Башкы Жаңылыктар КР БШК жетекчилиги КМШ ПАнын эл аралык байкоочулар …

КР БШК жетекчилиги КМШ ПАнын эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолугушту

10-Янв, 2021

Миссияны Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын коргонуу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Заварзин жетектейт.

КМШ ПА миссиясы КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын секретариатынан жана парламенттеринин 52 өкүлүнөн турат. Миссиянын жетекчиси “Кыргыз Республикасында өтүп жаткан саясый процесстерге КМШнын парламенттер аралык ассамблеясы чоң маани берерин” билдирди.

Миссия тарабынан шайлоо процессине жана референдумга тыкыр мониторинг жүргүзүлүп, талапкерлер менен жана башка шайлоо процессинин катышуучулары менен жолугшуулар өттү. “Эл бийликтен өзгөрүүлөрдү күтүп жаткандыгын биз уктук. Биз сиздердин моюнга түшкөн чоң жоопкерчиликти сезип турабыз ошондуктан миссия шайлоо комиссияларынын ишине, шайлоого даярдыкка бөтөнчө көңүл бурабыз”. Миссия өкулдөрү шайлоо участокторунда коопсуздуктун жогорку деңгээлин камсыздоонун маанилүү экендигин белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова азыркы КР Президентин шайлоодо жана КР референдумуна добуш берүүнүн жүрүшүндө ачыктык жана ишенимдүүлүк боюнча мурдагы жетишкендиктерди сактоо менен, шайлоо процесси учурунда мыйзам бузууларга эффективдүү каршы туруу – башкы артыкчылык берилген багыт экендигин билдирди. Укук коргоо органдары менен өз ара иштешүүдө ыкчам аракет кылуучу координациялык топтун (ЫАККТ) иши күчөтүлгөн темпте жүрүп, ал дайыма БШК менен туруктуу негизде иш алып барып, шайлоодо жана референдумда мыйзам бузуулар боюнча түшкөн маалыматтарга ыкчам чара көрүү жана коомчулукка маалымат берүүдө болгон аракетин көрүп жатат.

БШК мүчөсү Т. Шайназаров миссияга ЫАККТтын иши тууралуу маалымат берди. “Учурда жүрүп жаткан шайлоо кампаниясында биз ар бир мыйзам бузуу тууралуу кабарга укук коргоо органдары тарабынан (Башкы прокуратура, ИИМ, УКМК) тез арада бутүм чыгып, тиешелүү чечимдер кабыл алынып жаткандыгына жетише алдык”. Анын айтымында, укук коргоо органдарынын жетекчилери шайлоо бир гана БШКнын жумушу эмес экендигин, акыйкат, тынч шайлоо жана референдум үчүн бардык мамлекеттик органдар жоопкерчиликтүү экендигин сезген учур келди.

Өз кезегинде миссия идентификациялоодо биометрикалык каттоону колдонуу менен алдыңкы технологиялар пайдаланылып жаткандыгына, ошондой эле Кыргыз Республикасында шайлоо процессинде добуштарды автоматтык түрдө саноо жүрүп жаткандыгына жогору баа беришти. В. Заварзин жаңы шайлоо модели 2015-жылдан бери колдонулуп жаткандыгын жана көп мамлекеттер Кыргызстандын тажрыйбасынан үйрөнүүнү каалай тургандыгын билдирди.

Жолугушуунун аягында Казактандын парламентинин сенатынын өкүлү Нурлан Кылышбаев мурдагы шайлоо кампаниясында Казакстандын жарандары Кыргызстанда өткөн шайлоодон кийинки башаламандыкты үрөйү учуп байкап турушкандыгын билдирди. Эми азыркы президенттик шайлоодо жана референдум өткөрүүдө Кыргызстандын элине ийгилик каалайт.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>