Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жана Кыргыз Республикасынын референдумунун алдын ала жыйынтыгы

10 января 2021

2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо референдуму болуп өттү.

Шайлоочулардын тизмесине 3 563 574 шайлоочу катталган.

Шайлоого 2 474 шайлоо участоктору, алардын ичинен 48и чет өлкөдө иш алып барышты.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого добуш берүү саат 21.00 төмөнкүдөй болду:

  1. Жапаров Садыр – 79,18% добуш,
  2. Исаев Канатбек – 0,58% добуш,
  3. Арстанбек Мыктыбек – 1,68% добуш,
  4. Сооронкулова Клара - 0,99%, добуш
  5. Ташов Имамидин – 1,19% добуш,
  6. Тагаев Рашид – 0%,
  7. Сегизбаев Абдил – 1,46% добуш,
  8. Мадумаров Адахан – 6,70% добуш,
  9. Касенов Аймен – 0,91% добуш,
  10. Кочкоров Улукбек – 0,68% добуш,
  11. Байгуттиев Женишбек – 0,09% добуш,
  12. Абакиров Эльдар – 0,50% добуш,
  13. Асанов Курсан – 0,50% добуш,
  14. Абдылдаев Арстанбек – 0,08% добуш,
  15. Джеенбеков Равшан – 0,19% добуш,
  16. Калмаматов Бактыбек – 0,50% добуш,
  17. Тольбаев Бабыржан – 2,35% добуш,
  18. Иманалиев Каныбек – 0,18% добуш,
  19. Баарына каршы – 1,34% добуш

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча маалымат АЭУдан саат 21.00дө 96,44% алынган.

Референдумга добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы:

  • Президенттик башкаруу формасына – 81,29%
  • Парламенттик башкаруу формасы – 10,85%
  • Баарына каршы – 4,43%

 

Кыргыз Республикасынын референдуму боюнча маалымат АЭУдан саат 21.00дө 96,44% алынган.

КР БШК Маалыматтык бөлүм.