Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Шайлоочулардын 2021-жылы 10-январда саат 16.00гө карата келүүсү
10.01.2021

Шайлоочулардын 2021-жылы 10-январда саат 16.00гө карата келүүсү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоочулардын добуш берүү күнү келүүсүнө байланыштуу маалымат берет: Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого: Келгендердин жалпы саны –  947 614 же  26,59%. Анын ичинде: Бишкек ш. – 105 044 шайлоочу же 25,24%, Ош ш. – 46 203 шайлоочу же 30,57%, Жалал-Абад облусу – 182 194 шайлоочу же 27,33%, Ысык-Көл облусу – 97 279 шайлоочу же 31,61%, Нарын облусу – 61 164 шайлоочу же 30,21%, Ош облусу – 193 662 шайлоочу же 26,79%, Талас облусу – 39 447 шайлоочу же 24,98%, Чүй облусу –  132 491 шайлоочу же 22,39%, Баткен облусу – 82 746 шайлоочу же 27,84%, ТИМ – 7 384 шайлоочу же14,92%. Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга: Келгендердин жалпы саны – 946 104 катышуучу же 26,55%. Анын ичинде: Бишкек ш. – 104 499 катышуучу же 25,11%, Ош ш. – 46 343 катышуучу же 30,67%, Жалал-Абад облусу – 182 393 катышуучу же 27,36%, Ысык-Көл облусу – 97 041 катышуучу же 31,53%, Нарын облусу – 60 971 катышуучу же 30,11%, Ош облусу – 192 918 катышуучу же 26,69%, Талас облусу – 39 439 катышуучу же 24,98%, Чүй облусу – 132 479 катышуучу же 22,39%, Баткен облусу – 82 655 катышуучу же 27,81%, ТИМ – 7 366 катышуучу же 14,89%. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоочулардын 2021-жылы 10-январда саат 14.00гө карата келүүсү
10.01.2021

Шайлоочулардын 2021-жылы 10-январда саат 14.00гө карата келүүсү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоочулардын добуш берүү күнү келүүсүнө байланыштуу маалымат берет: Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого: Келгендердин жалпы саны –  661 501 же  18,56%. Анын ичинде: Бишкек ш. – 72 766 шайлоочу же 17,49%, Ош ш. – 35 226 шайлоочу же 23,31%, Жалал-Абад облусу – 126 830 шайлоочу же 19,02%, Ысык-Көл облусу – – 67 274 шайлоочу же 21,86%, Нарын облусу – 41 336 шайлоочу же 20,42%, Ош облусу – 134 397 шайлоочу же 18,59%, Талас облусу – 27 666 шайлоочу же 17,52%, Чүй облусу – 92 246 шайлоочу же 15,59%, Баткен облусу – 58 764 шайлоочу же 19,77%. Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга: Келгендердин жалпы саны – 661 152 катышуучу же 18,55%. Анын ичинде: Бишкек ш. – 72 050 катышуучу же 17,31%, Ош ш. – 35 255 катышуучу же 23,33%, Жалал-Абад облусу – 126 763 катышуучу же 19,01%, Ысык-Көл облусу – 67 287 катышуучу же 21,86%, Нарын облусу – 41 306 катышуучу же 20,40%, Ош облусу – 134 884 катышуучу же 18,66%, Талас облусу – 27 658 катышуучу же 17,52%, Чүй облусу – 92 276 катышуучу же 15,59%, Баткен облусу – 58 765 катышуучу же 19,77%. КР БШК маалымат бөлүмү                  
Кененирээк билүү >>
КР БШК жетекчилиги КМШ ПАнын эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолугушту
10.01.2021

КР БШК жетекчилиги КМШ ПАнын эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолугушту

