Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайталап шайлоодо шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү үчүн 3 995 арыз берилди
09.07.2021

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайталап шайлоодо шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү үчүн 3 995 арыз берилди

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайталап шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү үчүн 3 995 арыз түштү. Бишкек АШК берген маалымат боюнча 2 602  шайлоочу, Ош АШК боюнча – 1 168,  Токмок АШК боюнча – 222 шайлоочу арыз берди. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар, ошондой эле төмөнкү шайлоочулар добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш бере алышат: добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөр жана айыпталуучулар кармалган жайларда камалып турган шайлоочулар; алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жайгашкан жерлерде, мал чарбасынын алыскы участкаларында убактылуу жашаган шайлоочулар. Өзгөчө учурларда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечим боюнча төмөнкү шайлоочулар өздөрүнүн жайгашкан жери боюнча добуш беришет: калктуу конуштардан алыс обочолонгон жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүндө шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары; шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери; тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген иштин үзгүлтүксүз цикли менен ишканаларда иштеген шайлоочулар; вахта ыкмасы менен иштеген шайлоочулар; Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн  мурда добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берген шайлоочулардын реестрин өз участогунда илүүгө милдеттүү. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20.00гө чейинки мезгилде гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин ар кандай учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен жасалышы мүмкүн. 2021-жылы 10-июлда шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү өтөт.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК мыйзамсыз жапырт каттоого тиешеси бар 4 талапкерге Токмоктогу кайталап шайлоого катышууга жол берген жок
08.07.2021

БШК мыйзамсыз жапырт каттоого тиешеси бар 4 талапкерге Токмоктогу кайталап шайлоого катышууга жол берген жок

