Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
КР БШК 2021-жылы 5-июлда Сузак, Кызыл-Кыя, Ноокат жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин карап чыгып, бекитти.
Айыл өкмөт башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты Өмүррзаков Майсалбек Чокмоковичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Абдыкадыров Бейкут Алишеровичке өткөрүп берилди.
Айыл өкмөт башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Дарья айылдык кеңешинин депутаты Караева Нурбека Адилбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Караев Эсен Шабданбековичке өткөрүп берилди.
Шаар мэрлигине шайлангандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаты Замирбеков Баяман Замирбековичтин (№ 7, «Ата-Журт Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Тансыков Мирлан Анваровичке (№ 11, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылдык кеңешинин депутаты Абдурашидов Бекзад Абдурашидовичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Абдужаминов Азизбек Азамжановичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Маткалыков Асилбек Жоробаевичтин (№ 1, «Ыйман Нуру» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Н. Мусаев атындагы №8 КЛ өндүрүштүк окутуу боюнча улук чебер Кыпчаков Бакытбек Жеңишбековичке (№ 7, «Ыйман Нуру» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты Эшполотов Мухаммед Эшполотовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Кадастр» МИнин адиси Асанов Айбек Бакытбековичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Жоробеков Нурбек Абдуназаровичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Саитов Жакшыбек Эсеналиевичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты Асанбаев Нурдин Турсунбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Арапов Расулбек Турганбаевичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты Эргешов Рахматали Усанбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Боронов Максатбек Куватовичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты Куланбаев Таалайбек Асангариевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Кадастр» МИнин регистратору Кыдырмаева Арчагүл Сагындыковнага өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кээ бир ЖӨБ аткаруу органдарынын башчыларын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
2021-жылы 5-июлда КР БШК Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан, Аламүдүн районунун Арашан, Москва районунун Садовое жана Целинный, Чүй районунун Кош-Коргон, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка, Ысык-Көл районунун Садыр-Аке, Жети-Өгүз районунун Тамга жана Ак-Шыйрак, Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон, Нарын районунун Учкун, Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорун бекитти.
Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Бегалиев Рустам Асанбекович катталган. Добуш берүүгө Милянфан айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты катышты, Бегалиев Р.А. 8 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 3 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бегалиев Рустам Асанбекович Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Арашан айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Бектенов Азамат Бектенович жанаЧодиев Бекназар Садыралиевич катталган. Добуш берүүгө Арашан айылдык кеңешинин 11 депутатынын 10 депутаты катышты, Бектенов А.Б. - 8 добуш, Чодиев Б.С. – 2 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бектенов Азамат Бектенович Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Садовое айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Раимкулов Денизбек Самарбекович, Сарбагишев Капар Бактиярович, Байсульдаев Жениш Абдыдалифович жана Бообеков Доктурбек Акматбекович катталган. Добуш берүүгө Садовое айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, Раимкулов Д.С. - 13 добуш, Сарбагишев К.Б. – 4 добуш, Байсульдаев Ж.А. – 4 добуш, Бообеков Д.А. – 0 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Раимкулов Денизбек Самарбекович Садовое айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Целинный айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Жекшеналиев Мирлан Жамгырчиевич жана Жумагулов Мирланбек Жаныбекович катталган. Добуш берүүгө Целинный айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты катышты, Жекшеналиев М.Д. - 6 добуш, Жумагулов М.Ж. - 5 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жекшеналиев Мирлан Жамгырчиевич Целинный айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Чокеев Нурмат Карабекович катталган. Добуш берүүгө Кош-Коргон айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты катышты, Чокеев Н.К. - 7 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 3 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Чокеев Нурмат Карабекович Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Ленин айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Момбекова Наргиза Кулжабаевна, Джаамбаева Кымбат Турдубековна, Майкомбаев Кайрат Орозбекович жана Дозалиева Алиман Тоштуковна катталган. Добуш берүүгө Ленин айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20 депутаты катышты, 1-турда Джаамбаева К.Т. - 4 добуш, Дозалиева А.Т. – 2 добуш, Майкомбаев К.Т. – 3 Момбекова Н.К. – 10 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилди, 2-турда Джамбаева К.Т. – 2 добуш, Момбекова Н.К. – 16 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 2 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Момбекова Наргиза Кулжабаевна Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Бозгунов Урмат Имангазиевич катталган. Добуш берүүгө Михайловка айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты катышты, Бозгунов У.