Миссияны Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын коргонуу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Заварзин жетектейт. КМШ ПА миссиясы КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын секретариатынан жана парламенттеринин 52 өкүлүнөн турат. Миссиянын жетекчиси “Кыргыз Республикасында өтүп жаткан саясый процесстерге КМШнын парламенттер аралык ассамблеясы чоң маани берерин” билдирди. Миссия тарабынан шайлоо процессине жана референдумга тыкыр мониторинг жүргүзүлүп, талапкерлер менен жана башка шайлоо процессинин катышуучулары менен жолугшуулар өттү. “Эл бийликтен өзгөрүүлөрдү күтүп жаткандыгын биз уктук. Биз сиздердин моюнга түшкөн чоң жоопкерчиликти сезип турабыз ошондуктан миссия шайлоо комиссияларынын ишине, шайлоого даярдыкка бөтөнчө көңүл бурабыз”. Миссия өкулдөрү шайлоо участокторунда коопсуздуктун жогорку деңгээлин камсыздоонун маанилүү экендигин белгилешти. Жолугушуунун жүрүшүндө КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова азыркы КР Президентин шайлоодо жана КР референдумуна добуш берүүнүн жүрүшүндө ачыктык жана ишенимдүүлүк боюнча мурдагы жетишкендиктерди сактоо менен, шайлоо процесси учурунда мыйзам бузууларга эффективдүү каршы туруу – башкы артыкчылык берилген багыт экендигин билдирди. Укук коргоо органдары менен өз ара иштешүүдө ыкчам аракет кылуучу координациялык топтун (ЫАККТ) иши күчөтүлгөн темпте жүрүп, ал дайыма БШК менен туруктуу негизде иш алып барып, шайлоодо жана референдумда мыйзам бузуулар боюнча түшкөн маалыматтарга ыкчам чара көрүү жана коомчулукка маалымат берүүдө болгон аракетин көрүп жатат. БШК мүчөсү Т. Шайназаров миссияга ЫАККТтын иши тууралуу маалымат берди. “Учурда жүрүп жаткан шайлоо кампаниясында биз ар бир мыйзам бузуу тууралуу кабарга укук коргоо органдары тарабынан (Башкы прокуратура, ИИМ, УКМК) тез арада бутүм чыгып, тиешелүү чечимдер кабыл алынып жаткандыгына жетише алдык”. Анын айтымында, укук коргоо органдарынын жетекчилери шайлоо бир гана БШКнын жумушу эмес экендигин, акыйкат, тынч шайлоо жана референдум үчүн бардык мамлекеттик органдар жоопкерчиликтүү экендигин сезген учур келди. Өз кезегинде миссия идентификациялоодо биометрикалык каттоону колдонуу менен алдыңкы технологиялар пайдаланылып жаткандыгына, ошондой эле Кыргыз Республикасында шайлоо процессинде добуштарды автоматтык түрдө саноо жүрүп жаткандыгына жогору баа беришти. В. Заварзин жаңы шайлоо модели 2015-жылдан бери колдонулуп жаткандыгын жана көп мамлекеттер Кыргызстандын тажрыйбасынан үйрөнүүнү каалай тургандыгын билдирди. Жолугушуунун аягында Казактандын парламентинин сенатынын өкүлү Нурлан Кылышбаев мурдагы шайлоо кампаниясында Казакстандын жарандары Кыргызстанда өткөн шайлоодон кийинки башаламандыкты үрөйү учуп байкап турушкандыгын билдирди. Эми азыркы президенттик шайлоодо жана референдум өткөрүүдө Кыргызстандын элине ийгилик каалайт.
Кененирээк билүү >>
Ислам кызматташтыгы уюмунун эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолугушуу болуп өттү
10.01.2021

Ислам кызматташтыгы уюмунун эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолугушуу болуп өттү

Ислам кызматташтыгы уюмунун (ИКУ) элчиси Гутали Али өз сөзүндө ИКУ Кыргыз Республикасында мыйзамдуу жана акыйкат шайлоолор өтүшүнө терең маани берерин билдирди. ИКУ миссиясы мындан мурда Кыргыз Республикасындагы шайлоонун өтүшүнө мониторинг жасаган, идентификациялоо жана добушту саноо үчүн автоматтык системаны колдонуу жолу менен шайлоо процессинин ачык, добуш берүүнүн жыйынтыгы ишенимдүү болушун камсыздаган Кыргызстандын шайлоо системасынын жетишкендигин ал жогору баалайт. "Добуш берүү күнү биздин миссия бул система иш жүзүндө кандай иштээрине байкоо жүргүзөт". БШК жетекчиси Н. Шайлдабекова дүйнөдөгу эпидемиологиялык кырдаалга карабай Кыргызстандагы демократиялык процесстерге катышып, шайлоого жана референдумга байкоо жүргүзүп жаткан эл аралык байкоочуларга ыраазылыгын билдирди. Мониторингдин жыйынтыгы менен эл аралык байкоочулардын сунуштары жана пикирлери эске алынып, алар биздин шайлоо системабыздын өркүндөтүлүшүнө жардам берет.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар 18 миңден ашык жаран шайлоочулардын тизмесине катталды
10.01.2021