Борбордук шайлоо комиссиясына (мындан ары – БШК) Токмок шаардык кеңештин депутаттарын кайталап шайлоого катышып жаткан «Патриот ынтымагы» партиясынын жетекчисинен арыз түшкөн. Саясий партиянын ал арызы КР Башкы прокуратурасы аркылуу дагы түштү. Өз арызында партия Токмок АШК мыйзам талаптарын жана БШКнын 2021-жылдын 3-майындагы №192 токтомун аткарган эмес деп эсептейт, аларга ылайык аракеттери Токмок шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону анык эмес деп таанууга негиз болгон талапкерлердин кайталап шайлоого катышуусуна жол берилбөөгө тийиш жана тиешелүү талапкерлерди каттоону жокко чыгарууну өтүнөт. БШК Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) жана ички иштер органдары менен өз ара аракеттешип, добуш берүүнүн жыйынтыгы анык эмес деп таан7 участокко – №7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081 участкаларына караган шайлоочулардын даректерин жана тизмелерин толук изилдеп чыкты. Тиешелүү даректер боюнча шайлоочулардын тизмелерине киргизилген, добуш берүүгө катышкан адамдар жөнүндө БШК менен МККнын объективдүү маалыматтарын салыштыруунун негизинде материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн. Токмок шаары боюнча (жарандарды жапырт каттоонун бир катар даректери) шайлоочулардын тизмелери менен жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы, ошондой эле Токмок шаарынын ички иштер органдарынын тергөө кызматынан алынган маалыматтар боюнча БШК тарабынан төмөнкүлөр бнлгиленди: 1) «Асыл Мурас» партиясынан (мурдагы – 2021-жылдын 11- апрелиндеги шайлоодо «Эмгек» партиясынан №19) талапкер Р.М. Юнусовго таандык Токмок шаарындагы Дубовицкий көчөсүндөгү № *** үйдөгү батирде Дарек-маалымдама базага (ДМБ) ылайык 2020-жылдын апрелине карата 252 адам катталган, 2021-жылдын апрелине карата – 167 адам катталган, алардын ичинде 2021-жылдын 11-апрелиндеги Токмок шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого 43 адам катышкан (идентификациядан өткөн). ИИБ жүргүзгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө алардын ичинен бир катар адамдар иш жүзүндө Токмок шаарынын чегинен тышкары туруктуу жашаары аныкталды б.а. иш жүзүндө жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналбайт жана шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга укуктары жок. Ал адамдардын басымдуу көпчүлүгү 2020-2021- жылдары шайлоо алдындагы жана шайлоо мезгилинде – 2020-2021-жылдары көрсөтүлгөн дарек боюнча, анын ичинде каттоонун мыйзамдарда белгиленген жол-жоболорун бузуу менен катталган. 2020-жылы мартта Токмок шаардык кеңешке шайлоону которуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 252 адамдын 78и мурда 2020-жылдын январь-февралына чейин иш жүзүндө жашаган даректери боюнча Дарек-маалымдама базасында (ДМБ) кайрадан “которулган”. 2020-жылдагы жапырт каттоого, чоюлма батир деп аталган батирлердеги тизмелердеги адамдарды шайлоочулардын тизмесине киргизүүгө бөгөт коюу боюнча БШК, МКК жана укук коргоо органдарынын иштери буга көмөк болду. 2021-жылы апрелге карата ДМБда ал дарек боюнча 175 адам калган, алардын 67си паспорттогу каттоо жөнүндө өзгөрүлгөн белгинин негизинде автоматтык түрдө тизмеге киргизилген. Андан кийин дагы ДМБдан шайлоочулардын тизмесине киргизүү кийинки өнөктүктөрдүн шайлоо алдындагы мезгилдерге туура келет. ИИБ катталган адамдарды сураштырганда төмөнкүлөр белгилүү болду: алардын бир катары каттоосу алмашылганын билген эмес, ошол эле учурда паспорт столуна кайрылып, документтерин белгисиз аялга беришкен, ал аял өзүн мурда Р. Юнусов көрсөтүлгөн «Эмгек» саясий партиясынын агитаторумун деп тааныштырган. Учурда тергөө улантылууда, ошол эле учурда каттоонун жана шайлоодогу идентификациянын жыйынтыгынын объективдүү маалыматтары шайлоочулардын добуштарын алууга багытталган атайылап жасалган аракеттер бар экендигин көрсөтүүдө, мында ички иштер органдары тарабынан талапкерлердин укукка жат кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшкөн каттоо кызматтарынын кызматкерлеринин күнөөсү дагы аныкталууда. 2) «Бирге-Вместе» саясий партиясынан талапкер Н.О. Самаева иш жүзүндө катталган жана жашаган Токмок шаарындагы Жантаев көчөсүндөгү үйдө Дарек-маалымдама базага (ДМБ) ылайык 2020-жылы апрелде 60 адам, 2021-жылы апрелде 65 адам катталган, анын ичинде 20 адам 2021-жылы 11- апрелде №7075 шайлоо участогунда Токмок шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан (идентификациядан өткөн). Талапкер укук коргоо органдарына өзүнүн дарегине өз туугандарын жана тааныштарын каттатканы тууралуу көрсөтмө берген, бирок Чүй облусунун Чүй жана Ысык-Ата райондорунун катталган адамдары менен тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда алар каттоосу алмашылганын билбегендиктери жана талапкер менен тааныш эместиги аныкталды. Жогоруда баяндалгандан тышкары төмөнкүлөр аныкталды: Н.