Добуш берүү күнү 2 474 шайлоо участкалары иштейт
10 января 2021
Бүгүн, 10-январда, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасынын референдумуна 54 шаардык денгээлдеги шайлоо комиссиялары 2 474 участкалык шайлоо комиссиялары, анын ичинен 48 чет өлкөдө иштеп жатат.
Баардык участоктор электр энергиясы, байланыш, генераторлор жана жылыткычтар, инвентарлар жана кенсе техникалары, дезинфекциялоочу каражаттар жана шаймандар менен камсыздалган.
КР БШК Маалыматтык бөлүм