Майыптыгы бар 18 миңден ашык жаран шайлоочулардын тизмесине катталды

Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү 18 285 шайлоо катталган. Алардын добуш берүүгө кирүүсүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн арттыруу, анын ичинде добуш берүү үчүн орун-жайлардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана жардам берүүнүн атайын каражаттары менен жабдуу боюнча саясатты үзгүлтүксүз ишке ашырууда. Атап айтканда, 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо шайлоо участокторунун үчтөн бири гана пандустар менен жабдылса, пандустар менен жабдылган шайлоо участокторунун саны 2020-жылы февралда 43%га, августта – 65,7%га, сентябрда – 79%га, декабрда – 83,4%га жетти. Дагы 185 участокто пандустар менен жабдуунун зарылчылыгы жок. Учурда 215 шайлоо участогунда пандус жок, добуш берүү үчүн орун-жайлардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча иштер улантылууда. Мындан тышкары, шайлоо участокторундагы добуш берүү үчүн столдор, кабиналар жана урналар, ошондой эле маалымат такталары коляска пайдаланган же өз алдынча ары-бери жүрүүдө кыйынчылыктарга (бийиктиги, туурасы, узатасы жана жайгашкан жери боюнча) кабылуучу шайлоочулар үчүн жеткиликтүү болгондой жайгаштырылууда. Добуш берүү үчүн бир кабина туурасы 40 смдан кем эмес, узатасы 30 смдан кем эмес, полдун деңгээлинен 75 смдан ашык эмес бийиктикте жайгашкан бюллетенди толтуруу үчүн орун (стол, текче, подставка ж.б.) менен жабдылган. Бардык УШКларда чоңойтуп көрсөтүүчү айнек (лупа) жана/же Брайль трафарети бар. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жымжырттык күнү КР БШК сайтын 111 миңден ашык көрүү болду
10.01.2021

Жымжырттык күнү КР БШК сайтын 111 миңден ашык көрүү болду

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча кечээ – 2021-жылы 9-январда – “жымжырттык күнү” КР БШК сайтында 27 736 уникалдуу пайдалануучунун  111 124 көрүүсү катталды. 2020-жылдын 1-декабрынан 2021-жылдын 6-январына чейинки мезгилде Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтын 149 897 уникалдуу пайдалануучу 765 722 жолу көрүп чыкты. Ошондой эле талапкерлер тууралуу маалымат (өмүр баяндары, программалары, шайлоо фонддорундагы каражаттардын кыймылы) жайгашкан https://talapker.shailoo.gov.kg ресурсуна дагы кызыгуу байкалат. Тактап айтканда, 2020-жылдын 1-декабрынан бүгүнкүгө чейин бул ресурсту 43 752 жолу көрүп чыгышты, анын ичинде 8-январда – 4 604 жолу, 9-январда – 5 786 жолу көрүштү. КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
2021-жылы 10-январда саат 12.00гө карата чет өлкөлөрдө 4 704 кыргызстандык добуш берди
10.01.2021

2021-жылы 10-январда саат 12.00гө карата чет өлкөлөрдө 4 704 кыргызстандык добуш берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча саат 14.00гө карата чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн 4 704 кыргызстандык добуш берди. Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын саны 49 479 жаранды түзөт. Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын санынын өсүшү 2020-жылдын 4- октябрына салыштырганда 16 877 жаранды (же 52%) түздү. Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана Кыргыз Республикасынын референдумуна дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 48 шайлоо участогу түзүлгөн. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо дүйнөнүн 26 өлкөсүндө 36 шайлоо участогу болгон. КР БШК Маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы №5276 жана 5320 шайлоо участоктору боюнча билдирет
10.01.2021