О. Самаеванын Борончиев көчөсүндө жашаган тууганы Д.Н.А.га таандык үйдө Дарек-маалымдама базага (ДМБ) ылайык 2020-жылы апрелде 43 адам катталган, анын ичинде 16 адам 2021-жылы 11-апрелде Токмок шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан (идентификациядан өткөн). Ал дарек №7071 шайлоо участогуна тиешелүү. 3) Учурда «Патриот Ынтымагы» саясий партиясынан № 7 талапкер Р.Б. Кадыркулов (2021-жылдын 11-апрелиндеги шайлоодо «Республика» саясий партиясынан №1 талапкер) ээси болуп саналган Токмок шаарындагы Киров көчөсүндөгү үйдө Дарек-маалымдама базага (ДМБ) ылайык 2020- жылы апрелде 30 адам, 2021-жылы апрелде 24 адам катталган, анын ичинде 8 адам 2021-жылы 11-апрелде №7071 шайлоо участогунда Токмок шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан (идентификациядан өткөн). Мындан тышкары, тергөөдө Токмок шаарындагы башка эки дарек боюнча жапырт каттоого байланыштуу бузууларга Р.Б. Кадыркуловдун тиешеси бар экендиги аныкталды. Жогоруда баяндалгандан улам мындай тыянак чыгат: шайлоочулардын тизмелери боюнча жүргүзүлгөн иштин, ошондой эле тергөө иш-чараларынын натыйжасында конкреттүү участкаларда белгилүү бир саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелери үчүн шайлоочулардын добуштарын алуу максатында жарандарды укук ченемсиз жапырт каттоо боюнча бузууларга тиешеси бар болгондугу аныкталды. Мурда Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 20- июндагы №10/3 чечими менен жарандарды жапырт каттоо боюнча бузууларга тиешеси бар болгондугуна байланыштуу Батырбек уулу Арнурга Токмок шаардык кеңештин депутаттыгына «Эмгек» партиясынан талапкер катары каттоодон баш тартылган. Талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына даттанганда Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын аталган чечими күчүндө калтырылган. 2021-жылы 11-апрелде шайлоого катышкан саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелериндеги укук ченемсиз жапырт каттоо боюнча бузууларга тиешеси бар болгондугу аныкталган кээ бир талапкерлер Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катышуудан баш тартышканын белгилөө керек. Мында Токмок шаарындагы жапырт каттоо даректери (Боконбаев, Балкашин, Казахстан көчөлөрү) боюнча жогоруда аталган талапкерлердин аракеттери, анын ичинде, мурда Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону жараксыз деп таанууга негиз болгон. Ошондой эле Токмок шаарындагы жапырт каттоо даректерине тиешеси бар 3 адам Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо талапкер катары катталганы аныкталган. Мында аталган адамдар мурда - 2021-жылдын 11-апрелиндеги Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкер катары катышкан эмес, ошого байланыштуу «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченеми аларга карата колдонулушу мүмкүн эмес. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык «шайлануучу кызматтарга талапкерлер тарабынан кайталап шайлоо өткөрүү учурунда шайлоону жараксыз деп табуу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан көрсөтүлүшү мүмкүн эмес». Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3-майындагы № 192 токтомунун 4-пуктунда минтип белгеленген: «Укук коргоо органдарынын иштеринин жыйынтыгы боюнча аракеттери шайлоону анык эмес деп таанууга негиз болгон талапкерлердин кайталап шайлоого катышуусуна жол берилбесин». Ошону менен бирге жапырт каттоо фактылары боюнча жүргүзүлгөн териштирүү жөнүндө укук органдары берген материалдарга, ошондой эле АШКда шайлоочуларды каттоо жана алардын добуш берүүгө катышуусу боюнча объективдүү маалыматтардын болгондугуна карабастан, Токмок АШК каралып жаткан талапкерлерге карата мыйзамдын жана БШК токтомунун жогоруда көрсөтүлгөн талаптарын ишке ашыруу боюнча чара көргөн эмес. Жогоруда баяндалганга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы анын ичинде шайлоочулардын көп сандагы добушун алуу максатында №7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081 шайлоо участкаларына тийиштүү даректер боюнча жарандарды укук ченемсиз жапырт каттоого кызыкдар талапкерлердин аракеттери 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп таануу үчүн негиз катары кызмат кылган деген тыянакка келет. Ушуга байланыштуу Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоо катышуучу аталган талапкерлердин каттоосун жокко чыгаруу зарыл деп эсептейт. Борбордук шайлоо комиссиясы «Патриот ынтымагы» саясий партиясынын арызы боюнча талаптарды канааттандыруу жана төмөнкү талапкерлердин каттоосун жокко чыгаруу жѳнүндѳ токтом кабыл алды: - Юнусов Рустам Магриповичтин – «Асыл Мурас-Жаштар» саясий партиясынан; - Самаева Нафисат Обозбековнанын – «Бирге-Вместе» саясий партиясынан; - Кадыркулов Рустам Болотбековичтин – «Патриот Ынтымагы» саясий партиясынан. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК мүчѳлѳрүнүн ортосунда тапшырмалар бѳлүштүрүлдү
08.07.2021

