Башкы Жаңылыктар БШК үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн КТРКга эскертүү берди

БШК үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн КТРКга эскертүү берди

09-Янв, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 9-январындагы жыйналышында башкаруунун президенттик формасына “макул” №3 үгүт тобунун жетекчиси Т.К. Саликеевди Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн материалдарды БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алды.

2020-жылдын 30-декабрында жана 2021-жылдын 6-январында башкаруунун парламенттик формасына “макул” №1 үгүт тобунун жетекчиси Д.Д. Бекешевден КР БШКга арыздар түшкөн. 2020-жылдын 30-декабрындагы арызында арыз ээси чыгаруу маалыматтары көрсөтүлбөгөн “Президенттик республика үчүн” деген басылма үгүт материалдары менен автотранспорт каражаттары шаарда жүргөнүн көрсөткөн.

Ошондой эле 2021-жылдын 6-январындагы катында арыз ээси 2021-жылы 4-январда Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (мындан ары – КТРК) «Ала-Тоо 24» телеканалында https://www.youtube.com/watch?v=2DTZVCeEHYA&feature=youtu.be шилтемеси боюнча 16 минут 10 секунддан 18 минут 30 секундга чейин башкаруунун президенттик формасын колдогон видеосюжет көрсөтүлгөнүн билдирген. Ошону менен бирге арыз ээси буга окшогон уюштуруу иш-чаралары “президенттик республика үчүн” үгүт топторунун биринин референдум фондунан каржылоону талап кыларын көрсөтөт. Мында КТРК көрсөткөн учурда ал видеоматериалды кайсыл үгүт тобу каржылаганы көрсөтүлгөн эмес.

Ушуга байланыштуу арыз ээси КТРК жетекчилигин жана ал иш-чараны уюштуруучуларды жоопкерчиликке тартууну өтүнгөн.

Жумушчу топтун жыйналышында башкаруунун президенттик формасына “макул” №3 үгүт тобунун жетекчиси Т.К. Саликеев үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн микроавтобустарды ижарага алуу жөнүндө келишим 2020-жылдын 30-декабрында түзүлгөнүн, келишимдин шарттарына ылайык акы Аткаруучу келишимдин шарттарын иш жүзүндө аткаргандан кийин ар бир автотранспорттун километраждары боюнча төлөнүүгө тийиш болгондугун түшүндүрдү.

Т.К. Саликеев келишимге ылайык флешмобдо пайдаланылган үгүт материалдары жана шарлар дагы ал Аткаруучу тарабынан ошол эле шарттарда аткарылууга тийиш болгонун билдирип, буга окшогон иш-чараларга биринчи жолу аралашып жатканын, үгүт материалдарында чыгаруу маалыматтары көрсөтүлүүгө тийиш экендигинен кабардар болбогонун түшүндүрдү.

Жумушчу топ “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары –конституциялык Мыйзам) 28-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык “Бардык басма сөз, укма-көрмө үгүт материалдары мындай материалдарды даярдаган уюмдун аталышын жана юридикалык дарегин (адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын жана жашаган жерин), ушул материалдарга тапшырык берген уюмдун, жеке ишкердин аталышын (адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын), аларды даярдоо тиешелүү шайлоо фонддун каражаттарынан төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле алардын нускасы жана чыгарылган датасы жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. Басма сөз жана башка үгүт материалдарынын нускалары же алардын көчүрмөлөрү аларды таратуу башталганга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүсү керек” экенин белгилейт.

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык “ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптарын бузуу менен, ошондой эле референдумдун фондунан акы төлөөсүз үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт. Тиешелүү шайлоо фондунан алдын ала төлөөсүз жана ушул беренеде белгиленген талаптарды бузуу менен үгүт материалдарын даярдоого тыюу салынат”.

Ушуга байланыштуу Жумушчу топ башкаруунун президенттик формасына “макул” №3 үгүт тобунун жетекчиси Т.К. Саликеев “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин ченемдерин бузган деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 44-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык “шайлоочу, байкоочу, талапкер же анын өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарынын бузулушу, - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет”.

КТРКнын «Ала-Тоо 24» каналындагы материалга байланыштуу КТРКнын укук маселелери боюнча аткаруучу директору М. Толонов ал иш-чара референдумдун катышуучуларына маалымдоо алкагында чагылдырылганын, КТРКнын тигил же бул суроо боюнча үгүттөө ниети болбогондугун түшүндүрдү.

Конституциялык Мыйзамдын 2-беренесине ылайык “референдумдун катышуучуларына маалымдоо – референдум өнөктүгү мезгилинде референдумдун катышуучуларына референдумга катышууга түрткү берүүгө көмөктөшүүгө, жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө жана референдумдун айкындыгына көмөктөшүүчү маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча иш. Референдумдун катышуучуларына маалымдоо үгүттүн элементтерин же белгилерин камтууга тийиш эмес”.

Ушуга байланыштуу Жумушчу топ референдумда бир үгүт тобунун гана иш-чарасы жөнүндө маалыматтык материалды чагылдыруу жарандардын эрк-ниетин аң-сезимдүү билдирүүгө толук деңгээлде көмөктөшпөйт жана шайлоо алдындагы үгүт катары кабыл алынат деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-ноябрындагы № 191 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын референдумунда үгүт топторун (“макул”, “каршы”) каттоо жана ишин уюштуруу тартиби жөнүндө” Жобонун 3.8.3. пунктуна ылайык “”.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-ноябрындагы № 191 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын референдумунда үгүт топторун (“макул”, “каршы”) каттоо жана ишин уюштуруу тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясыбашкаруунун президенттик формасына “макул” №3 үгүт тобунун жетекчиси Т.К. Саликеевди Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн материалдарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Маалымдоо шарттарын бузгандыгы үчүн Коомдук телерадиоберүү корпорациясына эскертүү берүү жөнүндө чечим чыгарылды.

 

КР БШКнын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>