БШК №5287 УШКсынын ЖМКга жолтоо болушуна түшүндүрмөсү

10 января 2021

Ош шаарындагы №5287 УШКсынын төрагасы УШКнын имаратына ЖМКнын кирүүсүнө жолтоо болгону тууралуу 7-каналдын журналисттеринин маалыматы боюнча Борбордук шайлоо камиссиясы текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында К.Алтыбаев атындагы №14 мектептин имаратында жайгашкан №5287 УШКнын төрагасы Ж.А.Исмаилова, ЖМК жана интернет басылмаларынын өкүлдөрүнө чектөкөө жок жана интернет басылмалары менен ЖМК өкүлдөрү добуш берүүнүнүн купуялуулугун бузбай өз иштерин эркин жүргүзөт, деп түшүндүргөн.

Конституциялык Мыйзамдын 11-беренсинин 4-бөлүгүнө ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышуучу, шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашырындуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга тоскоол болбостон, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жерден фото- жана көрмө – тартууну жүзөгө ашырууга укутуу.

КР БШК Маалыматтык бөлүм