БШК мүчѳлѳрүнүн ортосунда тапшырмалар бѳлүштүрүлдү

КР БШКнын жаңы курамы шайлангандыгына байланыштуу тѳмѳн турган шайлоо комиссиялары менен ѳз ара аракеттенүү, шайлоону жана референдумду даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча туруктуу иш жүргүзүү маселелеринде КР БШК мүчѳлѳрүнүн ортосунда тапшырмалар бѳлүштүрүлдү. Аймактык шайлоо комиссиялары менен ѳз ара аракеттенүү маселесинде КР БШК мүчѳлѳрүнүн ортосунда тапшырмалардын бѳлүштүрүлүшү   № ФАА Тейлөөчү облус, шаар   1. Шайлдабекова Нуржан Кармабековна - 2. Шайназаров Тынчтык Урайимович - 3. Койчукеев Нурлан Чокоевич - 4. Бекматов Абдыжапар Гапырович Чүй облусу (батыш) 5. Гайыпкулов Искендер Торобаевич Ысык-Көл облусу 6. Дубанбаева Анар Сартбаевна Талас облусу 7. Жумалиева Акбалык Калыевна Чүй облусу (чыгыш) 8. Жупуева Айдана Садыковна Бишкек шаары  9. Жылкыбаев Узарбек Казиевич Ош шаары, Ош облусу 10. Маматов Кайрат Адамкалиевич Жалал-Абад облусу 11. Наспеков Марс Дамирович Баткен облусу 12. Эшимов Акылбек Жусупович Нарын облусу     Шайлоону жана референдумду даярдоо жана ѳткѳрүү маселесинде КР БШК мүчѳлѳрүнүн ортосунда тапшырмалардын (жумушчу топтор) бѳлүштүрүлүшү   № Жумушчу топтордун аталышы Жумушчу топтордун жетекчиси жана мүчѳлѳрү   1. Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ Маматов К.А. (жетекчи) Дубанбаева А. С. Койчукеев Н. Ч. Жылкыбаев У. К. 2. Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ Жылкыбаев У. К. (жетекчи) Шайназаров Т.У. Бекматов А. Г.   3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы контролдук-текшерүү тобу Гайыпкулов И. Т. (жетекчи) Маматов К.А. Жупуева А.С. 4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобу     Шайназаров Т.У. (жетекчи) Наспеков М. Д. 5. Документтерди кабыл алуу жана каттоо боюнча Жумушчу топ   Наспеков М. Д. Эшимов А.Ж. 6. Шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү маселелери  боюнча Жумушчу топ   Бекматов А. Г. (жетекчи) Жылкыбаев У. К. Гайыпкулов И. Т.   7. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүүжарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ Жумалиева А.К. (жетекчи) Койчукеев Н. Ч.   8. Чет өлкөлөрдө жашаган жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топ Дубанбаева А. С. (жетекчи) Маматов К. А. Наспеков М. Д. Жупуева А.С. Жумалиева А.К.   Чечим  «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8, 10, 11-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-июнундагы №4705-VI токтомун жетекчиликке алып кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
08.07.2021

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди

2021-жылы 8-июлда КР БШК Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорун карап, бекитти. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Боо-Терек айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Бейшебаев Эрнис Айнабаевич, Жаныбеков Бактыяр Жаныбекович, Кубанычбеков Абдыбаказ Советбекович катталган. Добуш берүүгө 1-турда Боо-Терек айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20 депутаты,  2-турда баардык 21 депутаты катышты, 1-турда Бейшебаев Э.А. - 1 добуш, Жаныбеков Б.Ж. – 10 добуш, Кубанычбеков А.С. – 9 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди, 2-турда Жаныбеков Б.Ж. – 10 добуш, Кубанычбеков А.С. – 11 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кубанычбеков Абдыбаказ Советбекович Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
КР БШК Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоону дайындады
08.07.2021