КР БШКсы №5276 жана 5320 шайлоо участоктору боюнча билдирет

Клооп-интернет басылмасынын №5276 жана №5320 шайлоо участокторунда өздөрүн агитаторлор катары тааныштырган белгисиз адамдар өз тизмеси боюнча шайлоочулардын келишин текшергендиги боюнча, учурда бул факт боюнча БШКнын ЫАККТ тобу тарабынан текшерүү жүрүп жатат.
Кененирээк билүү >>
Саат 12.00гө карата чет өлкөлөрдө 2 498 кыргызстандык добуш берди
10.01.2021

Саат 12.00гө карата чет өлкөлөрдө 2 498 кыргызстандык добуш берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча саат 12.00гө карата чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн 2 498 кыргызстандык добуш берди. Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын саны 49 479 жаранды түзөт. Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын санынын өсүшү 2020-жылдын 4- октябрына салыштырганда  16 877 жаранды (же 52%) түздү. Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана Кыргыз Республикасынын референдумуна дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 48 шайлоо участогу түзүлгөн. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо дүйнөнүн 26 өлкөсүндө 36 шайлоо участогу болгон. КР БШК маалымат бөлүмү                
Кененирээк билүү >>
Эл аралык жана коомдук 346 байкоочу мониторинг жүргүзүүдө
10.01.2021

Эл аралык жана коомдук 346 байкоочу мониторинг жүргүзүүдө

Республикасынын Президентин шайлоого жана Кыргыз Республикасында башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумуна мониторингди Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы тарабынан аккредитацияланган көз карандысыз 333 эл аралык уюм жана 13 коомдук байкоочу тарабынан жүргүзүлүүдө. Эл аралык байкоочуларды КМШ аткару укомитети, КМШ эл аралык ПА, Шанхай кызматташтык уюму, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясы, Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы, Европа мамлекеттеринин ПА, Европа парламенти, Ислам кызматташтыгы уюму ж.б. КР БШК Маалыматтык бөлүм    
Кененирээк билүү >>
БШК эскертет: Кыргызстандыктар талапкерлерлин программалары менен https://talapker.shailoo.gov.kg/ ресурсу аркылуу тааныша алышат
10.01.2021

БШК эскертет: Кыргызстандыктар талапкерлерлин программалары менен https://talapker.shailoo.gov.kg/ ресурсу аркылуу тааныша алышат

Бүгүн 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президенттигине 17 талапкерге добуш берүү жүрүүдө. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерден 65 арыз келип түшкөң, анын ичинен 8 аял жана 57 эркек талапкерликке көрсөтүлгөн. өз талапкерлигин 64 жаран өзүн- өзү көрсөтүү жолу менен 1 жаран партия тарабынан көрсөтүшкөн. Баарлык талапкерлер Кыргыз Республикасынын жарандыгы мыйзамдарынын талабына жооп берет. Президенттик жарыштан кандайдыр бир себептер менен 48 талапкер чыгып кетишкен. Талапкерлердин-биографиясын, программасын, шайлоо фондусу жана анын колдонулушу боюнча маалыматтарды https://talapker.shailoo.gov.kg/ ресурсунан көрүүгө болот. КР БШК Маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
Добуш берүүчү жайдан тышкары жайда 18 605 шайлоочу добуш беришти
10.01.2021

