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө жана референдумдун айкындыгына көмөктөшүүчү маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча иш. Референдумдун катышуучуларына маалымдоо үгүттүн элементтерин же белгилерин камтууга тийиш эмес”. Ушуга байланыштуу Жумушчу топ референдумда бир үгүт тобунун гана иш-чарасы жөнүндө маалыматтык материалды чагылдыруу жарандардын эрк-ниетин аң-сезимдүү билдирүүгө толук деңгээлде көмөктөшпөйт жана шайлоо алдындагы үгүт катары кабыл алынат деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-ноябрындагы № 191 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын референдумунда үгүт топторун (“макул”, “каршы”) каттоо жана ишин уюштуруу тартиби жөнүндө” Жобонун 3.8.3. пунктуна ылайык “”. Жогоруда баяндалгандын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-ноябрындагы № 191 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын референдумунда үгүт топторун (“макул”, “каршы”) каттоо жана ишин уюштуруу тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясыбашкаруунун президенттик формасына “макул” №3 үгүт тобунун жетекчиси Т.К. Саликеевди Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн материалдарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алды. Маалымдоо шарттарын бузгандыгы үчүн Коомдук телерадиоберүү корпорациясына эскертүү берүү жөнүндө чечим чыгарылды.   КР БШКнын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 9-январындагы өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
09.01.2021

2021–ж. 9-январындагы өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 9-январь 2021-ж. Убактысы: 18:30 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Д.Д. Бекешевдун Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт эрежелери тууралуу даттануулары жөнүндө (баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 2. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
1 … 254 256 … 483