Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Кайталап шайлоого шайлоочулардын тизмесине 617 517 адам киргизилди 11.07.2021

Кайталап шайлоого шайлоочулардын тизмесине 617 517 адам киргизилди

Үч шаардык кеңештин депутаттарын кайталап шайлоо боюнча шайлоочулардын тизмесине бардыгы 617 517 шайлоочу киргизилди. Бишкекте – 426 699, Ошто – 152 718 жана Токмокто – 38 100 шайлоочу киргизилди. Шаардык кеңештердин депутаттары үчүн добуш берүү партиялардын талапкерлеринин тизмелери үчүн добуш берүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Депутаттык мандаттар шайлоочулардын 7%ынан ашык добушун алган саясий партиялардын ортосунда шайлоочулардын добуштарынын санына пропорциялуу бөлүштүрүлөт. Үч шаардык кеңештин депутаттарын кайталап шайлоого 26 саясий партия катышууда, алар жыйындысында 2 204 талапкер көрсөттү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн жайларга кирүүгө мүмкүн болушунча толук шарт түздү. Шайлоо комиссияларын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөөлөрүнө кунт коюп мамиле жасоону өтүнөбүз.
Кененирээк билүү >>
Добуш берүүчү жайдан тышкары жерлерде 3 511 жаран добуш беришти 11.07.2021

Добуш берүүчү жайдан тышкары жерлерде 3 511 жаран добуш беришти

Кечээ добуш берүүчү жайдан тышкары жерлерде добуш берүү өттү. Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары жерлерде добуш берүү үчүн 3 995 арыз түштү, анын ичинде Бишкекте – 2605 арыз, Ошто – 1168 арыз жана Токмокто – 222 арыз түштү. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы же мыйзамда көрсөтүлгөн башка себептер боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочуларга добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганда добуш берүү мүмкүндүгүн камсыз кылат. Ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар, ошондой эле добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөр жана айыпталуучулар кармалган жайларда камалып турган шайлоочулар добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилген. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын 3 511и иш жүзүндө добуш беришти. Бишкекте – 2277, Ошто – 1031 жана Токмокто – 203 шайлоочу добуш берди.       
Кененирээк билүү >>
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кеңештерге депутаттарды кайталап шайлоо башталды 11.07.2021

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кеңештерге депутаттарды кайталап шайлоо башталды

Бүгүн Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо өтүп жатат. Үч шаардын тургундары 121 депутат шайлайт. Бишкекте – 18 саясий партия, Ошто – 8 саясий партия жана Токмокто – 6 саясий партия катышууда.  Саат 8.00дө 326 шайлоо участкасында добуш берүү башталды. Добуш берүү саат 20.00гө чейин улантылат. Добуш берүү үчүн Cиз өзүңүз катталган шайлоо участкасына жеке өзүңүз келүүгө тийишсиз. Шайлоочулар  «Тизме» порталынан, 1255 жана 119 номурлары боюнча чалып же өзүнүздүн ПИН номуруңузду көрсөтүү менен 119 номуруна чалып же СМС жөнөтүп (чалуу жана СМС акысыз), шайлоо участкасын билүүгө болот.  
Кененирээк билүү >>
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүчү жайдан тышкары жерлерде добуш берүү аяктады
10.07.2021

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүчү жайдан тышкары жерлерде добуш берүү аяктады

2021-жылы 10-июлда саат 20.00дө Бишкек шаары боюнча добуш берүүчү жайдан тышкары жерлерде добуш берүү аяктады. Бишкек шаарынын 180 шайлоо участогунда жайдан тышкары жерлерде 2 277  шайлоочу добуш берди. Ош шаары боюнча 78 шайлоо участогунун 65инде шайлоо участокторунан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздар берилген. 2021-жылы 10-июлда саат 20.00дө 65 УШК боюнча добуш берүү аяктады. Жайдан тышкары жерде 1 168 шайлоочунун 1 031и добуш берди. Токмокто шайлоо участокторунан тышкары жерде добуш берүү мурда аяктады. Бардыгы 20 УШКда добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздар берилген. Жайдан тышкары жерде 222 шайлоочунун 203ү добуш берди. Баардык 20 шайлоо участогунда жайдан  тышкары жерде добуш берүү аяктады. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жогорку Сот: «Эмгек» партиясынан талапкер Батырбек уулу Арнурдун Токмок шаарында кайталап шайлоого катышуусуна жол берилбейт
10.07.2021