Добуш берүүчү жайдан тышкары жайда 18 605 шайлоочу добуш беришти

Кечээ 9-январда, Кыргызстанда добуш берүүчү жайдан тышкары жакта 18 605 шайлоочу өз добуштарын беришти. Добуш берүү жайдан тышкары добуш берүү үчүн 21 433 шайлоочудан арыз түшкөн. Ошентип шайлоочулардын 86,5% эрк ниеттерин добуш берүү жайдан тышкары ишке ашырышты. Арыз берип бирок добуш бербегендер – 2 828 адам, анын ичинен 1 008 адам участкалык комиссиялардын мүчөлөрү барган учурда үйлөрүндө болушкан эмес, башкалары дагы башка түрдөгү себептер менен добуш беришкен эмес. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык, добуш берүү үчүн жайдан тышкары төмөнкү шайлоочулар добуш бере алышат: Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албаган шайлоочулар; Добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөр жана айыпталуучулар кармалган жайларда камалып турган шайлоочулар; алыскы жана жетүүгө кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар. Ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча, убактылуу жүргөн ордунда добуш беришет: добуш берүү күнүнө обочолонгон, калктуу конуштардын алыс жерлерде кызмат өтөп жатышкан, аскер кызматкерлери; добуш берүү күнүндө кызмат өтөп жатышкаг ички иштер органынын кызматкерлери; тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилүүчү, жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштеген шайлоочулар; вахта ыкмасы менен иштеген шайлоочулар; үй камагында турган референдумдун катышуучулары, эгерде алар убактылуу жүргөн жер өзүнүн жайгашкан орду боюнча кирген шайлоо участогунун аймагында туруктуу жашаса. Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 08:00дон 20:00го чейинки мезгилде гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндө арызынын негизинде гана жүргүзүлөт. КР БШК Маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
БШК №5287 УШКсынын ЖМКга  жолтоо  болушуна түшүндүрмөсү
10.01.2021

БШК №5287 УШКсынын ЖМКга жолтоо болушуна түшүндүрмөсү

Ош шаарындагы №5287 УШКсынын төрагасы УШКнын имаратына ЖМКнын кирүүсүнө жолтоо болгону тууралуу 7-каналдын журналисттеринин маалыматы боюнча Борбордук шайлоо камиссиясы текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында К.Алтыбаев атындагы №14 мектептин имаратында жайгашкан №5287 УШКнын төрагасы Ж.А.Исмаилова, ЖМК жана интернет басылмаларынын өкүлдөрүнө чектөкөө жок жана интернет басылмалары менен ЖМК өкүлдөрү добуш берүүнүнүн купуялуулугун бузбай өз иштерин эркин жүргүзөт, деп түшүндүргөн. Конституциялык Мыйзамдын 11-беренсинин 4-бөлүгүнө ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышуучу, шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашырындуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга тоскоол болбостон, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жерден фото- жана көрмө – тартууну жүзөгө ашырууга укутуу. КР БШК Маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
Шайлоочулардын 2021-жылы 10-январда саат 12.00гө карата келүүсү
10.01.2021

Шайлоочулардын 2021-жылы 10-январда саат 12.00гө карата келүүсү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоочулардын добуш берүү күнү келүүсүнө байланыштуу маалымат берет: Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого: Келгендердин жалпы саны –  329 049 же  9,23%. Анын ичинде: Бишкек ш. – 37 942 шайлоочу же 9,12%, Ош ш. – 21 324 шайлоочу же 14,11%, Жалал-Абад облусу – 62 867 шайлоочу же 9,43%, Ысык-Көл облусу – 33 740 шайлоочу же 10,96%, Нарын облусу – 18 996 шайлоочу же 9,38%, Ош облусу – 66 264 шайлоочу же 9,17%, Талас облусу – 13 184 шайлоочу же 8,35%, Чүй облусу – 45 452 шайлоочу же 7,68%, Баткен облусу – 26 788 шайлоочу же 9,01%. Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга: Келгендердин жалпы саны – 330 609 катышуучу же 9,28%. Анын ичинде: Бишкек ш. – 37 500 катышуучу же 9,01%, Ош ш. – 21 260 катышуучу же 14,07%, Жалал-Абад облусу – 63 152 катышуучу же 9,47%, Ысык-Көл облусу – 32 058 катышуучу же 10,42%%, Нарын облусу – 19 050 катышуучу же 9,41%, Ош облусу – 66 581 катышуучу же 9,21%, Талас облусу – 13 162 катышуучу же 8,34%, Чүй облусу – 46 312 катышуучу же 7,83%, Баткен облусу – 29 032 катышуучу же 9,77%, КР БШК маалымат бөлүмү      
Кененирээк билүү >>
КМШ миссиясынын башчысы, Василий Волков: «Кыргызстанда добушту эсептөөчү системаны алдоого болбойт»
10.01.2021

