Башкы Жаңылыктар Кээ бир ЖӨБ аткаруу органдарынын башчыларын кайталап шайлоодогу …

Кээ бир ЖӨБ аткаруу органдарынын башчыларын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди

07-Июл, 2021

2021-жылы 7-июлда КР БШК Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаар мэрин, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак, Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе, Кызыл-Туу, Москва районунун Беловодский, Петровка, Ысык-Ата районунун Ивановка, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорун бекитти.

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаар мэрин кызмат ордуна 4 талапкер – «Ата-Журт Кыргызстан», «Замандаш» депутаттар фракциясы көрсөткөн Абылов Рахматалы Алишерович, «Бирге-Вместе» депутаттар фракциясы көрсөткөн Айтмаматов Улан Алимбекович, «Мекен Ынтымагы» депутаттар фракциясы көрсөткөн Балташов Алмазбек Шукуралиевич, «Ыйман Нуру» депутаттар фракциясы көрсөткөн Казыбеков Эрлан Нурланбекович катталган. Добуш берүүгө Кара-Көл шаардык кеңешинин баардык 31 депутаты катышты, 1-турда Абылов Р. - 6 добуш, Айтмаматов У. - 7 добуш, Балташов А. - 10 добуш, Казыбеков Э. - 8 добуш алды, 2-турда Балташов А. - 17 добуш, Казыбеков Э. - 13 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Балташов Алмазбек Шукуралиевич Кара-Көл шаар мэри болуп шайланды.

Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Талдуу-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн Исаков Замирбек Тургуналиевич, Каимов Ганыжан Турсунбаевич, Кумашева Бурулча Абакуловна, Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими көрсөткөн Мойдинов Каныбек Тажидинович катталган. Добуш берүүгө Талдуу-Булак айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, 1-турда Исаков З. – 8 добуш, Каимов Г. – 8  добуш, Кумашева Б.– 1 добуш, Мойдинов К. – 4 добуш алды, 2-турда Исаков З. - 11 добуш, Каимов Г. – 7  добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 3 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Исаков Замирбек Тургуналиевич Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн Абылгазиев Исмаилакун Омурбекович, Байысбек уулу Бекбий, Кулубеков Талайбек Аскербекович катталган. Добуш берүүгө Фрунзе айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, 1-турда Абылгазиев И.О. – 1 добуш, Байысбек уулу Б. – 10  добуш, Кулубеков Т.А. – 10 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. 2-турда Байысбек уулу Б. - 12 добуш, Кулубеков Т.А. – 8  добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Байысбек уулу Бекбий Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн Жылжымышов Акылбек Болотбекович, Саркумов Марат Женишбекович, Сүйүналиев Каныбек Жумабекович катталган. Добуш берүүгө Кызыл-Туу айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, 1-турда Жылжымышов А.Б. – 10 добуш, Саркумов М. Ж. – 10  добуш, Сүйүналиев К.Ж. – 0 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилди. 2-турда Саркумов М.Ж. - 14 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 7 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Саркумов Марат Женишбекович Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Петровка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Петровка айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Ешалиев Кубанычбек Жолдошбекович, Саралаев Узакбек Солтоевич, Сооронбаев Казым катталган. Добуш берүүгө Петровка айылдык кеңешинин баардык 21 депутатынын 10 депутаты катышты, Ешалиев К.Ж. - 11 добуш, Саралаев У.С. – 9 добуш, Сооронбаев К. - 1 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Ешалиев Кубанычбек Жолдошбекович Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Беловодский айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Алыбеков Бакыт Жумгалбекович, Байбосунов Асанбек Арстанбекович, Бакиров Асылбек Искенович, Кулжанов Талайбек Кибиралиевич катталган. Добуш берүүгө Беловодский айылдык кеңешинин баардык 31 депутаты катышты, 1-турда Алыбеков Б.Ж. – 10 добуш, Байбосунов А.А. – 3  добуш, Бакиров А.И. – 10 добуш, Кулжанов Т.К. – 6 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 2 добуш берилди.  2-турда Алыбеков Б.Ж. - 16 добуш, Бакиров А.И. – 14  добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Алыбеков Бакыт Жумгалбекович Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Ивановка айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 5 талапкер – Касыров Тилек, Мадиярова Мээрим Кадыркуловна, Мамадалиев Эмил Сраилович, Мусакожо уулу Райымбек, Тентимишева Замира Шарапидиновна катталган. Добуш берүүгө Ивановка айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, Касыров Т. - 0 добуш, Мадиярова М.К. – 12 добуш, Мамадалиев Э.С. – 9 добуш, Мусакожо уулу Р. – 0 добуш, Тентимишева З.Ш.   – 0 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мадиярова Мээрим Кадыркуловна Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Азимбеков Нурбек Абдыкеримович, Калмуратов Мамбет Маматалиевич, Мадалиев Хамидулла Аманулаевич катталган. Добуш берүүгө Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин баардык 31 депутаты катышты, Азимбеков Н. А. - 4 добуш, Калмуратов М.М. – 0 добуш, Мадалиев Х.А. – 27  добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мадалиев Хамидулла Аманулаевич Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
08-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 11:00                                                                        1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу ‎” токтом долбоору жөнүндөБаяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы 4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы           5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайлаган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу                            
Кененирээк билүү >>
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>