КР БШК Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоону дайындады

КР БШК 2021-жылы 8-июлда Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоону дайындады. БШКнын 2021-жылдын 21-июнундагы №116 чечимине байланыштуу Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10-июнундагы протоколдору жараксыз деп таанылды жана Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын мурда катталган талапкерлер боюнча кайталап шайлоону өткөрүү 2021-жылдын 22-июлуна дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт. Токтом “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кабыл алынды. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
БШК Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешин таркатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш жөнөтүү чечимин кабыл алды
08.07.2021

БШК Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешин таркатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш жөнөтүү чечимин кабыл алды

2021-жылы 8-июлда КР БШК жыйналышында Кербен шаардык кеңешинин депутаттары Кербен шаар мэрин белгиленген мөөнөттөрдө шайлабагандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш жөнөтүү чечимин кабыл алды. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаар мэрин шайлоо 3 жолу дайындалды. - 2021-жылдын 7-июнунда депутаттардын кворуму болбогондугуна байланыштуу мэрди шайлоо өтпөй калды. Кербен шаар мэринин кызмат ордуна бир талапкер катталган. - 2021-жылдын 21-июнунда катталган талапкер шайлоого катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу мэрди шайлоо өтпөй калды. - 2021-жылдын 5-июлунда депутаттардын кворуму болбогондугуна байланыштуу мэрди шайлоо өтпөй калды. Кербен шаар мэринин кызмат ордуна бир талапкер катталган. Ошондой эле Кербен шаардык кеңешинин 16 депутатынын “Кербен шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо жөнүндө” каты түштү. Чечим эгерде тиешелүү кеңештин депутаттары белгиленген мөөнөттөрдө шаар мэрин шайлай албаган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңешти таркатаары жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындаары каралган “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 5-бөлүгүнүн 5-абзацына ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШК бир катар саясий партияларга жазуу жүзүндө эскертүү берди
08.07.2021

Бишкек АШК бир катар саясий партияларга жазуу жүзүндө эскертүү берди

2021-жылы 8-июлда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибинин сакталышын контролдоо боюнча Жумушчу топтун корутундуларынын негизинде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандык үчүн төмөнкү бир катар саясий партияларга жазуу жүзүндө эскертүү берди. “Реформа”  саясий партиясына – объектинин менчик ээсинин макулдугусуз объектилерде үгүт материалдарын жайгаштыргандыгы үчүн; “Социал-демократтар” саясий партиясынан талапкер И. Сарылдык уулуна  – үгүт материалдарында 18 жашка толо элек адамдарды пайдалангандыгы үчүн; “Биздин Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлер Т.А. Асылбековго жана А.А.Алымбаевге үгүт материалдарында 18 жашка толо элек адамдарды пайдалангандыгы жана үгүт материалдарын аймактык шайлоо комиссиясына бербестен  жайгаштыргандыгы үчүн; “Ишеним” саясий партиясына – үгүт материалдарын аймактык шайлоо комиссиясына бербестен  жайгаштыргандыгы үчүн; “Келечек-Будущее” саясий партиясына – чет элдик жарандын үгүт жүргүзгөндүгү үчүн.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШК билдирет: Шайлоо участогу жайгашкан Реабилитация борбору пандемияга байланыштуу иштебейт жана бейтаптарды кабыл албайт
08.07.2021

Бишкек АШК билдирет: Шайлоо участогу жайгашкан Реабилитация борбору пандемияга байланыштуу иштебейт жана бейтаптарды кабыл албайт

Шаардагы Реабилитация борборунун имаратында жайгашкан шайлоо участогу боюнча 24.kg сайтындагы жарыялоого байланыштуу Бишкек АШК төмөнкүлөрдү билдирет. COVID-19 жайылгандыгына байланыштуу Свердлов районунун аймагында жайгашкан аталган Реабилитация борбору 2020-жылы мартта жабылган  жана бүгүнкүгө чейин жабык,  иштебейт жана бейтаптарды кабыл албайт.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 8-июлунда өтө турган күн тартибинин долбоору
08.07.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 8-июлунда өтө турган күн тартибинин долбоору