Жогорку Сот: «Эмгек» партиясынан талапкер Батырбек уулу Арнурдун Токмок шаарында кайталап шайлоого катышуусуна жол берилбейт

Бүгүн Жогорку Сот «Эмгек» партиясынан талапкер Батырбек уулу Арнурдун Токмокто кайталап шайлоого катышуусуна жол бербөө маселесине чекит койду. Мурда Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 20- июндагы чечими менен жарандарды жапырт каттоо боюнча бузууларга тиешеси бар болгондугуна байланыштуу Батырбек уулу Арнурга Токмок шаардык кеңештин депутаттыгына «Эмгек» партиясынан талапкер катары каттоодон баш тартылган. Талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына даттанганда Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын аталган чечими күчүндө калтырылган. Токмок шаарында шайлоочуларды каттоо жана алардын добуш берүүгө катышуусу боюнча БШК менен МККнын объективдүү маалыматтарын изилдөө аталган талапкердин энесинин 3-кичи райондогу батирине 111 адам катталып, алардын 46сы 11-апрелдеги добуш берүүгө катышкан. Мында Токмок шаарынын ички иштер органдары тараптан териштирүүнүн жүрүшүндө талапкер мурда ал Жогорку Кеңешке шайлоодо талапкер болуп саналган «Биримдик» партиясынын штабынын көрсөтмөсү боюнча шайлоого катыштыруу максатында аталган жарандар катталганын мойнуна алды. Катталган жарандар иш жүзүндө Токмокко жакын жайгашкан айылдарда жашайт жана Токмок шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү катары шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга укуксуз болушкан. Бул өңүттө, анын ичинде талапкерлер менен партиялардын мыйзамсыз кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшкөн каттоо кызматынын кызматкелерине карата дагы териштирүү улантылууда. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
Сот «Асыл Мурас-Жаштар» саясий партиясынан талапкерге Токмок шаарында шайлоого катышуусунан баш тартты
10.07.2021

Сот «Асыл Мурас-Жаштар» саясий партиясынан талапкерге Токмок шаарында шайлоого катышуусунан баш тартты

«Асыл Мурас-Жаштар» саясий партиясынан талапкер Рустам Юнусов анын каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө БШК чечимин сотко даттанды. Бишкек шаарынын Административдик соту анын доосун канааттандыруудан баш тартып, БШК чечимин күчүндө калтырды. Р. Юнусов Токмоктогу жапырт каттоо манипуляциясына тиешеси бар экендигине байланыштуу кайталап шайлоого катышуусуна жол берилген эмес. Мурда – 2021-жылдын 11-апрелиндеги шайлоодо Юнусов Рустам «Эмгек» саясий партиясынан талапкер болгондугун эске салабыз. Бишкек шаарынын Административдик сотунун чечими менен мында кененирээк таанышса болот. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү         
Кененирээк билүү >>
Саат 18.00гө карата Бишкек жана Ош шаарлары боюнча шайлоо участокторунан тышкары жерде добуш берүү. Токмокто шайлоо участокторунан тышкары жерде добуш берүү аяктады
10.07.2021

Саат 18.00гө карата Бишкек жана Ош шаарлары боюнча шайлоо участокторунан тышкары жерде добуш берүү. Токмокто шайлоо участокторунан тышкары жерде добуш берүү аяктады

2021-жылы 10-июлда саат 18.00гө карата Бишкек шаары боюнча 179 шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүү аяктады, 2 276 шайлоочу добуш берди. 228 шайлоо участогунан 183үндө шайлоо участокторунан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздар берилген. Ош шаары боюнча 78 шайлоо участогунун 65инде шайлоо участокторунан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздар берилген. 2021-жылы 10-июлда саат 18.00гө карата 30 УШК боюнча добуш берүү аяктады, жайдан тышкары жерде 1 168 шайлоочунун 1 027си добуш берди. Токмок шаарында добуш берүүчү жайдан  тышкары жерде добуш берүү аяктады. Бардыгы 20 УШКда добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздар берилген. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде 222 шайлоочунун 203ү добуш берди. Баардык 20 шайлоо участогунда добуш берүүчү жайдан  тышкары жерде добуш берүү аяктады. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Президент Садыр Жапаров Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берди
10.07.2021