И. – 11 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бозгунов Урмат Имангазиевич Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Ашырбаев Эрбол Дамирбекович, Орозалиев Айбек Болотбекович, Шатенов Жумабек Абазович катталган. Добуш берүүгө Садыр-Аке айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20 депутаты катышты, Ашырбаев Э. Д. – 6 добуш, Орозалиев А. Б. – 13 добуш, Шатенов Ж. А. – 1 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Орозалиев Айбек Болотбекович Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Тамга айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Дуйшембиев Адилет Керээзбекович катталган. Добуш берүүгө Тамга айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20 депутаты катышты, Дуйшембиев А. К. – 13 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 7 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Дуйшембиев Адилет Керээзбекович Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Ак-Шыйрак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Асаналиев Эрлан Шаршенбекович, Акулуев Бекболот Батикович, Жаналиев Урустам Асанбекович, Керимкулов Асылбек Калмакович катталган. Добуш берүүгө Ак-Шыйрак айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты катышты, Асаналиев Э. Ш. - 6 добуш, Акулуев Б. Б. – 2 добуш, Жаналиев У.А. – 0 добуш, Керимкулов А.К. – 3 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Асаналиев Эрлан Шаршенбекович Ак-Шыйрак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Бейшеев Азат Дуулатбекович, Өмүрбеков Урмат Асизович катталган. Добуш берүүгө Чолпон айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, Бейшеев А.Д. – 9 добуш, Өмүрбеков У.А. – 12 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Өмүрбеков Урмат Асизович Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Учкун айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Жумабаев Рустам Тилебекович, Өмүрзаков Эркинбек Мусилимович катталган. Добуш берүүгө Учкун айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20 депутаты катышты, Жумабаев Р.Т. - 6 добуш, Өмүрзаков Э.М. – 14 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Өмүрзаков Эркинбек Мусилимович Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Ниясалиев Маратбек Анарбекович катталган. Добуш берүүгө Айдаралиев айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты катышты, Ниясалиев М.А. 11 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Ниясалиев Маратбек Анарбекович Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 5-июлунда өтө турган күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы:5-июль2021-ж.
Убактысы:16.30
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1.2021-жылы 19-июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2.2021-жылы 25-июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3.2021-жылы 25-июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Москва районунун Садовое жана Целинный айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4.2021-жылы 25-июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5. 2021-жылы 1 -июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
6.2021-жылы 29-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
7.2021-жылы 29-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
8.2021-жылы 28, 29-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга жана Ак-Шыйрак айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
9.2021-жылы 29-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
10.2021-жылы 29-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
11.2021-жылы 1-июлунда өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
12. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
13. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү ортосунда шайлоону даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча тапшырмаларды бөлүштүрүү жөнүндө
(баяндамачы –Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
14. Ар кандай маселелер
Шайлоо процессинде колдонуучу негизги компоненттер жана технологиялар жөнүндө
(баяндамачы –БШК аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү)
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШК «Келечек-Будущее» саясий партиясына карата «Реформа» саясий партиясынын арызы боюнча түшүндүрмө берет
«Келечек-Будущее» саясий партиясынан талапкердин эки аял алууну мыйзамдаштырууну колдоп, социалдык түйүндө жарыялаган видеосу боюнча ЖМКда таратылып жаткан маалыматтарга байланыштуу Бишкек АШК төмөнкүчө түшүндүрмө берет.
«Реформа» саясий партиясы арызында КР Конституциясына, КР Жазык кодексине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамына шилтеме жасайт.
Кароонун жыйынтыгы боюнча Бишкек АШК «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамдын гана бузулушун аныктаган жок, ошондой эле арыз ээсине талапкер Н. Абдыкаимованын кайрылуусунда жазык жосунунун белгилерин аныктоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылууну жана коомдо терс пикирди түзбөө, ошондой эле маалыматты бурмалабоо үчүн жарыяланган видеону өчүрүүнү сунуш кылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШК шайлоо мыйзамдарын бузууларга байланыштуу арыздарды карады
2021-жылы 4-июлда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) «Келечек-Будущее» саясий партиясынан талапкердин эки аял алууну мыйзамдаштырууну колдоп, социалдык түйүндө жарыялаган видеосуна байланыштуу ал саясий партияга карата «Реформа» саясий партиясынын арызын кароосунун жыйынтыгы боюнча Бишкек АШК шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелери жана тартиби жаатында шайлоо мыйзамдары бузулгандыгын аныктаган жок.