                                                                                              Өткөрүү датасы:8-июль2021-ж.                                                                                                                               Убактысы:19:00                                                                                                                               Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэрин шайлоо жонундо (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 2.2021-жылдын 12-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 3.Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 4. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШК “Улуу-Журт” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин аталган партияга даттануусун карады
07.07.2021

Бишкек АШК “Улуу-Журт” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин аталган партияга даттануусун карады

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) “Улуу-Журт” саясий партиясынын Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлеринен аталган партияга даттануу түштү. Арыз ээлери партия көрсөтүү тартибин бузду, алардын тизмедеги номурлары өзгөртүлгөн, кээ бир талапкерлер “Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөлөрү болуп саналат деп көрсөтүшөт жана “Улуу-Журт” саясий партиясынын талапкерлер тизмесин каттоону жокко чыгарууну өтүнүшөт. Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча Бишкек АШК төмөнкүнү белгиледи.  “Улуу-Журт” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү мыйзамдар талап кылгандай саясий партиянын жетекчисинин колу коюлуп, саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн талапкерлер тизмесин Бишкек АШКга тапшырган. Буга кошумча ал тизме “Электрондук талапкер” маалыматтар тутумуна кошулуп, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө гана берилүүчү жана ал гана кире ала турган жеке логин жана пароль киргизилген. Мындан тышкары, “Улуу-Журт” саясий партиясынын талапкерлер тизмесин каттоо жөнүндө Бишкек АШКнын чечими шайлоо процессинин катышуучулары тараптан, анын ичинде аталган саясий партиянын талапкерлери тарабынан мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө даттанылган эмес. Баяндалгандын негизинде Бишкек АШК “Улуу-Журт” саясий партиясы көрсөткөн Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу үчүн негиздер жок деген тыянакка келди. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
2021-жылы 7-июлда болуп өткөн Кара-Булак айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоо жөнүндө маалымат
07.07.2021

2021-жылы 7-июлда болуп өткөн Кара-Булак айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоо жөнүндө маалымат

2021-жылы 7-июлда Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоо болуп өттү. Кара-Булак айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими көрсөткөн Абдрахманов Замирбек Дуйшөевич, Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн Байзаков Дарвиш Элчибекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Байзаков Дарвиш Элчибекович Кара-Булак айыл өкмөт башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кара-Булак айылдык кеңешинин 21 депутатынын 13 депутаты добуш беришти.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кээ бир ЖӨБ аткаруу органдарынын башчыларын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
07.07.2021

Кээ бир ЖӨБ аткаруу органдарынын башчыларын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди

2021-жылы 7-июлда КР БШК Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаар мэрин, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак, Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе, Кызыл-Туу, Москва районунун Беловодский, Петровка, Ысык-Ата районунун Ивановка, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорун бекитти. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаар мэрин кызмат ордуна 4 талапкер – «Ата-Журт Кыргызстан», «Замандаш» депутаттар фракциясы көрсөткөн Абылов Рахматалы Алишерович, «Бирге-Вместе» депутаттар фракциясы көрсөткөн Айтмаматов Улан Алимбекович, «Мекен Ынтымагы» депутаттар фракциясы көрсөткөн Балташов Алмазбек Шукуралиевич, «Ыйман Нуру» депутаттар фракциясы көрсөткөн Казыбеков Эрлан Нурланбекович катталган. Добуш берүүгө Кара-Көл шаардык кеңешинин баардык 31 депутаты катышты, 1-турда Абылов Р. - 6 добуш, Айтмаматов У. - 7 добуш, Балташов А. - 10 добуш, Казыбеков Э. - 8 добуш алды, 2-турда Балташов А. - 17 добуш, Казыбеков Э. - 13 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Балташов Алмазбек Шукуралиевич Кара-Көл шаар мэри болуп шайланды. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Талдуу-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн Исаков Замирбек Тургуналиевич, Каимов Ганыжан Турсунбаевич, Кумашева Бурулча Абакуловна, Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими көрсөткөн Мойдинов Каныбек Тажидинович катталган. Добуш берүүгө Талдуу-Булак айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, 1-турда Исаков З. – 8 добуш, Каимов Г. – 8  добуш, Кумашева Б.– 1 добуш, Мойдинов К. – 4 добуш алды, 2-турда Исаков З. - 11 добуш, Каимов Г. – 7  добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 3 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Исаков Замирбек Тургуналиевич Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн Абылгазиев Исмаилакун Омурбекович, Байысбек уулу Бекбий, Кулубеков Талайбек Аскербекович катталган. Добуш берүүгө Фрунзе айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, 1-турда Абылгазиев И.О. – 1 добуш, Байысбек уулу Б. – 10  добуш, Кулубеков Т.А. – 10 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. 2-турда Байысбек уулу Б. - 12 добуш, Кулубеков Т.А. – 8  добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Байысбек уулу Бекбий Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн Жылжымышов Акылбек Болотбекович, Саркумов Марат Женишбекович, Сүйүналиев Каныбек Жумабекович катталган. Добуш берүүгө Кызыл-Туу айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, 1-турда Жылжымышов А.Б. – 10 добуш, Саркумов М. Ж. – 10  добуш, Сүйүналиев К.Ж. – 0 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилди. 2-турда Саркумов М.Ж. - 14 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 7 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Саркумов Марат Женишбекович Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Петровка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Петровка айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Ешалиев Кубанычбек Жолдошбекович, Саралаев Узакбек Солтоевич, Сооронбаев Казым катталган. Добуш берүүгө Петровка айылдык кеңешинин баардык 21 депутатынын 10 депутаты катышты, Ешалиев К.Ж. - 11 добуш, Саралаев У.С. – 9 добуш, Сооронбаев К. - 1 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Ешалиев Кубанычбек Жолдошбекович Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Беловодский айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Алыбеков Бакыт Жумгалбекович, Байбосунов Асанбек Арстанбекович, Бакиров Асылбек Искенович, Кулжанов Талайбек Кибиралиевич катталган. Добуш берүүгө Беловодский айылдык кеңешинин баардык 31 депутаты катышты, 1-турда Алыбеков Б.Ж. – 10 добуш, Байбосунов А.А. – 3  добуш, Бакиров А.И. – 10 добуш, Кулжанов Т.К. – 6 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 2 добуш берилди.  2-турда Алыбеков Б.Ж. - 16 добуш, Бакиров А.И. – 14  добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Алыбеков Бакыт Жумгалбекович Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Ивановка айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 5 талапкер – Касыров Тилек, Мадиярова Мээрим Кадыркуловна, Мамадалиев Эмил Сраилович, Мусакожо уулу Райымбек, Тентимишева Замира Шарапидиновна катталган. Добуш берүүгө Ивановка айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, Касыров Т. - 0 добуш, Мадиярова М.К. – 12 добуш, Мамадалиев Э.С. – 9 добуш, Мусакожо уулу Р. – 0 добуш, Тентимишева З.Ш.   – 0 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мадиярова Мээрим Кадыркуловна Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Азимбеков Нурбек Абдыкеримович, Калмуратов Мамбет Маматалиевич, Мадалиев Хамидулла Аманулаевич катталган. Добуш берүүгө Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин баардык 31 депутаты катышты, Азимбеков Н. А. - 4 добуш, Калмуратов М.М. – 0 добуш, Мадалиев Х.А. – 27  добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мадалиев Хамидулла Аманулаевич Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Жети-Өгүз жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди
07.07.2021

БШК Жети-Өгүз жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 7-июлда Жети-Өгүз жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди: Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сатиев Шарып Мыктыбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бакасов Эсен Өмүрович резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Ош аймактык шайлоо комиссиясы: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Буранова Елена Ивановна комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мусаев Мухтарбек Орозович резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Токтом Жети-Өгүз жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу» Жобосуна ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
07.07.2021