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берди. Бир күн мурда Мамлекет башчысынын жеке коопсуздук кызматкерлеринин биринен коронавирус инфекциясы катталгандыгына байланыштуу участкалык шайлоо комиссиясы көчмө добуш берүүнү уюштурду. Президент берген пчр-тестинин жыйынтыгында коронавирус инфекциясы чыккан жок. Бирок Садыр Жапаровго эпидемиологдордун берген сунуштарына ылайык, ал түздөн-түз байланышта болгондугу үчүн башкалардын ден-соолугуна коркунуч келтирбөө максатында обочолонуу чараларын көрүшү зарыл. Мамлекет башчысы өлкө жарандарын шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүү менен өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткарууга чакырды. Президент Садыр Жапаров шайлоого катышуу жоопкерчиликтүү жарандык позициянын жана өлкөнүн келечеги үчүн кам көрүүнүн көрсөткүчү экендигин белгиледи. 2021-жылдын 11-июлунда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо болуп өтөт. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 33-беренесине ылайык, участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесине киргизилген бирок ден-соолугунун абалына байланыштуу же мыйзамда көрсөтүлгөн башка себептерден улам добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочуларга добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганда шайлоо участкасынан тышкары жайда добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. 
Кененирээк билүү >>
Саат 12.00гө карата Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү
10.07.2021

Саат 12.00гө карата Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү

2021-жылы 10-июлда саат 12.00гө карата Бишкек шаары боюнча 124 шайлоо участогу жайдан тышкары добуш берүүнү аяктады, 1 467 шайлоочу добуш берди. 228 шайлоо участогунан 183үндө шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү жөнүндө арыздар берилген. Саат 12.00гө карата Ош шаары боюнча шайлоо участокторунан тышкары жайларда 1168 шайлоочунун 822 шайлоочусу добуш берди. 78 шайлоо участогунан 65инде шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү жөнүндө арыздар берилген. Саат 12.00гө карата Токмок шаары боюнча жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздар берилген 20 шайлоо участогунда 222 шайлоочунун 65 шайлоочусу добуш берди. 20 УШКдан 8 УШКда жайдан тышкары добуш берүү аяктады.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү           
Кененирээк билүү >>
10-июль – “жымжырттык күнү”
10.07.2021

10-июль – “жымжырттык күнү”

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шайлоо алдында үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда б.а. 2021-жылдын 10-июлунда саат 8:00дөн тартып токтотулат. Ошону менен бирге мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган басылма үгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнү мурдагы орундарында сакталат. Ошондой эле үгүт жүргүзүү үчүн БШКда аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар үгүт жүргүзүүгө укуксуз. Шайлоо процессинин катышуучулары тараптан “жымжырттык күнү” бузулган учурда БШК бузуучуга карата тиешелүү чара колдонууга укуктуу. Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайталап шайлоо эртең -  2021-жылы 11-июлда өтөт.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү өтүүдө
10.07.2021

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү өтүүдө

Бүгүн – 2021-жылы 10-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайталап шайлоодо шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү өтүүдө. Мурда 3 992 шайлоочу шайлоого добуш берүүчү жайдан тышкары жерлерде катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Бишкек АШК берген маалымат боюнча 2 602  шайлоочу, Ош АШК боюнча – 1 168,  Токмок АШК боюнча – 222 шайлоочу арыз берген. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20.00гө чейинки мезгилде гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү           
Кененирээк билүү >>
Үч шаардагы кайталап шайлоодо санитардык ченемдер катуу сакталат – КР БШК
10.07.2021

Үч шаардагы кайталап шайлоодо санитардык ченемдер катуу сакталат – КР БШК

2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайталап шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, участкалык шайлоо комиссияларына эпидемиологиялык коопсуздукту катуу сактоо боюнча көрсөтмөлөрдү жөнөттү. Жарандардын ден соолугун коргоо максатында КР БШК шайлоо процессинин баардык катышуучуларын санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону өтүнөт. КР Саламаттык сактоо министрлиги жана КР БШК бекиткен санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана  жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча иш-аракеттердин алгоритмине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары: добуш берүү процесси башталганга чейин жана добуш берүү процессинде график боюнча добуш берүү үчүн орун-жайды жана бардык үстүнкү беттерди, ошондой эле жабдыктарды нымдуу чүпүрөк менен кылдат жууп-тазалоо жана дезинфекциялоо жүргүзөт; добуш берүү үчүн орун-жайга кире бериште дезинфекциялык эритме менен нымдалган килемче жайгаштырат; добуш берүү күнү шайлоо участогуна кире бериште контактысыз жол менен шайлоочулардын дене табын текшерүү жүргүзөт; шайлоочулардын шайлоо участогуна жашы жете элек балдарды алып келбөөсүнө контролдук жүргүзүлөт. Добуш берүү күнү ички иштер органдарынын кызматкерлери шайлоо участогуна кире бериштин алдында жана УШК орун-жайынын ичинде шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын 1,5-2 м. кем эмес аралыкты сактоолоруна көмөктөшөт, ошондой эле шайлоо участогунун аймагында коомдук тартипти камсыздайт. Шайлоо комиссияларынын баардык мүчөлөрү кол кап, бет кап, респиратор менен, ал эми шайлоо участогунан тышкары добуш берүүнү өткөрүү үчүн баруучу УШК мүчѳлѳрү, ошондой эле жеке коргонуу каражаттары (комбинезон), санитайзер, бир жолку кол кап жана бет кап менен камсыздалат. Шайлоо  участогуна келгенде шайлоочуга бир жолку бет кап жана кол кап берилет. Баардык жабдыктар, анын ичинде идентификация боюнча жабдуу, автоматтык эсептөөчү урналар (АЭУ), добуш берүү үчүн кабина жана ар бир 60 мүнѳттѳ эки ирээттен кем эмес бактерияга каршы каражаттары менен иштетилет. Ар бир жолу идентификациядан ѳтүүдѳ манжалардын белгилери боюнча сканер спиртке чыланган бир жолку салфетка менен дезинфекциялоо жүргүзүлөт. Шайлоочу кол кабын чечип, колдорун антисептик каражаттары менен тазалап, идентификациядан ѳтөт, идентификациядан ѳткөндөн кийин кайрадан колдорун антисептик каражаттары менен тазалап, кол кабын кайра киет. Бетинин биометрикалык параметрлери боюнча идентификациядан ѳтүүдѳ шайлоочу бет кабын убактылуу түшүрүп, идентификациядан ѳткөндөн кийин аны кайра киет. КР БШК шайлоочуларга добуш берүү жол-жоболору аяктагандан кийин добуш берүү үчүн орун-жайдан токтоосуз чыгып кетүү сунуштайт.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын  2021-жылдын 9-июлунда  өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
09.07.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 9-июлунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

                                                                                              Өткөрүү датасы:9-июль2021-ж.                                                                                                                               Убактысы:21:30                                                                                                                               Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. "Реформа" саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Бишкек АШКнын чечимине карата даттануусу жөнүндө (баяндамачы –Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 2."Реформа" саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Бишкек АШКнын чечимине даттануусу жөнүндө (баяндамачы –Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 3. "Эмгек" саясий партиясынын Токмок АШКнын мүчөсүнүн иш-аракеттерине даттануусу жөнүндө (баяндамачы –Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 4. "Асыл Мурас-Жаштар" жана "Эмгек" саясий партияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн "Патриот Ынтымагы"саясий партиясына карата арызы жөнүндө (баяндамачы –Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)   5. “Эмгек” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Бирге-Вместе”  саясий партиясына карата арызы жөнүндө (баяндамачы –Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)   6. Токмок АШКнын төрагасынын жана "Патриот Ынтымагы"саясий партиясынын арыздары жөнүндө (баяндамачы –Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 7. Ош АШКнын чечимине карата "жалпы иш" коомдук фондунун даттануусу жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 8. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Ош жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөрү ээлеген кызмат орундарынан бошотулду
09.07.2021

КР БШКнын Ош жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөрү ээлеген кызмат орундарынан бошотулду

КР БШКнын Ош аймактык шайлоо комиссиясындагы (АШК) атайын өкүлү Р.Ш. Кадыров жана Токмок АШКдагы атайын өкүлү А.К. Идинова берген арыздарына ылайык ээлеген кызмат орундарынан бошотулду. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021-жылы 9-июлда болуп өткөн Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоо жөнүндө маалымат
09.07.2021

2021-жылы 9-июлда болуп өткөн Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоо жөнүндө маалымат

2021-жылы 9-июлда Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоо  болуп өттү. Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Мусаев Саипжан Маматибраимович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Байзаков Дарвиш Элчибекович Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11 депутаты добуш беришти.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмеси аталган шаарлардын баардык шайлоо участкаларында илинди
09.07.2021

2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмеси аталган шаарлардын баардык шайлоо участкаларында илинди

2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планына ылайык ар бир шайлоо комиссиясы боюнча түзүлгөн шайлоочулардын биротоло тизмеси шайлоочулар баардык шайлоо участкаларында жана илинди жана шайлоочулардын “Тизме” - tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесине 617 517 шайлоочу киргизилди. Бишкек АШК боюнча – 426 699 (69%) шайлоочу, анын ичинде: Ош АШК боюнча – 152 718 (6%) шайлоочу,  Токмок АШК боюнча – 38 100 (25%) шайлоочу. Ар бир шайлоочу өзү тууралуу маалыматтарды шайлоочулардын тизмесинен төмөнкүдөй тактай алат: шайлоочулардын “Тизме” – https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталынан; өз шайлоо участогунан; 1255 жана 119 номурлары боюнча чалуу менен же паспортто көрсөтүлгөн өзүнүн ПИН-номурун көрсөтүп, 119 номуруна СМС жөнөтүү (чалуу жана  СМС акысыз) менен шайлоочу өз шайлоо участогунун номурун жана дарегин алат. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 1-бөлүгүнө  ылайык шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет. 2021-жылдын 11-июлундагы шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесине киргизилген шайлоочулар катыша алышат. Шаардык кеңештердин депутаттары үчүн добуш берүү партиялардын талапкерлеринин тизмелери үчүн добуш берүү менен ишке ашырылат, орундар шайлоочулардын 7%дан ашык добушун алган саясий партиялардын ортосунда шайлоочулардын добушунун санына пропорциялуу бөлүштүрүлөт.   МААНИЛҮҮ: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо 18 жашка толгон жана андан жогору курактагы, биометрикалык каттоодон өткөн жергиликтүү жамааттын – шаардын мүчөсү болуп саналган жарандар шайлоочулардын тизмесине киргизилет. Жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги (же болбосо 2017-жылдын үлгүсүндөгү eiD-паспортундагы чиптеги жазуу) менен аныкталат. Жашаган жерин каттоонун актуалдуу дареги паспорттогу жашаган жердин чипте көрсөтүлгөн дарегине/жазууга дал келүүсү маанилүү.   2015-ж. тартып 2021-жылга чейин Бишкек, Ош, Токмоктогу шайлоочулардын санынын динамикасы тууралуу маалымат   Регион / АШКнын аталышы Участоктук  шайлоо  комиссияларынын саны 04.10.2015 КР ЖКга шайлоо 11.12.2016 КР жерг. кеңештерге шайлоо 15.10.2017 КР Президентин шайлоо 04.10.2020   КР ЖКга шайлоо 10.01.2021 КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 11.04.2021 КР жерг. кеңештерге шайлоо 11.07.2021 дайындалган шаардык. кеңештерге кайталап шайлоо % 3 шаар боюнча бардыгы 326 529565 455831 620443 716301 606609 610149 617517 100% Бишкек шаары 228 368194 309580 426722 497692 416123 419901 426 699 69% Ош шаары 78 133388 117752 159348 179972 151115 151671 152 718 6% Чүй облусу, Токмок шаары 20 27983 28499 34373 38637 39371 38577 38 100 25%     КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 206 208 … 484