«Эмгек Партиясы» саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бири Октябрь районунун короолорунун биринде олтургучту сырдап жатканын чагылдырган Фэйсбук социалдык түйүндө жарыялаган видеого, ошондой эле балдар менен түшкөн сүрөткө байланыштуу Бишкек АШК аларды жана талапкер берген кошумча видеоматериалдарды карап чыгып, талапкер С. Дөөлөтбаковдун аракетинде шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузуу болбогондугун аныктады.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШК “Биздин Кыргызстан” партиясына жазуу жүзүндө эскертүү берди
2021-жылы 3-июлда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) жыйналышында “Биздин Кыргызстан” саясий партиясынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын бузуу менен үгүт материалдарында башка мамлекеттин саясий ишмеринин сүрөтүн пайдалангандыгы жөнүндө арызды карады.
Кароонун натыйжасында “Биздин Кыргызстан” саясий партиясына жазуу жүзүндө эскертүү берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Токмокто саясий партияларга АЭУнун иши көрсөтүлүп, маалыматтык ресурстар жөнүндө айтылды
2021-жылдын 11-июлуна дайындалган шаардык кеңештерге кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо технологиялары, шайлоодогу аныктык, ачык-айкындуулук маселелери, жабдыктарды колдонуунун практикалык өңүттөрү боюнча саясий партиялардын өкүлдөрү жана коомдук байкоочулар үчүн семинар өткөрдү.
Семинардын жүрүшүндө КР БШК аппаратынын кызматкерлери АЭУнун, «Электрондук талапкер» маалымат тутумунун жана «Тизме» электрондук порталынын иши көрсөтүлдү. Семинарда КР БШК аппаратынын кызматкерлери саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жана коомдук байкоочулардын суроолору боюнча жооп, түшүндүрмө беришти.
КР БШК Бишкек жана Ош шаарларында дагы ушундай иш-чараларды жана семинарларды өткөрүүнү мерчемдөдө.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШК төрагасы шайланды
2021-жылы 2-июлда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жыйналыш өткөрүп, комиссиянын төрагасы менен катчысын шайлады.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Стамов Айбек Кубатович – Бишкек АШК төрагасы, Конуров Бахадыр Арунович катчысы болуп шайланды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын жаңы курамынын биринчи жыйналышы өтүп, анда Төрага жана анын орун басарлары шайланды
2021-жылы 2-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын жаңы курамынын биринчи жыйналышы болуп өттү.
Жыйналышты БШКнын жаш курагы боюнча улуу мүчөсү Дубанбаева Анар Сартбаевна ачты.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык биринчи жыйналышта Төраганы жана анын орун басарларын шайлоо маселеси чечилет.
БШК мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсүнүн натыйжасында Шайлдабекова Нуржан Кармабековна 11 добуш менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы болуп шайланды.
Шайназаров Тынчтык Ураимович менен Койчукеев Нурлан Чокоевич Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасынын орун басарлыгына шайланышты.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өтө турган күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2-июль 2021-ж.
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасын шайлоо жөнүндө
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
4. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
«Клооп Медиа» коомдук фонду шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзөт
2021-жылы 1-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Клооп Медиа» коомдук фондунун билдирмесин эске алды.
Чечим «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы № 231 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Клооп Медиа» коомдук фондунун билдирмесинин (кир. №04-13/2014) негизинде кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
«Коомар Медиа» коомдук фонду шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзөт
2021-жылы 1-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Коомар Медиа» коомдук фондунун билдирүүсүн эске алды.
Чечим «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы № 231 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Коомар Медиа» коомдук фондунун билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
КР БШК 2021-жылы 1-июлда Талас шаардык, Нарын жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин карап чыгып, бекитти.