КМШ миссиясынын башчысы, Василий Волков: «Кыргызстанда добушту эсептөөчү системаны алдоого болбойт»

Василий Волков, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Эл аралык байкоочулар миссиясынын жетекчиси өзү жетектеген Эл аралык байкоочулардын Кыргызстанда башталган добуш берүү боюнча алган таасирлери жөнүндө айтып берди. «Биздин делегация – Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин миссиясына кирген 138 адам, биз Кыргызстандын дээрлик баардык аймагын камтыдык. Биздин кишилер буга чейин да добуш берүү жөнүндө маалымат беришти. Кечээ, жымжырттык күнү, ден соолугуна байланыштуу шайлоо участогуна келе албаган жана шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү чакыра алгандардар гана добуш беришти. Мындай шайлоочулардын саны 20 миңге жакын болчу. Биздин байкоочулар кечээ эч кандай сын пикир жана көйгөйлүү маселени байкашкан жок. Бүгүн баардыгы шайлоо участокторго 8.00гө чейин жөнөп кетишти, бардыгы мыйзамдын чегинде жүрүп жатат деген кабарларды берип жатышат. Шайлоочулардын агымынын кыймылы туура уюштурулган: адам добуш бергенден кийин башка эшиктен чыгат. Санитардык-эпидемиологиялык кырдаалдын эрежелери дагы эске алынган. Катуу тартип сакталган, бет кап, санитардык каражаттар бар. Бет капсыз өтөйүн дедим эле, алар мени токтотушту. Менимче азаматтар, деп ойлоймун. Баардыгы БШКнын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин талаптарына ылайык. Бардык кандидаттар шайлоого өздөрүнүн байкоочуларын сунушташкан, добуштарды автоматтык эсептөөчү системага ишенишет, шайлоо комиссияларына да ишенээри айкын болду. Бул албетте туура. Биз Россия Федерациясында, Кыргызстандагы добуштарды эсептөө системасына бир аз кызганычтабыз. Бул системаны алдоого болбойт. Эгерде эки бюллетенди таштоого аракет жасасаң, андан майнап чыкпайт. Бюллетендерди система кайра артка чыгарып салат. Элдер дагы ушул системага ишениши зарыл. Менин көз карашымда, бардыгы мыйзамдын чегинде болушу керек», - деди ал.   КР БШК Маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
Шайлоочулардын 2021-жылы 10-январда саат 10.00гө карата келүүсү
10.01.2021

Шайлоочулардын 2021-жылы 10-январда саат 10.00гө карата келүүсү

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө шайлоочулардын катышуусу боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт: Кыргыз Республиксынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого: Жалпы катышуу– 99 772 шайлоочу же 2,8%. Алардын ичинен: Бишкек ш. – 12 932 шайлоочу же 3,11%, Ош ш. – 8 705 шайлоочу же 5,76%, Жалал-Абад областы – 18 353 шайлоочу же 2,75%, Ысык-Көл областы – 9 541 шайлоочу же 3,10%, Нарын областы – 5 581 шайлоочу же 2,76%, Ош областы – 20 875 шайлоочу же 2,89%, Талас областы – 3 792 шайлоочу же 2,40%, Чүй областы – 12 805 шайлоочу же 2,16%, Баткен областы – 7 188 шайлоочу же 2,42%, Кыргыз Республикасында башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумуна: Жалпы катышуучулар – 98 894 же 2,78%. Алардын ичинен: Бишкек ш. – 12 093 шайлоочу же 2,91%, Ош ш. – 11 458 шайлоочу же 7,58%, Жалал-Абад областы – 18 533 шайлоочу же 2,78%, Ысык-Көл областы – 8 123 шайлоочу же 2,64%, Нарын областы – 5 553 шайлоочу же 2,74%, Ош областы – 19 524 шайлоочу же 2,70%, Талас областы – 3 785 шайлоочу же 2,40%, Чүй областы – 12 732 шайлоочу же 2,15%, Баткен областы – 7 093 шайлоочу же 2,39%, КР БШК Маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
1 … 253 255 … 483