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

КР БШК 2021-жылы 7-июлда Токтогул, Ноокен, Ак-Суу жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин карап, бекитти. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаты Төрөкулов Өмүрбек Турсунбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат райондук социалдык коргоо башкармалыгынын социалдык кызматкери Ибраимова Асилкан Калиловнага өткөрүп берилди. Айыл өкмөт башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылдык кеңешинин депутаты Нарматов Азамат Эгембердиевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат «РСК Банктын» Ноокен филиалынын бөлүм начальниги Камытов Мирбек Касымовичке өткөрүп берилди. Айыл өкмөт башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты Өмүрзаков Нурбек Абдикаримовичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Жакипов Раимжан Кудайбердиевичке өткөрүп берилди. Айыл өкмөт башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айылдык кеңешинин депутаты Осмонов Алимбек Гуламжановичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Жунусов Муратбек Адылбековичке өткөрүп берилди. Айыл өкмөт башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Абдыжапаров Кадырбек Зулпукаровичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат “Кыргызнефтегаз” ишканасынын оператору Дөмушев Тилек Апсаматовичке өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Молошов Дастанбек Адилбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Молдокеримов Дастанбек Эрмаматовичке өткөрүп берилди. Айыл өкмөт башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеңешинин депутаты Арстанбеков Зайырбек Советбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Айдаралиев Нажимидин Макамбаевичке өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айылдык кеңешинин депутаты Тилекманов Айбек Таалайбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Мукашев Рыскельди Туртемировичке өткөрүп берилди Айыл өкмөт башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айылдык кеңешинин депутаты Амандыков Нурлан Асырампаевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Эгембердиев Мирлан Советовичке өткөрүп берилди. Мындан тышкары, БШК айыл өкмөт башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Үсөнов Эламан Зарылбековичти Чоң-Таш кеңешинин айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө Түп аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин карап, бекитти.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 7-июлунда өтө турган күн тартибинин долбоору
07.07.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 7-июлунда өтө турган күн тартибинин долбоору

                                                                                              Өткөрүү датасы: 7-июль2021-ж.                                                                                                                               Убактысы:13:00                                                                                                                               Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2021-жылдын 2-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү тууралуу (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 2.2021-жылдын 2-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 3.2021-жылдын 1-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду  бекитүү тууралуу (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 4.2021-жылдын 2-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Москва районунун Беловодский, Петровка айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду  бекитүү тууралуу (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   5. 2021-жылдын 2-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 6.2021-жылдын 3-июлунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун        Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 7.Жети-Өгүз жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 8.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгүТоктогул, Ноокен, Ак-Суу жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 9. Ар кандай маселелер  
Кененирээк билүү >>
АЭУ бурмалоону жокко чыгарат: БШКда саясий партиялар менен жолугушуу өттү
06.07.2021

АЭУ бурмалоону жокко чыгарат: БШКда саясий партиялар менен жолугушуу өттү

2021-жылы 11-июлуна дайындалган шаардык кеңештерге шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында катталган саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Жолугушуунун катышуучуларына автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) иши көрсөтүлүп, БШК аппаратынын кызматкерлери тесттик добуш берүүнү өткөрүштү. Катышуучуларга техникалык бардык процесс – АЭУ шайлоо бюллетендерин кантип кабыл алып, кандай эсептээри, добуш берүү аяктагандан кийин модем маалыматтарды серверге кантип берээри ачык көрсөтүлдү. Колдонулуп жаткан модель бюллетендерди жапырт таштоо, «карусель» сыяктуу бурмалоону жокко чыгаруу милдеттерин чече тургандыгын БШКда баса белгилешти. Ошондой эле окутуу иш-чарасында шайлоо өнөктүгүндө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерине жана даттанууларды кароо тартибине байланыштуу маселелер талкууланды. Андан кийин саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн суроолору боюнча жооп, түшүндүрмө берилди. Катышуучулардын алдында КР БШК мүчөсү К.А. Маматов чыгып сүйлөп, саясий партияларды жарандарга талапкерлер тууралуу анык маалымат берүүнү, ошентип, шайлоочуга аң-сезимдүү тандоо жасоого көмөктөшүүгө, ошол эле учурда мыйзам алкагында үгүт жүргүзүүгө чакырды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 207 209 … 484