Талас облусунун Талас шаардык кеңешинин депутаты Жылдызова Анара Бектурсуновнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Талас даамы” ЖЧК төрагасынын орун басары Тууганбаев Жаныбек Бактыбековичке (№ 10, “Аманат” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айылдык кеңешинин депутаты Бектемиров Авас Турдубаевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат “Салкын Төр” токой паркынын башчысы Богачаев Уланбек Кубанычбековичке өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Нарын облусунун Нарын районунун Кара-Кужур айылдык кеңешинин депутаты Рысбек уулу Дамирдин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Кара-Кужур айылынын жайыт комитетинин бухгалтери Сулайманбеков Улар Сулайманбековичке өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Нарын облусунун Нарын районунун Казан-Куйган айылдык кеңешинин депутаты Мамбеткулов Чынгыз Майрамбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ветеринардык врач Талипов Бектур Темирбековичке өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Нарын районунун Достук айылдык кеңешинин депутаты Өмүрканов Кубанычбек Жумагуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Ат-Башы ГЭСинин машинисти Абдыжапаров Адилет Жолочуевичке өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Талас облусунун Талас районунун Маймак айылдык кеңешинин депутаты Ниязалиева Алима Бакузеевнанын ыйгарым укуктары токтотулду. Талапкерлер жок болгондугуна байланыштуу мандат кийинки шайлоого чейин бош калат.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Талас облусунун Талас районунун Көк-Сай айылдык кеңешинин депутаты Стамкулов Болот Музулумовичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат транспорттук инспекциянын инспектору Нарбеков Эрмек Орозбаевичке өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Талас облусунун Талас районунун Аманбаев айылдык кеңешинин депутаты Зулумбек уулу Анарбектин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Жуманалиев Алихан Чоткараевичке өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын жоопкерчилигин карады
Борбордук шайлоо комиссиясында Аймактык шайлоо комиссияларынын ишин кароо боюнча комиссия түзүлүп, Ысык-Ата, Сузак, Аламүдүн, Жети-Өгүз, Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) төрагаларынын жоопкерчилигин карады.
2021-жылдын 1-июлундагы жыйналышында Комиссия төмөнкү төрагалардын жоопкерчилиги тууралуу маселелерди карады:
- Ысык-Ата АШК – Жаманкулова Мира Көкүловнанын, даттанууларды өз убагында карабай, аракетсиздик кылганы үчүн;
- Сузак АШК – Кыргызбаев Мухтар Осмоновичтин, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу жана Таш-Булак айыл өкмөт башчыларын шайлоо жол-жоболорун бузгандыгы, ошондой эле шайлоо комиссияларынын иш принциптерин бузгандыгы үчүн;
- Аламүдүн АШК – Мамасадыкова Гульмира Абдыкапаровнанын, даттанууларды өз убагында карабай, аракетсиздик кылганы үчүн;
- Жети-Өгүз АШК – Алымбаев Нурбек Толомушовичтин, чечим кабыл алууда тариздөө жол-жоболорун бузгандыгы үчүн;
- Кадамжай АШК – Өмүрзаков Тилек Рахмановичтин, мыйзам талаптарын сактоо боюнча талаптагыдай иш жүргүзбөгөндүгү үчүн, бул Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөт башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасын жараксыз деп таануу үчүн негиз болду.
Берилген материалдарды изилдеп, КР БШК төмөнкүдөй чечти:
1. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасын кайра шайлоо жөнүндө маселени кароо сунушталсын.
2. Төрага М.О. Кыргызбаев Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
3. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Г.А. Мамасадыковага эскертүү берилсин.
4. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Т. Алымбаевге эскертүү берилсин.
5. Төрага Т.Р. Өмүрзаков Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Бишкек жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 1-июлда Бишкек жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы:
- «Элдик биримдик» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Маматов Кайрат Адамкалиевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- «НУР» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Маматкулова Рима Калысбаевна комиссиянын резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Токмок аймактык шайлоо комиссиясы:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Буракенова Кулянда Баисовнна жана Саламанова Бактыгүл Абдырахмановна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Паншарова Сабина Каджировна жана Алыбаева Асель резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Чечим Бишкек жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК кээ бир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындады
КР БШК 2021-жылы 1-июлда Ош облусунун Араван районунун Маңгыт, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындады.
Маңгыт айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы Ы.М. Маткаримовдун иш стажы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келбегендигине байланыштуу 2021-жылдын 11-июнунда өткөн Ош облусунун Араван районунун Маңгыт айыл өкмөт башчысын шайлоо жокко чыгарылды. Ош облусунун Араван районунун Маңгыт айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону 2021-жылдын 15-июлунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
2021-жылдын 28-июнуна дайындалган Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөт башчысын шайлоодо депутаттардын көпчүлүгү «баардык талапкерлерге каршы» позициясына добуштарын бергендигине байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды. Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 14-июлунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Араван жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09.10.2026
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09.10.2026
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу