Башкы Жаңылыктар БШК мыйзамсыз жапырт каттоого тиешеси бар 4 талапкерге …

БШК мыйзамсыз жапырт каттоого тиешеси бар 4 талапкерге Токмоктогу кайталап шайлоого катышууга жол берген жок

08-Июл, 2021

Борбордук шайлоо комиссиясына (мындан ары – БШК) Токмок
шаардык кеңештин депутаттарын кайталап шайлоого катышып жаткан
«Патриот ынтымагы» партиясынын жетекчисинен арыз түшкөн. Саясий
партиянын ал арызы КР Башкы прокуратурасы аркылуу дагы түштү.
Өз арызында партия Токмок АШК мыйзам талаптарын жана БШКнын
2021-жылдын 3-майындагы №192 токтомун аткарган эмес деп эсептейт,
аларга ылайык аракеттери Токмок шаардык кеңештин депутаттарын
шайлоону анык эмес деп таанууга негиз болгон талапкерлердин кайталап
шайлоого катышуусуна жол берилбөөгө тийиш жана тиешелүү
талапкерлерди каттоону жокко чыгарууну өтүнөт.
БШК Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) жана ички иштер органдары
менен өз ара аракеттешип, добуш берүүнүн жыйынтыгы анык эмес деп таан7
участокко – №7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081 участкаларына караган
шайлоочулардын даректерин жана тизмелерин толук изилдеп чыкты.
Тиешелүү даректер боюнча шайлоочулардын тизмелерине
киргизилген, добуш берүүгө катышкан адамдар жөнүндө БШК менен
МККнын объективдүү маалыматтарын салыштыруунун негизинде
материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.
Токмок шаары боюнча (жарандарды жапырт каттоонун бир катар
даректери) шайлоочулардын тизмелери менен жүргүзүлгөн иштин
жыйынтыгы, ошондой эле Токмок шаарынын ички иштер органдарынын
тергөө кызматынан алынган маалыматтар боюнча БШК тарабынан
төмөнкүлөр бнлгиленди:
1) «Асыл Мурас» партиясынан (мурдагы – 2021-жылдын 11-
апрелиндеги шайлоодо «Эмгек» партиясынан №19) талапкер Р.М. Юнусовго
таандык Токмок шаарындагы Дубовицкий көчөсүндөгү № *** үйдөгү
батирде Дарек-маалымдама базага (ДМБ) ылайык 2020-жылдын апрелине
карата 252 адам катталган, 2021-жылдын апрелине карата – 167 адам
катталган, алардын ичинде 2021-жылдын 11-апрелиндеги Токмок шаардык
кеңештин депутаттарын шайлоого 43 адам катышкан (идентификациядан
өткөн).

ИИБ жүргүзгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө алардын ичинен
бир катар адамдар иш жүзүндө Токмок шаарынын чегинен тышкары
туруктуу жашаары аныкталды б.а. иш жүзүндө жергиликтүү жамааттын
мүчөсү болуп саналбайт жана шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого
катышууга укуктары жок. Ал адамдардын басымдуу көпчүлүгү 2020-2021-
жылдары шайлоо алдындагы жана шайлоо мезгилинде – 2020-2021-жылдары
көрсөтүлгөн дарек боюнча, анын ичинде каттоонун мыйзамдарда
белгиленген жол-жоболорун бузуу менен катталган. 2020-жылы мартта
Токмок шаардык кеңешке шайлоону которуу жөнүндө чечим кабыл
алынгандан кийин 252 адамдын 78и мурда 2020-жылдын январь-февралына
чейин иш жүзүндө жашаган даректери боюнча Дарек-маалымдама базасында
(ДМБ) кайрадан “которулган”.
2020-жылдагы жапырт каттоого, чоюлма батир деп аталган
батирлердеги тизмелердеги адамдарды шайлоочулардын тизмесине
киргизүүгө бөгөт коюу боюнча БШК, МКК жана укук коргоо органдарынын
иштери буга көмөк болду.
2021-жылы апрелге карата ДМБда ал дарек боюнча 175 адам калган,
алардын 67си паспорттогу каттоо жөнүндө өзгөрүлгөн белгинин негизинде
автоматтык түрдө тизмеге киргизилген. Андан кийин дагы ДМБдан
шайлоочулардын тизмесине киргизүү кийинки өнөктүктөрдүн шайлоо
алдындагы мезгилдерге туура келет.
ИИБ катталган адамдарды сураштырганда төмөнкүлөр белгилүү болду:
алардын бир катары каттоосу алмашылганын билген эмес, ошол эле учурда
паспорт столуна кайрылып, документтерин белгисиз аялга беришкен, ал аял
өзүн мурда Р. Юнусов көрсөтүлгөн «Эмгек» саясий партиясынын
агитаторумун деп тааныштырган.
Учурда тергөө улантылууда, ошол эле учурда каттоонун жана
шайлоодогу идентификациянын жыйынтыгынын объективдүү маалыматтары
шайлоочулардын добуштарын алууга багытталган атайылап жасалган
аракеттер бар экендигин көрсөтүүдө, мында ички иштер органдары
тарабынан талапкерлердин укукка жат кызыкчылыктарын ишке ашырууга
көмөктөшкөн каттоо кызматтарынын кызматкерлеринин күнөөсү дагы
аныкталууда.
2) «Бирге-Вместе» саясий партиясынан талапкер Н.О. Самаева иш
жүзүндө катталган жана жашаган Токмок шаарындагы Жантаев көчөсүндөгү
үйдө Дарек-маалымдама базага (ДМБ) ылайык 2020-жылы апрелде 60 адам,

2021-жылы апрелде 65 адам катталган, анын ичинде 20 адам 2021-жылы 11-
апрелде №7075 шайлоо участогунда Токмок шаардык кеңештин
депутаттарын шайлоого катышкан (идентификациядан өткөн).
Талапкер укук коргоо органдарына өзүнүн дарегине өз туугандарын
жана тааныштарын каттатканы тууралуу көрсөтмө берген, бирок Чүй
облусунун Чүй жана Ысык-Ата райондорунун катталган адамдары менен
тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда алар каттоосу алмашылганын
билбегендиктери жана талапкер менен тааныш эместиги аныкталды.
Жогоруда баяндалгандан тышкары төмөнкүлөр аныкталды: Н.О.
Самаеванын Борончиев көчөсүндө жашаган тууганы Д.Н.А.га таандык үйдө
Дарек-маалымдама базага (ДМБ) ылайык 2020-жылы апрелде 43 адам
катталган, анын ичинде 16 адам 2021-жылы 11-апрелде Токмок шаардык
кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан (идентификациядан өткөн). Ал
дарек №7071 шайлоо участогуна тиешелүү.
3) Учурда «Патриот Ынтымагы» саясий партиясынан № 7 талапкер
Р.Б. Кадыркулов (2021-жылдын 11-апрелиндеги шайлоодо «Республика»
саясий партиясынан №1 талапкер) ээси болуп саналган Токмок шаарындагы
Киров көчөсүндөгү үйдө Дарек-маалымдама базага (ДМБ) ылайык 2020-
жылы апрелде 30 адам, 2021-жылы апрелде 24 адам катталган, анын ичинде 8
адам 2021-жылы 11-апрелде №7071 шайлоо участогунда Токмок шаардык
кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан (идентификациядан өткөн).
Мындан тышкары, тергөөдө Токмок шаарындагы башка эки дарек
боюнча жапырт каттоого байланыштуу бузууларга Р.Б. Кадыркуловдун
тиешеси бар экендиги аныкталды.
Жогоруда баяндалгандан улам мындай тыянак чыгат: шайлоочулардын
тизмелери боюнча жүргүзүлгөн иштин, ошондой эле тергөө иш-чараларынын
натыйжасында конкреттүү участкаларда белгилүү бир саясий партиялардын
талапкерлеринин тизмелери үчүн шайлоочулардын добуштарын алуу
максатында жарандарды укук ченемсиз жапырт каттоо боюнча бузууларга
тиешеси бар болгондугу аныкталды.
Мурда Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 20-
июндагы №10/3 чечими менен жарандарды жапырт каттоо боюнча
бузууларга тиешеси бар болгондугуна байланыштуу Батырбек уулу Арнурга
Токмок шаардык кеңештин депутаттыгына «Эмгек» партиясынан талапкер
катары каттоодон баш тартылган. Талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына

даттанганда Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын аталган чечими
күчүндө калтырылган.
2021-жылы 11-апрелде шайлоого катышкан саясий партиялардын
талапкерлеринин тизмелериндеги укук ченемсиз жапырт каттоо боюнча
бузууларга тиешеси бар болгондугу аныкталган кээ бир талапкерлер Токмок
шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катышуудан баш
тартышканын белгилөө керек. Мында Токмок шаарындагы жапырт каттоо
даректери (Боконбаев, Балкашин, Казахстан көчөлөрү) боюнча жогоруда
аталган талапкерлердин аракеттери, анын ичинде, мурда Токмок шаардык
кеңешинин депутаттарын шайлоону жараксыз деп таанууга негиз болгон.
Ошондой эле Токмок шаарындагы жапырт каттоо даректерине тиешеси
бар 3 адам Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо
талапкер катары катталганы аныкталган. Мында аталган адамдар мурда -
2021-жылдын 11-апрелиндеги Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын
шайлоодо талапкер катары катышкан эмес, ошого байланыштуу
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченеми аларга
карата колдонулушу мүмкүн эмес.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык
«шайлануучу кызматтарга талапкерлер тарабынан кайталап шайлоо өткөрүү
учурунда шайлоону жараксыз деп табуу үчүн негиз болгон талапкерлер
кайрадан көрсөтүлүшү мүмкүн эмес».
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3-майындагы № 192
токтомунун 4-пуктунда минтип белгеленген: «Укук коргоо органдарынын
иштеринин жыйынтыгы боюнча аракеттери шайлоону анык эмес деп
таанууга негиз болгон талапкерлердин кайталап шайлоого катышуусуна жол
берилбесин».
Ошону менен бирге жапырт каттоо фактылары боюнча жүргүзүлгөн
териштирүү жөнүндө укук органдары берген материалдарга, ошондой эле
АШКда шайлоочуларды каттоо жана алардын добуш берүүгө катышуусу
боюнча объективдүү маалыматтардын болгондугуна карабастан, Токмок
АШК каралып жаткан талапкерлерге карата мыйзамдын жана БШК
токтомунун жогоруда көрсөтүлгөн талаптарын ишке ашыруу боюнча чара
көргөн эмес.

Жогоруда баяндалганга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы
анын ичинде шайлоочулардын көп сандагы добушун алуу максатында
№7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081 шайлоо участкаларына тийиштүү
даректер боюнча жарандарды укук ченемсиз жапырт каттоого кызыкдар
талапкерлердин аракеттери 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн Токмок
шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп
таануу үчүн негиз катары кызмат кылган деген тыянакка келет. Ушуга
байланыштуу Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоо
катышуучу аталган талапкерлердин каттоосун жокко чыгаруу зарыл деп
эсептейт.
Борбордук шайлоо комиссиясы «Патриот ынтымагы» саясий
партиясынын арызы боюнча талаптарды канааттандыруу жана төмөнкү
талапкерлердин каттоосун жокко чыгаруу жѳнүндѳ токтом кабыл алды:
- Юнусов Рустам Магриповичтин – «Асыл Мурас-Жаштар» саясий
партиясынан;
- Самаева Нафисат Обозбековнанын – «Бирге-Вместе» саясий
партиясынан;
- Кадыркулов Рустам Болотбековичтин – «Патриот Ынтымагы» саясий
партиясынан.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>